Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:06

Маданият

Алишер Навоинин туулганына 569 жыл толду

Чыгыш жылдыздарынын бири Алишер Навоинин туулганына 9-февралда 569 жыл толду. Улуу акын, атактуу аалым, түрк тилинин кадырын көтөргөн даңазалуу инсан жөнүндө кыскача кеп.

Алишер Навоинин китептери
x
Алишер Навоинин китептери

Тектеш макалалар

Текст көлөмү - +

Алишер Навои 1441-жылы 9-февралда жарык дүйнөгө келгендиги тарыхта белгилүү. Тарых илимдеринин доктору, профессор Закирбек Эралиев Чыгыш жылдызы Алишер Навоинин эки улуу сапатын баса белгиледи:

- Алишер Навои бир чоң жыйналышта чыгып сүйлөп, бул түркий тил өзүнүн көркөмдүгү боюнча, угумдуулугу-жугумдуулугу боюнча фарсы тилинен ашса ашып түшөт, эч кем калбайт деп жарыя кылган экен. Биз өз чыгармаларыбызды элге жакшынакай жеткирүү үчүн ушул түркий тилде жазышыбыз керек деп үндөгөн. Бул жагынан, чыныгы патриот! Экинчиден, Алишер Навои физика менен химияны таң каларлык деңгээлде өздөштүргөн мыкты окумуштуу! Табият таануу жагына чоң салым кошкон.

Алишер Навоини кыргыз эли менен байланышта караган жазуучу Турусбек Мадылбай үчүн 9-февраль – кош майрам. Анткени бул күнү Курманбек Баянар аттуу 1 жашар уулу менен Алишер Навоинин туулган күндөрүн белгилейт:

- Алишер Навоини көбүнчө бизге, кыргыздарга тиешеси жок акын катары карашат. Мына анын “Эки тил жөнүндө ой” деген чыгармасы. Анда тили жагынан түрк элдери абдан бай, кыбыр эткендин баарынын аталыштары бар деп жазып келип,  өзбектер тамак-аштарды да түркчө айтат: каймак, каттама, буламык, курут, олобо, манты, куймак, кымыз, сүзмө, бозо деп. Бул сөздөр бүт кыргызча болуп аткандан кийин Алишер Навоинин кыргызга түздөн-түз тиешеси бар.

Акын Сүйөркул Тургунбаев 1991-жылы Алишер Навоинин Ташкенде, Самаркандда өткөн 550 жылдык мааракесине катышкан, 18 тилде чыгарылган “Өлбөстүк гүлү” аттуу казалдар китебине анын ырларын кыргызча которуп киргизген. Сүйөркул Тургунбаев Алишер Навои жөнүндө буларды айтат:

- Ал чыгармаларынын эң мыктыларын – “Лайли менен Мажнунду”, “Фархад менен Ширинди”, “Куштардын тили” деген китебин, улуу-улуу казалдарын, философиялык трактаттарды түрк тилинде жазуу менен ошол заманда түрк тилин, түрк маданиятын өтө бийиктикке көтөргөн.

Алишер Навои кезинде Самаркан шаарынын эмири да болгон, өмүр бою үйлөнбөй жүрүп, 59 жашында көз жумган.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)