Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Боршайкомду - Атамбаев, Атамбаевди - Мотуев сотко сүйрөп жатат

Сот чечими БШКнын пайдасына болду

Сот чечими БШКнын пайдасына болду

03.07.2009
Аманбек Жапаров

Бүгүн Биринчи май райондук соту А.Атамбаевдин БШКга каршы берилген доо арызын карап, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү боюнча БШКнын аракетинде эч кандай мыйзам бузуулар жок деп тапты. Атамбаев БШК менен соттошуп аткан учурда президенттикке дагы бир талапкер Н.Мотуев аны үгүт жүргүзүү тартибин бузду деп айыптап сотко арыз жазып, президенттик жарыштан чыгаруу талабын коюуда.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Борбордук Шайлоо Комиссиясы Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда каралган эрежени бузуп Бишкек, Ош шаардык жана облустук шайлоо комиссияларынын курамын жаңы түзгөн эмес, деген дооматы боюнча соттук териштирүү болду. Сот бул ишти карап, БШКнын пайдасына чечим чыгарды.
Талапкер Алмазбек Атамбаевдин борбордук штабынын юристи Азамат Акматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эместигин, бул маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылышаарын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат жана аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Жумагулов БШК ар бир иш боюнча чечимдерди кабыл алардан мурда өздөрүнүн атайын бөлүмдөрү тарабынан тыкат иштелип чыгып, райондук, облустук шайлоо комиссиялары менен кеңешкенден кийин гана отурумга сунушталарын, чечим БШКнын мүчөлөрүнүн талкуусунан соң кабыл алынарын белгиледи.

Анын айтымында, талапкер Алмазбек Атамбаев тарабынан Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү керек деген дооматында негиз жок. Бүгүнкү соттун чечими дагы БШКнын пайдасына туура чечилип, аны аткарууга тараптар милдеттүү, дейт Жумагулов.

-Бул жерде Шайлоо Кодексине эч кандай карама-каршы келбейт. Билбейм, бул маселе боюнча эмнеге эле сотко кайрылып жатышат. Бүгүнкү соттун чечими туура деп биз айтсак, экинчи тарап туура эмес деп айтышы мүмкүн. Бирок биз сот чечим чыгаргандан кийин аны аткарышыбыз керек. Эгер кандайдыр бир жак соттун чечими менен макул болбосо, анда ал «үч күндүн аралыгында Жогорку Сотко арыз менен кайрылууга болот»,- деп соттун чечиминде дагы көргөзүлүптүр.

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев БШКны сотко берип мыйзамдуулукту талап кылып жатса, экинчи бир талапкер Нурлан Мотуев анын үстүнөн Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдогон.

Мотуев 25-июнда «Комсомльская правда» гезитине чыккан Алмазбек Атамбаевдин үгүт материалдары Шайлоо Кодексинин 30-беренесинин 3-пунктун жана 35-берененин 2-пунктун одоно бузуу деп эсептеп, Атамбаевди шайлоо жарышынан чыгаруу жана басылманы үгүт иштерин жүргүзүү укугунан четтетүү талабы менен кайрылган.

Талапкер Алмазбек Атамбаевдин борбордук штабынын өкүлү Жыргалбек Турдукожоев билдиргендей, талапкер Нурлан Мотуевдин гезиттеги үгүт иштери боюнча коюп жаткан дооматтарында эч кандай негиз жок.

-Президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин талапкер Алмазбек Атамбаевге карата үгүт иштеринде кемчилик кетирген,мыйзам бузуулар болгон деген доосунун бизге милдеттүү түрдө бериле турган нускасы келип түшө элек. Биз ал доонун мазмуну менен тааныш эмеспиз. Бирок ошондой болсо дагы биз айтып коюшубуз керек. Мындай доо коюга эч бир негиз жок. Мыйзам чегинде басылмага жаряланаган материалда шайлоо корунан акча которулган. Бардыгы мыйзамдын чегинде болгон, -деди Ж. Турдукожоев.

Президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, бирок БШК тарабынан каттоодон өтпөй калган Акбаралы Айтикеев дагы БШК анын ишенимдүү өкүлдөрүнүн колун бурмалап койгон деп Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Сот бул ишти кечээ карап анын арызын канаатандырган жок.

БШК А.Айтикеев жыйнап тапшырган кол тамгалардын 27,5 пайызын жараксыз деп таап, эки жарым миңге жакын кол жетпейт деген негизде аны президентикке талапкер кылып каттабай койгон.

Айрым талдоочулар БШКны жана шайлоодогу атаандаштар бири-бирин сотко берүү эми күчөөрүн, бирок сот бийликтин кызыкчылыгы үчүн каалагандай чечим чыгарышы мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Максатбек каяктан: Москва
05.07.2009 02:00
Жигитсиңерби "Эркекче шайлоо өткөрбөйсүңөрбү"

кимден: Таза кыргыз каяктан: Маскоо
04.07.2009 16:50
Урматуу талапкерлер сиздер соттошпой, оттошпой шайлоо откорсонор, анда силер "кыргыз "болбой калбайсынарбы.Бири-бириниздер сотко бергиле, аркасын чукугула, турмого камагыла,такыр эле болбосо атып салгыла же орттоп жибергиле ошондо силер утасынар. Бул баарынарга тиешелуу. Улууу Урматуу Н.Мотуев сиздей адамдардан президент чыкпайт убара болбой эле койбопсуз же Каракеченин акчасы батпай жатабы.

кимден: Talant каяктан: Isyk-Kol
04.07.2009 14:19
Элди алдап коюу оңой эмес! Кимдин ким экенин эл билет! Мотуев жөн гана ойноп жатат!

кимден: Beka каяктан: Bishkek
04.07.2009 14:14
Мотуевдин саясатта эч кандай тажрыйбасы жок! Атамбаевди эл билет! Кимдин саясат чөйрөсүндө кандай тажрыйбасы бар экенин эл түшүнүп эле турат! Ошондуктан эч нерсени түшүнбөй эле арыздана бергенди токтотолучу туугандар!

кимден: Бека каяктан: Бишкек
04.07.2009 11:12
Мотуевдин Саясатта эч кандай тажрыйбасы жок! Ал эми Атамбаевди эл билет! Эл колдойт!

кимден: Askar каяктан: Osh
04.07.2009 11:07
Motuev al Bakievdin shailoonu bulgoo uchun koyulgan peshkasy,al ozu emne degenin ozu bilbeit...azyr Kyrgyztanda prezidenttikke "zek" ter ,eldi tonogon akmaktar koigonu okunuchtuu!!!Arasynda tazalary az ele...

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
04.07.2009 06:24
Мамлекетти башкарууга талапкерлерди тандоодо газеталарга жазылгандай, талапкерди тил сынагынан жана психология сынагынан өткөрүш керек.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
04.07.2009 06:21
Алмаз байке ушул сотторду, ж.б. "Арзыматтарды" билип туруп, " Ушулар менен айтышпай эле коюңузчу? Эл тараза баарын билет. Шайлоо болгондо карапайым элдердин добуштары сөзсүз уурдалат, ошого каршы чараларды колдонуш керек. Сатылбаган таза көзөмөлдөөчүлөрдү коюш керек. Мурунку шайлоолордо көрдүк ко. Оппозициянын көзөмөлдөөчүлөрү өздөрү бийликке чуркап жүрүштү.

кимден: urmir каяктан: bishkek
04.07.2009 03:34
urmat atambaevdiki emnege tuura emes. ishenimduu okuldorum dep aitikeev aitkanyn okudunbu je atambaevpi. al emi motuev degen bijliktin avtomaty ekenin bilesin. ait dese ait kyit dese kyit. anyn intervjusun dele okugan chygaarsyn.

кимден: pf
04.07.2009 02:02
Айланайын Мотуев кантип ушул ой менен келди сен айтып жатасың, мени мактап жатканды чыгарбай жатат деп. Ишенбесең текшерип көр да өзүң жазып. Кубат Оторбаевди жамандап коёсуң. Бети жок эки жүздүү киши турбайсыңбы баягыда митингден келгенде айтпадың беле Бакиевди жамандабай туруш керек, антпесе бизди гасит етип салат деп, а азыр болсо кайра ага кошомат этип жүрөсүң. Сен минтсең элге да жерге да батпайсың. Сариев туура айтты ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө деп. А так ответиң жаман берем деп өчтүң го, ошол замат ага жаман айта албай. Элди жамандагандан көрө тынч эле жүрбөйсүңбү, же бош жүргөнчө президент болуп иштеп турайын деген ойго келдиңби. Короче ойлон сен жолугушууга келгенден коркпойсуңбу. Же сен Атамбаевдин озун жыттадынбы мас экенин. Оюнда ойлоп жатасын да бийлике келем кыскасы убакыт коргозот дагы Жоомарт патриот партия деп коёт, чындыкты айтсан боло ушундан коро.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)