Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Наар таттырбас нааразылык токтолот - токтолбойт

 “Абийир туткундары” гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев

“Абийир туткундары” гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев

08.02.2010
Бекташ Шамшиев

Кыргызстанда саясий куугунтуктоолорду токтотууну талап кылып ачкалык жарыялагандар 10-февралдан тарта нааразылык иш-чараларын убактылуу токтотууну чечишти. Мындай аракетти алар И.Исаковдун аппеляциялык арызын кароочу аскер сотуна саясий кысым көрсөтпөөгө байланыштырууда.

Энелер эмнеге нааразы?

Өткөн жылы Балыкчы окуяларына тиешеси бар делинген 18 адамга жаза чектелсе, быйыл 11-январда мурунку Коргоо министри Исамил Исаков Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылды. Антип азыркы бийликтин атаандаштарына карата катуу кол саясатына нааразы болгондор 13-январдан тарта саясий ачкалык жарыялашып, алардын катары Алайда 20, Бишкектин өзүндө эле 80 адамга жеткенин “Абийир туткундары” гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев маалымдады. Бийликке карата нааразылыктын аргасыз амалы – саясий ачкалык жарыялагандардын катарында И.Исаковдун 85 жаштагы энеси Анипа Маматисаева апа да олтурат.

Бишкекте саясий ачкалык жарыялагандар арасындагы Петровкадагы жаңжалга тиешеси бар делинип айыпталынып жаткан Сапар Аргымбаевдин апасы Уулболсун эне сот бир жактуу өтүп жатканына нааразы экенин жашырган жок.

- Балама айтарым, кабыргаңы кайыштырба, балам!
Балама айтарым, кабыргаңы кайыштырба, балам! 
Жүрөгүңдү сайыштырба! Бул коогалаңдан да алтын башың аман болсо чыгарсың! Эли-жериң жакшы ниет менен сага тилектеш болуп отурушат.

Исмаил Исаковдун бир тууган карындашы Элмира Исакова саясий куугунтукка кабылгандардын артында эли турганын эскертип, адилеттиктин жоктугуна нааразы болгон ак жоолукчандар деле укугун коргоп чыгууга даяр экенин ырастады.

- Эгерде саясий куугунтукта жүргөн агаларыбызды эртерээк боштондукка чыгарышпаса, эркиндикке - биздин маңдайыбызга алып чыкпаса, биз бардык жолго барабыз! Мен дайыма айтып келатам. Ушул сөзүмдөн эч качан танган жокмун!

Кендирди кескен жокчулук

И. Исаковго боштондук талап кылып Алай районунда дагы бир топ адам ачкачылык акциясында отурат
Саясий ачкалык жарыялагандардын дагы бири Нурбүбү Кененбаева көпчүлүк арасында Балыкчы менен Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмдөрү нааразылык жаратканын белгилеп, ансыз да чындык чыркырап күйүп жатса, калп каткырып жатканын айтты.

- Баягы эле айылдагы жокчулук. Биз бул жакта ачкачылык жарыяласак, айылдагылар ачкачылык жарыялабай эле өздөрү ачка отурушат. Ал жерге мындай аракеттин деле кереги жок. Өздөрү ачка олтурушат.


Биз бул жакта ачкачылык жарыяласак, айылдагылар ачкачылык жарыялабай эле өздөрү ачка отурушат.
10-февраль күнү Бишкек аскердик сотунун имаратынын алдында, Алайдын Гүлчө менен Сопу-Коргон айылдарында эл катышкан жыйындар өтөрүн И.Исаковду коргоо коомдук комитетинин Бишкектеги тескөөчүсү Рысбек Камилов ырастады. Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров 2005-жылкы төңкөрүш учурунда генерал И.Исаков менен бирге жүргөн коомдук-саясий ишмерлердин бирт тобу Конституциянын гаранты катары президент К.Бакиев менен жолугушарын маалымдады.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов 10-февралда өтүүчү аскер сот чечимин сабыр кылып күтүш керек деген пикирде.

- Эми жердештеримин жөндөн-жөн көчөгө чыгып алып куру кыйкырыгы менен эч нерсе чечилбейт. Андан көрөк сүйлөшүү үстөлү деген бар. Соттун чечими чыккандан кийин кандай чечим болот, ошого жараша өкүлдөрдү шайлаш керек. Аттуу-баштуу бир-эки өкүл келип түшүндүрүп айтып кетсе болот. Тапырап көчөгө чыгып, баягы мурдагы эле 2005-2006-жылкы методдорго салган менен
Тапырап көчөгө чыгып, баягы мурдагы эле 2005-2006-жылкы методдорго салган менен эч нерсе чечилбейт.
эч нерсе чечилбейт.

Текейден арзан энергетикалык компания

Мындан беш жыл илгерки бийлик алмашуусунда ушу тапта экинчи мөөнөтүн өтөп жаткан президент К.Бакиев үй-бүлөлүк башкарууну жоюп, демократиялык жаңыланууларга кенен жол ачууга колдон келген аракетин жасай турганын кылкылдаган көпчүлүк адында жарыя кылган.

Анын бийлигинин бешинчи жылы башкаруу реформасы менен коштолуп, натыйжасы кенже уулу М.Бакиевдин Өнүктүрүү борбордук агенттигининин жетекчилигине дайындалышына, кирешелүү ири энергетикалык компаниялардын жарыбаган баага сатылып кетишине алып келди.

Бириккен элдик кыймыл мурда 137 миллион долларга бааланган “Түндүкэлектр” акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги акциялары 3 миллион долларга сатылып кеткенине нааразылык билдирип, аны арзыбаган баага сатып алган “Чакан ГЭС” компаниясы кайсы бир офшордук аймакта катталганын кабарлады.


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Аракет каяктан: Бишкек
11.02.2010 00:33
Тургуналиев кыргыздын анык демократ Уулу. Ал эки жолу чоң жаңылды. Бирок башкалардан айырмаланып, кетирген күнөөсүн мойнуна алып, кыргыз элинен кечирим сурап, кайра оң
жолго түштү (Бекназаров экөө). Кечээ эле Бакиев менен бирге жүрүп, анын бийликке келишине чоң салым кошуп, бирге иштешип, диктатуранын арабасын аттын алдына чыга калып түртүп жүргөн азаматтар адашканын мойнуна алып, элден кечирим сураштын ордуна, кайра эле эски ырын ырдап элди алдагысы келип атпайбы. Калыс сөздөн тайбасак,туугандар.

кимден: Руслан каяктан: Ош
09.02.2010 15:49
Бакиев адам болсо Топчукенин эмгегин баалап бир наам берип койсо болбойт беле кайактагы дежур межурларга берип жатат

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Alystan
08.02.2010 23:05
Ataganat eneler da kor bolup kalaby? 85-jashtagy enenin alkushun alsa da ,mumkun prezident ordunda kalat bele!Paigambar : beish enelerdin tamanynyn aldynda( alardy urmat kylsan beshke chygasyn)degen ele.Sziderden suranaar elem enenelerdin koz jashyn agyzbagylachy!

кимден: Актилек
08.02.2010 21:36
Ажыбайдын сөзүнө ишенич барбы өзү айланайындар. Бир айга жакындап калды ачка олтургандарга. Бир жолу барып ошол ачка олтурган адамдардан ал акыбыал сурадыбы бекен? Же түшүнөн чочуп кетиптирби? Сүйлөшүү үстөлүн качан кайсы жерге орнотуптур? 85- жаштагы кары кемпир, үйундө тынч олтуруп небере чөбөрөлөрү менен божурашып күн кечириштин ордуна ачкачылык акциясын өткөрүп атканына бир жооп барбы, Ажыбай? Ошол кутман курактагы кемпирдин ал-акыбалын сураганга жарадыңбы? Сен эле эмес ак жолчулардын бирөөсү ошондой кадамга бара аласыңарбы?
Бакиевдин уруксааты болмоюн силер кайдан анте алмаксыңар.
Мен силердин ойлоно аларыңарга да ишенбейм. Силерде кыргыз улутуна таандык адамгерчилик деген нерсе жашабай калган. Анан сүйлөшүү үстөлүнө чакырымыш болгонуңа жол болсун. Ээ кайран сөз силерге корогон.

кимден: New York каяктан: New York
08.02.2010 20:12
Kedey mamleketibizdin kabyrgasyn kayiyshtyryp, bolgon asyldygyn jep jutup jatkan azyrky mamleketibizdin bashysynyn, yi-byloosynyn kriminal menen aralashyp bir kazanda kainap, bylgyp jatkan ubagy.
Syrty jaltyrak ichi kaltyrak, jasalma Bakievdin baschylygy mamlekeribizdi jok kyluuga bolgon araketi kyndon kyngo kychogon ubak kopchylyk eldin kyjyryn keltiret. Bul tash jyroktyy yi-byloonyn aldynda ishtep jatkan Ak-Jol partiyasy, ichki ishter ministirligi ozgocho, jana baardyk koz karandy taraptary, oshol yi-byloonyn ar bir kaaloosun atkaryp kele jatkan pendeler, baikushtar kachan kozdoryn achyshat. Ozdorynyn jemin jedirip, ukuktaryn bekerge bergen baiskushtar. Ooba alar baikushtar!!!!
Akyrky Kyrgyzstandan ketip jatkanda chala egemendyy mamleketime kosh aityp, kaira keleerimdin kynyn ensep kettim ele. Emi bul iret EGEMENSIZ mamleketime kele turganyma bir ishenip, bir ishenbei turam.
Kyrgyzstandyn keremet jerin attary menen pogranichnikterdi korory zamat Kyrgyzstandyn kuuraiday kuurap bara jatkanyna ichim kyiot. Alardyn oroi mamileleri, kyrgyz bolup tursan dagy oruscha surak jyrgyzyshot, emnege keldin degensip, kosh keldiner degendin orduna. Bashka mamlekettin jarandarynan uyalam, oshol jashyl kaikaigan shapke kiygen pende ychyn betim kyzarat.
Oz ordun, oz ishin bilbegen maymyldar dep-, bashka mamlekettin jarany aitkanda, argasyzdan bash iykedim. Ooba, alystan karasan ozdoryn maimyldardai ele alyp jyryshot. Maymyldar da alardan akylduurak.

Bakievdin kalpychylygy kanchadan beri tastyktalyp kele jatat,ushunday bashchyny taktysynan tyshyrysh bizdin kolubuzda. Al elibizdin ishenichin tepseledi emi bailygybyzdy satyp, eldi kulga ailandyraryna az kaldy.
Azyrky mamlekettin kalp, akyikatsyz, adiletsiz bairagyn kanday kyiynchylyk bolbosun alyp tyshyshybyz bizdin mildetibiz.

Bizdin keleerki muundarybyzdyn kelechegi ychyn!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)