Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Экономика. Базар. / Кыргыз экономикасы

Элге берчү жардам эмнегедир кечигүүдө

Өкмөттүн 5-марттагы жыйыны

Өкмөттүн 5-марттагы жыйыны

05.03.2010
Бекташ Шамшиев

Өкмөттүн электр акысын эки эседен арбын көтөрүшү табияты катаал шартта жашаган карапайым калкка өзгөчө оорго турууда. Жону жука калкка көрсөтүлчү жардам жете электиги 5-марттагы өкмөт жыйында да айтылды.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасары 2-мартта Нарындагы эл менен жолугушуусунда козголгон негизги маселе тариф болду. Д.Үсөнов 8-марттан тарта жарыкты өчүрүүнү токтотуу жөнүндөгү токтомго кол койду. А бирок тарифтин кымбатташына көпчүлүктүн нааразылыгы күчөөдө.

Жетим-Тоо, Аксай, Арпа аңырты

Өкмөттүн электр акысы кымбаттатышына карата калктын жообу Нарындагы кышкы аяздагы наарызылык жыйыны болду окшойт. 2-мартта ал жерде болуп, 4 сааттан ашуун көпчүлүктүн арыз-арманын угуп кайткан 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров күнөө жергиликтүү жетекчилерде экенин баса белгиледи. Ошол жыйын өтөргө чукул облус жетекчиси кол алдында иштегендердин текши баарын аттестациядан өткөрүп андан соң кызматка аларын айтып, уюштуруу иштери менен алектенип жүрсө, калаадагы жападан-жалгыз жол акыр-чикирге толуп, базардын балит болуп кетишине шаар башчысы жоопкер экени айтылды. А.Жапаров жергиликтүү элди Жетим-Тоо, Арпа, Аксай жайлоолорунун башка мамлекетке сатылып кетиши жөнүндөгү миш-миш өзгөчө ойлонторун да жашырган жок.

- Ага кошумча компенсацияга берилген каражаттар 2 ай кечиктирилип, мени менен гана чогуу Нарынга барды.

Аткаминерлердин кулагына күмүш сырга!

Элдин арыз-арманын ар бир аткаминер угушка милдеттүү экенин өкмөт башчы Данияр Үсөнов да белгилеп, колу жука калкка берилчү каражаттарды убагында жеткирүүгө арналган дагы бир токтом кабыл алынганын маалымдады.

- 10-мартка чейин жалпы республика боюнча ар бир укугу бар адам ошол 200 сомду алыш керек. Ошону өкмөт, өзгөчө Каржы министрлиги камсыз кылышы керек.

Өкмөт өткөн жылы энергетиктердин 5,5 миллиард сом карызын кечип ийгени, анын 2,6 миллиард сому элдин электр акысы үчүн карызы экени да жыйында кабарланды. Карыз маселесин козгой келип, Д.Үсөнов элдин өтүнүчүнө кулак салбаган жергиликтүү бийлик жетекчилер катуу жазаланарын да эскертти.

- Биз эл менен кайсы маселе болсо да ачык, тартынбастан жакын болууга аракет кылабыз, аракет кылып да келатабыз. Аткаминерлерди мерестиги үчүн жоопко тартабыз!

Токтогул көлү толо баштады

Жыйында Энергетика жана өнөр жай министри Илияс Давыдов Токтогул көлүндө 10 миллиард 27 миллион кубометр суу топтолгонун, бул өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда 3,2 миллиардга көп экенин кабарлап, 8-марттан тарта электр жарыгын үзгүлтүксүз бериле тургандыгын жарыя кылды.

Нарындагы чоң жыйындан кийин эл менен жардам акчаны оозунан түшүрбөй калган өкмөттүн камкордугу күн жылымдаганы электр акыга нааразы калктын жабылып көчө жыйындарына чыгарбоонун амал-аргасы экенин бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү билдиришүүдө. Тарифтердин кескин кымбатташы өкмөттүн элге каршы жасалган иш-аракети экенин айтып, “220 кыймылы” ушу тапта 350 миң ашуун кол топтоого киришти. Топтолгон колду көтөрүп алып демилгечилер өкмөттү сотко беришмекчи. Кыймыл демилгечилеринин бири Чолпон Жакупованын ырасташынча, саясатты унутуп, жалаң экономикага гана көңүл бурууну кайталоодон тажабаган азыркы бийликтин башкаруусу элди ушундай абалга жеткирди.

