Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү

Т.Азимов: Орусиянын жарандыгын алгандар кайтып келет

08.02.2010
Замира Кожобаева

Орусиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы 41 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. Адистер бул Кыргызстандагы чакан бир шаардын эли менен барабар экенин айтып, жыл сайын бирден шаар жок болуп жатканына тынчсызданууларын билдирип жатышат.

“Азаттыктын” суроолоруна Миграция комитетинин миграция жараянын жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси Таалай Азимов жооп берди.

- Өткөн жылы кыргыз жарандыгынан чыккандардын саны деле 40 миңдин айланасында турбайбы. Сиз кандай ойлойсуз, буга негизинен эмне түрткү берип атат? Мисалы, сиздердин комитет тарабынан сыртка чыгып иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатабы, же өлкөдө жашоо шарттын оордугу, жумушсуздук күч алдыбы?

Таалай Азимов: Өзүңүздөр байкап атасыздар, Орусияда бизге караганда жумуш акылары жакшы болгондуктан көп жарандарыбыз ошол жакка кетип атышат. Ошондой эле эгер жарандык алсаң биздин жарандар үчүн ошол жакта жумуш табуу бир топ оңой да, ыңгайлуу да болот.
Тажикстандан жарандык согуштан кийин келген үй-бүлөлөр бар. Бирок алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар.


- Айлык акыларынын көбүрөк болушу үчүн гана Орусиянын жарандыгын алып жатышабы, же болбосо ошол боюнча Орусиянын жараны болуп жашап калуу максатын да көздөшөбү?

Таалай Азимов: Ал келечегине жараша болот. Эгер бардыгы жакшы болуп, ошол жакта отурукташып калса, анда балким орус жараны болуп калышы мүмкүн. Бирок булар жаңы тажырыйба, жаңы үлгүлөрдү үйрөнүп, кайтып келип, биздин Кыргызстанды өркүндөтөт деп ойлойм.

- Демек бул кетип аткандардын бардыгы эле ошол боюнча кетип калат деген сөз эмес, кайра келиши да толук мүмкүн турбайбы?

Таалай Азимов: Сөзсүз түрдө.

- Ошол эле учурда орус жарандыгын таштап, кайра Кыргызстанга келип аткандардын да саны арбын экендигин жакында эле Миграция министри айтып кетти. Акыркы эки жылда кыркка жакын украин жараны да Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы тууралуу маалымат бар. Кыргызстандын жарандыгын алууга кызыкдар болгондор кимдер? Өзбек, тажик улутунан да барбы?

Таалай Азимов: Өзбекстан тараптан бир топ жарандар бар. Тажикстандан жарандык согуштан кийин келген үй-бүлөлөр бар. Бирок алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. Бул күнгө карата бир тобу кыргыз жарандыгын алган.

- Түштүктөгү көпчүлүк массалык Орусияга иштеп кетип, натыйжада көбүнчө Тажикстан жана Өзбекстандан адамдар көчүп келип, алардын ордуна отурукташып атат деген маалымат бар. Өзбекстан менен Тажикстандан Кыргызстандын жарандыгын алууга кызыкдар болгондор канчалык көп?

Таалай Азимов: Андай сан менде жок, чынын айтсам мага белгисиз.
Булар жаңы тажырыйба, жаңы үлгүлөрдү үйрөнүп, кайтып келип, биздин Кыргызстанды өркүндөтөт деп ойлойм.


- Миграция комитети тарабынан сыртка Орусия менен Казсактандан тышкары да, алыскы өлкөлөргө, мисалы, Кореяга иштеп келүүгө шарттар түзүлгөнү айтылды эле. Кыргызстандыктар үчүн кандай жеңилдиктер түзүлгөн?

Таалай Азимов: Мисалы, Корея жөнүндө айта турган болсок, биздин министрлик менен Кореянын Эмгек министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлган. Ал меморандумдун негизинде биздин жарандар азыркы учурда министрликтин алдында чет жакка жумушка орноштуруу долбоорубуз бар. Эгер кандайдыр бир суроолор, же маалымат керек болсо, анда биздин жарандар ошол жерге барып, Кореяга гана эмес, башка чет мамлекеттерге да жумуш тууралуу маалымат алса болот. Дареги: Токтогул көчөсү 237, Жаш Гвардия бульвары менен кесилишет.

"Азаттыктын" архивинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен бир катар айылдарда жылма (сойломо) миграциясы жүрүп келет. Аймакта жылма миграциянын эсебинен бүтүндөй айылдар кошуна мамлекетке өтүп кеткен учурлар бар.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: бермет каяктан: санктпетербург
25.02.2010 20:59
Cаламатсыздарбы мен жогорудагы пикиринерди окуп аябай тан каламда ,Россияга келип иштеш учун созсуз турдо орусиянын жараандыгын алыш шарт эмес туугандар жон эле "ишке уруксат кагазын"(разришения на работу)алып иштесе болот ,Сен жанагы жарандыгын алсан 13%албасан 30% налог толойсун дегенин туура эмес айланайын ,Биринчи келген кунундон баштап 6айга чейин 30%налог толойсун андан кийин 13% толойсун ,Мен мына 3жылдан бери озубуздун алтындай болгон кыргыз паспорту менен элэ иштеп келе жатам ,Акыркы кундору орусиянын жарандыгын алыш моодага айланды орус тилин "о"сунда билбейт же бир иштеп акча тапканын дайыны жок жургондор сан миндейт,Кыргыздар ушул жерде да жалкоосунар,озбек,тажик ж,б туугандар деле иштеп журушот ,

кимден: Anton
11.02.2010 06:44
http://www.youtube.com/watch?v=fEGmcDGZZ9U

кимден: таксатор каяктан: Красноярск
09.02.2010 17:04
Азаттык Таалай Азимовтон алган интервиюсунан эле тыянак чыгарса болот, Кыргызстандын миграция комитетинде кандай адистер иштеп жатканын, болгондо да башкы адис (главный специалист). Кыргызстанга сырттан канча мигрант келип жатканын миграция комитети билбейт, болжолдоп эле жазып койот. Алар кыргыз мигрантары канча акча кыргызстанга которгонун гана эсептегенди билишет. Жапаров Акылбек 2008 жылы мигранттар 2 миллиард доллар киреше кийриди деп сүйүндү эле, 2009 жылы эки миллиартан ас болуп калды деп нааразы болуп жатат. Мигрантардын алдында турган көптөгөн проблемаларды мамлекеттер ортосунда чечип берели деген бир да кыргыз чиновниги жок. Эмне үчүн кыргыз жарандары Россиянын, Казахстандын жана башка мамлекеттерин жарандыгын алып жатышат? биринчиден жумушка орношу жеңил, экинчиден алган айлык акысынан налог 13% кармалат, жаран болбосоң 30% кармалат. Эгер бизди ойлогон бир чиновник же депутат мамлекет ортолорунда эки жарандыкты чечсе (двойное гражданство) Жапаров эсептеген эки миллиардтан көп акча котормокбуз.

кимден: Баки каяктан: Баткен
09.02.2010 14:16
Кантип келет, ал жакта жакшы акча таап жатса, бул жактагы үй-бүлөсү финансылык жактан камсыздалып жатса, силер бир орун түзбөй туруп эле, каяктагы нерселерди сүйлөй бересиңер, жумушсуздук үчүн каралган акчаларды да ич ара сүйлөшүп алып жеп жатсаңар. Кыргызстан ушул жакта калган элди жумуш менен камсыз кылып алсын, Россияга жакшы турмуш үчүн, акча табуу үчүн кетип жатат, бизде бардыгы Бакиевдердин менчигине отуп жатса, алар да бара-бара башка улуттагы атуулдарга (перепродажа) көп акчага сатып жиберип кетип калат, кыргыз байкуш отуруп калат. Азыр деле түндүкэлектрону кайра буроого 200-300млн. долларга сатат деген имиш жөн жериден чыкпайт, шамал болбосо терек кыймылдабайт.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyz
09.02.2010 12:37
Kymbatuu Kyrgyzym.... Chinigi patriot andai olkosun tashtabayt andai mindai dep jaziptirsinar. Uyundo balasi iylap tursa akcha tapkani chikpaganda emne kilmak ele ? Kg emne ish berip jataby karapayim elge ? Egerde 1990 don bash tartyp Kyrgyzdar chet olkogo barip ishtebegende azir kundo miting bolmok ak uydun janinda. El ach kalmak. Tuugandar eldin ishtegeni al jaka baryp uy buloosun bakkany bul jakshy nerse. Menin pikirim bizdin bashta olturgan kozun may baskandar oylonush kerek birok . Koi elibiz ozdorun bagip jatat biz jok degende mamleketti kotorolu dep biraz. Bul kandai bashtagilar tushunboyt bilbeym. Jada kalsa migranttardan akchalarin tonogusu bar aylasi jok da chongdordun. Aga da bir formulalar oylop jatsa kerek. Kandai kilganda migranttardan akcha toptoybuz dep uyati joktor dese. Elim ozun itak bagip jatat. Emi az kelgensip emne bolso satip jatishat. Kudayga tapshirdim baaryn kiskasy. Chyndyk bir kun jeneer. Aman bolgula Kyrgyzdarim !!!

кимден: Barsbek каяктан: Iznik
09.02.2010 12:20
Anday san mende jok eken.... dep koyup oturat. Sende jok bolso anda mende bolmok bele?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
09.02.2010 11:49
ЧЫНЫГЫ ПАТРИОТ ЭҢ КЫЙЫН УЧУРДА ДА ӨЗ ӨЛКӨСҮН АЛМАШПАЙТ БАШКАГА, КЫЙНАЛСАК ДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТАШТАБАЙ, КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН БИЗ, НАГЫЗ КЫРГЫЗДАР ЧЫГАРАБЫЗ ӨЛКӨБҮЗДҮ.

кимден: Doni каяктан: 123
09.02.2010 11:42
Siler kete bergile,a kyrgyzstandy bul jakta ichki da tyshky da dushmandar jei bersin,....chydash kerek..ooba azyr kyiyn,tataal sharttar,birok kiin biz da ongolobuz,oshondo okunosungor,bolboso baldaryngar okunot..kaityp kelet,anda birok kech bolushu mumkun...

кимден: травертин каяктан: россия
08.02.2010 20:10
Миграция комитети популизм менен алектенгенин качан токтотот Кайдагы кырк украин жараны жонундо айтып жатасынар .Эмгек мигранттары оз арабасын озу тартып Силердин жардамынарсыз эле промблеларын чечип жатышпайбы тескеричесинче Россиядагы мигранттар силердин кормушканарга айланган.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
08.02.2010 20:07
Да биз барып оркундотуп жибергидей же аябай кучтуу билим алып жатабызбы?,же акчаны коп таап Кыргызстанга завод-фабрика ачып жиберчуудой суйлойсуз да.Биз балдардын келечеги деп журобуз ошол балдарыбыз барып оркундотот деп ойлойбуз.Эгер ошолорго туура патриоттук сезим берсек.Азыртадан башташ керек,а-то биздин балдар барганча жерден баштап баарын сатып жибересинерт го ПРЕЗИДЕНТИНЕР баштап.Как бы кайра сатып алабыз деп кыйналабыз го
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Эл үнү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)