Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:43

Эркиндик

А.Бекназаров: Аксы окуясы бийликке сабак болуш керек

Бүгүн (10-февралда) республикалык аскер соту Исмаил Исаковдун адвокатынын апелляциялык арызын карайт. Буга байланыштуу БЭКтин уюштуруу кыймылынын жетекчиси, адвокат Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
- Азимбек мырза, республикалык Аскер соту эки бөлмөлүү батир жөн эле жүргөн эмес, Кыргызстандын аскер кызматында сегиз жылдан бери иштеген Исмаил Исаковдун уулуна берилгенин, бирок ошол эле батирди Исмаил Исаков өзү министрликке кайтарып көп балалуу аскер кызматкерине бергенин эске алабы?

Азимбек Бекназаров: Эми бул соттук же болбосо кылмыш ишин карап жаткан жараян эмес. Бул жерде саясий буйрутма менен болуп аткан иш. Ак үй кандай чечим чыгар десе, ошондой чечим чыгара турган нерсе. Исмаил Исаковдун эч кандай кылмышы жок, ошондуктан бул маселени Ак үй чечет.

- Исмаил Исаковго кечирим берүүнү өтүнүп, президентке кирип, ошол эле учурда Бакиевден кечирим сурашын айтып Исаковго кайрылган адамдардын тобу бар деп айтып аттыңыз эле. Алардын ишинен кандай жыйынтык чыгат деп ойлойсуз?

Азимбек Бекназаров: 8-февралда Үсөн Сыдыкович баштаган бир топ аксакалдар президентке кирип чыгышмак, кирип чыгардын алдында мени менен жолугушкан. Бирок Исмаил Исаковичтен алар даярдаган кечирим суроо катына кол койдуруп чыкпагандыгыма байланыштуу биздин ортобузда кичине кер-мур айтыш болуп, таарыныч болуп калды. Ошондуктан кирип чыккандай кийин мага жыйынтыгын айтышкан жок. Бирок мен кирип чыгышканын уктум.
Ак үй кандай чечим чыгар десе, ошондой чечим чыгарылат. Себеби алардын буйругу боюнча токулган кылмыш иши.


Үсөн Сыдыкович баштаган арачы болгон бул аксакалдарга ыраазычылык билдирем, башка эч нерсе деп айта албайм. Бирок кандай гана чечим чыкпасын, мен да айтып койойун, бул - Бакиев кандай буйрук берсе ошондой чечим чыгарат. Себеби кылмыш иши жок, Исмаил Исакович эмне үчүн кечирим сураш керек эле?

Ошондуктан аксакалдар кирип чыгабы, же кирбейби, алардын ортосунда кандай сөз болду - бир кудай жана бир ошол жолуккан адамдар билет. Бирок Ак үй кандай чечим чыгар десе, ошондой чечим чыгарылат. Себеби алардын буйругу боюнча токулган кылмыш иши.

- Сиз айтпадыңызбы кер-мур айтышып калдык деп, эми алар сизден эмне үчүн көндүргөн жоксуң деп талап кылып жатышабы?

Азимбек Бекназаров: Эмне үчүн көндүрүп, кол койдуруп чыкпайсың дейт. “Күнөөм болбосо мен эмне үчүн кол коюп берем, кылмыш иш жасабасам эмне үчүн кечирим сурайт элем” деп Исмаил Исакович кол койгон жок. Ошондуктан мен аксакалдарга "ал киши күнөөм жок, кылмыш кылбасам эле мен эмне үчүн кечирим сурашым керек деп айтты" десем, “сен эптеп көндүрүп кол койдуруп чыгышың керек эле” дегендей ачууланышты.
Аксы окуясынын аягы Акаевдин качышы менен бүткөн.


- Мына ушул Исмаил Исаковдун иши 2002-жылы сиздин башыңыздан өткөн иш менен окшоштугу бардыгы айтылып жүрөт. Бирок Исаковду бошотуп алуу талабы менен жүрүп жаткан акциялар мурдагы Аксыда болгондой бир кеңири масштабга ээ боло алабы?

Азимбек Бекназаров: Мен ойлойм, кеңири масштабга ээ болот, бүгүн бүт дүйнө жүзү бул иштин буйрутма иш экенин, Кыргызстанда көз карандысыз сот жок экендигин, ар бир ишти карап аткан судья өзүнүн креслосунан коркуп, кандай буйрук чыгарса ошондой чечим чыгарып бере тургандыгы билип калбадыбы. Ошондуктан азыркы бийлик ошондой масштабга жеткирбегенге аракет кылышы керек.

Аксы окуясынын аягы Акаевдин качышы менен бүткөн, мен ойлойм биринчи кезекте Бакиевдин өзү ойлонуш керек акциялардын ошондой деңгээлге чыгып, анан аягы жаман бүткөнгө жол бербеш керек. Ошол Аксы окуясы бүгүнкү бийликке, судьяларга сабак болуш керек. Ошондуктан мен ойлойм азыркы бийлик ага жеткирбей эле өздөрүнүн кетирген кемчилигин туура түшүнүп, кеч болсо да этегин өйдө жыйыш керек.

- Рахмат маегиңизге!

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: отукчу каяктан: ош базар
13.02.2010 20:22
..."абылай" өзүңдүн аң-сезимиңдин,билимиңдин деңгээлин дагы бир ирет көрсөттүң.Ал жукарбай эле тешилип калыптыр...Аман эле бол.Сага окшогон сотторго даңк эмес ДҮҢК!!!

кимден: Абылай каяктан: Жогорку Сот
11.02.2010 23:41
Кыргыздын "отукчулору менен патриотторуна". Мен жумуштан кеткен менен маселе чечилбейт. Менин оордума "ляппай, эмне десениз жасап беребиз" деген он киши, акчасын даярдап, "очеретте" турат.
Маселе бизде соттордо эмес, маселе башкаруу системасында. Аны тушунбосонор, анда силер азыркы бийликтен айырманар эмнеде?

кимден: Патриот
11.02.2010 11:53
Жогорку сот. Бала чакам дейсиң, жумушсуз калам дейсиз, ачка калам дейсиз! Мен "патриот" болуп ага каршы чыксам дейсиз! Ушинтип эле Бакиев эмне десе ошону кыла берет экенсиз. Анда эмнеге отмаскага чыгып жатасыз бул менин ишим деп? Чыныгы адамдык сапатыңызды жоготкон турбайсызбы сиз. Сиздей адамдар менен Кыргыз эли эч качан өнүгүп кете албайт.

кимден: отукчу каяктан: ош базар
11.02.2010 01:15
Деги биздеги соттордун мээси жука көрүнөт.Эмне жумуштан кетсең эле ачка өлүп калат белең,кудайдын берген ырыскысы бар. Силер кудайдан коркпой эле президенттен коркуп калгансыңар го?!!!... Акча берип жүрүп юридикалык билимге ээ болгон юристерибиздин мээси жаш баланыкынан да жука,аң-сезими айбандыкынан да төмөн түшүп кетти...

кимден: Абылай каяктан: Жогорку Сот
10.02.2010 21:45
Кыргызстанда сот деген болгон эмес,азыр да жок. Акаев тонкоруштон кийин бир интервьюсунда: " Куловду бекер кестирткен экемин" - деп айтканы бар. Демек, Куловду ,Бекназаровду сот эмес, Президент Акаев кестирген. Азыр да Исаковду, Жекшенкуловду, Петровкалык жана Балыкчылык балдарды сот эмес, Президент соттоп жатат. Сотторду жана башка куч органдарын Президент каршыларын жок кылуучу желдет кылып алган. Эгер Сот Президенттин айтканын аткарбаса, ошол эле куну иштен кетет. Мен да сот болуп иштейм. Эгер мага Президент тараптан буйрук келсе, аны аткарууга мажбурмун. Мен "патриот" болуп ага каршы чыксам, иши жок калам да, балдарым ачка калат. Ошон учун эл Президентти "ондосо", биз,соттор, калыс иштейт элек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине