Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:30

Эл үнү

Каракулжалыктар революциялык комитет түздү

Кара-Кулжа райондук акимчилигинин алдында Алайкуу өрөөнүнүн жүзгө чукул тургуну чогулуп, блокадада калган 20 миңдей жердешинен кабар албагандагы үчүн жергиликтүү бийликти айыпташып, тарифтердин көтөрүлүшүнө, мамлекеттик манилүү ишканалардын сатылышына каршы экендиктерин билдиришти.

Текст көлөмү - +
Алар мындан тышкары мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун акталышын, оппозиция лидерлерине карата куугунтукту токтотууну талап кылышып, 5 жыл мурда берген убадасын аткарган жок деген негиз менен президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү максатында революциялык комитет түзүлдү.

Кара-Кулжа районунун акимчилиги
Мындан беш жыл мурда, 2005-жылдын 1-мартында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Чотонов жетектеген нааразычылык акциясынын катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын массалык түрдө бурмалаган бийликтин кетүүсүн талап кылып жапырт көтөрүлгөн эле. Анын акыры 24-мартта ыңкылапчылардын жеңиши менен аяктаган.

Беш жылдан кийин ошол эле ыңкылапчылардын жүзгө чукулу Кара-Кулжа райондук акимчилигинин алдында чогулуп, жергиликтүү бийлик башчылардан алар менен жолугушууну талап кылышты.

- Аким Осмонов элге чыксын!

- Губернатор алдыбызга келсин!

- Алайкуу жолу токтоосуз ачылсын!

- Курчоодо калган өрөөнгө учак жөнөтүлсүн!

Кара-Кулжа районуна караштуу жыйырма миңдей киши жашаган Алайкуу өрөөнү бир жарым айдан бери блокадага кабылды. Мындан тышкары он күн мурда электр жарыгы өчүп, телефон түйүндөрү кыйрап, алар байланышсыз калды. Алайкуу өрөнүнүн тургуну Пашагүл Бердибекова буларды айтты:

- 17-январда кар калың жааган. Ошондон бери жол тосулган. Мындай кыйынчылыкты элибиз эзели көргөн эмес. Мына, КТР, ЭлТР жараталыш кырсыгынан Алайдын жана Кара-Суунун калкы катуу жабыр тартты деп тынбай чагылдырып атат. Тилекке каршы, Алайкуунун акыбалы андан чатак. Учурда күркөлөрдө азык-түлүк түгөнгөн. Угушубузга караганда, өрөөндө ачарчылык башталыптыр.

Чогулгандар менен жолуккан Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров, Кара-Кулжа райоунун акими Айтмамат Осмонов акциянын катышуучуларын сабырдуулукка чакырышты. Губернатор Мамасадык Бакиров акимди ээрчитип Алайкуу өрөөнүн карай аттангандыгын маалымдады:

- Куда кааласа, бүгүн Ой-Талга чейин жол ачылат. Район борборунда төрт жарым миң тонна ун турат. Чай-чамек, башка тиричиликке керектүү шамга дейре алдырттык. Синоптиктердин ырасташынча, өрөөндүн ичин туман каптаган экен. Тик учак учканга болбойт. Күн ачылаары менен сөзсүз учурабыз. Эл ачка калбайт.

Акцияда сөз сүйлөгөн Калыбек Закиров өлкөдө чындыкты бетке айткандарга жана таза иштегендерге карата куугунтук күчөгөндүгүн белгилеп, буларга токтолду:

- Элим-жерим деген аттуу-белдүү инсандарыбызды чекесинен камап атышат. Айрымдары өмүрүнүн коопсуздугун ойлоп чет өлкөлөрдө жан сактап жүрүшөт. Биз, бүгүнкү акциянын катышуучулары, ак жеринен камалган Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов өңдөнгөн азаматтарыбызды соттор актап, бошотуусун талап кылабыз. Ансыз деле азыркы мансаптагылар түбү чирип, Акаевдин кейпин киейин калышты. Беш жыл мурда биз чоң үмүт байлаган Бакиев жана ал жетектеген режим толук бойдон кызматтан кетмейинче, албетте, тынчыбайбыз!

Губернатор М. Бакиров акциянын катышуучулары менен жолугушууда
“Ата Мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов алайкуулуктардын атынан аталган саясий уюмдун төрагасынын орун басары, 2005-жылкы март ыңкылабынын Оштогу жол башчысы Дүйшөн Чотоновго кайрылуу жолдошкондугун жарыя кылды.

- Мына, Алайкуу өрөөнүнүн калкы мындан беш жыл мурда көтөрүлүп, ушул Курманбек Салиевичти президент кылганбыз. Бирок бүгүн өз билгенин жасап жаткан өлкө башчысы учурда мекендештери жөнүндө кымындай ойлогон жери жок. Электр энергиясына баалар кымбаттады. Стратегиялык мааниге ээ “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сатылды. Ушундай олуттуу маселелерге кайдыгер караган ажонун кимге кереги бар? Дүйшөн Чотонов 2005-жылы ушул жерден сиздер менен чогуу аттанып, кандай чоң үмүттөр менен революция жасады эле. Тилекке каршы, андагы талаптардын, берилген убадалардын бири да жүзөгө ашкан жок. Биз ишенген Бакиев теңирден тескери жолго түштү. Учурдан пайдаланып, Дүйшөн Чотоновго кайрылат элек, кичи мекениңизге кайтып келип, 2005-жылы чоң үмүт-тилек менен баштаган ишиңизди акырына чыгарыңыз. Биз, жердештериңиз, ушуну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бизде башка арга калган жок.

Акциянын соңунда чогулгандар Кара-Кулжа району боюнча революциялык комитет уюштуруп, 2005-жылкы ыңкылаптын талаптарын жүзөгө ашыруу багытында иш-пландарын бекитип тарашты.

Жергиликтүү бийлик башчылары революциялык комитеттин уюштурулушу мыйзамсыз болгонун, ошол эле учурда азыркы мамлекет башчысы жана анын командасы үзүрлүү иштеп жаткандыгын белгилешүүдө.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: azattan каяктан: Terekten
09.03.2010 19:58
Салам Алайкуулук туугандар!!!
Биз үчүн эсил кайран союздун тараганы абдан эле кыйын болду, айрыкча жол маселеси и свет, СССР мезгилде эч кандай жол жабылып калды, свет айлап өчөт дегенди укбадык эле., азыр если кыштын күнү айылга алайкууга бара турган болсоң алла тооба менен барып келесиң жаныңы оозуңа тиштеп. азыркы бийлик жолду айлап араңдан зорго ачып жатат, бирок рахмат бийликке да. тик учак менен болсо да барып кабар алып турганына. Азаттык болбосо или Азаттыкта иштеген Алишер ака болбосо чет өлкөдө иштеген кыргыздар билбей эле калышмак

кимден: Generalın kamatıp каяктан: Kyrgyzyna kas boldu
05.03.2010 17:23
BOLOT UCHINTIP KURCHUYT TUURA AYTAT. MURUNKU MUUN ISHENICH KETIP BARATAT. MEN KEDEY JASHTARGA GANA ISHENEM.BAYDIN BALDARINA ISHENBEYM.MEN KECH BOLSO DA 27 GE KELGENDE TUSHUNDUM. ARMIYAGA BARAM.DAL OSHOL OZBEKSTANDIN CHATAKTUU CHEK ARASINA MENI JONOTUUSUN OTUNOM. USHUNDAY OYGO KELDIM. ELGE CHYNDYKTY DALILDEP BERUU AR BIR ERKEKTIN MILDETI.ALGA!!!!!

кимден: Generalın kamatıp каяктан: Kyrgyzyna kas oldu
05.03.2010 17:18
URMATTUU KEDEYLER!!! KYRGYZDY JANA MEKENDI SAKTAP KALALI. BAYLARGA IHSENBEGILE. BIYLIKKE ISHENBEGILE. KYRGYZSTANDIN TERRITORIYALIK BUTUNDUGU KYLDYN UCHUNDA TURAT. MEKENDEN KOL JUUP KALBAYLI. MEN MEKENIM UCHUN, KYRGYZYM UCHUN KANIMI TOKKONGO DAYARMIN. BIRIMDIKTE BOLOLU. CHEK ARA MASELESIN UNUTPAYLI. CHEK ARASI JOK MAMLEKET BOLBOYT.

кимден: 321732 каяктан: Нарын
05.03.2010 15:07
Биргелешип иш кылбасак эч майнап чыкпайт. Кыргызстандын патриот уул-кыздары барсыңарбы? Анда үйдө жатпагыла

кимден: Тасмабек каяктан: Москва
05.03.2010 12:47
"Азаттыкта" иштеген Алишер Токсонбаев Алайкуудан болот турбайбы. Айтам да. Башка СМИлер унчуккан жок, ал Кара-Кулжадагы элдин көйгөйүн абдан калыс жана кеңири чагылдырды..Көрсө, коркпогонуна караганда жердешим турбайбы.
Алайкуулук жердештер, революцияга аттандыңарбы, эми ошого жараша Кыргызстанды былкылдаткыла!
Москвадагы алайкуулуктарды да ошол революциялык комитетке мүчө кылып каттап койгула. Силерге сөзсүз кошулабыз.
Кудай чындыкты чагылдырган "Азаттыкка" күч-кубат берсин!
Алыс жакта жүрсөк да угуп атабыз. Сайтын күндө окуйбуз. Бизде силерден башка маалымат булагы калбады.

кимден: Shergozu каяктан: Amerika
05.03.2010 12:40
KARA-KULJALYKTAR ALGA! ALAI EKOONOR BIRIKSENER GENERALDY TYRMODON BOSHOTUP, JALPY KYRGYZ ELIN KULCHULUGUNAN KUTKARASYNAR.

кимден: Бакыт Калмаматов каяктан: Алакуудан
05.03.2010 12:38
Туугандар, биздин үнүбүздү бийликке жана дүйнөлүк коомчулукка үзгүлтүксүз уктуруп жаткан "Азаттык" радиосуна миң мертебе ыракмат!
Ушул калыбыңардан жазбагыла! 2005-жылы да силер чындыкты чагылдырып атып, революциянын жеңишине үлкөн салым кошконсуңар. Тилекке каршы, андагы үмүт акталбай калды. Башкасын кой, Бакиевдин президент болушуна салым кошкон радионун үнүн өчүрүп, КТРден жай бербей коюшту. Мейли, кудай бар. Башка толкундардан "Азаттыктын" үнү өчпөй турсун!

Өкмөтчүл ММКларга облустук жана райондук бийлик өлүп-тирилип Кара-Кулжада революциялык комитет түзүлгөн жок деп жанын жеп атышпайбы. 2005-жылы да чоңдор жанын жеп, калп айтып атып, Акаевдин түбүнө жетишкен. Ревком ушул жылдын 2-февралында уюшулгандан бери көп киши катарына кошулду. Губернатор Мамасадык Бакиров, аким Айтмамат Осмонов быйылкы ыңкылапка кайра эле Кара-Кулжа очок болуп береби деп өлгүдөй коркуп жатышат.

кимден: Калыбек Закиров каяктан: Кара-Кулжа району
05.03.2010 12:30
Кара-Кулжада революциячыл комитет катуу иштеп жатат. Анын 2-февралдагы иш-чарасынын чарасынан кийин Алакуулуктардан коркуп губернатор алардан кабар алды. Эми кечээ Президенттин атынан транспорт министри Нурлан Сулайманов кайрат айтып, элдин көңүлүн алууга шашты.
Ошентсе да, кара-кулжалык революционерлер жана жалпы журт бийликке алданбагыла! Алар баары бир эртең эле силерди унутуп таштайт. Андан көрө ревкомдун тегерегине баш кошкула!

кимден: Элеттик
05.03.2010 10:06
Чындап, айтканда учурда мындай ревкомду тузуу зарылчылыгы деле жок, бул кандайдыр бир жоон топтун эмес, ич ара келише албаган, бийликтегилерге кара өзгөй мамиле жасаган адамдар тобу сыяктуу көрүнүш катары каралып калыптыр, бирок, бул жерде бир беткей эле позицияны кармабастан, жетишкендиктерди да баалай билүү зарыл, бийлик колдон келгенин аябай жасап жатат.

кимден: Болот каяктан: Ушинтип курчуйт
05.03.2010 10:00
Карапайым калк арасында бийликке болгон нааразлыктын учкундары пайда боло баштады. Мына Таласта кечээ электр жарыгына болгон баалардын көтөрүлүшүнө каршы ачуу сын пикирлер айтылды. Нарында жүздөгөн адамдар акцияга чыгышты. Бишкекте чыгып жатат. Алайлыктар болсо эки айдан бери Исаков акталсын, саясый куугунтук токтотулусун деп зар какшап турушат. Эртең дагы чоң акция өтөт экен Алайда. Бул деген азыркы бийликтин беш жылда кандай иштегенин таразалаган көрүнүш. Оңолуп кеткен жокпуз, жоголо баштадык. Чыныгы улуттук кызыкчылыкты көздөгөн жол башчы жок, ара жолдо кангып турабыз. Бирок жогорку жана орто муундан улут үчүн күйгөн лидер чыкпайт Бул муун жаштардын - биздин муунубуздун ырысына чычып кетти. Мен 27 жаштамын, теңтуштарым бар Ааа десе Ооо деген. бИрок жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап жатышат. Бизде кадрдык, экономикалык, руханий таңкысытык, кризис башталды. ЖОЖдор сабатсыздар менен чала сабат адистерди даярдап жатат акыркы 15 жылдан бери. Мектептерде абал мышык ыйлагыдай. Чекара маселесинде улам-улам утулуп, жерлер кетип жатат. Өлкөдө хаос башталмак болду, бүтүн мамлекеттик байлыктар жеке менчик колго текейден арзан сатылып кетти. Анан биз кантип тынч уктайлы. Мен үйдө уйку дары менен араң коз жумуп уктап жатам. А эртең ушундай заман уланса жүрөк токтоп оңой эле түйбөлүк уйкуга кетет окшойбуз.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу