Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Б.Мамырова: Исмаил Исаков тарапкерлерине ыраазы

12.03.2010
Аманбек Жапаров

“Ар намыс” партиясынын төрага орунбасары жана Исмаил Исаковдун коомдук коргоочусу Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” маек курду.

- Кечээ сиз №19 жаза өтөө жайындагы абакта жаткан мурдагы коргоо министри И.Исаковго барып, анын абалы менен таанышып чыккан экенсиз. Мурда маалымдалгандай түрмөдө Исаковго кысым болуп жатыптырбы?

Бөдөш Мамырова: Кечээ абакка кирдик, анткени мурунку күнү белгисиз телефон менен “Исаковдун жүрөк оорусу кармап, абалы начар болуп атат, келгиле” деген кабар аялына түшкөн экен. Жеңе өзү дарыгер катары И.Исаковдун ден соолугу кандай экенин билет экен. Ал абдан кабатырланып, адвокатын алып, мен кошо барып, ал күнү кире албай калдык, анткени кеч болуп калды.

Кечээ күнү аялы менен адвокаты Бекназаров уруксат алып, кирип чыкты. Киргенден кийин алар Исаковдун абалы жакшы болгонун айтышты. Исаков “баарына салам айтып, жактоочуларыма, менин бүгүнкү тагдырыма кабатыр болуп жаткандардын баарына ыраазымын” деп айткан.

Исаков туугандарына жана жөө жүрүшкө чыга турган Алай элине кабатырланып турат. Анткени жөө жүрүшкө чыкса кандай болот, жол да алыс, өзү кичи мекенинин табиятын, жолун билгендиктен ушуну бир ойлонуп көрүшсө деген суранычын билдирген.

Бирок мен бир нерсени байкап калдым: аялы ичинен абдан кабатыр болуп турду. Анткени бул эжени мен билип калгам, бул аябай кайраттуу адам, анча-мынчага алдырчу эмес. Ошол себептен мен кандайдыр бир тараптар тарабынан кысым болуп атат окшойт деп өзүмчө бир бүтүмгө келдим.

- Алайдагы тарапкерлерине кайрылдыңыздарбы, митингдерди, жөө жүрүштөрдү токтотуу боюнча өтүнүчүн айттыңыздарбы?

Бөдөш Мамырова: Кайрылдык, алайлыктар менен сүйлөшкөндө, алар таптакыр каршы чыгышты. “Биз койгон талаптарыбыздан артка кайтпайбыз, бул талаптар аткарылмайынча биз аягына чейин чыгабыз, биз эч нерсеге ишенбей калдык. Ошол генералды актап, бошотуп, көзүбүзгө көргөзүп, маңдайыбызга алып келсин. Ошондо биз ойлонобуз” деп булар караманча каршы чыгышып, жүрүштү уланта берерин айтышты.

- Ал эми түрмөнүн жетекчилери менен жолугуп, ошол Исаковдун коопсуздугу боюнча маселе койдунуздарбы?

Бөдөш Мамырова: Түрмөнүн жетекчилери менен тилекке каршы жолугууга ыңгай болгон жок. Бирок адвокаты Азимбек Анаркулович жолугуп, сураганда алар албетте “коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок, биз жооп беребиз, карайбыз, ар кандай нерсеге жол бербегенге аракет кылабыз” деп айтыптыр.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттыктын" архивинен: И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү

11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
 Мурдагы    
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Касым каяктан: Ош
12.03.2010 18:52
Б.Мамырова а генерал Ф.Кулов эмнеге унчукпайт.Ал партиянардын башчысы го!Же кандай?

кимден: Саясий аналитик каяктан: Москва
12.03.2010 18:47
Генерал Исаков Кыргыз армиясын көтөрүп, элибизге, мамлекетибизге опол тоодой эмгек өтөдү эле, эми ал кишинин камалышы да Кыргыздын пайдасына чечилгени калды.Бакиев мындай кадыр-барктуу жана элге эмгеги сиңген атактуу инсанды камабаса, Кыргыздын ойгонушу, мынчалык толкуп чыгышы күмөн болчу.

кимден: Алик каяктан: токтогул
12.03.2010 18:37
Урматтуу Генерал сиздин абалыңызды түшүнүп турам бирок сиз сынбай аягына чейин турганыңыз оң сизди жакында чыгарат эл колдойт Бакиев деле чыгарат анткени анын аргасы калбады
 Мурдагы    
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат Видео тасма

Бишкекте “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” аттуу концерт өттү. Анын негизги катышуучусу Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков болду.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)