Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Б. Жанузаков: Ооганстан жарасы ырбап баратат


Мындан сегиз жыл илгери АКШда болгон ири террордук чабуулдардын сабагы жөнүндө “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков ой-пикир бөлүшөт.

-Болот мырза, 2001-жылы сиз Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган экенсиз. "Манаска" антитеррордук коалициянын базасын жайгаштыруу чечими кандай шартта жана кырдаалда кабыл алынды эле?

- Ошол 1999-2000-жылдагы кандуу кагылышуулар биздин Кыргыз мамлекетин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу тааныткан. Бул терроризмдин коркунучтуу экенин биз ошондо өз көзүбүз менен көрүп таанышканбыз. Бул дүйнө жүзүндөгү бирден бир гана мамлекет Кыргызстан гана болгон, колго курал алып террористтер менен тикеме-тике согушкан катышкан.

Ошондо 1999-жылы 29-августта КР президенти Аскар Акаев телерадио аркылуу бүт дүйнө жүзүнө кайрылган, эл аралык терроризм глобалдуу масштабды ээлеп баратат, ошондуктан бүт дүйнө жүзү терроризмге каршы күрөшүүдө күчтөрүн бириктирип, терроризмди түп тамырынан бери жок кылмайынча бул коркунуч кала берет деп.

Бирок эч ким көңүл бөлүп караган эмес. Бизге жакшы жардам бергендердер эң биринчиден Армения, Белорусия, Кытай, Казакстан, Орусия гана болгон. Ошол 2001-жылкы 11-сентябрда болгон окуядан кийин гана дүйнө жүзү селт дей түштү окшойт.

Демек биздин ылдам чечим кабыл алышка ошол 1999-2000-жылдардагы бизге жасалган чабуулдар дагы өзүнүн түрткүсүн берген экен да аябай?

Сөзсүз. Ошол 1999-жылы А.Акаевдин ачык жазылып, бүт мамлекетке кайрылган, биз терроризмди жок кылабыз десек, баардыгыбыз күчүбүздү бириктирип бир күч болуп чыкпасак болойт деп.

-11-сентябрдагы окуяларды кандай кабыл алдыңыз эле жана бизде кандай коопсуздук чаралары көрүлгөн?

- Бул окуя ошол кездеги бир четинен коркутуу маселеси дагы, экинчи четинен терроризмдин бүт дүйнө жүзүндөгү элдерге өзүнүн күчүн көрсөткүсү келген акция болду деп түшүнгөм элем ошондо. Чындыгында дүйнөдөгү эң күчтүү держава болгон АКШда болгон ушундай чоң террористтик акция, чындыгында дүйнө жүзүндөгү элдердин жүрөгүн селт эттирген окуя болуп калды.

Ошол окуядан кийин гана АКШ биздин республикага кайрылып, мындан эки жыл мурун силер өзүңөр баштап чыктыңар эле, бүт дүйнө жүзүндөгү прогрессивдүү мамлекеттер эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн күчүбүздү бириктирели, ошондуктан биз силерге кайрылып атабыз, Ооганстандагы терроризмдин очогун жок кылыш үчүн силер дагы кол кабыш кылгыла деп бизге кайрылган. Ошол убактагы саясий дагы, согуштук дагы абалдын бардыгын жакшылап байкап туруп, "Манас" аэропортуна Ганси базасын жайгаштырууга аргасыз макул болгонбуз.

-Сегиз жылдан бери Батыш өлкөлөрү Ооганстанда күрөш жүргүзүп келатат. Бирок кармаштын аягы дале көрүнбөйт. Эмне туура жасалбай жатат?

- Бул маселени тигиндей, же мындай деп бир жерден бүтүм чыгарып коюш мен үчүн кыйыныраак болот. Себеби жүргүзүлүп аткан ал жердеги иштердин чоо жайын биз жакшы билбейбиз.

Биздин көз карашыбыз боюнча бул Ооганстандагы терроризмдин очокторун жок кылуу оңой-олтоң иш эмес, биринчиден. Экинчиден, өтө кылдаттык жана тактык керек. Себеби Ооганстандагы окуяны биз өз башыбыздан да өткөргөнбүз да, СССРдин убагында 15 жыл согушуп жеңе албай койгондугубуз.

Ошон үчүн менин оюмча бүгүнкү Ооганстандагы кырдаал күндөн күнгө оңолмок тургай, татаалдап баратат деп түшүнүп атам. Бул дайыма карттанып, ириңдеп, кан таамып турган чоң жаратка айланып баратат күндөн күнгө.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG