Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:38

Эл үнү

Бакиев бийлигин интернет оодардыбы?

Кыргызстандык белгилүү блогчулар, же болбосо интернет аркылуу маалымат тараткан активисттер апрель окуясында интернет чоң роль ойногонун белгилешүүдө. Чынында эле Таласта элдик толкундоо башталып, оппозиция лидерлери камакка алынганда эл реалдуу маалыматты интернеттен гана алууга аргасыз болушту.

Интернеттеги Facebook баракчасы.
x
Интернеттеги Facebook баракчасы.
Текст көлөмү - +
Заматта тараган окуя

Апрель окуясында интернет менен чөнтөк телефон чоң роль ойногонуна мен өзүм күбө болдум. Таласта эл көтөрүлүп, мамлекеттик администрация алынганда мамлекеттик сыналгы каналдар “кырдаал тынч” деген маалымат таратышкан менен окуянын чындыгы интернет аркылуу кеңири жайылып жатты.

Ал тургай Таласта чөнтөк телефонго тартылган видеолор ошол эле күнү Орусиянын белдүү сыналгы каналдарынан көрсөтүлүп, Фейсбуук (Facebook), Туиттер (Twitter), Ютюб (видео сайт YouTube) сыяктуу интернет баракчаларда да пайда болду.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов
- Бакиев бийлиги тарабынан куугунтукталып, Швецияда баш калкалап жүрүп, ыңкылаптан кийин мекенине келген саясатчы. Ал чет өлкөдө жүрүп деле Нарындагы, же башка аймактагы нааразылык иш-чараларын өзүнүн интернет баракчасы аркылуу интернет пайдалануучуларга оперативдүү таратып турган. Байсалов “интернеттин таасири менен Бакиев бийликтен кулады” деп эсептейт:

- Интернет бар үчүн булар кулады. Маселен, Кокон хандыгы учурунда же кийинки Советтер Союзу мезгилинде бийлик гезиттерди же сыналгыларды колго алса коомду көзөмөлдөй алчу. Азыр 21-кылым. Башка ММКларды жапса да адамдар интернет аркылуу маалымат таратып, ой-бөлүшүп, авторитардык режим түзүлбөй турган жагдай бар.

"Интернет Максимге да керек"

Байсалов сыяктуу чет жерде туруп өздүк интернет баракчасы аркылуу Курманбек Бакиевдин бийлигин кескин сындап турган кыргызстандыктар көп болду. Алар: “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков, экс-депутат Бакыт Бешимов жана 8 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков. Үчөө тең АКШда жүрүп Бакиевге маалыматтык чабуул жасашты.
Максим Бакиев


Эми булардын ордун президенттин уулу Максим Бакиев алмаштырды. Ал азыр чет өлкөдө жүрүп http://maksimbakiev.livejournal.com интернет баракчасы аркылуу атасы менен агасынын маектерин жарыялап, убактылуу өкмөттү каралоого өттү. Буга саясатчы Равшан Жээнбеков мындай баа берди:

- Максим Бакиевдин интернет аркылуу чыгып атканы - булар эми түшүндү. Булар эми акыл эстүү боло баштады. Демократияны эми тааныгысы келип атат. Бул - алардын эки жүздүүлүгү. Бакиев өзү да, баласы да түштөн кийин демократия деп кыйкырып атат.

Интернетчилер ашканада гана баатырбы?

Кыргызстанда электр кубатына жана башка коммуналдык кызматтарга баалар көтөрүлүп, оппозиция жанданып, саясий кырдаал курчуй баштаганда бийлик бир катар сын айткан гезиттерди жаап, анын ичинде “Азаттык” үналгысынын да уктурууларын чектеп койгон.

Журналист Адилет Айтикеев интернеттин ролу апрель окуясында күчтүү болгонун мойнуна алганы менен, интернеттин жардамы аркылуу бийлик оодарылды дегенге каршы. Себеби интернетке баш бакпаган, социалдык көйгөйлөрдөн улам кыйналган карапайым адамдар ыңкылап жасады, дейт жаш журналист:

- Интернетти жата калып окуган чөйрө митингге чыкпайт. Алар офисте отуруп алып эле баарын кабардар кылып, аны менен элди башкарам атам деп ойлогондор. Реалдуу турмушта эл гезит окуп, чакырык баракчаларын алып, анан көчөгө чыкты. Элеттик калк үчүн кайдагы интернет, ал эмес облус борборлорунда да интернет жакшы өнүккөн эмес.

Анткен менен апрель окуялары тутанып баштаганда кыргыз бийлиги интернеттен чочулап, аны бир канча саатка жаапты. Бирок интернетти жабууга толук күчү жетпей, Кыргызстандагы кандуу окуя дүйнө коомчулугуна шардана болду.

2005-жылкы ыңкылаптан кийин да экс-президент Аскар Акаев “мен калыс маалыматты интернеттен гана алып жаттым, компьютерим ар дайым жанымда” деп айтканы белгилүү. Эдил Байсаловдун пикиринде азыр деле Курманбек Бакиев жана анын балдары, инилери интернет аркылуу маалымат таратып, интернеттен маалымат алышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бироо каяктан: алыстан
11.05.2010 00:14
Азаттык кандай тушунбойсунор! Суроонун озу туура эмес. Кайдагы интернет Бакиевди кетирген? Аны жакырчылыктан , коррупциядан жудогон эл кетирди. Интернет бул жолу маалымат булагы гана болду. Эмне оппозиция соройлор барыбызды интернет же твиттер аркылуу кочого чыгалы деп уюштурдубу? мобилдик телефон аркылуу уюшуп Иран болгуча дагы коп бар!!!! туура суйлогулочу!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.05.2010 19:47
эдил кетчи суранабыз уят болот

кимден: nushu
06.05.2010 11:41
К.С. Бакиев 10 жыл кыргызга кызмат кылып жургондо, бир эле жегенди билиптирби? 10 жылдан бери Кыргызстанга келтирген пайдасын эмне айтпайсынар? жебеген жердин астында, гибиреген начальниктер деле жеп атпайбы? Жаны отмот калыстык менен иш кылса жакшы болмок...

кимден: Болот каяктан: Бишкек
06.05.2010 10:19
Мен Байсаловдун кыргыз элине кылган кызматын уккан эмесмин буга чейин. Эдилге окшогон коптогон саясатчылар менин оюмча ушундай моменттерди кутуп отурушуп, анан бийлик алмашкандан пайдаланышып шак чыга калышат. Азыр дагы коп саясатчылар кайдан жайдан пайда болушуп, кызмат алууга чуркап журушот. Аларды эл 7 апрелде коргон эмес. Жаштар ошон учун нааразы болуп жатат.

кимден: нурсултан каяктан: баткен
28.04.2010 20:09
Сураныч Эдил озун эле билип кетип калчы. Ушул убакка чейин эмне кылып журдун. Эми келип эл башкарганын уят. мекенчил болгонунда бакиев заманында эле давно келмексин да. Ушул создорунду ошондо айтсан жакшы болмок.

кимден: Debi каяктан: Bishkek
28.04.2010 00:08
Кичине боорукерирээк бололучу. Тим эле жер-жеберине жетип ийебиз. Баягыда бул байкуш бала деле ок жеп, ооруканада жүрдү беле? Бийлик, мансап кумары кимди азгырбаган? Бирок жалаң эле ошондой карөзгөй ой менен жүрөт деш деле бир жактуу, калыс эмес болуп калат, менимче

кимден: Debi каяктан: Bishkek
28.04.2010 00:03
Интернет ынкылап кылды деген, албетте, аша чапкандык. Бирок интернеттин маалымат таратуудагы орду жеке мен үчүн сонун эле болду. Акипрессти андып эле калдым.

кимден: ОЗ УЙУНДО каяктан: КОР БОЛГОН КЫРГЫЗ
23.04.2010 15:09
Эдил мырза, сен ото терен адашып атасын. Бакиевди интернеттеги маалыматтар кетирген жок, аны ач коздугу, эки козун май басып, элге берген кийин эч жыйынтыгы чыкпаган пачка-пачка убадалары, элди "КОЙЛОРДОЙ" ары-бери айдаган кылыктары, шуру мончоктой тизилген жалгандары жана дагы бир ЧОООН ФАКТОР - бул, толгон токой КОШААМАТЧЫ АТКАМИНЕРЛЕРДИН, "АК(чындыгында КАРА) ЖОЛ"чулардын чектен чыккан кылыктары кетирди. Эдил мырза мунусу менен саясий упай топтогону жатканын биз баарыбыз кадимки "кыйтыр түлкүнү" коргондой коруп турабыз. Ал чыныга "бейокмот" уюм тарабынан элди коро алат, малекеттик кызматкер боло алуусу мумкун эмес. Эдил мырза, эми сен элди жарга айдаба. сенен отунуч.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Bishkek
23.04.2010 10:35
Adilet Aytikeev senin aytkan sozdoruno koshulam... chindigi bar!

кимден: Саякбай
22.04.2010 08:08
Эдил эл дүрбөткөндү жакшы өздөштүрдү, бирок жеткен авантюрист. Бийликке мындай кишини коюу жоопкерсиздик.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу