Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык, 1-чыгарылыш

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Шайлоо айынан кыйылган өмүр

Шайлоо күнү Балыкчыда кармалган 14 адам болсо азыр Караколдогу убактылуу тергөө абагында отурат.

Шайлоо күнү Балыкчыда кармалган 14 адам болсо азыр Караколдогу убактылуу тергөө абагында отурат.

09.08.2009
Рита Нурмамбет кызы

Президенттик шайлоодон улам муунуп каза болгон ысыккөлдүк Өмүрбек Акуновдун туугандары анын өлүмүн бийликтен да көрүп жатышат.

Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын жашоочусу Өмүрбек Акуновду жоктогон жакындары аны президенттик шайлоонун курмандыгы болгонун айтып өксүшүүдө

Тергөө органдарынындагы арыздар менен таанышсак, 23-июль күнү эртең мененки саат 8де маркум 3139-шайлоо участкасынан добуш берип атканда СДПнын байкоочусу Талыпов мүчөлөрү Сатылганов менен Бекжанов "2 жолу добуш берип атасың" дешип, анын колунан шайлоо баракчасын тартып алган. Бирок маркум бул боюнча дароо арыз жазган эмес. Ал качан гана А. Атамбаевдин тарапташтары шайлоого нааразычылык билдирип, акимиаттын алдына чыкканда гана “шайлоо укугум басмырланды” деген арызын жазган.

Ошондуктан Акуновдун карындашы Гүланда агасын бийлик пайдаланып кетти деген ойдо:

- Абама жаздырып алган арыз тигил балдарды камаш үчүн эле болгон аракет экен. Бул жерден абам бийликтин да, камалган да балдардын бутасы болуптур.

Гүланда Акунова билдирген камактагылар жөнүндө маалымат алуу үчүн күч органдарына кайрылганбызыда эч кимди камабай эле суракка алып, сот эскертүү менен чыгарып ийгенин айтышты.

Айылдын электр тармактар бөлүмүндө көп жыл иштеп келген маркум Өмүрбек Акунов “Ак жол” партиясынын мүчөсү экенин жубайы ырастап, анын акыркы сөздөрүн эстеди:

- Балдар акимиаттын алдына чыкпаганда мен салган бюллетень деле унутулуп калмак экен. Мен да милицияга бармак эмес экемин, деп айтты эле - дейт жолдошу 54 гана жашында өмүрүн кыйганына кейиген Үпөл Өмүрканова.

Ал эми суралып аткан Сатылганов, Бекжанов баштаган СДПнын 4 мүчөсүнө жакындары жолуктуруудан баш тартып, муунуп өлгөн Акуновду айыл өкмөт ээрчитип кетип арыз жаздырганын ачыктады.

- Ал кишини биринчи айыл өкмөт ээрчитип кеткен... Бирок  бизге маалымат бергенге болбойт. 4 кишини жөн жерден күнөөлөп атат, - дейт Алтынай аттуу Дархан айылынын жашоочусу.

Жети-Өгүз районунун прокурору Медербек Апышев бул окуя боюнча азыр тергөө жүрүп жатканын айтат:

- Иш тергелип атканда жазган арызында "эл келип үйүңдү өрттөйт", деп Акуновду 2 күн коркутканын СДПчылар өздөрү мойнуна алып атат. Демек катуу коркутуудан эле асынып өлгөн деген версияны аныктаган жагдайлар чыгып атат. Азырынча тергөө амалдары аяктай элек.

Ысык-Көлдө шайлоонун арты менен ушинтип адам өмүрү кыйылгандан башка 14 адам жарым айдан бери камакта жатат. Шайлоонун мыйзамсыз өтүп атканына нааразыланып, Балыкчы шаардык мэриясынын алдына чыккан ЖКнын депутаттарын баш кылып милиция кармап кеткен эле.

 Учурда Каракол тергөө абагында жаткан СДП мүчөлөрүнүн камак мөөнөтү эмне негиз менен узартылганын облсоттун төрага орун басары Т. Эралиев чечемелеп берүүдөн баш тартты.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Мырзакматова Гүлшайыр каяктан: Жалал-Абат
10.08.2009 13:42
Саламатсыздарбы. Биз айтылуу Кыргыз деген атыбыз бар Дүйнөнү дүңгүрөткөн Манас аттуу баатырыбыз бар, Атагы алайга, даңкы далайга кеткен Айтматов Чынгыз агабыз бар эле Адам баласы ушундай экенбиз бул жалган дүйнөгө бир келип кетчү жан экенбиз,ал адамдын чыгармаларын кимдер гана окубаган кимдер гана сүйбөгөн. Дүйнөдө жок баатырлардын баары бизден чыккан, Сулуулугун айтып бүткүс, таланты таш жарган Соң-Көлдүн Аккусу Таттыбүбү Турсунбаева көөнөрбөс талантычы.

Биздин калкты бир нерсеге салыштырып келем Баарыбыз эле айылдын салкын абасында өскөнбүз ,мал жан бар, канаттуу бар ошонун ичинде үндүк деген канаттуу бар жаз келгенде балапан чыгарып канаттарына батыра калкалай жатат. Кичине чоңойуп ары-бери басып калганда апасы да кошо басам дем бир эле күндө жок дегенде 5 балапанын тепсеп өлтүрүп алат.Кыргыздын сөз байлыгы көп бирок азыркы жаштарыбыз ал сөздөрдү сүйлөштөн уйалышып Батыштын кап кайактагы сөздөрүн улуу көрүшөт Бакай ким болгон десе Манастын братишкасы болгон деп беш манжанын экөөсү жок сүйлөшөт. Ошол үндүк денген канаттуу "палпыс" болот . Ток этээр жерин айтсам Биздин Кыргызстанда эч качан таза шайлоо өтпөйт окшойтко Менмин деп төшүн Каккан депутат, минстир,сот органдары Дегеле койчу мамлекеттик кызматта иштегендердин баары Кресло ээлесе, көп акчасы болсо,үйдү заңгырата салса,бир жылына эки жолу АКШга барып эсалса Ох ана сага жашоонун керемети Бул жактагы карапайым калк ачка калгандары менен иштери да жок, Эптеп депутат болгон деген наам алса атакка ээ болсо Жок бул кылганыңар Жаратканга да жага турган иш эмес ар бир нерсенин жыргалы жана азабы бар экенин эч убакта эсиңерден чыгарбагыла. Барибир Мусулманбыз каныбызда бар жамандык жакшылыктын баарына жооп беребиз Айланайын мекендештер бироого жакшылык кылгандан башка еч нерсени ойлобогулачы Кечке эле падыша алмаштыргандан жыйынтык чыкпайт.Азыр биздин өлкөнү аялзаты башкара албайт.Биздин менмин деген атуулдарыбызга ким канча жакшы сөз айтпасын барибир угушпайт экен Ушинтип эле жаман жактарын айтып койсон ертеси жоксуң да Адам өзүнүн кемчилдиги жок болсо анан бирөөдөн кемчилик издөө зарыл ар бир кадамыңарды актай турган иш кылгыла жаш баланы апасы урушат чонойбой эле артына кетип жатасың деп биздин элдер дал ушундайда............
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)