Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:47

Эркиндик

Укук коргоочулар зомбулукка каршы

9-июлда БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына өлкө түштүгүндөгү милиция зомбулугуна каршы чыгышкан укук коргоочулар Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү талабын да коюшту. Коомчулукта мындай сунушка терс көз караштагылар да аз эмес.

Текст көлөмү - +
“Чукул арада ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизгиле”, “Кыргызстандын укук коргоочулары коркунучта”, “Милициянын түштүктөгү талап тоноочулугун токтоткула”, “Бекназаров кызматынан кетсин” деген сөздөрдү чоң кагаздарга жазган укук коргоочулар Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин астына акцияга чыгышты. Алар милиция кызматкерлери кызмат абалын ашкере пайдаланып, зомбулук көрсөтүүдө деген дооматтарын айтышты. Ошондуктан ЕККУнун полиция кызматынын зарылчылыгы чоң дейт укук коргоочу Бурул Макенбаева:

- Милиция кызматкерлери коопсуздукту сактаганга көп аракеттерди көрүп жатат. Ошол эле маалда укук коргоо органдарынын арасында криминалдашкан адамдар бар. Алар зордук-зомбулука аралашып, бирөөнү кармап аларды кайра акчага чыгарып, мыйзамсыз иштерге барууда. Ошондуктан тез арада ЕККУнун жараандык полиция күчтөрүн Ош, Жалал-Абадга киргизүүнү колдоп жатабыз. Алар жакынкы аралыкта кербесе, бизде мыйзамды бузган окуялар көбөйүп жатат. Укук коргоочулар коркунучта. Ошондуктан биз эл аралык жардамга кайрылышыбыз керек.

Укук коргоочулардын милиция кызматкерлерине карата айтылган мындай дооматтарын алар жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы деп белгилешти. Ошондой эле укук коргоочулар “прокуратура кызматкерлери жана сот системасы укук коргоо органдарына кызмат көрсөтүүдө” деген пикирлерин айтышты. 

 Бул нааразылык акциясын “Кылым шамы”, “Психикалык саламаттык жана коом”, Балдарды коргоо лигасы, "Демократия жана жараандык коом үчүн" коалициясы биргелешип уюштурган. Укук короочулардын алдына чыккан БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчисин милдетин аткаруучу Фиона Фрейзер алар тараптан да чаралар көрүлөөрүн билдирди:

-Мындай акция аркылуу укук коргоочулар өлкөдөгү проблемаларга бийликтан жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөөдө. Бизге укук коргоочулар берген катты Женевага жана Улуттар уюмунун атайын процедурасына жөнөтөбүз. Ал эми адам укуктарынын бузулуп жаткандыгы тууралу кыргыз өкмөтүнө маалымат берип, бул маселелерди биргеликте чечүүгө аракет жасайбыз.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилованын Кыргызстандан чыгып кетишин, Азимжан Аскаровдун камакта жаткандыгын белгилешип, алардын өмүрүнө да коркунуч туулуп жаткандыгын айтышты.

Мындай маанайдагы акциянын жүрүшүнө жаш активист Мавлян Аскарбеков терс көз карашта. Анын баамында, өлкөгө тышкы күчтөр киргизилбеши керек.

- Мен бул жерден өтүп баратып акцияны көргөн соң өз пикиримди айтайын деп келдим. Бул жерде айтылган“ЕККУ полициясы кирсин, биздин милиция алсыз” деген сөздөргө каршымын. Мындай кадамдар өлкөбүздү экиге бөлбөйт деп ким кепилдик бере алат. Биз өз күчүбүз менен тынчтыкты орнотолу деген ойду карманып келем. Анан дагы адам укугу, толеранттуулук деген сөздөрдү жамынып, кимдир бирөөлөрдөн акча алып эле мындай акцияларды өткөргөндөргө мен каршымын.

Укук коргоочулар мындай акциялар жыйынтык чыкканга чейин улана тургандыгын айтышты. Алар Ички иштер министрлиги чечкиндүү реформа жүргүзүшү зарылдыгын белгилешүүдө.

 Эл аралык Human Rights Watch (Хьюман Райтс Вотч) уюму буга чейин тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын түштүгүндө абал курч бойдон калып жаткандыгын, айрыкча өзбек калкынын арасында кооптонуу күч экендигин белгилеген эле. Уюм ошол себептүү кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле жергиликтүү калктын укуктарын камсыз кылуу максатында өлкөгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция күчтөрүн киргизүү зарыл деп эсептеген. Бирок Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков мындай сунушка каршы экенин айтып, эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна негиз жок жана ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү мүмкүн эместигин билдирген болчу.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Dina каяктан: KG
12.07.2010 05:43
Kstati ne nado ugrojat tak hitro militsionaru chto ego snimaet televidenie i chtoby on ne meshal. V pervuyu ochered davayte ne zabyvat v kakoy situatsii nahodistya KG v danniy moment i chto vmeshatelstvo provohranitelnyh organov vo vsyu vezde na danniy moment opravdan.

