Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Б.Мамырова: Исмаил Исаков тарапкерлерине ыраазы

12.03.2010
Аманбек Жапаров

“Ар намыс” партиясынын төрага орунбасары жана Исмаил Исаковдун коомдук коргоочусу Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” маек курду.

- Кечээ сиз №19 жаза өтөө жайындагы абакта жаткан мурдагы коргоо министри И.Исаковго барып, анын абалы менен таанышып чыккан экенсиз. Мурда маалымдалгандай түрмөдө Исаковго кысым болуп жатыптырбы?

Бөдөш Мамырова: Кечээ абакка кирдик, анткени мурунку күнү белгисиз телефон менен “Исаковдун жүрөк оорусу кармап, абалы начар болуп атат, келгиле” деген кабар аялына түшкөн экен. Жеңе өзү дарыгер катары И.Исаковдун ден соолугу кандай экенин билет экен. Ал абдан кабатырланып, адвокатын алып, мен кошо барып, ал күнү кире албай калдык, анткени кеч болуп калды.

Кечээ күнү аялы менен адвокаты Бекназаров уруксат алып, кирип чыкты. Киргенден кийин алар Исаковдун абалы жакшы болгонун айтышты. Исаков “баарына салам айтып, жактоочуларыма, менин бүгүнкү тагдырыма кабатыр болуп жаткандардын баарына ыраазымын” деп айткан.

Исаков туугандарына жана жөө жүрүшкө чыга турган Алай элине кабатырланып турат. Анткени жөө жүрүшкө чыкса кандай болот, жол да алыс, өзү кичи мекенинин табиятын, жолун билгендиктен ушуну бир ойлонуп көрүшсө деген суранычын билдирген.

Бирок мен бир нерсени байкап калдым: аялы ичинен абдан кабатыр болуп турду. Анткени бул эжени мен билип калгам, бул аябай кайраттуу адам, анча-мынчага алдырчу эмес. Ошол себептен мен кандайдыр бир тараптар тарабынан кысым болуп атат окшойт деп өзүмчө бир бүтүмгө келдим.

- Алайдагы тарапкерлерине кайрылдыңыздарбы, митингдерди, жөө жүрүштөрдү токтотуу боюнча өтүнүчүн айттыңыздарбы?

Бөдөш Мамырова: Кайрылдык, алайлыктар менен сүйлөшкөндө, алар таптакыр каршы чыгышты. “Биз койгон талаптарыбыздан артка кайтпайбыз, бул талаптар аткарылмайынча биз аягына чейин чыгабыз, биз эч нерсеге ишенбей калдык. Ошол генералды актап, бошотуп, көзүбүзгө көргөзүп, маңдайыбызга алып келсин. Ошондо биз ойлонобуз” деп булар караманча каршы чыгышып, жүрүштү уланта берерин айтышты.

- Ал эми түрмөнүн жетекчилери менен жолугуп, ошол Исаковдун коопсуздугу боюнча маселе койдунуздарбы?

Бөдөш Мамырова: Түрмөнүн жетекчилери менен тилекке каршы жолугууга ыңгай болгон жок. Бирок адвокаты Азимбек Анаркулович жолугуп, сураганда алар албетте “коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок, биз жооп беребиз, карайбыз, ар кандай нерсеге жол бербегенге аракет кылабыз” деп айтыптыр.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттыктын" архивинен: И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү

11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Эр журок каяктан: Москва
13.03.2010 18:33
Кайрат кылың Генерал Азаттыка аз калды И.Исаков Сиз чыныгы генералсыз Сизди Калдайган КАРАКУЛЖА эли менен АЛАЙ эли сиз менен Кыргыздын бычакка сап жигиттери ойгонгула элиңер силерди күтүп турат бул кыйынчылыктан силер чыгара аласыңар чыгарууга милдеттүүсүңөр деп энелер бизди чакырат ойгон уулум элиң сени кутуп турат...

кимден: NEW CHANGE каяктан: KG
13.03.2010 14:48
Мен Исаковду жашымдан жакшы тааныйм жана бул адам Кыргыз өкмөтүндөгү биринчи реформа жүргүзгөн адам , мен ишенем бул ИНСАН кудай астында ,эл алдында тап таза , бирөөлөр үчүн таза эмес болуп жаткандыгы бул, ошол адамдардын өздөрүнүн көздөрү таза эместигинде ! 1-басмачылыка Бекназаровдун соту себеп болду эле Эми чыныгы төңкөрүшкө Элдин уулу Исаков себечи болоруна аз күндөр калды!!!!!!!! себеби Кыргыздын кайсыл дубанына барба БУЛ БИЙЛИК БОЛБОЙ КАЛДЫ дегендердин саны өсүүдө анын ичинде бир ТОП мамлекеттик ЧИНОВНИКТЕРИ да бар , себеби ушул 6 жыл ичинде президенттик апарт жана министирлер кабинети элдин жашоо шартына эмес президентке жок дегенде жакшы ИМИДЖ түзүүгө баштары жеткен жок.

кимден: Zairbek каяктан: Жалалабад
13.03.2010 12:55
биздин бийликтин маданияты ушунчалык төмөн экенине көзүм чындап жетти. Эл чыгарып алат өзүнүн элдик генералын.биз сиз менен урматтуу Исмаил Исаков.!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 10:34
Ubagynda koldo biiliktin barynda askerii tonkorush kylyp biilikti karmap alsas bolmok ,emi kech,ozunguzdon korunguz...bular sizdi erteli kech ushintmek

кимден: раткуи каяктан: москва
13.03.2010 01:31
И.Исакович, мен сизди омурумдо жакындан коргон эмесмин, бирок сизге болгон симпатиям аябай жогору. Ошондуктан БАКСтан эч качан кечирим сурап, мункуробоң. Себеби сиздин айыбыңыз жок, экинчиден артынызда калдайган калк турат.
Негизгиси чындык ийилсе да, сынбайт.
Интеллектиси талаа бригадиринен томон болгон адамдан кечирим сураш эмес анын катарында туруп басыш, аны менен акыйлашыш сиздей назары бийик, ары жонокой, ары мекенчил эл учун бар потенциялын жумшап иштеген генерал учун жумшак айт канда туура эмес болуп калат.
Мына лейлектиктер, оштуктар ж.б. кээ бир жерликтер оздорун болуп, ОЗГОЧО КЫЛЫП сиз мененбиз деп айтып, жазып жатат, негизине келгенде бутундой кыргыз эли сиз менен, калктын баары чындык жакта.
Ушунча жыл бийликтин бийик бутагында иштеп журуп, эч бир байлыкка берилбей мекен деп иштеп жургонунузду мына жумурай журт билип калды. Насип кылса жакын арада ал жерден бошоп, эркиндикке чыгасыз. Андан аркысына эл себепкер болуп, кудай колдоп, элдин кызматын дагы кылат деген умутубуз чон.
Сиз бошогондон кийин айрым адамдар\ бийликтеги инилериниз, куралдуу кучтордо иштеп жаткан сиздин тарбиялаган кадрларыныз ж.б.у.с.\ кандай гана абалда болушар экен.
Аскер адамысыз го сизге майтарылбас эрк, бекем ден соолук каалайм.

кимден: Үмүтбек каяктан: Качан чыгат
12.03.2010 21:26
Сиз эркексиз! аз калды-чыдаңыз, жеңиштин даамын таткан күндөр али алдыда-ГЕНЕРАЛ!

кимден: ASAN каяктан: OSH
12.03.2010 20:20
Исмаил сени эл колдоп жатат. Ош сени толук колдойт. Эрктүү бол эл сени менен!

кимден: батырбек каяктан: лейлектен
12.03.2010 19:22
Исмаил Исаков аке, буйруса сиздин азатыкка чыгышыңызга аз гана убакыт калды, лейлектин эли сиз менен!

кимден: Буркут
12.03.2010 19:15
Генерал Кыргыз эли Сиз менен.Сиздин кайратыңызга ишенебиз.Кыргызды Сиздей адамдар сактайт.

кимден: Алайку каяктан: Белгисиз
12.03.2010 18:58
Исаков биз сиз менен бекем туруң Алайку жолу ачылса 800 атчан чыгат.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)