Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:54

Илим, билим берүү, IT

Өкмөт майып студенттерге кол сунабы?

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жогорку окуу жайларда келишимдик негизде окуп жаткан жүздөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди бюджеттик негизге которуу сунушу менен өкмөткө кайрылды.

Текст көлөмү - +
Демилгечилер, эгерде кыргыз өкмөтү бул сунушту жактырса, анда келерки жылдан тарта майып студенттер контракт төлөмдөрүнөн бошотулуп, атайын жеңилдетилген шартта билим алышарын айтышууда. Эл өкүлдөрү көтөргөн бул маселеге учурда жүздөгөн майып студенттер байкоо салып, өкмөттүн жардамынан үмүт артып турушат.

Оштогу мамлекеттик университетинде 4-курста билим алган Марипбектин көзү азиз. Ал үчүн өзүнөн эки кадам алыс турган нерсени да көрүү кыйын. Бирок ал ошого карабастан жогорку окуу жайга тапшырып, төрт жылдан бери келишимдик негизде эле акча төлөп окуп келет.

Марипбек жакында депутаттардын мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди бюджеттик негизге которуу керек деген сөздөрүн сыналгыдан угуп калып, эми бул маселени өкмөт колдоп берээр бекен деп сарсанаа болуп турган чагы:

- Менин билишимче мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге эң эле жогору дегенде 50% жеңилдик каралган. Эгерде дагы жеңилдетишсе жакшы жардам болмок. Мен сизге Өзбекстанды мисал кылайын, аларда көзү азиз студенттерге 150% стипендия берет экен. Контракт төлөшпөйт. Биздин өкмөт да ушул маселени колдоп берсе жакшы.

Бул студентке окшоп эл өкүлдөрүнүн демилгесин колдоп, өкмөттүн чечимин чыдамсыздык менен күтүп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин саны 113ке жетет.
Бүгүнкү күндө алты саны аман балдар контракты төлөй албай жатканда, майыптар кантип төлөйт?


Кыргызстандагы “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар” кыймылынын жетекчиси Мирбек Асангариевдин айтымында, буга чейин келишим акысын төлөөгө чама-чаркы жетпей бир канча майып студенттер окуусун токтотууга да аргасыз болушкан. Мирбек Асангариев буларга токтолду:

- Бул жакшы демилге. Ишке ашса абдан мыкты болмок. Өкмөт колдоп берчү болсо, дароо мыйзам катары кабыл алыш керек. Себеби мындай студенттер жылда эле окууга тапшырышат.

Билимге зар, капчыгы жука студенттер

Майып студенттерге жеңилдик берүү маселесин көтөргөн депутат Бейшенбек Абдразаков, буга чейин Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жакшы көңүл бурулбай келгенин айтат. Эгерде өкмөт майып студенттерге жеңилдик берүү чечимин чыгарса, анда алардын окууга болгон кызыгуусу ого бетер артып, ата-энесине да чоң жардам болмок, дейт Абдразаков:

- Майып студенттердин бардыгы акча төлөп окушат. 15-20 миң сомдон төлөшөт экен. Бүгүнкү күндө алты саны аман балдар контракты төлөй албай жатканда, майыптар кантип төлөйт? Өкмөт жеңилдетип берсе, аларга чоң жардам болмок.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар” кыймылы майып студенттердин бардыгы бюджеттик негизге которулчу болсо, анда бул демилгени мыйзам катары кабыл алуу зарылдыгын белгилешет.

Кыргызстан боюнча болгону 113 майып студент бар, алардын бардыгын бюджеттик орунга которуу жана кабыл алуу мамлекет үчүн оорчулук жаратпайт, дейт кыймылдын жетекчиси Мирбек Асангариев:

- Мен ойлойм, 113 студент Кыргызстан үчүн анча деле көп эмес. Алардын окуусун жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мен бул маселе оң жагына чечилет деп ишенем.

Ошентип эл өкүлдөрүнүн майып студенттерди колдоо боюнча өкмөткө берген сунушу мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин үмүтүн жандырып, алар өкмөттүн чечимин зарыга күтүп жатышкан чагы.
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге эң эле жогору дегенде 50% жеңилдик каралган.


Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 120 миңден ашуун. Алардын дээрлик 40 пайызга жакынын жаштар түзөөрү айтылып келет.

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык+": Майыптар колдоого муктаж

"Азаттык+" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелерине арналды.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kunduz каяктан: Germany
02.02.2010 00:04
Salamatsyzdarby tuugandar men boton 4et olkodo jursom da sizderdi tynbai asattyk saityn okup turam.Men bul pikirdi okup abdan kubanyp jatam,albette kirgiziw kerek.Menin kyrgystandagy dos balamdyn inisi invalid,ajabai okugusu kelet keede olturup yilait,antkeni agasy okuit.Al baraiyn deit birok bawkw studentter wyldyndait dep aitat ozuno okwogon studenter bolso al sossuz barat bol4u 4on Rahmat Germany Seidikerimova Kunduz

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине