Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:05

Эркиндик

Көк-Жаңгакта күрттөрдүн көчүп кетишин талап кылышууда

2- февралда Көк-Жаңгак шаарында болгон нааразылык жыйынына катышкандар күрт улутундагы адамдардын апрель айына чейин шаардан чыгып кетүүсүн талап кылышты. Алар 8 жашар кызды зордуктады делип жаткан 21 жаштагы күрт жигитин эл алдында ачык соттоону билдиришти.

Көк-Жаңгактагы жыйынга бир топ киши чогулду. 2-февраль 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Шаардын маданият үйүнүн алдына 300- 400 дөй адам чогулду. Сузак районунун акими Тажимамат Шаболотовдун айтымында, барс жылынын алгачкы айында катталган окуяга байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши менен тааныштыруу максатында Көк- Жаңгак шаарынын тургундары жыйынга чогулду. 

Көк-Жаңгак шаарындагы нааразылык митингисине чогулган эл
Ички иштер органдарынан алынган маалыматтарга караганда, 20-январда шаардын 21 жаштагы күрт тургуну мектептен кайтып келаткан сегиз жашар кызды зордуктаган. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү кылмышка шектүү адам кармалгандан кийин анын жакын туугандары башка жакка көчүп кетишкендигин, ал жигит болсо 2007- жылы Көк-Жаңгакка башка жактан көчүп келгендигин айтышты.

Жыйында Абдымат аттуу карыя Көк-Жаңгакта жашаган бардык күрттөргө шаардан чыгып кетүү талабын койду:

- 1967- 68 – жылдары да биздин бир агабызды өлтүрүп кеткен күрттү Казакстанга кетип калды деген шылтоо менен кылмышын пул менен жаап салышкан. Күрттөр Иракта, Иранда, Түркияда азыр эмне кылып жатканын билесиңер. Көк- Жаңгакта жашаган күрттөрдүн аксакалдары, биз силерге айтабыз, апрелге чейин бул жерден кетип калгыла, жакшылыкча! Петровкадагыдан да жаман окуя болуп кетпесин! Мурдагы төрт жарым миң күрттөрдөн бул жерде азыр 30 үй-бүлө эле калды.

Бул окуя тууралу маалыматты шаардын аймагынан тышка чыгарбай, жашырып эле коёлу, деген дагы бир карыяны зордукталган кыздын таенеси кагып салды. Шарбан эне элдин арасынан суурулуп чыгып, анын небересин зордуктады делген жигит мурда да зордуктоо айыбы менен соттолгонун, бирок ал тез арада эле эркиндикке чыгып кеткенин, себеби ага соттор женил жаза чектегенин билдирди:

Ортоңку планда зордукталган кыздын таэнеси.
- Эмнеге ачык сот болбосун дейсиз? Бул иш бар-жокко жарыя болду, эми кимден жашырабыз? Кыз 17де же 15те эмес, ал 8 жашта. Ачык сот болуп, кылмышкерди атып берсин, өлтүрүп берсин! Эмне үчүн эки иш менен камалган киши кайра чыгып келет? Түнү менен мага келип жатышат, өлтүрөбүз, өрттөйбүз дешип. Биз буларды сыйлап, тыйып атабыз. Менин неберемин айынан, биз үчүн кыргыз балдар бөөдө камалып кетпесин деп! Эмне үчүн ала р өз балдарын тыйышпайт? Күрттөрдүн бир кызынын чачына тийип көрчү, булар тытып жеп салышат!

Ортодо зордукталган сегиз жашар кыздын атасы
Кыздын атасы бийлик эл арасында тополоң чыгып кетпесин деп аракет көрүп жатканын белгилеп, ал болсо дагы эле күрттөрдү шаардан кетирүү талабында турганын "Азаттыкка" билдирди:

- Ал эртең эле абактан чыгат, дагы ушундай акмакчылык кылбайт деп ким кепилдик бере алат? Тополоң чыкпасын деп бийлик элге түшүндүрүп атат. Булар көчүп кетмейинче, эл тынчыбайт.


Качкын макамын кантип алабыз деп ойлонуп жаткан Көк-Жангак шаарындагы күрт аялдары.

Жыйналгандардын арасында турган күрт улутундагы адамдар "Азаттыктын" суроосуна пикирин билдире алышпады. Улуту өзбек Рано Магеева зордукталган кызга боор ооруп атканын, аталган окуяга башка күрттөрдүн тиешеси жок экендигин төмөндөгүдөй туюнтту:

- Бул жерде көчүп кеткидей башка адамдардын кандай тиешеси бар? Зордукчул адамды түрмөгө туура отургузушту. Ошо кыздын тагдырында менин балам же мүмкүн орустун же өзбектин баласы болуп калышы ыктымал. Мында турган күрттөрдөн апрель айына дейре айдап чыккадай алардын кандай күнөөсү бар? Буларга анда качкын макамын беришсин!

Рано Магееванын оюна үндөш пикирди шаардын имамы Сабыр Жороев да айтты. Анын белгилешинче, зордуктаган адамга ислам дүйнөсүндө таш бараң жазасы колдонулганы менен азыр ачууга алдырып, бирөөгө зулумдук кылуу исламда жок. Ошондуктан ынтымак менен маселени мыйзамга жараша чечүү абзел:

- Ким мыйзам бузса, өзү жаза тартуусу керек. Кылмышка тиешеси жок адамдарды жазалаган болбойт.

Сол жактан биринчи - Жалал-Абад обладминистрациянын бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов, үчүнчү - Сузак району акими Тажимамат Шаболотов, андан кийин - облус прокурору Абдыганы Шерипбаев
Жалал-Абад облустук бийлигинин коргонуу жана укук коргоо уюмдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов аталган окуя боюнча соттордун иши көзөмөлгө алынаарын билдирди:

- Алты жылдык жазаны эки жылга түшүргөн соттордун ишин да көрөбүз. Соттордун алдына маселе койгонбуз, ишти аягына чыгарышат. Бийлик эл үчүн иштейт.

Сегиз жашар кызды зордуктаган деген шек менен кармалган Хамза Шоруев аттуу адамга Кылмыш кодексинин 167-беренесинин негизинде иш козголгон. Учурда аталган кылмыш иши аяктоо алдында турат.

Анын атасы да жакында маңзат ишине байланыштуу үч жылга соттолгон. Мындай маалыматты эл менен жолугушууга барган облустун прокурору Абдыганы Шерипбаев « Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

Облпрокурордун  айтымында Хамза Шоруев 2007-жылы Сузак райондук соту тарабынан зордуктоо статьясы менен 6 жылга түрмөгө кесилген. Кийин аны Жалал-Абад облустук соту жазасын эки жылга чейин азайткан соң, абакта бир жыл, бир ай отуруп чыгып кеткен. Эми болсо кайра эле 8 жаштагы кызды зордуктады делип айыпталып жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кымбатбек каяктан: Бишкек
04.02.2010 03:21
Заке деген неме.кыясы кыргыздардын намысына тиип.сөздөн ишке өткөрүүгө болгон аракети го сыягы.Чындыгында 8 жашар кыз эмес неченден бери бүт кыргыз зордукталып жатпайбы. бул чыдамкайлык эмес, башка сөз менен сыпатталат.

кимден: Marat каяктан: Bishkek
04.02.2010 02:50
Abdan jaman ish boluptur,janagy akmak jigitti murun sottolgon bolso emne uchun tez chygaryp jiberishken,oshonduktan bugunku kunu prokuratura,sot,milisia,snbsy ELDI unutup UI-BUULONUN jumushun ele kylyp kalgan uchun ushundai jaman ishter bolup jatat.SHardyn turgundarynan suranam,KOMISSIA TUZGULO MURUN BUL AKMAKTY KIM CHYGARYP JIBERGENIN,OSHONDO BARDYGYN BILESIZDER.

кимден: Адам
04.02.2010 01:29
Мен Президент болгонумда бул айбанды ошол замат өлүмгө буйурмакмын!Педофилдерди бут дүйнөдө катуу жазага тартышат!

кимден: Бакыт каяктан: Лондон
03.02.2010 22:32
Тобо кылдым, ушундай ишке кайсы кишинин колу барсын. Ыйман деген кайда калды? Жок дегенде, Кудайдан коркпойбу.

