Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:01

Эркиндик

БУУнун Кеңеши Кыргызстандын баяндамасын угат

Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама угулганы турат. Ушуга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов мырза "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

Текст көлөмү - +

- Женевада кыргыз делегациясы мурдагы өкмөттүн иши үчүн отчет бербесе керек. Убактылуу өкмөт делегацияны Женевага жөнөтүп жатып, кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү, кеп-кеңештерди бердиби. Эгер берген болсо, эмнелер жөнүндө кеп болот?

- Ооба, мурдагы күнү Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Женевага жөнөп жаткан делегацияны кабыл алды. Атайын биздин прокуратурадан, дагы башка бир канча мамлекеттик органдардан өкүлдөр, ошонун ичинде акыйкатчы Турсунбек Акун дагы бар. Делегацияга Роза айым мындай деген сөз менен кайрылды. Бул, албетте, 7-апрель окуясы болуп Бакиевдин режими алмашпаганда, Кыргызстандын отчету абдан катуу сынга алынмак. Кыргызстанда сөз эркиндиги, жыйналыш эркиндиги, дин эркиндиги боюнча, жалпы эле конституциялык эркиндиктер жана укуктар боюнча абал абдан катуу болуп турган.

Эми албетте бир ай өтө элек, бирок кырдаал аябай өзгөрдү, диктатурадан бизди жаштар куткарды. Албетте, мурунку беш жыл үчүн азыркы убактылуу өкмөт же жетекчилик жооп бербейт. Келерки беш жылга кандай реформалар жүрөт, кандай биздин ниетибиз бар, ошол боюнча айтып бергиле деп Роза Отунбаева делегациябызга тапшырма берди.

- Демек, азыркы Убактылуу өкмөттүн алдыдагы турган пландары жөнүндө, адам укуктарынын абалын жакшыртуу жагындагы иштери жөнүндөгү кеп болот турбайбы. Дагы бир суроо, апрель окуяларын эл аралык комиссия түзүп, ошолор аркылуу изилдеп чыгуу керек деген сунуштар айтылды эле. Убактылуу өкмөт ушул демилгеге, ушул сунушка кандай карайт?

- Бул демилге убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева тарабынан биринчи айтылган. Анткени башынан эле түшүнгөн, Бакиев тарап болобу, башка тарап болобу, убактылуу өкмөттүн тергөө жыйынтыктарына ишенбей турганын. Ошондуктан эл аралык комиссия келсин, эл аралык эң жогорку деңгээлде кайсы комиссия келип изилдейм десе, бардыгына жол ачык деп жарыялаган.

Мындан сырткары БУУнун жетекчилери менен, дагы бир канча мамлекеттин жетекчилери менен, өзгөчө Орусия өкмөтүнүн жетекчиси Владимир Путин менен бул жөнүндө сөз сүйлөшүлгөн. Бул оңой процесс эмес экен. Эң акыркы жолу Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшү боюнча Пакистан тарабынан эл аралык комиссия уюштурулуптур, ал дагы бир канча ай эмес, бир жылга чейин созулуп, аягында бир чечимге келиштир. БУУ аркылуу кетели десек, ал жакта 200 өлкө макул болушу керек экен. Алардан тышкары ири өлкөлөр бар.

Ошондой эле Европадан эл аралык укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү келип кетишти бир жолу. Андан тышкары күндөн-күнгө Нью-Йорктон эл аралык "Транзит Акыйкаттык" деген эл аралык комиссия бар экен, ошолордун дагы өкүлдөрүн күтүүдөбүз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)