Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:28

Саясат

Эгемендиктин 19 жылдыгы белгиленүүдө

Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган салтанат быйыл жылдагыдай "Ала-Тоо" аянтында эмес, өкмөт үйүнүн алдында өттү. Салтанат 7-апрелдеги ыңкылапта окко учкандарды эскерүү менен башталды. Президент Роза Отунбаева өлкө учурда оңой эмес кырдаалда экенин, алдыда чоң саясий өнөктүктөр турганын белгиледи.

Эгемендик салтанаты 7-апрелде курман болгондорду эскерүү менен башталды.
Текст көлөмү - +

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 19 жылдыгына арналган расмий салтанат президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекеттик кызматкер, коомдук ишмерлердин катышуусунда өттү. Салтанатка шаар тургундары, аймактардан келгендер жана чет элдик коноктор күбө болушту. Расмий иш-чара учурунда коопсуздук сактоо үчүн шаардагы дээрлик бардык ички иштер кызматкерлери тартылды.

 

Расмий салтанат президент Роза Отунбаева жана өкмөт мүчөлөрүнүн 7-апрелде курман болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң өкмөт үйүнүн алдындагы тосмого коюлган, апрель окуяларында курман болгондордун тизмеси жазылган мемориалдык тактанын ачылышы болду. Маркумдарга арналып куран окулду.

 

Салтанатта сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева, кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, өлкөнүн учурдагы абалына мындайча токтолду:

 

- Эң оболу бүткүл кыргызстандыктарды эгемендиктин 19 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Элибизге  ынтымак, биримдик жана тынчтык каалайм. Мекенибиздин кубанычтуу эркиндигинин он тогузунчу көз ирмемин  ары татаал, ары эн маанилүү, өлкөбүздүн мындан аркы тагдыры чечээр мезгилинде жашап жатабыз. Эгемендүүлүк салтанатын жалпы мусулмандардын ыйык айы болгон Разаман айында өткөрүп жатабыз.

 

Роза Отунбаева өз сөзүндө Кыргызстан учурда оңой эмес кырдаалда турганын, алдыда чоң саясий өнөктүктөр бар экенин белгиледи.

 

Эгемендик күнгө карата уюштурулган расмий салтанат Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун сөзү менен аяктады.

 

Маданий жана спорттук иш-чаралар болсо Бишкектеги эски аянтта уланууда.


Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Bolot каяктан: Pekin
01.09.2010 19:50
Bizdin prezitentibiz en mykty! Uwundai kyiyn mezgilde mamleketti alyp kelgenine raxmat aitam. Men uwul jerde jalgyz kyrgyz bolsom da, men өzүmdү dayim KYRGYZMYN dep jүrөm. Kyrgyz ELIME kaalarym bul tynchtyk, iygilik, patriottuk sezim, tokchuluk. Өnүgүp gүldөi ber KYRGYZSTANYM!

кимден: улук каяктан: россия
31.08.2010 20:28
Отунбаева !азырынча билбейм бирок,анын айланасындагы адамдар мурдагы эле эски адамдар Роза эжеге колдон келсе жаш адамдарыбыз толо жогорку бийликке татыктууиштейм деген жаштар көп!! Менимче Бекназаров .Сариев,Текебаев ж.б бир нече жолу бийликте болду и эмне озгордү эч нерсе!!! Бергиле жолду башкаларга (жаштарга) болбосо эртели кечпи Акаевтин,Бакиевтин жолун жолдойсунар ушул окуялар силерге сабак болбосо ,анда артын ойлобогон адамдк го! бергиле акырындап и кийилишпегиле силерде мүмкүнчүлүк болду!!!Бар Бол Кыргызым!!!Бай бол!!!

кимден: Nurgul каяктан: Kanada
31.08.2010 19:24
Jash Sayasatchy tuura aitasyng. Maga Roza ejenin jupunu, kyrgyzdyn nakta kyzdaryndai bolup kiyinip algany jakty. Baikush ejege ishtegenge mymkynchylyk beriship, ar kim biylik talashyp miting chygara koigonun toktotso jakshy bolot ele.

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
31.08.2010 18:28
Биздин эгемендуу кунубуздун 19 жылдыгы орозо айына туш келип калганы дагы бул жакшы нерсе, экинчиден ототурган парламенттик шайлоо дагы 10.10.10 деген цифраларга туура келет экен. Ыйык Рамазан айында баардык айтылган каало тилектреди Алла таала кабыл кылып аткаралсын ООМИН. Оркундоп оссун Кыргызстаным, мамлекет башына элдик киши келсин.

кимден: Манас каяктан: Борбор
31.08.2010 18:19
Бакиев жазасын алса жакшы болот эле. Акыркы куну оюмдун баары эле анын жазаланган кунун ойлоп калдым. Курман болгон балдарыбыздын каргышы тийсин.

кимден: Жаш Саясатчы.
31.08.2010 17:07
Роза Исаковна,Темир Сариев,Омурбек Текебаев,Алмаз Атанбаев жакшы суротун чыгарып койупсунар. Байкуштарым мойтойуп алып аскерлердердин менен эгемендулугубузду жана мамлекетулугубузду жаманбы жакшыбы сактап журот.Козго жакшы корунот экен, мурдагы оппозицияда бирге курошуп кыйынчылыктарды откозгон элек. Парламентик демократия системанын максатарынын принцыптарынан тайбагыла! Баардыгынарды майрамынар менен кутуктайм!

кимден: акыл каяктан: бишкек
31.08.2010 15:51
урматтуу роза эжеке сизге рахмат эми баардыгы кеч ыйлагандын кереги жок андан коро майрамды жакшы маанайда откорсонуз болмок элдин буткон жарасын кайра жаралап ыйлаганыныз туура эмес оштогу курман болгондорду неге ойлобойс ошко да келип кетпейсби жалал абаддан отпой калдынызго ишинизге ийгилик

кимден: тока каяктан: Москва
31.08.2010 15:19
Роза эже сизге рахмат
Роза эже бул сиздин. биздин коз жаш,жана ата баладан ажыраган
эне-атаынын коз жашы ошол манкурттардын кусуру урсун
шейит кеткен жоокерлерге ийилип таазим этебиз
тарыхый жоокерлердин ысымы эч качан очпосун

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)