кимден: Dina каяктан: KG
12.07.2010 05:41
Baarybyzga BUU'nun ishtoo prinsibi i sistemasy belgiluu. BUU'da ech kachan akiykat jana adam ukugu en bashta kelbeyt! En bashta bul problema kaysyl olkodo jana kim karjylayt suroosu kelet! BUU - postoyanniy 5 muchosunun (USA, RU, FR, ENG, CHİNA) oyunchugu!!!

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск
10.07.2010 11:17
Туштук жериндеги, айрыкча Ош шаарындагы адам укуктарын бузган укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар экендиги тогун. Мен ойлойм, булар тополон басылгандан кийинки мыйзам ченемдуу корунуштор. Бул нерселер 90-жылкы тополондон кийин да болуп келген. Согуш болгон жерде тез эле гулдогон бейкутчулук заман орноп калган эмес. Согуш - бул кырсык, олум, коз жаш, жакырчылык, зордук, кыйноо, жана башка коптогон азаптар. Ал эми чет жерден полицияларды чакыруу, биздин кыргыз элинин мунозуно дал келбеген нерсе. Кыргыздын арасында мыкты "мен элим учун курошом" деген эр-азаматтар толтура. Кыргызды талап тоногонду кармап, анын жазасын берип, ордуна мыкты эр-азаматты койсо кантип болбосун. 10-июнда коптогон студенттерибиз канкорлордун айынан коз жумуп кетишти. Ошондо коён журок, кыргызды тоногон кызматкерлер кайда эле? Мына ушундай паракор, алдым-жуттум, чагымчы кызматта иштегендердин айынан тополон чыгып кетти. Мен айтар элем, биз патриот, эр-журок жигиттерди кызматка алып, иштете турган заман келди. Ушул жигиттерибиз кана олкобуз-Кыргызстандын гулдошуно оболго тузушот. Бир дагы тал чачы тушпосун,кордолбосун кыргыз элим, гулдоп-оссун Кыргызстан. Ээ жараткан, жакшы тилектерди кабыл кыла кор.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.07.2010 11:11
Кыргызстанга эч бир чет элдик күчтөрдү киргизбөө керек. Эгерде өзүбүз көз-карандысызлыгыбызды сактабасак бизди ким сактайт?

кимден: Зайирбек каяктан: Ош
10.07.2010 11:10
Мавлян Аскарбеков туура айткан.чындар эле ким кепилдик берет алардын туура жыйынтык чыгараарына.мисалы Оштогу кырдаалды оштук милициядан башка эч ким жакшы билбейт алар жургузуш керек бардык тазалоолорду.анан да уйунон зордукталагн кыргыз кыздарынын, кыйнап олтурулгон адамдардын денелери табылса анан анча мынча катуу тийип койсо керек да кылмышкерге карата.бирок бардык эле адамдын ачуу келет ко мындайга.ошол олгон адамдардын укугун коргосо болбойбу укук коргоочулар согуш болуп атканда, коз алдыга элестетти бекен ошолор кыйналып аткандарын

кимден: Укук коргоочу каяктан: Ош
10.07.2010 10:39
Тиги укук коргоочулардын жашоого болгон укукгун коргогум келет жана аны учун алар чет элдин аскерин же полициясын Кыргызстанга алып келууго угуттошпосун.

кимден: Бегимай каяктан: Ош
10.07.2010 10:32
Биз бул жерде от менен суунун ортосунда калдык.Бишкекте бир патриот жокпу, тиги укук коргоочуларды кой деп койбойсунарбы! Милиция аз айлыгына карабай кундур тундур иштеди.эми милиция жаманбы?

кимден: Рыспек боксер каяктан: Карасуу
10.07.2010 10:28
Туштукто кандай каргашалуу окуя болгонун, бул трагедия кимдер тарабынан кандайча уюштурулганын билбеген укукчулар Кыргызстанга чыккынчылык кылып жатышат!!! Алардын балдары кийин Кыргызстандын элинин алдында жер карайт!!! Уят!!! Позор!!!!

кимден: Аналитик каяктан: Ош
10.07.2010 10:12
Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү - Кыргызстандын коз карандысыздыгынын жоготушуна алып келет жана Борбор Азиянын согуш очогуна айланышына алып келет.

кимден: Ак Шуркар КУТ каяктан: Кыргыз журту
10.07.2010 09:12
Азыркы саясатчыбыз жана бийликтебиз дегендердин арасынан жалгыз Бекназаров баатырдык менен туура кыймылдап жатат. БЕКНАЗАРОВ болбосо Кыргызстан баягы эле сазга суйролчудой. Ким Назарбаевдин пансионаттарын, кыргыздын тонолгон кен байлык, финансы каржаттарын кайтарам деп жулунуп журот? БЕКНАЗАРОВ!
Анын даярдыгы, жылтыраган билими жок. Бирок ага чон ыракмат!
Чет элдиктерден акча алып уюм тузгондор эми минтип ага соз айтымыш болушат! Кимсинер силер?! Артынарда кимдер турат?! Кыргыздын байлыгын тоногон арамзалар акырын куурчак кылбай элеби буларды?
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине