Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:43

Саясат

Алайлыктар аскер сотуна нааразы

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу өкүм күчүндө калтырылышына нааразы болгон оппозициячыл саясатчынын алайлык жердештери жөө жана атчан жүрүшкө, ошондой эле Ош - Эркеч-Там автожолун тосууга камданууда.

x
Текст көлөмү - +
Республикалык аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду сегиз жылга кесип, генерал-лейтенант чининен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтыргандыгы оппозициячыл саясатчынын жердештеринин нааразычылыгын жаратты.

- Жалпы Алай эли сотторго наалат айтабыз!

- Сотторго – наалат!

- Бийлик кетсин!

- Исаков токтоосуз бошотулсун!

- Мындан ары мыйзам бузууга барабыз!

Бир нече күндөн бери Алай райондук акимчилигинин алдында пикетте турушкан Исмаил Исаковдун эки жүзгө чукул таламдашы ушинтип тарашты.

Аймактагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикиров мындан ары сотторго таптакыр ишенбей калгандыгын билдирди:

- Бул өкүмдү биз аябай жаман кабыл алдык. Бул ирет республикалык аскер сотунда акыйкаттык болоор деп күтүп жаттык эле. Тилекке каршы, ал үмүтүбүз талкаланды. Мурдагы биринчи президентибиз Аскар Акаев «Эл сотторго сексен пайыз ишенбейт!» деген болчу. Азыр биз жүз пайыз ишенбейт деген бүтүмгө токтолдук. Биздин соттордо калыстык деген калбаптыр. Бизде мыйзам өзү жок экен. Исаковду коргоо комитети эми терең ойлонуп туруп чечкиндүү кадамдарды жасамакчыбыз.

Таалай Зикиров жердештери учурда жөө жана атчан жүрүшкө даярданып жаткандыгын кошумчалады.

Ошол эле мезгилде акциянын такай катышуучусу Клара Ибраимова элдин пикири менен эсептешпегендиги үчүн бийликти кескин айыптады:

- Элим-жерим деп күйүп аткан таза кандуу Алай элинин чыгаан уулун ак жеринен камап койгонуна эл ушунчалык нааразы. Себеби Исмаил Исаковдун аракетинде кылдай күнөө жок. Бул бийлик амалдын баарын монополдоштуруп алды. Эми үй-бүлөлүк режимди жанташалып чыңдап атат. Конституцияга колун коюп Бакиевдин берген анты кана? Ант бузаар Бакиев! Бийлик антын буздубу, демек, биз дагы мыйзам бузабыз! Биз өлүмгө чейин барсак дагы Исаковду коргоп алабыз. Ошко, Бишкекке дейре барабыз. Кандай болгон күндө да генерал акталып, бошотулсун!

Ал эми Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев жердештери жакынкы күндөрдө массалык баш ийбөө чараларын уюштурушаарын ачыктады:

- Карагылачы, катарыбыз күн санап көбөйүп баратат. Мына, биз чакырбаган адамдар келип атышат. Айыл-кыштактардан лидерлери чалып жатышат. Элдин кыжыры кайнап бүттү. Алар мындан ары бардык кадамдарга барат деп ишенем. Биринчиси, акимдин имаратын басып алышы ыктымал. Экинчиси, мынабул Ош - Эркеч-Там жолун тособуз. ОМОНдор келсе, кагылышабыз, кармашабыз! Бизде башка арга калбады. Үч айлап күндө митинг жасап, талап коюп келатабыз. Бийлик тараптан эч кандай реакция жок. «Элге зордук-зомбулук көрсөткөн Бакиев баштаган бийлик кетсин!» деген талабыбыз дале күчүндө кала бермекчи.

Айтпай Жээналиев маалымдашынча, алардын демилгесин башка район-шаарлардын тургундары да кубаттап жатышат.

Ошентсе да, Алай районунун акими Алмазбек Осмонов акциянын катышуучулары менен бир нече ирет жолугушкандыгын баса белгилеп, алардын ар бир мыйзамсыз аракети жазаланаарын эскертти.

- Элдин талабы тиешелүү жактарга убагында жеткирилген. Бардыгы мыйзам чегинде болушу абзел. Аткаруу бийлигинин өкүлү катары биздин соттордун ишине кийлигишкенге эч кандай укугубуз жок, - деди аким Алмазбек Осмонов.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Гүлчө каяктан: Алайдан
22.02.2010 11:16
Биздин үнүбүз болуп жаткан "Азаттык" менен Би-Би-Си радиосуна рахмат!!! Бизге кайрат айткандарга да рахмат. Биздин духубуз бекем. Бизге кошулгула!!!!

кимден: Кайран кыргыз каяктан: Азырынча Кыргызстандык
22.02.2010 11:15
БАКИЕВ бийлиги кыргызга жакшылык көрсөткөн жок. Ушул бийлик келгенден бери буюрутма адам өлтүрүүлөр, бироөөнү аткан, саткан, криминал, разборкалар, жоголуп кеткендер көбөйдү. Башын көтөргөн АЗАМАТТАРДЫ болсо түрмөгө тыгып жатат!!! ИСАКОВ кандай адам экенин, анын тазалык, актыгын көр, көкүрөгү сокур адам эле билбей калбаса карапайым биз аны сезип турабыз. Энергетика боюнча биринчилерден болуп кыйкырып чыккан киши эле. Бакиевдин саясатынын ыпластыгын биринчи сезген киши эле. Биринчилерден болуп түрмөгө олтуруп калды. Эмнени күтөбүз кыргыздарым, кыраандарым! Эмнени күтөбүз!!!

кимден: Патриот каяктан: Аксычы
21.02.2010 22:28
Макал бар "Тайбурунун тартууга кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени" деген. Исмаил Исаковдун ак экенине карабай камалып кеткени, Бакиевдин заманы бүткөнү. Бакиев алына ченебей иш жасап алды. Эми үзүрүн көрө бермекчи. Инисинин элиталык күзөтүнө ишенбей эле койсо болот. Эл деген эл... Жаныш жаман оюнда, Элиталык күзөт түздүм деп массалык маалымат каражаттарына, ОМОНдун сүрөтүн көрсөтүп, элди коркутам деп ойлоп атат окшойт. Жаңыласын. Тескерисинче, элдин кыжырына тийип алдың. Эл күндөн күнгө курчуп атат. Урматтуу Алайлыктар духуңарды бийик көтөрүп, "Бир жеңден кол, бир жакадан баш" чыгаргыла. Алай эли тарыхта из калтырган улуу эл. Кыргыз эли сиздер менен.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
21.02.2010 18:57
Бул бийлик өтө эле ач көз, коркок өзүнүн көлөкөсүнөн коркот. Кыргыздын канчалаган чыгаан жигиттери жок болуп кетти
1. Кудайбергенов - "каскадер".
2. Б.Эркинбаев- " Баяман палван"
3. Р. Акматбаев - " Рысбек"
4. Б.Жээнбеков- "Баха"
5. Р-Санатбаев- Раатбек
6. Р. Шаботоев- Руслан
7. С.Кыдыралиев- Санжар
Ушул аталган жигиттердин артынан жок дегенде 80-100 миң адам ээрчимек. Ошондо бул бийлик өзү эле кетмек.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
21.02.2010 18:48
Президент К.Бакиевдин азыркы жүргүзгөн политикасы өзүнүкү эмес эле башкалардыкы болуп калды. Муну карапайым кыргыз эли билбейт. Ошондуктан кыргыз эли жапа тырмак көтөрүлүп мыйзам чегинде азыркы президентке ишеним көрсөтпөй, жаңы президент шайлаш керек. Ал Исмаил Исаков болуш керек.

кимден: Асан каяктан: Ош
21.02.2010 15:12
Түндүк-Түштүк, Чыгыш-Батыш адилеттүүлүктү орнотуу үчүн болгон күрөшкө бириккиле! Алайлыктарды колдойбуз!!!

кимден: Kg Patriot каяктан: Bishkek
20.02.2010 21:54
ALAI ELI ALGA TUURA KYLASYNAR.ISAKOVKO ERKINDIK!!!

кимден: Үмүткан каяктан: Россия
20.02.2010 18:55
К.Бакиевти Кыргызстандын президенти деп айткандан уялып калдык. Эсиң барда, этегиңди жап. Акаевке окшоп сен дагы тарыхта калып кетпе. И.Исаковту ни только Алайлыктар,весь Кыргызстан таныйт,эл Кыргызстандын атуул жигиттери үчүн баардык нерсеге барышат. Биз И.Исаковдун ден соолугун тилейбиз.

кимден: Болот каяктан: Аксы
20.02.2010 17:12
2002-жылы биздин лидерди Бекназаровду камаганда 17 марта кечинде ОМОН Тайфунун киррет турган жерине киргизип койгонбуз ОМОНдун балдары ыйлап жалдыраган эки күн ачка камалып олтурган РОВДда туугандар буну эмнеге жазып жатам бийлик өздөрү мыйзамсыз иш кылса ошого жараша иш кылыш керек, биз канга кан деген принцип менен арект кылганбыз

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
20.02.2010 14:27
БИЗ СИЛЕР МЕНЕНБИЗ
АЛАЙЛЫКТАР! ТҮНДҮКТҮН ЭЛИ СИЛЕРДИ КОЛДОРУНА ИШЕНЕ БЕРИҢИЗДЕР
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)