Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:34

Экономика

Кыйгап өтчү кризистин эми качан кетери белгисиз

14-майда Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Жеймс Мак Хью сырттан келчү коркунучтардын жаалын азайтууга багытталган жаңы программа жакын арада ишке киришерин жарыя кылды. Эларалык валюта кору инфляцияны азайтуу, макроэкономикалык абалды турукташтыруу, бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн 100 миллион доллар акча бөлмөкчү. Мындан тышкары эларалык уюм ошончолук эле өлчөмдөгү каржылык көмөк көрсөтөрү маалымдалды.

Текст көлөмү - +
Жеймс Мак Хью (James McHugh) дүйнөлүк финансы базары кысталыш кырдаалдан чыга электигин белгилеп, 4 триллион ашуун активдер жараксызга чыгарыларын маалымдады. Дүйнөлүк экономикада быйылкы жылы ички дүң продукт көлөмү 1% азайышы мүмкүн экендиги болжолдонуп жатканы айтылды. 2-дүйнөлүк согуш алааматынан кийин дүйнө бул ирет кездешип жаткан экономикалык кризистин жаалы эмдиги жылы бираз кайтып калышын Эларалык валюта корунун адистери болжолдоп отурушканы кабарланды. Ж.Мак Хью  Орусиядагы экономикалык кризистин капшабы Кыргызстанга да тиерин эскертти. Кыргызстандын ички дүң продуктунун чейрегине жакын өлчөмдөгү акчаны тууган жерине жөнөтүп турчу эмгек мигранттарынан келчү инвестиция агымы азайарын белгиледи.

- Анын үстүнө Кыргызстан чөлкөмдөгү өнөктөштөрүнөн, тактап айтканда, Орусиядан кадыресе колдоо алып келүүдө. Андай көмөк кризистин жаалын бираз кайтарып, кыйла тоскоол болуп берүүгө жарайт, - деп айтты Ж.Мак Хью.

Анын ырасташынча, экономикалык кризистин капшабы азырынча банк секторунда анчалык көрүнө элек. Кыска мөөнөткө үстөк пайызы арбын кредит берүүнүн кыныгын алган коммерциялык банктарды тооруган коркунуч азырынча жок дээрлик. Эларалык валюта корунун адистери быйыл Кыргызстанда ички дүң продукт 0,9 % көтөрүлүшү мүмкүн экендигин болжолдошууда. Эмдиги жылы ал 3% бираз жете бербеген көрсөткүчтү түзүшү мүмкүн.

Эларалык валюта кору сырттан келген коркунучтардын жаалын азайтуу амалында кыргыз өкмөтү менен жаңы программа түзүп, 22-майда ал ЭВКнын директорлор кеңешине сунуш кылынмакчы.

- Чынында ал инфляцияга каршы туруучу программа катары ишке кирген. Программаны каржылык колдоо жөнүндө айтсак, ал 100 миллион долларды түзөт,- деп билдирди Ж. Мак Хью.

Быйыл апрель айында Лондондо өткөн 20 бай өлкөнүн жетекчилеринин жыйынында Эларалык валюта корунун өз акчасын 250 миллиард долларга көбөйтүү милдети коюлган. ЭВК карыз алууга укук берген атайын кагаз акча чыгарып, андан 100 миллион доллар Кыргызстанга каржылык көмөк катары бөлүнө тургандыгын Ж.Мак Хью кабарлады.

Кыргыз өкмөтүнүн болсо азырынча экономикалык кризис канчага созулары тууралуу так маалыматы жок.

- Бул кризис канчага созулары, канча убакыт болору тууралуу аркыл божомолдор айтылууда. Биз үчүн айкын бир гана маселе бар, кризис деп эки тизени кучактап отуруп алчу кез эмес. Сырттагы жагымдуу экономикалык жагдайдын таасири олуттуу көмөк көрсөтчү кез артта калды. Аны сандык көрсөткүчтөр да айгинелеп турат. Ансыз деле баарыбызга дайын. Ошон үчүн алдын-ала биртоп иштерди жасашыбыз керек,- дейт кыргыз өкмөтүнүн башчысы Игорь Чудинов.

Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун ырасташынча, күтүлгөн кризистин таасири эки тараптан көрүнүүдө.

- Дүйнөлүк кризистин таасири бизге Кыргызстанга эки тараптан өзүбүздүн ички өнүгүүбүздөгү кедергилер, андан кийин кошуна өлкөлөрдөгү экономикалык кыйынчылыктар дагы биздин экономикага таасирин тийгизип жатат. Соодабыз төмөндөп жатат.

Анын себеп-жөнү Кыргызстан өндүрчү товарлардын Орусия менен Казакстанда жакшы өтпөй калганы, буга кошумча энергетикалык кризис, курулуш деминин кыйла басылып, өнөржайдагы абалдын оорлошу – мунун баары биригип келип буга чейин кыйгап өтүшү мүмкүн делинген кризистин келишин билдирет. Өнүккөн өлкөлөрдүн эсин эки кылган экономикалык кризис эми Кыргызстанды канчага байырларын алдыдагы убакыт көрсөтмөкчү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: МИА каяктан: АЗИЯ
21.05.2009 14:07
КРИЗИС КОГДА ЗАКОНЧИТСЯ НИКТО НЕ ЗНАЕТ.

кимден: Акбар каяктан: РФ
15.05.2009 15:42
Аябай коррупцияланган өлкө деп, МВФ кайра дагы кредит бергенин ТҮШҮНБӨЙМ?

кимден: Мен каяктан: Дүйнө
14.05.2009 21:24
Ал эми Валюта кору кандай шарт коет экен 100 миллион үчүн? Дагы жеке менчиктештирүү, дагы корпорацияларга жеңил шарт түзүү, электр тармагын жеке менчиктештирүү сыяктуу канча өлкөнүн кендирин кескен саясатын улантат бекен, же Американын өзүндө болуп жатканда, өкмөттүн өкүмдүгү өсүп, өзү тойсо да, көзү тойбогон бизнес, бизнесмендерди анча-мынча алкымын тыйдырган чаралар бар бекен? Ушуну сураар киши табылаар бекен, ар кимдин жетелендисинде калган Кыргызстанда?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)