- Мына беш жылдан бери Ак үйдүн саясий технологдору ушинтип атып карапайым элди алдап келишти. Ой, экономика жөнүндө ойлонуш керек! Саясат жөнүндө ойлонсоң эле сен жаман киши болуп калат экенсиң. Беш жылдан бери карапайым кыргыз элин алдап атып ушуга чейин алып келбедиби.

Элге өкмөттүн энергетикалык саясатын эрикпей түшүндүрүп келиш үчүн 10-марттан тарта өкмөт башчы жер-жерлерди эки жума кыдыра тургандыгын кабарлады. Элдик курултай алдында башталган үгүт жүрүштүн максаты деле тариф саясатын калкка түшүндүрүү экени көпчүлүккө ансыз деле дайын.

Каадалуу жыйындардын текши баарында арбын айтылган энергетика тармагынын толгон-токой проблемаларын кынтыксыз чечүүнүн жалгыз аргасы катары өкмөт бөлүштүрүү компанияларын сатууну айтып, “Түндүкэлектр” акционердик коомун 3 миллион долларга кармата берди. Абыдан арзанга бааланган ал компания эми өз баасында экинчи колго сатылары турулуу иш. Тармактагы абалды так текшерип чыгыш үүчн Ф.Куловдун өкмөтү 2006-жылы көз карандысыз комиссия түзгөн. Бирок анын жыйынтыгы жарыя кылынбай, таасирдүү күчтөрдүн аракетинен көп маселелер жабык бойдон калып кетти. Мына быйыл да өкмөт эларалык компанияны жалдап тармактагы абалды иликтөөгө киришти. Бирок бул иш мамлекет ээлигиндеги бөлүштүрүү компанияларынын текши баары сатыкка коюлуп, Бишкек жылуулук-электр борборунун болочогу арасат турган чакта башталууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Асан каяктан: Маскоо
08.03.2010 23:29
А.Жапаровдун иштерин санап берейин:-1.Бишкектеги бир көчөгө атасынын атын койду.Атасы кандай эмгек сиңирген,эч ким билбейт.2.Шахмат федерациясынын башчысы болуп,мүчөлүк акы 100 доллар болот деп күпүлдөдү.Бечара шахматка кызыккан балдар-кыздардын жолу тосулду.3.Акаевке Нобель сыйлыгын бериш керек деп,аны да таштап койду.Аны Акаев күтүп жүрөт качан ишке ашырат деп.4.Койлорго паспорт жасоону баштайм деп жатат,ошого бизде шарт бар бекен өзү?Ошону ойлоду бекен?.Мына ушундай таржымалы бар адам.Кызматына бир да татыктуу эмес.Бирок кайра бийик көтөрүлгөнүнө таң берем! Же кадр жокпу?

кимден: Садирдин каяктан: Бишкек
08.03.2010 10:58
Акылбек Жапаров өтө сыйгалак жигит. 2005 -жылы Акаев кетээрден бир аз эле мурун Акаевди Нобел сыйлыгына көрсөтүш керек деп Парламентте сүйлөгөн. Ошол айтканы үчүн Бакиевге жагып калды окшойт. Бакиев да, мени Жапаров Нобел сыйлыгына көрсөтсө экен деп күтүп, аны иштен албай жүрөт окшойт.

кимден: asa
07.03.2010 00:58
http://bit.ly/bivzrX

кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Бишкек
06.03.2010 22:10
"1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров күнөө жергиликтүү жетекчилерде экенин баса белгиледи."
Как будто Акылбек Жапаров өзүн таптаза айыбы жоктой сезиптир да. Күнөөкөрлөрдүн баш жактарына өзүнү кошуш керек.

кимден: Асан каяктан: Москва
06.03.2010 19:50
Көрдүңөрбү кыргыз өкмөтүндөгү бардакты! Чечимди эч ким аткарбайт. Бул жөнүндө качан айтылып,токтом чыккан эле,аткарылбай 2 ай өтүптүр! Кана Д. Үсөнов күпүлдөгөн! Уят ко! Эми крайний кылып мэрин? А.Жапаров сен эч нерсеге жөндөмүң жок экенин көрсөттүң-барып мал алып сатмай бизнесиңди кылчы. Мамлекеттик кызматтын аброюн кетирбей!!!

кимден: Чолпон каяктан: Нарын
06.03.2010 18:24
Акылбек Жапаров элдин талаптарына туура эмес жооп болсо, Жетим-Тоо,Аксай,Арпа сатылса мен эл менен болом деп калдайган калың журттун алдында айткан сөзүн унутуп калган го Бишкекке жеткенче. Өкмөттүн жыйынында эмне деп былжырады.Өзү билген нарындын шартын чечип бере албагандан кийин эмнеге жүрөм ошол жакта.2005-жылы Акылбектен башка кыйын жок жолду жаштарга бериш керек деп күн түн кочкордо жол тоскондордун арасында мен да бар элем. Акылбектин азыркы жүзүн көрүп аябай уялдым. Элдин үнүн ачык айтып ак сүйлөсө болмок же болбосо убада бербеш керек эле да элге мен өкмөткө коюп чечип берем деп. Өкмөт биздин мэрге тийишпесин ал иштеп жатат. Анын ордуна Акылбек Жапаров өзү кетсин, туура эмес маалымат бергени үчүн сотко бериш керек. Мэрди эмес губернатор Тынчтыкбек Чекиевди азыр алып кетсе да макулбуз.Так что өкмөт ойлонуп жыйынтык чыгаргыла. Эл менен ойнобогула, көзүңөрдү ачкыла.

кимден: канатбек каяктан: Туркия
06.03.2010 17:34
Урматтуу Чолпон жана Теңирберди! Сиздер маселени туура эле айтып жатасыздар,бирок Нарындыктар коюп жаткан 2-маселе чечилсе эле баары ойдогудай болуп жашообуз оңолуп кетет деп ойлосоңор жанылышасыңар! Бакиев баш болуп Усенов төш болуп ордуларынан кетмейинче дагы далай жолу булардын Кыргыз элине кылган кыянатчылыктарына күбө болобуз! Ооруну жашырсаң өлүмүнө ашкере деген накыл сөз бар!Андан көрө жалпы Кыргыз элин биригип, Келечек муундар үчүн жан аябай, чечүүчү аракеттерге барууну үндөйт элем!

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
06.03.2010 15:21
Негизи Д.Усенов популисттик жактан алдына адам салдырбайт. А Жапаров калп эле элге күйүмүш болот. Бул өкмөттүн колунан кокон тыйын да келбейт анткени колу буту мунжу шал. Буга окшогон жыйындардан 1ди эмес 1000 жолу өткөрсө деле өзалдынча эч нерсе чече алышпыйт.

кимден: Мирбек каяктан: ОШ
06.03.2010 11:40
Бул Бийликтин сөзүнө эч ким ишенбей калды Бакиев өзү кетип калганы дурус колдон келбеди деп

кимден: Чолпон каяктан: Нарын
06.03.2010 10:41
Кечинде Ала-Тоодон көрсөткөн өкмөттүн жыйынында Нарындыктар 24-февралда кандай талаптар менен митингге чыккандыгы тууралуу бир да сөз болгон жок. А.Жапаров маселени чечип элдин электр энергиянын баасын арзандатуу боюнча талабына тиешелүү жооп бере албагандан кийин нарынга убара болуп келбей эле койсо болмок. Өкмөттүн жыйынында сүйлөгөн теңирден тескери сөзү менен А.Жапаров Нарындыктар үчүн аброюн түшүрдү. Белчеден кар кечип митингге чыккан элге жалгыз нарындын мэри Алмаз Кулматов барган. Базар башаламан, элдер компенсация албай калган, шаар таза эмес деген сөз да болгон эмес. Нарында жалгыз иштеген А.Кулматов. Эгерде ал кызматтан кете турган болсо, митингдин экинчисинде нарындыктар анын кетирбей турган талапты да коюшат. Так что орто жолдон Алмаз Кулматовду жертва кылбагыла өкмөт. Элдин кыжырына тийбей. Митингге чыккандардын талаптарын эсиңерге салып коеюн А.Жапаров
1. Электр тарифтери арзандасын
2.110 кВт саат ордунда калсын
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)