Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:45

Саясат

И.Айдаралиев: Бакиевдин кемчилигин бир да министр ачык айта алчу эмес

Мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев 7-апрель күнү Таластагы митингде биринчилерден болуп эл тарапка өткөнүн жарыялаган. Экс-министр учурдагы кырдаал тууралуу “Азаттыкка” маек куруп, Курманбек Бакиевдин чет жерде жүрүп жасаган билдирүүлөрүн сынга алды.

x
Текст көлөмү - +
- 21-апрелде Курманбек Бакиевдин Минск шаарында жасаган билдирүүсүн кандай баалайсыз?

- Мен ачык айтып коюшум керек, Курманбек Салиевичти үч мамлекеттин президенттери сүйлөшүп, алып чыгып кетишкен. Ошондо "президенттиктен кеттим" деп арызын жазган. Эми маселелер чечилгенден кийин "президенттикти бербейм" деп чыкканы туура эмес. Бул менин жарандык пикирим.

Азыр убактылуу өкмөткө мүмкүнчүлүк керек, себеби азыр биздин өлкөдө кооптуу жагдай пайда болду. Азыр ар бир кыргыз жараны мамлекетти сактап калууга салым кошуш керек. Ушундай кырдаалда президенттин жанагыдай аракеттери туура эмес.
Тарифтер же башка маселе тууралуу бир да өкмөт мүчөсү президентке ачык айтчу эмес.


- Азыр Бишкектин айланасы да тынч эмес, Жалал-Абадда да кырдаал татаал десек болот. Убактылуу өкмөт бул кырдаалдан кантип чыгышы керек?

- Убактылуу өкмөт мыйзам чегинде бардык чараларды колдонушу керек. Демократиянын да чеги бар. Мыйзамды, стабилдүүлүктү бузуп жаткандар бүт кыргыз элинин алдында жооп бериши керек. Өкмөт да чечкиндүү кадамдарды жасабаса, бизде эч качан стабилдүүлүк орнобойт.

- 7-апрелде Таластагы митингде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен жүргөнүңүздү көргөн элем. Таласка кимдин тапшырмасы менен, кандай максатта барган элеңиз?

- Эч кандай тапшырма болгон эмес. Мен андан эки күн мурун иш сапар менен баргам. Жазгы талаа иштери боюнча дыйкандар менен жолугушуп, семинарларды өткөрүп жүрүп, 6-апрелдеги окуяга кабылып калдым. Конгантиевге ошол жактан жолуктум. Эл облустук ички иштер бөлүмүнө карай агылганда Конгантиев "элге ок атпаш керек, болгону курал жаракты сактап калыш керек" деп айтты. Ок аттырбай карап турганына мен өзүм күбө болдум.

-Ички иштер министри ошол кеңседен чыгып кетүүгө аракет кылдыбы?

- Аракет болгон жок. Элдин саны өтө көбөйүп кеткенде ал "элге туура түшүндүрөлү, ок атпай чыгып кетели" деди. Мен Конгантиевдин элге, журтка күйгөн, патриот жигит экенин ачык айтып коюшум керек, себеби мен ага өзүм күбө болдум.
Мыйзамды, стабилдүүлүктү бузуп жаткандар бүт кыргыз элинин алдында жооп бериши керек.


- Сиз министр болуп турганда Бакиевдин кемчиликтерин, маселен үй-бүлөлүк башкаруу, соңку кымбаттоолор боюнча президентке ачык айткан министрлер бар беле?

- Кемчиликти ачык айткандар болгон эмес. Анткени премьер-министр маалымат каражаттары аркылуу кандай иш жүргүзүп жатканын көрүп аттыңар. Тарифтер же башка маселе тууралуу бир да өкмөт мүчөсү президентке ачык айтчу эмес.

- Азыр эмне менен алек болуп жатасыз? Саясий ишмердүүлүгүңүз эми кандай болот?

-Мен азыр эс алып атам. Турмуш көрсөтөт. Кыргыз элине кайрылат элем, өлкөбүздө стабилдүүлүктү сактап, убактылуу өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек. Азыркы бийликке келгендер канча жыл оппозицияда жүрдү. Менимче, оппозицияда жүргөндөрдүн конкреттүү программасы болуш керек. Эгерде элди программасы менен ынандырып, иштеп кете алса, калкыбыз сокур эмес, аларды колдоп кетет.

- Маегиңизге рахмат!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кек каяктан: ОШ
28.04.2010 15:42
Жердештерине бекинбей, Жапаровду кошо ала качпай, Конгантиевди да сактап калсан болмок. Же бирге калыш керек болчу. Сен бети жоктук кылдын. Согуш мезгилинде мындай адамдар соотсуз атылган.

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
26.04.2010 14:08
Кудай сактасан ушундай куйту эки жуздуу адамдардан сакта. М.Конгантиевди ким патриот десе онбой эле калсын. Былтыры перовкада кочодо жургон кыргыз жигиттерин РОВДга алпарып профилактика деп өлөөрчө сабатканы патриоттулукпу?

кимден: АБАЗ каяктан: Талас
23.04.2010 15:41
Уялбагандан өзүң уял деген сөз бар.
Таласта 7 апрелде көрдүк Искендер мырза "койгула бул өзүбүздүн бала, түндүктөн" деп Акылбек Жапаровду элдин ортосуна түшүп ажыратып кеткенин. Ошол эле учурда эсин жоготуп жаткан Конгантиевди "муну билесиңер, түштүктөн" дегенин. Элди түндүк-түштүк кылып бөлгөн Искендер мырзадай уяты жоктор Ааевдин да, Бакиевдин да, жаңы бийдиктин тушунда да отко күйбөйт, сууга чөкпөйт

кимден: Адилет Айтикеев каяктан: Бишкек
23.04.2010 13:27
Искендер байке, биринчиден сизге ден-соолук, ийгилик каалайм. Экинчиден бугунку пикиринизди мен актануу катары эсептейм. Учунчудон сиз УВДнын имаратынан чыкканда бир экоо муштап жибергенден кийин дароо эле коллеганыз Молдомуса Конгантиевди сатып жиберип чыга качканынызды баары билет. Тортунчудон Бакиевге болгон сын пикиринизди убагында айта алган эмессиз. Качып кеткен, тентип жургон Бакиевди жамандоо баарынын эле колунан келет. Билесизби Жалал-Абадда качып кеткен Акаевди шыбап, Бакиевди мактаганынызды. 2003-жылы сиз Таласка губернатор болгондо Акаевдин алдында Улуу урматтуу Аскар Акаевич! деп бужуроп турчу элениз. Кийин туштукко барып Курманбек Салиевичтин моонотун узартыш керек деп азыркы оппозиционерлерди олорчо шыбаганынызды эл унутса дагы мен унута албайм. Мен сизди жок дегенде кызматтан кеткенден кийин унчукпай калат го деп ойлодум эле, бирок мобу интервьюнузду окугандан кийин пикиримди билдирууну туура таптым.

кимден: Нуну каяктан: Ош
23.04.2010 11:48
Айланайын кудайым И.Айдаралиевге окшогон адамдардан сакта!Ушуга окшогон адамдардын айынан кыргызстан онтоп кыйналып жатат. Ээ кудай озундун кереметинди коргозуп ушга окшогон адамдарга оз жазанды бере корчу.

кимден: Болот каяктан: Нарын
23.04.2010 10:30
Урматтуу Искендербек мырза,
Молдомуса мырзаны париот жигит деп белгилепсиз, бирок сиздин ошол жердеги аракетиниз жигитчиликке жатпайт. Таласта абройунуз бар болсо кой дегенге жарабадыныз! Шамкеевге окшогон генералдарга караганда Молодомуса чыныгы генералдыкты корсотту. Ал эми бугунку министр мырза (Болот Шерниязов) эч нерсеге жарабайт!

кимден: Кыргызбай
23.04.2010 09:40
И. Айдаралиев Акаевка, Бакиевке кызмат кылган. Бул киши хамелеон, ага ишенууго болбойт. Туштон кийин актанып жатканын карасан. Ушундай адамдардын кылык жоруктарынын кесепетинен карапайым кыргыз элибиз коп жылдардан бери жакыр жашап келе жатат.

кимден: жараан каяктан: Кыргызстан
23.04.2010 09:06
Оз элинде озу бекинип, коллегаларын ур-токмокко салып берип, эми туштон кийин бироону сындаганга моралдык акысы барбы? Кой оозунан чоп албаган момун кишилер, кун карама саясатчылар Акаев, Бакиевтерди жандап, мактап, колокосуно жугунуп жан коруп алардын тубуно жеткен сасык саясатчылардын бири - "коен" тура!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.04.2010 21:43
анан сен айттынбы Бакиевке жана Акаевке ушу сенден кутулбай койду эл дагы эле умуттонуп жатат качан болсо эле дагы Айдаралиевдерден куттулбайбыз жок дегенде башынды чыгырбай турчу азыр

кимден: Сабыр каяктан: Бишкек
22.04.2010 19:27
Айдаралиевдин феномени! Бул жигит 2005-жылы Акаевдин Таластагы Губернатору болуп туруп, шып этип Бакиевдин командасына кирип кетти эле. Бакиевде Министр болуп туруп, эми жаны өкмөткө кирсем деген ойу билинип турат. Конгантиевди аябай мактаптыр. А Конгантиев митингге, пикетке чыккан баолдарды чыркыратып сабап, сүйрөп кетип жүргөндө, күнөөсүз Балыкчынын,Петровканын, Ноокаттын балдарына уголовный иш ачтырып, соттоткондо Айдаралиев Министр болуп эч нерсени көрбөй, көзүн май басып отурган. Айдаралиевге окшоп сымаптай болуп улам бир жакка өтө качып жанын баккан хамелеон адамдардан сак болушубуз керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)