Биринчиден, байкуш сегиз жашар кыздын психологиялык ал-акыбалын ойлоо зарыл. Андан кийин мыйзамдуу түрдө ачык сот өткөрүү керек. Бирок бардык күрттөрдү кеткиле деген талапка кошулбайм. Албетте, мен көк-жаңгактыктардын ызасын түшүнүп турам, бирок кыргыз эли эзелтен ынтымактуу, боорукер, меймандос калк. Кандай гана кыйынчылык болбосун, эмоцияга берилбөө керек.

кимден: Баки каяктан: Баткен
03.02.2010 15:52
Заке, кыргыздар эч качан ажылдап сүйлөгөн эл эмес, жөн жеринен сүйлөбөйт. Колубуздан көп нерсе келет, антип сүйлөбөй жүр. Чындыгында баары кетсин деген туура эмес, бардык элдердин ичинде жаман аттуулар бар. 8 жашар кызды зордуктаган деген, бул өлүмгө тете кылмыш. Андан көрө баарбыз ойлонуп иш кылайлы.

кимден: Айкан каяктан: Бишкек
03.02.2010 15:42
zake, сен көп эле кыйын болбосоң. Кыргыздарды четтен карап табалагандай сен кимсиң өзүң. Сендейлердин айынан кыргыздарды башкалар сыйлабайт да. Бийлик чара көрбөсө эл ошентип коркутат да. Болбосо булар Петровкадан эле сабак албайт беле?

кимден: Kiyalbek каяктан: Ozgon
03.02.2010 15:36
Кыргыз элимди башка улуттагылар азыркы маалда тоготпой бара жатышат!!! Бизде да айып бар, кыздарыбызды чындап коргогон намыстуу мужиктер калган жок!!! Кыргызстандык өзбектердин кыздарын карагыла, кичине болсо да бети башын жаап жүрүшөт! Биздин кыздар көп жерде өздөрү повод берип жатышпайбы! Ал эми тиги күрт болсо эки заман өтө чон күнөө иш кылыптыр!!! Дагы бирөөнүн чөнтөгү үчүн жакшы иш табылыптыр да.... Эгерде чыгып кеткен болсо Кудай өзү жазасын берсин бул педофилдин!!! Мен кыздарга эмес, балдарга ыйман сурап кетем, себеби мужиктерибизде ыйман болсо кыздарыбызды тыйабыз да!!! Бул окуя билингени экен, билинбегени коп эле болуп атпайбы! ЭЭЭ... Мужики Аракты кууй бербей, НАМЫСТЫ да кичине коргоп койбойлубу!!!

кимден: немис каяктан: Германия
03.02.2010 14:27
Бул негизи эле күрттөр жалпысынан караганда проблемалуу эл болот окшобойбу. Эми алар Кыргызстанга качып келип алып, жон, тынч жашабай, зодуктоолорго барып атышат. Азыркы паракор кыргыз бийлигинде иштегендер бир аз акчага сатылып, күрттөрдү коргоп атышат, бул паракорлор өз элине намысы жок сот жана прокуратура кызматкерлери. Ушул күрттөр сыяктуу кыргыздарга кылган зомбулукту, басмырлоону дунган улуту да кылып атат, мисалы, Искра айлында болгон окуя. Азыркы кыргыз бийлиги башынан аягына чейин саткын болуп калышты окшойт. Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү ушундай саткын, намысы жок кыргыз бийлигин көрүп туруп, аларга кудай берип калды окшойт, озу билгендей чалмакейди чалып, сайрандап атышат.

кимден: Марат каяктан: Ош
03.02.2010 14:06
Күрттөрдүн жакшысы да, жаманы да бар ,беш кол тең эмес, Кылган кылмышы үчүн өлүм жазасын ыйгаруу керек,себеби эртен 5-6 ты жылдан кийин чыгып келип мындай иш кылбайт деп ким кепилдик берет,тиги абийири төгүлгөн кызыбыздын ден-соолугу, өмүр бою депрессияда өтөбү, өлүм жазасын бир эки колдонгондо кыргыздын кызынын абийирин төгөрдөн алдың ойлонушат го, же катуу жаза элдин арасында таш бараңга алуу.

кимден: zake
03.02.2010 11:50
Кыргыздар ажылдаган менен колуңан эч нерсе келбейт. Элдин баарын кет деген бул итчилик, ошондой эле кыйын болсоңор зордуктаганды бирдеме кылбайсыңарбы. Эч нерсе кыла албайсыңар.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)