Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Р. Дырылдаев: Жер талашкандарга Бакиевдер акча берген деген маалымат бар


Рамазан Дырылдаев, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы.
Рамазан Дырылдаев, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы.

ИИМде кечээ кризистик кырдаал түзүлүп, министр милдетин аткаруучу эки жолу алмашты. Тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу министрликтин айланасындагы кырдаал жана андан чыгуу жолдору тууралуу милициянын ардагери, укук коргоочу Рамазан Дырылдаевди кепке тарттык.

- Абалдан чыгуу үчүн милиция кызматкерлерине жана жетекчилерине кандай сунуштарыңыз бар?

- Милиция кызматкерлеринин көпчүлүгүн өз убагында Жаныш Бакиев жана Конгантиевдер койгон. Ошонун тууган-уруктары бар. Азыр ошолор чогулуп алып элди көкүтүп атат. Анын үстүнө менин маалыматым боюнча, мындан 2 күн мурда Бакиевдерден аябай чоң акча алып келип, ушул жерде милициянын кызматкерлерине, жер талашкандарга таратыптыр. Ошолор чыгып алып дестабилизация кылып, абалды бузуп атат. Ошон үчүн жаңы өкмөт абдан чечкиндүү чара көрүшү керек. Оппозицияда жүрүп, бийликти алмаштырганга чоң рахмат дешибиз керек, бирок ИИМге жумушту билген, авторитети таза, ишене турган кишини алып барып коюш керек. Жаңы убактылуу өкмөт күнүгө революциялык декреттерди кабыл алыш керек. Иммунитетин алган декреттерди жарыялаш керек, эл көрсүн, билсин, ошонун негизинде укуктарды бериш керек.

- Феликс Кулов бүгүн жер басып алуучуларга каршы ок атылыш керек деген сунуш айтты. Сиз муну колдойсузбу?

- Эгер алар абдан жаман ишке барып атса ок атыш керек, токтотуш керек да. Мен азыр бердим өкмөт мүчөлөрүнө сунушумду. Ким уюштуруп, ким акча таратканын таап, тезирээк камаш керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG