Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:32

Экономика

Орус өкмөттүк делегациясынын Кыргызстанга иш сапары

20-январда орус өкмөт төрагасынын 1-орунбасары Игорь Шувалов жетектеген делегация Кыргызстанга келип, мамлекет, өкмөт башчылары менен жолугушту. Буга чейин орус өкмөтүнүн өкүлдөрү Ашкабат менен Ташкенде болушкан.

Орусиянын 1-вице-премьери Игорь Шувалов Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов менен жолугушууда. Бишкек, 20-январь, 2010-жыл.
x
Орусиянын 1-вице-премьери Игорь Шувалов Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов менен жолугушууда. Бишкек, 20-январь, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Орус өкмөтү күнкорсуз мамлекеттер шериктигиндеги өнөктөштөрүнө негиздүү программаларды сунуш кылууну тапшырууда.

Бийик технологияга карай алга!

Эңгезер СССР урандысында пайда болгон Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде бир топ маанилүү документтерге кол коюлганы менен, алардын ишке ашуусу арасат калууда. Өз алдынчалыкка жетишкени Түркмөнстан ооз учунан шериктештикке таламдаш экенин билдирип келсе, Ташкендин позициясы арасат бойдон калууда.

- 2010-жылы КМШда биздин төрагалык алдында негизги иш-чаралар илим жана инновация жылына багытталат. Бул жаатта айрым долбоорлор боюнча бизде өз ара кызыкчылыктар бар. Буга Дубна шаарында иштей баштаган жогорку технологиялар фонду да кошулат,- деп билдирди Орусия өкмөт төрагасынын 1-орунбасары Игорь Шувалов Бишкектеги жолугушууда.

Москванын илим жана жогорку технология жаатындагы кезектеги демилгеси Кыргызстан өкмөтүнүн да максат-мүдөөсүнө төп келгенин премьер-министр Данияр Үсөнов ырастады.

- Реалдуу долбоорлор менен аны ишке ашыруунун механизмдери табылат, деп ойлойм. Биз Орусия федерациясынын КМШ төрагалык кылышына өзгөчө үмүт артабыз.

Антип Орусия илим менен жогорку технологияга басым коюп, кыргыз өкмөтү реалдуу долбоорлорго боор тартып турганы менен ортодо “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор, Канттагы аскер базасын кеңейтип, түштүктө ачуу маселелери турат. “Манас” аба майданындагы АКШнын аскер базасын чыгаруунун эсесине берилчү “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна 1 миллиард 700 миллион доллар орусиялык насыя акчанын келер-келбеси белгисиз бойдон калууда.

Кыргызстан Кытайга кылчактоодо

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү амалында кийинки кездери Кыргызстан Кытайга үмүт артып, жаңы ачылган борбордук агенттик жетекчиси Максим Бакиев жанына биртоп өкмөт мүчөлөрүн алып өткөн аптада Бээжинге иш сапары менен барып келди. Ал жерде “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу, Бишкек жылуулук-электр борборун жаңылоо, кыргыз-кытай темир жолун баштоо сындуу өкмөттөр ортолук олуттуу маселелер талкууланганын М.Бакиев жарыя кылды.

Орус өкмөт жетекчисинин орунбасары И.Шуваловдун өкмөт башчы Д.Үсөнов, президент К.Бакиев менен жолугушууларында орусиялык 1 миллиард 700 миллион доллар кредит менен Ошто же Баткенде ачылчу аскердик база маселеси козголгон-козголбогону ачык айтылбады. А бирок Канттагы аскер базасын кеңейтүүнү Орусия Жамааттык коопсуздук келишими алкагында жүргүзүүнү көздөп жатканын өткөн жылдын 20-апрелинде Бишкекке келген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа да ырастаган.

- Андай күчтөр түзүлүп жатканын, алар ыкчам аракеттенчү учурунда 11 батальондон турган жамааттык коргонуу күчтөрүнөн кыйла кубаттуу болорун эске алсак, база сан жагынан да, сапат жагынан да мыкты болушу керек.

Аскер аба учактарынын колдоосунда ыкчам аракеттенчү андай базанын өзүнө жакын жайгашуусун Өзбекстан жактырбай, маселе бир жылга жакын убактан бери абада асылып турат. Расмий Ташкендин суу-энергетикалык маселе боюнча позициясы такталууга муктаж экенин Шаңкай кызматташуу уюмунун баш катчысы Муратбек Иманалиев минтип белгилейт.

- Менин оюмча, бул жерде мындай. Мына өзбек туугандарыбыздын позицясын айтканда нефть менен газ боюнча булар толук эле рынокко өтөлү, рыноктун принциптерине таянып бааларды коелу, ошол баалар менен газ, нефтини алгыла деп жатат. А сууну болсо илгерки Советтер Союзунун убагындай бекер, ага берсин биз алалык дешет.

Орус өкмөтүнүн делегациясы илим менен бийик технологияга негизделген жаңы долбоорлордон сырткары Кыргызстанга кандай сунуштар менен келишкени ачыкка чыгарылган жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Умарали каяктан: РФ
20.01.2010 23:26
Кыргызстанда болуп аткан жакшы иштерден да кабар берип койбойсуздарбы. Сайтыныздардын биринчи бетинен акыркы бетине чейин эч бир жакшы кабар окуй албай калдым. Алыста жургондо абдан эле оор кабыл алып калат экенсин. Же болбосо Кыргызстан ушунчалык эле начар абалда болуп, бири-бирин чукуламай, иш, бийлик талашмай эле болуп калдыбы? Ун алгыдан, эч болбосо жарым саатын жакшы кабарларга болуштуруп койсонуздар жакшы болот эле. Эч болбосо базарларда иши жакшы журуп аткан ишкерлер жонундо болсо деле боло берет эле. Бир аз конул которулуп калабы беле деген ой менен эле айтып атканым...
Дагы бир сураныч, акча алмашуу терезениздерди жанылап турсаныздар жакшы болот эле, же болбосо очуруп салбайсыздарбы. Сарт санаасы менен байыйт дегендей болуп калат экен. Балдарга акча жибергенде сиздердин берген курс туура келбей калат экен. Ишиниздерге ийгилик, ден соолук каалаймын.

кимден: ruslan каяктан: kg
20.01.2010 20:23
Azattyk silerden suuranam ushul Danchikti ekranga jana suroo berbegilechi bul adamdi korgum da kelbeyt....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)