Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:24

“Азаттык” TV / “Ыңгайсыз суроолор”

7-апрель: үмүттөр жана кооптонуулар

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 7-апрелде болгон окуяларга, Кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаалга, убактылуу өкмөттүн алдыда жасай турган иштерине арналды.

Текст көлөмү - +
Талкууга катышкандар:

“Улуу биримдик” партиясынын төрагасы, убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев

Саясат талдоочу, “Замандаш” партиясынын мүчөсү Кубан Абдымен

“Азаттык”: Эмилбек мырза, оппозициячыл күчтөрдүн биримдиги Кыргызстандагы бийликти алмаштыруу процессин ишке ашырды. Кыргызстандын мындан кийинки келечегин убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кандай элестетип турасыз? Мамлекеттин тагдыры кандай болот?

Эмилбек Каптагаев: Биринчи тактоо: оппозициялык күчтөр биригип эле алмаштырды деп айтууга болбойт. Оппозициялык күчтөр ушуга чейин бийлик кетиш керек, алмашыш керек деген ойду элге айтып келди. 7-апрель күнү эл Конституциялык укугунан пайдаланып, Бакиевдердин бийлигин каалабай турганын, алардын кереги жок болгонун көтөрүп чыгышты.

Бирок, тилекке каршы, Бакиевдер үй-бүлөсү менен өздөрүнүн жүзүн көрсөттү. Өз элине каршы ок атып, кызыл кыргын салды. Аянтка келген эл акыйкаттыкты талап кылып, андан бир күн мурда оппозициянын бүт лидерлерин бир түндө күчкө салып камап коюп атпайбы. Оппозицияны тынчытабыз дегенге нааразы болгон эл өз укугунан пайдаланып, бийликке талап коюп келгенде кызыл кыргын болуп кетти. Мына ошонун негизинде бийлик алмашты.

“Азаттык”: Демек каматуу процесстери элдин кыжырдануусун ого бетер күчөттү деген ойдосузбу?

Эмилбек Каптагаев: Ого бетер күчөттү. Акыйкатсыздыктын, калыссыз, зордук-зомбулуктун үлгүсүнүн жеткен чеги болуп атпайбы. Мына ошондон көтөрүлүп кетти. Чынын айтканда бийлик мындай болуп алмашпаш керек эле. Мындай болбошу керек эле, муну бир да киши каалабайт эле.

“Азаттык”: Ушундай пландар жок беле? Алдын ала ойлонулган пландар ишке ашты деп парламентте айтылбадыбы?
70 тыйын менен саткан энергетика өнүктүргөнгө жетет. Анткени бизде электр энергия эң арзан, 8 тыйын менен чыгат.


Эмилбек Каптагаев: Мындай план жок, айта беришет. Биз 17-марттагы Курултайда “7 талап бар, ошону аткаргыла, аткарбасаңар андан ары эл курултайларда бийликке болгон маселесин талкуулайт” деп жарыя жасаганбыз. 7-апрелде бардык жерде ошондой эле тынч курултайлар өтмөк.

Ушул курултайга жеткирбей 6-апрелде баарын тынчытып, түрмөгө отургузабыз деген өздөрүнө өздөрү ишенген пландары менен көздөрү май баскан бойдон кулак кескен кулдай болуп калды, унчукпайт, 200дөй кишини камап, калганы тынч жатат деп. Мына ошондон улам кызыл кыргын менен Бакиев качканга аргасыз болуп отурат.

"Чыкпай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле"

“Азаттык”: Кубан мырза, жаңы бийликтин үй-бүлөлүк башкарууну түп тамыры менен жоюп, чыныгы укуктук мамлекетти куруу аракети ишке ашат дегенге бекем ишеним барбы?

Кубан Абдымен: Биринчиден, кыргыз коомчулугу беш жылдан бери болуп аткан окуялардын бышып жетилип, акырындап элдин арасында аң сезими көтөрүлүп баратканын далилдеди. Ушул кезде коомчулуктун ичинде түзүлгөн абалга буга чейин чыдап келгенин далилдеди. Ошол мамилесин мындан кийин улантпай турганын далилдеп атат.

Эгерде мындан беш жыл мурун жаңы бийлик келип “жаңы саясат жүргүзөбүз, мурдагы катачылыктардын бардыгын жойобуз, анын ордуна жаңы мамиле түзөбүз, үй-бүлөлүк башкарууну жакын жолотпойбуз, балдарынын бардыгын тең бийликтен алыс кармайбыз” деп Бакиевдин өзүнүн айткан сөзүн аягына чейин чыгара турган болсо бүгүнкүдөй абал кайталанбайт эле. Ал эми мындан кийинки абал кайталанбайт деп айтуу азырынча кыйын. Бирок ага кыргыз эли жол бербей тургандыгын 7-апрелдеги окуя чоң далил менен көрсөтүп атат.

“Азаттык”:
Ош, Жалал-Абадда Курманбек Бакиевдин жактоочулары каршылык көрсөтүп, аны менен бирге коомчулук арасында карама-каршылыктар күчөйт, түндүк-түштүк маселеси да көтөрүлүп кетиши мүмкүн деген кооптонуларды айрым саясат талдоочулар айтып жатышат. Ага негиз барбы?

Кубан Абдымен: Жалпылап айтканда, ошондой сөздөр уламдан улам көбөйүп бараткандагысы азыр байкалууда. Бирок акыркы маалыматтарга караганда Бакиев Ошко барып, кайра Жалал-Абадга кайтып келишинин артында ал жердеги элдин колдоосун табам деген үмүтү бар экендигин көрсөтүп атат. Бирок биздеги акыркы маалыматка караганда андай жылыштар байкалбайт.

2-3 саат мурун алынган маалыматка караганда, Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Масиров Бакиев отставкага кете тургандай арызды мага берди деген сөзүн элге таратты. Ошол эле мезгилде Бакиевди коргой турган комитет түзөбүз деген сунушту элдин астына чыгарыптыр. Жалал-Абад эли аны такыр сүйлөттүрбөстөн сүйлөп жаткан трибунасынан сүйрөп түшүрүп кууганга чейин барыптыр. Демек түштүк атуулдарыбыз да азыркы кырдаал абдан кыйын экендигин түшүнүп атат. Ошого жараша мамиле кылып, аман эсен чыгып кете тургандай бирдиктүү бир кадамга барабыз деген ниетте тургандыгын далилдеп атат.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, убактылуу өкмөттүн алгачкы кадамы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, же болбосо жаңы Конституцияны кабыл алуу болгону жатат. Ага кандай өзгөртүүлөр кирет жана мындан ары бийликке келген адамдын каалоосу менен эле бузула бербеси үчүн кандай чектөөлөр коюлат?

Эмилбек Каптагаев: Эми биз ушул жолу так айтабыз, Текебаев, Сариев, Атамбаев да айтты, “бирөөнү президент кылалы, ошону бийликке алып келели” деп алмаштырган жокпуз, же бирөөнү президент кылып, Бакиевдер ичип аткан, жеп аткан нерсени да башка бирөө ичсин деп 7-апрелде эл кырылган жок. Ошон үчүн азыр ким бийликте болот, ким президент болот деген маселени токтотолу.
Мындан кийин абал кайталанбайт деп айтуу азырынча кыйын. Бирок ага кыргыз эли жол бербей тургандыгын 7-апрелдеги окуя чоң далил менен көрсөтүп атат.


Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөт түздүк. Ал өкмөткө биринчи орун басар Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров болду. Ушул жана бирдиктүү оппозицияда элдик курултайдын аткаруу комитетиндеги бир топ адамдар кирип, көзөмөлгө алып, бөлүп алып иштеп атабыз.

Биз азыр Кыргызстанды уурулуктан, жегичтерден тазалашыбыз керектигин айтып атабыз. Биз ошол Бакиевдер уурдап алган, жеп, катып алган оокаттарды алып келип, элдин энчисине коюшубуз керек.

Бүгүн электр жарыгына болгон тарифтер, жылуулукка баа мурдагы ордуна келди, жакында эле жанталашып сатып ийген электр тармактары, Телеком кайра ордуна коюлду, эми дагы башка нерселерди тактап тазалаш үчүн Бекназаров иштеп атат. Жеп алгандарынын баарын куссун, төлөсүн, ордуна койсун.

Чет өлкөлөрдө кайсы банктарга акча кетиришкен, кайсы акчаны каякка катып койгон - ошонун баарын тактап туруп ордуна коюш керек. Мына ушундай иштерди аткарып, Конституцияны жаңы түзүп чыгып, андагы жобого ылайык кийинки президент эки сааттан кийин тегерегиндегилерин башка көзгө койгулап, жеп жоюп, түгөтүп эле жалгыз өзү бийликти да, байлыкты да, элди да, жерди да ээлеп албагандай эреже түзүлүш керек.

“Азаттык”:
“Түндүкэлектро”, “Түштүкэлектро”, “Кыргызтелеком” кайра кайтып келди деп, бул укуктук жактан алганда эл аралык деңгээлде карама-каршылыктарды пайда кылбайбы?

Эмилбек Каптагаев: Биз азыр кандай гана укуктук маселе болбосун убагында чечебиз. Бирок бүгүн толук ыйгарым укукту элден алган убактылуу өкмөт өз укугунан пайдаланып кайрып атат. Анткени ошону саткандын өзү мыйзамсыз болгон. Мыйзамсыз нерсени биз кайра эле ордуна коюп койдук, мыйзамга алып келдик. Конституция кабыл алынгандан кийин экономикалык маселелерди тактап, президенттик шайлоо болобу, парламенттик шайлоо болобу баары өтө берет. Ошондо эл кимди колдосо,эл тандаган кишилер бийликти андан ары алып мамлекетти өнүктүрүп кетиш керек.

Багытың кандай болот, Кыргызстан?

“Азаттык”: Кубан мырза, убактылуу өкмөт мыйзамсыз шайланып келген парламент деп таратты. Ал эми бул парламент кабыл алган 2007-жылдан берки мыйзам, чечимдер мыйзамсыз болуп калабы? Бул укуктук жактан кандайдыр бир вакуумду пайда кылбайбы?

Кубан Абдымен: Азыркы түзүлгөн кырдаалда жалпы абалды революциялык абал деп эсептешибиз керек. Муну мыйзамдын чегинде иштей турганга жакындаттырганыбыз менен буга чейинки кабыл алынган чечимдердин бардыгын четке кагып, азыркы абалга ылайыктуу болгон кадамдарга бара тургандай шарт түзүшүбүз керек.
Бакиевдин бийлиги Максимдин, Жаныштын жана башка бир туугандарынын абдан чоң аракети менен кулады.


Убактылуу өкмөттүн чечимине кайрылсак, Конституциядагы айтылган беренелердин арасынан үч беренесин токтотту, ошого жараша мамиленин баары болуп атат. Беренесинде буга чейинки иштеп келген бийлик өкүлдөрүнүн бардыгы кызматтан кетти деген чечим чыккан. Ошонун жыйынтыгында биз Конституциянын бардыгы иштеп атат, бирок бийликтин ишин аткара турган мыйзамдын беренелердин бардыгы ишке аша тургандай өзүбүзгө шарт түздүк деген чечим айтылды.

Ушунун негизинде бул революциялык кырдаал укук бере тургандай деңгээлдеги бир чечим кабыл алдык десек болот. Ушунун натыйжасында эми калган иштердин бардыгын мына эки айдан кийинки референдум жүрүп, ошонун натыйжасында референдумдун чечими менен жаңы Конституция киргизсек буга чейинкилердин бардыгы сөзсүз түрдө жаңы мыйзамдын ичине кире тургандай шарт түзүлөт.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаев 8-апрелде Ала-Тоо аянтында чогулган элдин алдына чыгып, убактылуу өкмөт 6 ай иштеп, бийликтин пайдубалын түзүп беребиз, андан ары мамлекеттин өнүгүүсү элдин каалоосуна жараша болот деп айтышты. Бул иш аягына чыгат деген ишеним барбы, сиздер аягына чыга тургандыгын эмне менен далилдей аласыздар?

Эмилбек Каптагаев: Биринчиден ушул саясий күчтөрдүн алдыга жасалчу пикири бир. Азыр эч ким жыра талашып, учурдан пайдаланып бийликти басып алайын, ээлеп алайын, 2005-жылы Бакиевдердей болуп баса калып, калганын сүрүп чыгайын деген аракет жок. Азыр бардык маселе коллегиялуу түрдө убактылуу өкмөттүн курамында чечилип атат.
Бюджетти толтуруунун жолу көп. Эң биринчи жолу - бюджетке жеткирбей уурдап аткан акчаны токтотуш керек.


“Азаттык”: “Азыр 2005-жылдагыдай эле кызмат талаш башталды, тууган туушкандардын жакындашуусу, мурда Акаевдин учурунда бийликте жүргөн адамдардын соодалашуусу башталды” деген пикирлер айтылып жатат. Буга негиз барбы?

Эмилбек Капгагаев: Ким ким менен соодалашып атканын билбейм, бирок андай пикирге да негиз бар. Анткени көп тармактарды азыр убактылуу координация кылыш үчүн ар кандай адамдар дайындалып атат. Эми ар бир адамга башка адамдардын пикирлери бар. Кандай адамдар дайындалып атат - бирөөгө жагат, башкага жакпайт. Ал эми бүгүн митингтерде эки жолу сүйлөдүм, жаңы адамдар келиш керек, жаштар келиш керек, жаштардан тартыш керек деген туура ой.

Муундар талашы

“Азаттык”: Кубан мырза, ошол эле учурда тажрыйбасы бар, бир нерсени көрө билген адамдар бар. Кадр тандоодо кандай критерийлер салмактуу болуш керек деген ойдосуз?

Кубан Абдымен: Бул жерде мен жакшы ишке ашып, практикада далилденген бир мисалды келтиргим келип атат. Мисалы, Прибалтика мамлекеттеринде Советтер Союзу ыдырагандан кийин эле ал жердеги иштеп аткан мурдагы адистердин көпчүлүгү, өзгөчө Коммунисттик партияда жана атайын кызматтарда, КГБда иштеген адамдардын бардыгы кызматтарынан сүрүлүп, адистигине, алардын чеберчилигине жетишкен тажрыбайсына карабастан бийликтен алыстатылган.

Бизде деле ошондой тажрыйбага өтө турган убакыт келип жетти. Демек азыркы жаңы бийликтин айтып атканына жөн бар. Эгерде жаңы бийликтин арасында жаңы адамдарды киргизбесек, анда дагы деле тарабай жаткан элдердин бардыгынын нааразылыгы күчөйт, күчөгөндө да абдан чоң бийлик деңгээлге көтөрүлө тургандай болушу мүмкүн.

Ошондуктан мен азыркы бийликке кеңеш бере турганым, көчөдөгү айтып аткан элдердин сөздөрүн жөн эле сөз дебестен, алардын арасындагы маанилүү, көңүл бура турган сунуштардын бардыгын эске алып, ошонун натыйжасында жакшыларын тандап алып, бир кепке келе тургандай чечим чыгарышса абдан пайдалуу болмок.

Азыр көбүнчө жаштар туруп атат, жаштардын бардыгы 7-апрелде кылган иштин локомативи болду десек болот. Мисалы, “Замандаш” партиясынын бир жаш баласы окко учуп өлдү, бүгүн ата-энеси ыйлап жатат, тууган-тушкандарынын баары буркурап боздоп атат. Ошого окшогон балдардын артында дагы канча достору, туугандары турат. Ошолордун бардыгы жөн койбойт.

Мисалы, азыркы бийлик канча аракет кылса да колунан келбей тургандай, кичине эле шылтоо табылса булар кайра келип бийликти алмаштырабыз дегендей кадамдардан артка кайтапайт. Демек азыркы кадамды кыла турган бийлик өзү мындан кийинки кадамдардын баарын абдан сак, абдан салмактуу таразалап жасай тургандай шарт болуп атат.

“Азаттык”:
Эмилбек мырза, 7-апрелдеги окуялардын учурунда 80ден ашуун адамдын өмүрү кыйылды, жүздөгөн адамдар жараат алды. Бул окуяга кимдер жооптуу болот, жазалоого убактылуу өкмөттүн күчү жетеби? Аныкташ үчүн тез арада убактылуу өкмөт кандай чараларды көрөт?

Эмилбек Каптагаев: Бул иш боюнча кылмыш иши козголду. Бүгүн тергөөчүлөр тобу иштеп атат, ким курал берген, ошол куралчандарга ким окту берген, ошолорго ким буйрук берген деген маселелер териштирилип атат. Күнөөлүүлөрдүн баары мыйзамдын астында жооп бериши керек. Күнөөлүү адамдар көп.. Эң башкы күнөөкөр бул - Бакиев. Ошон үчүн ал тигил жакка, бул жакка барып, кол, киши топтоп кайра бийликке келем дебестен, бүгүн элдин астында, Кудайдын астында кантип кечирим сурайм, эл кечирсе да, Кудай кечиреби, Кудай кечирсе эл кечиреби деген маселе ал үчүн биринчи болуш керек.

“Азаттык”: Кубан мырза, азыр үчүнчү күчтөр деп айтсак болобу, же диний агымдын өкүлдөрү болобу, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү болобу, ушул учурдан пайдаланып, өздөрүнүн турумун бекемдеп алат деген кооптонуулар айтылып атат. Ошого негиз барбы? Ошондой болуп кетпес үчүн убактылуу өкмөт кандай иш чараларды көрүү керек?

Кубан Абдымен: Убактылуу өкмөттүн арасында буга чейин тажрыйба топтогон Ички иштер министрлигинде иштеген адистер иштеп атат. Аларга кеңеш берүү бул жерде кыйын го деп ойлойм.

“Азаттык”: Саясат талдоочу катары пикир да пайдалуу да...
Эң негизги шарт - кандай гана бийлик болбосун элдин көзөмөлүндө болуш керек. Элге дайыма өзүнүн жообун берип туруш керек.


Кубан Абдымен: Абалга жараша сунуштардын баарын айтканга мүмкүнчүлүк бар. Бирок анын ишке ашыра тургандагысы кыйын болгондуктан айтыш кыйын болуп атат. Жалпысынан айтканда мындай коркунуч чоң. Эгерде байкап көрсөк, аянтка чыккандардын көпчүлүгү жаштар болгону менен арасында динге берилгендердин саны бир топ эле экен. Бирок алардын артында кандай күчтөр турат, үчүнчү күчтөр турабы, диний күчтөр турабы - аны айтыш кыйын.

Бирок ошолордун бардыгы чынында ишин аткара тургандай деңгээлге жетсе, аларды токто тургандай, же алардын таасирин азайта тургандай бир шартты түзүп, аларга тоскоолдук кыла турган иштерди жүргүзүү азыркы өкмөттүн милдети деп ойлойм.

Кимдин түбүнө ким жетти?

“Азаттык”: Эмилбек мырза, көп жылдан бери Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасынын бекемделишине бир тууган иниси Жаныш Бакиев, уулу Максимдин салымы чоң деп айтып жүрөсүздөр. Алардын мамлекет алдындагы күнөөсүн кантип аныктаганы турасыздар жана кантип жазага тартууга аракет көрөсүздөр? Бул кемтикти оңдоого кандай жол бар?

Эмилбек Каптагаев: Ал экөөнүн Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин бекемдөөгө, ошону уратууга да салымы чоң. Бакиевдин бийлиги Максимдин, Жаныштын жана башка бир туугандарынын абдан чоң аракети менен кулады. Эгерде ошолор жанталашпаганда, ар кайсы жакка киришип, жеп, ичип алайын, байлык топтоп алайын деп жулунбаганда, жанталашып оппозицияны өлтүрүп, өрттөп, жок кыла баштабаганда, Бакиев балким жакшы эле иштемек.

“Азаттык”: Азыркы бийликке келген адамдардын мындай кемтиги болбойт деген ишеним барбы?

Эмилбек Каптагаев: Ишеним жок. Азыр ар кимдин эле ушундай деп айтканына эл ишенбейт. Бирок ишеним болуш үчүн эмне жасайбыз? Биз айтып атабыз, ишеним болуш үчүн ошондой эреже болуш керек. Ошол эреженин сызыгынан чыкпай иштегендей шарт түзүшүбүз керек. Балээ болсо да ошол сызыктан чыкпайсың.

Мыйзамда “түз туугандар түз башкарып, түз баш ийген иште иштегенге болбойт” деп жазылып турат. Иниси менен баласын алып келип, мунун өзү сызыктан, чийинден чыгып кетти.

“Азаттык”: Сиздер буга чейин Кыргызстан энергетикалык, социалдык-экономикалык жактан кризиске батты деп айтып келдиңиздер. Андан чыгаруунун кандай жолдорун көрүп жатасыз?

Эмилбек Каптагаев: Эң биринчи жолу бул - мамлекеттик деңгээлде уурулукту токтотуш керек. Эгерде уурдабай таза жашасак ошондо механизмдери, укуктук тартип, ар бир иштеп аткан башкаруучунун жеке өздүк адамкерчилик тартип, напсимин тыйыш керек, байып кетейин, талап атайын дегенди токтотуш керек, эл үчүн иштеш керек.

Кубан Абдымен: Өкмөт тарабынан талапты сурай турган чоң шарт түзүш керек.

Эмилбек Каптагаев: Эң негизги шарт - кандай гана бийлик болбосун элдин көзөмөлүндө болуш керек. Элге дайыма өзүнүн жообун берип туруш керек. Мына ошондо азыркыдай көрүнүш кайра кайталанбайт.
Азыр эч ким жыра талашып, учурдан пайдаланып бийликти басып алайын, ээлеп алайын, 2005-жылы Бакиевдердей болуп баса калып, калганын сүрүп чыгайын деген аракет жок.


Кубан Абдымен: Эгерде парламенттик мамлекетке өтө тургандай шарт түзүлсө, ошондой деген талапты кое турган орган болот. Парламенттин астында ар бир мекеменин, тармактын жетекчиси болобу, отчет берип, өкмөттүн башында да тургандар жооп берип, анан аткара турган кишилер да жооп бере тургандай талап койсок ошондо коррупцияны да, ууруну да азайтабыз.

“Азаттык”: Бирок, тилекке каршы, 2005-жылы Д.Үсөнов баштаган комиссия Акаевдин жашырып алган мүлкүн кайтарып, мамлекетке алып келебиз деп чоң иш башташкан эле. Бирок кайтарымы болгон эмес. Азыр да ошондой болуп калбайбы?

Эмилбек Каптагаев: Мамлекетке кайтарып алып келебиз деп чыгышкан. Бирок кайтарып алып келип, мамлекетке жеткирбей өздөрү бөлүп алышкан. Мына ошондон чатак чыгып отурат. Ошол эле Данияр, Максим, башкалары Акаевдердин мүлкүн бөлүп алышкан. Аягында келип былтыр өзү салган үйүнө чейин тартып алышкан. Бирок мамлекетке, элге жеткиришкен эмес. Ар бир уурдалган тыйын элге жетиш керек.

“Азаттык”:
Убактылуу өкмөттүн алдында дагы бир чоң маселе турат. Бул - өлкө, мамлекеттин коопсуздугун, элдин мүлкүн сактоо зарылдыгы болуп жатат. Анткени азыр көрүп турасыздар, ар кайсы жерде буга чейинки бир мамлекеттик кызматкерге, же болбосо дагы бир адамга, бир тараптарга ич күптүсү болсо, мына ошону ушул учурдан пайдаланып чыгарып алуу аракеттери көрүлүп жатат. Ал баарыбызга белгилүү болуп жатпайбы. Ошон үчүн ушундай болтурбоо үчүн өкмөт, коомчулук кандай аракеттерди көрүш керек?

Кубан Абдымен: Коомчулук тараптан өзүнчө элдик дружиналарды түзүү процесси башталды. Ошону жолго салыш керек. Экинчиден, ички органдардын ишин кайра жандандырыш керек. Шерниязов “иштерин баштап атабыз, кайра калыбына келтире тургандай талаптарды коюп атабыз” деп айтып кетти. Ошонун бардыгын ишке киргизиш керек. Элдерди “милициядан коркпогула, бул бийликтин кишилери катары силердин коопсуздугуңарды камсыз кыла турган жалгыз ишеничтүү күч катары карагыла” деген шартты улам-улам айтып туруш керек.

“Азаттык”: Жогоруда, Эмилбек мырза, жыл башынан бери кирген энергетикага тартифтерин азайтууга чечим кабыл алынды деп айтып кеттиңиз. Мурдагы бийлик ушул тартифтерди жогорулатуу менен бюджетти камсыз кылалы деп айткан. Бул маселе кандай болот?

Эмилбек Каптагаев: Бюджетти толтуруунун жолу көп. Эң биринчи жолу - бюджетке жеткирбей уурдап аткан акчаны токтотуш керек. Уурдабаган менен эле көп акча түшөт. Тарифти көбөйтүп, анан ошондон акча түшүрөбүз деген алардын капп айтып атканы болчу. Алар жогорулагандан түшкөн акчаны өздөрү алалы, байыйлы деп атышкан. Ошон үчүн биз азыр ылдый түшүрдүк, 70 тыйын менен саткан эле акча энергетиканы кармаганга, өнүктүргөнгө жетет. Анткени бизде электр энергия эң арзан, 8 тыйын менен чыгат.

“Азаттык”: Путин убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтөбүз деп билдириптир. Силер кандай колдоону күтүп жатасыздар?

Эмилбек Каптагаев: Өзү чалып, мен ошол жерде отурат элем, көпкө сүйлөштү, бул азыркы убактылуу бийликке карата, кыргыз мамлекети, кыргыз эллине карата өзүнүн ою түз экенин айтты. “Биз биринчи кезекте элди колдойбуз, Кыргызстанга болгон жардамды беребиз, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошобуз” деди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Erkumar каяктан: Ак Орго
15.04.2010 15:51
Саламатсыздар! Убактылуу Өкмөттүн бийликке келгенине араң 1 жума болду. Анын айласын кетирип, ар кимибиз акыл үйрөтүп жатабыз.Туулганына эмес, турганына сүйүн дейт, туш тараптан тытпай. жалпы журт колдоо көрсөтөлү."Ыңгайсыз суроолордун" кечээки чыгарылышында Бүбүкандын, аттуу баштуу кишилердин бешигин терметкенсип, атынан чакырганы, көрүүчүлөрдү өтө ыңгайсыз абалга калтырды. жаман көрсө да аты жөндөрүн тергеп койсо болмок.

кимден: burul каяктан: alystan
15.04.2010 04:14
Эгер ушул жооптор ишке ашса Кыргызстандын ,жерибиздин гулдошуно шек жок. Жаны боло турган бийлик элге жакыныраак болсо ,жана Ак Уйдогу ар бир болуп откон нерсе,президенттин аткарган иштери Ак Уйдун катчысы аркылуу жумасына пресс конференция аркылуу кенири елге таратылылып турса.
Бийликтеги адамдар бири бирин контролдоп турса.Жакынын жанына тарткандар,жана паракорчулар мыйзам алдында жооп берсе.
Бийлике жаш демократтардан келишин эл каалайт,алардын эмгеги чон.
Силерди колдогон жаштар болду,алардын ишеничин актагыла.
Курман болгондордун арбагын нааразы кылбагыла.
Жаны бийликтегилер,ишинерге ийгилик,жана чыдамкайлыкты каалайм!
Азаттык,силерден чон отунуч ушул сунушту убактылуу окмотко жеткизип койгулачы.Азаттык,силерге чоооооон рахмат.
Кыргыз элимди болсо биримдуулуко жана ынтымака чакырам,элиме ийилип таазим кылам.

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
14.04.2010 16:15
Ален,сен кызыксын го. Путин -официалдуу мам.окулу болсо, жаны эле женишке жеткен биздин окулго,Атамбаевге жолукканын ачык расмий турдо болду деп айтмак беле.элдин келечеги учун канча жигиттерибиз жанын берди.Ансыз деле кыргыздардын 7апрелдеги окуясынын автору-шериги орусия деп башкалар куноолоп жатса.Орусия кредит тугул, грант берет деген пресс-конференциядагы Аьамбаевдин айтканын уксан...

кимден: немис каяктан: Германия
14.04.2010 04:51

Э.Каптагаев баардык суролорго туура жооп аткандай сезилди, бирок ошолор чынында эле ишке ашса, анда Кыргызстан учун ийгилик болору шексиз. Эгерде тескерисин болсо, анда даана эл итке минип калат. Азыркы утурумдук окмот айтканынарды ишке ашыргыла, Акаев менен Бакиевди туурап, элди алапка салбагыла, окко учкан жаш балдардын арбагы уруп кетет, суйлогон созунорго бекем тургула.

кимден: Айсалкын каяктан: Арча-Бешик
13.04.2010 21:34
Конгантиев Балыкчыдагы, Петровкадагы куноосуз балдарды камап, пикетчилерди сабап жургондо "Замандаш" аны жылдын мыкты адамы деп, урмат-сый менен сыйлык тапшырды эле. (Бакиев да азыр Конгантиевди мактап атат). Качан гана биздин коомго принцип деген иштей баштаса, ошондо онолобуз го деп ойлойм. Хамелеондой кубулганга уйронуп алыптырбыз.

кимден: Ален каяктан: Ала-Тоо
13.04.2010 19:09
«Путин с Атамбаевым не встречался и никакой помощи ему, соответственно, не обещал», — сказал пресс-секретарь Путина Дмитрий Песков «Газете.Ru».
Читайте здесь: http://www.pr.kg/news/kg/2010/04/13/14687/

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине