Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:55

Экономика

Т. Эгембердиев: Энергетиканы сактасак, экономиканы да сактайбыз

Жаңы жылдан тарта электр кубатынын акысы эки эсе, жылуулук менен ысык суунун баасы беш эсеге кымбаттаганы белгилүү. Тарифтердин кымбатташы азык-түлүктүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн да баасын асмандатат деген ой коомчулукту бушайман кылып турган чак. ”Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында, товарларга баанын кымбатташы биринчи иретте суроо-талапка жараша болот.

Текст көлөмү - +

- Энергия булактарындагы баалардын көтөрүлүшү башка товарлардын кымбатташына канчалык деңгээлде таасирин тийгизет деп айта аласыз?

- Эми чыгынып киришкенден кийин анча-мынча баа көтөрүлүшү мүмкүн, бирок өтө деле көп көтөрүлбөйт деп ойлойм. Эми ал ар бир товардын түрүнө жараша болот. Кээ бирөөнө электр көбүрөөк пайдаланылат, кээ бирөөнө азыраак пайдаланылат.

- Мисалы, сиздин ишканаңыздан чыккан азык- түлүктөргө  баалар канчалык  көтөрүлөт?

- Биздин ишканада  баалар ашып кетсе 5-10 пайызга көтөрүлөт же көтөрүлбөй да калышы мүмкүн. Суроо-талапка жараша болот. Кризистин убагында баардык эле товарлардын баалары төмөндөбөдүбү.

- Эми мына кризис маалында чыккан кымбатчылык ансыз да жакыр Кыргызстанды ансайын артка тартат деген пикирлер бар?

- Мен антип ойлобойм, себеби экономиканын субьектиси да энергетика да. Бир нерсе эсиме түшүп атат, самолетту кымбаттатып койдуңар эл уча албай калды, катташа албай калды деп депутаттар кыйкырып аткандары эсимден кетпейт. Мончону сатпагыла менчикке өтүп кетсе эл мончого түшө албай калат, баарыбыз кирдеп өлөбүз деген да ойду укканбыз. Сатылып кеткен мончолор кандай иштеп атканын, сатылбай өкмөттүн эсебинде калгандыры таптакыр жок болуп бузулуп чачырап кеткенде көрбөдүкпү.

Баарыбыз бекер оокатка көнүп алганбыз. Мына былтыр, мурдагы жылы төрт эсе кымбат болсо дагы төлөгөнгө зар болуп турбадыкпы. Электр кубатынын болуп турганы жакшы. Менин оюмча айла жоктуктан жасалган нерсе, баасын эчак эле көтөрүш керек болчу.

Экономиканын өзүнүн закондору бар, мыйзам ченемдүүлүктөрү бар, ага баш ийбесек экономиканы талкалап алабыз. Мына мен Кытайда эки жыл иштеп келдим, бир нерсеге таң калдым. Электр кубатынын баасы Кытайда бизден эки-үч эсе кымбат. Бирок бир жери өнөр жай ишканаларында электр кубаты жеке менчик үйлөргө караганда эки эсеге арзан.

- Рахмат маегиңизге!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Касым
06.01.2010 11:52
Ээ айланайын Табыке, сен го бүтүндөй Шорону ээлеген байсың, сага кеп деле болбошу мүмкүн. Калгандарыбыз эмне кылабыз?

кимден: Айсалкын каяктан: Арча-Бешик
06.01.2010 00:07
Эгембердиев мурда Акаевдики эле туура дечу эле. Эми Бакиевдики эле туура дейт. Деги бул киши кошоматсыз жашай албайбы. Жок дегенде уурдалып жаткан 40% энергияны ким уурдап жатат ошону айтып койбойбу? Акчасы коп байларга кымбаттагандын зыяны деле болбойт. А кичикий айлык алган мугалимдер, биз эмне кылабыз. Светке, жылуулукка тологондан кийин менин айлыгым чай менен нанга араң жетет экен. Кошомат кылса башкача эле кылбайбы.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)