Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:46

Кыргызстан

К.Осмоналиев: Динди жамынып өз көз карашын таңуулаган шылуундар бар

Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Мындай шартта алдыда сабатсыз муун көбөйөт деген коркунуч бар деген оюн Мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирген.

Бишкектин эски өкмөт аянтындагы Курман айт майрамдык намазы
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: - Каныбек мырза, ушул тапта өлкөдө канча медресе бар, алар кандай иштеп жатат?

Каныбек Осмоналиев:
- Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден бери мурда бир дагы медресе болобосо, азыр алтымышка жакын медресе бар. Анын элүү экиси каттодон өтүп, өзүнүн иштерин легитимдүү жүргүзүп жатат. Кыргызстан үчүн бул абдан чоң сан экенин ачык эле айтыш керек. Мисалы 20 млн. калкы бар кошуна өлкө Өзбекстанда сегиз медресе, бир ислам институту бар. Бизде сегиз ислам институту, бир ислам университети бар. Бирок медреселердин баары бүгүнкү талапка жооп бербейт.

“Азаттык”: - Соңку мезгилдерде ата-энелер балдарын мектептен алып медреселерге берип жаткан көрүнүштөр көбөйгөнүн айтып жатышат да…

Каныбек Осмоналиев: - Ооба, Билим берүү мыйзамы боюнча тогуз жылдык окуу милдеттүү болуп эсептелгени менен кээ ата-энелер балдарын медреселерге тапшырып атат. Бул бала менен кыздын келечегине абдан чоң маселе түзүп жатат. Себеби көп эле медреселерде куран жаттатып,  хадистерди окуткандан башка эч нерсе билим беришпейт. Бул Кыргызстаныдн келечеги үчүн, кыргыздардын келечеги үчүн абдан чоң маселе жаратууда.

“Азаттык”: - Каныбек мырза, бул маселени кандай жол менен чечиш керек, сиз кандай сунуштарды айтасыз?

Каныбек Осмоналиев: - Бул багытта билим берүү азыркы замандын талабына так жооп бере тургандай деңгээлде болушу керек. Ошондуктан жалпы билим берүү мектептеринде бүткүл дүйнөлук диндердин тарыхын окутууга аракет кылып жатабыз. Бир эле биз калдык, Казакстан былтыр киргизди, Орусия март айынан баштап киргизгени жатат, Тажикстан, Өзбекстан да эбак киргизген.

“Азаттык”: - Медреселердин ушунча көп ачылып кетишине эмне себеп болду?

Каныбек Осмоналиев: - Ачтырбаш керек болчу. Бирок убагында формалдуу иш кагаздарды алып ачып алышкан, мыйзамга каршы келген иштерди жасап алышкан. Бир медресенин иш планы экинчиси менен төп келишпейт. Бирөөсү Пакистандын таасиринде, экинчисиси түрктөрдүн, арабдардын таасиринде ачылып калган. Унификацияланган саясат муфтият тарабынан жүргүзүлгөн эмес. Эмне үчүн медресени бүткөн бала информатика билбеш керек, тилдердин табиятын, араб тилин, англис тилин, математиканы эмнеге окутканга болбойт? Бүткүл дүйнөдө азыр ошондой шарт болуп атат.

“Азаттык”: - Эгер медресеге тартылган жаштар, балдар көбөйсө бир муун билимсиз болуп калышы мүмкүн деген коркунуч жок эмеспи?

Каныбек Осмоналиев: - Андай коркунуч бар. Мен абдан ошого тынчсызданам. Себеби куранды жаттап, бир-эки хадисти жаттап алган менен эле уул-кыздарыбыз өзүнүн турмуштук шартын оңдоп кете албайт. Табият берген илим-билимге ээ болуп, мусулманчылыкты кармаганга эмнеге болбосун. Биз маселени ошондой коюп жатабыз.

“Азаттык”: - Коомчулук арасында динди жамынып башка уюмдун иштерин жасап жүрөт деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушул жагынан коркунуч барбы, жокпу?

Каныбек Осмоналиев: - Андай коркунуч деле жок. Бирок динди жамынып алып өздөрүнүн саясий, меркантилдик көз карашын элге таңуулап жүргөн берендер, шылуундар бар. Ошонуну аркасынан ээрчип кетпес үчүн биздин балдарыбыз мектеп жашынан эле дүйнөлүк диндердин тарыхын, деги эле диндин чыныгы баалуулугун билип чоңоюш керек. Динди кармаган киши эч убакта экстремисттик андай нерселерге барбайт.

“Азаттык”: - Чет жакка медресеге окуп кеткен жаштар да бар да?

Каныбек Осмоналиев: - Бар, тилекке каршы, Пакистандын Лахор, Райвант шаарларына даватчылар курсуна барып жүрүшөт. Бул дагы өкмөттүн, анан муфтияттын көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Турист катары барышып эле, ал жакта калып окуп, ар кандай көз караштар менен келип жатышат. Бирок акыркы беш жылда Сирия, Иордания, Египет жана Араб өлкөлөрүнүн ислам институттарында окуп жатышат. Азыр кыркка жакын бүтүрүүчүлөр Кыргызстанга келип калышты. Бирок, тилекке каршы, алар муфтият тарабынан жумушка тартылбай жатат. Мени ушул өкүндүрөт. Алардын фундаменталдык абдан жакшы билими болгондон кийин аларды имам, имам-хатиб кылып, казыга чейин көтөрүп иштетсе абдан жакшы болот эле.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кырыгз каяктан: европа мюнхен
10.02.2010 12:05
каныбек байке сиз бир гана ислам дини үстүнөн карайсызбы же башка диндердин үстүнөн да көзөмөл жүргүсөзбү? исламдын күчөгөнүнө кабатыр болуп жатасыз,башка диндердин көбөйгөнүн оозуңузга да албайсыз.сөзүңүз экинчисин эле муфтиге такайсыз жакшы иштебеди деп башка дин өкүлдөрүнө сөз да тийгизбейсиз БУЛ ЭЕМНЕ СИЗ ТАПКАН ДЕМОКРАТИЯБЫ өз динин коргоп башка динди өнүктүрүү, же заказ ошондой болдубу.

чоң атаңыз осмон халифанын атына койулган экен ,тирүү болгондо сиз эмнедеер эле.

сабатсыз болуп орустарга кул болгон же кытай буйумун саткан менен сабаттуу болуп саткан эмне айырмасы бар ? айырмасы жокко дейм,барыбир кул кулдеп аталат.

медреседе окуган кембагал болсо да уурулукка барбайт.профессор болуп мамлекеттин акчасын урдагандан көрө бизге кембагал алтык.

илимдүү болуп сойкулук кылгандан көрө,же көрүнгөндүн төшөгүнө кире качкандан көрө сабатсыз болуп үйүндө олтуруп баласын күйөөн,ата энесин караган абзел.

ДЕМОКРАТИЯ ДЕЙСИҢЕР БИРОК КАЙДА ОШОЛ АЙТКАН СӨЗҮҢӨР кыздар балдарга мини шорталарды кийгенге уруксат бересиңер а эмгене кыргыздын,{силер ооз менен айтканды жакшы көргөн сөз} ата бабалардан келеткан салт жоолукка уруксат бербейсинер ушул демокритиябы ?

демократия арбир адамдын эркиндиги. арким өз еркиндигин ойлоп башканын еркиндигин бузбоо керек.

азаттык сиздерге чоң рахмат.

кимден: Равшан каяктан: Бишкек
10.02.2010 10:12
Дагы бир популисттик ыкма менен озун коргозуу. Эч кандай жаны ой, идея жок эле экскинин кайталануусу окундурот. Мырза Осмоналиевдин бир гана исламга асылып жаткандыгы тан калыштуу жана бир ойго жетелетет. Откондо январь айынын орто ченинде сайттарда Германинянын кайсы бир аймагынын лютерандык чиркосунун епископу (ал жакта бир нече ондогон диндер бар да) бул кишини Кыргызстандагы лютерандар жетекчиси Германияга конокко чакырып, айлантып келгенде акылга сыйбас кенештерди уйроткондугун жазып чыгышты эле. Балким, тутун ошол жактан болуп жатпасын, туугандар???????????????????

кимден: Кумар каяктан: Чет олкодон
09.02.2010 21:20
Мен диндер тарыхы сабагынын мектепке киргизилишине толук кошулам.Ал зарыл.Бирок анын программасы супсак болуп калбаш керек.Анан да сабак берүүчү адистерди даярдоо биздин өлкөдө өтө кыйынга турат.Эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары Ыйман сабагы киргизилип,аны сааты аз,кол эмгекчи,сырттан бүтүрүп келген кыргыз тилчи же музыка мугалимдерине берип салып,алар эмнени окутаарын билбей (же окуу куралы жок, же алар өзүлөрү ыймандуу болушса бир жөн.) каш ордуна, баш алышкан. Ошентип куттуу ыйман сабагынын берекесин кетирип салышты.Айтайын дегеним,Каныбек агайдын кадамы кайырлуу болсо экен.Муфтияттын иши го түшүнсө болот.Аларды мамлекет каржылабаса.Медресенин абалын оңдош үчүн каражат керек да,Мугалимдин айлык акысы, окуу куралына.Анан да Какем айткан компютер асмандан жаабасы баарыбызга маалым да.

кимден: Светский
09.02.2010 20:16
Каныбек байке, арабдар, пактар, тажиктер ж.б. биздин балдарга манкуртун диний ширисин кийгизип атканын туура айтасыз, бирок сизде ошондой допудан бирөө бар - ал коммунисттик тоталитардык доппу. Ой жүгүртүүңүз ошол допу менен чектелген. Бир четинен бул сиздин тамагыныз, минтип коркутуп турбасаныз, башка идея жок болгон сон, сиздин керегиниз жок болуп калат. Бычактын кырында турасыз. Негизи, ата бабалардын тутунган дини, сиздин кулагынызга куюлган насааттар деле туура эмес. Перемена нужна.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)