Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:27

Саясат

ЕККУ полициясынан Жалал-Абад эмнеге чочулайт?

13-августта Жалал-Абадда өткөн талкууда президент Р.Отунбаева менен ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси Эндрью Тесорьердин наамына кайрылуу кабыл алынды. Жыйында көпчүлүк ЕККУнун полиция кеңешчилерин өлкөгө киргизүүгө каршы болду.

ЕККУ полиция кеңешчилерин Кыргызстанга киргизүүгө каршы митинг, Ош, 26-июль.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Кайрылууда эгер маселе чечилген болсо, полиция кеңешчи тобун бир айлык мөөнөткө кийирүү, бул аралыкта мыйзам бузган полицияларды жоопко тартуу, өлкөнүн күч уюм кызматкерлерин Европа мамлекеттеринде үйрөтүү талаптары коюлду. Жыйында ЕККУ полициясы тууралу элде түшүнүк жок жана аны кийирүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү менен барабар экени белгиленди. Полиция мөөнөтүн бир жылга дейре узартуу оюн сунуш кылган жарандар да болду.

ЕККУнун полиция кеңешчи тобун өлкөгө кийирүүгө Жалал-Абаддагы талкууга катышкандардын көпчүлүгү каршы чыкты. Тегерек үстөлдү облус борборундагы саясатка тиешеси аз “ Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук кору уюштурду. Ага саясий жана бейөкмөт, жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коммунисттик партиянын облустагы комитетинин 1- катчысы Тагайбек Жаркынбаев полиция байкоочуларын жаңжалдуу аймактарга жайгаштыруу өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү менен барабар экендигин билдирди:

- Кыргызстан үчүн жүрөгү ооруса биздин милиция иштесин, мамлекет башчы иштесин. Менин үй-бүлөмө башка бирөө кирип келсе болбойт да. Өзүбүзчө Кыргызстан үй-бүлөбүз, мамлекетпиз. Ошон үчүн биз каршыбыз.

Сырткы байкоочулардын Жалал-Абад менен Ошко кирүүсүнө уруксат берүү - чабал саясатты ырастайт. Ушундай көз караштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппарат башчысы Бакыт Адыловдун айтымында, ЕККУнун полиция кеңешчилерине сарпталчу каражаттар менен алардын милдетин жергиликтүү тартип коргоо уюмдарына берүү абзел. “Анткени кандуу калабаны уюштургандар менен ага катышуучулар жана кимдер айыпкер экени элге белгилүү. Жалал – Абадда кармалгандардын укуктары бузулганы же убактылуу жайларда алардын кыйналганы тууралу маалыматтар угула элек”, - дейт Бакыт Адылов.

Облус тургуну Эрмек Өзбеков “маселенин оң-терси терең изилдегенден кийин ЕККУнун полиция байкоочуларын кийирүү жагы караштырылса, анткени каражат алган тарап ошол жактын сөзүн сүйлөп, Кыргызстанга пайда келтирбейт” деген оюн ортого салды:

- Президенттин “ооба” деп жактап койгонуна эч ким каршы сүйлөй албай, айта албай жатат. Биздин менталитет ушундай болуп атат. Биздин укук коргоо орагандары аябай жакшы иштейт. Алардын айлыктарын көтөрүп бериш керек.

“Жаш жарандарды өнүктүрүү“ корунун башчысы Мураталы Үчкемпиров полиция байкоочуларына бир ай убакыт берип, калган мөөнөтүн чет өлкөдө өткөрүүнү сунуш кылды. Анткени алар Кыргызстандагы кырдаалга туура баа берсе, адам укуктары тууралу тескери маалыматтарды жокко чыгара алышат, калыстыктан тайса, жагдайды кайра курчутат. Мыйзам бузган полициянын жоопкерчилиги караштырылсын , - деп айтты Мураталы Үчкемпиров.

Өткөн окуялардын алдын алалбай, өкмөттүк күчтөрдүн шаасы жетпегендигинен кандуу калаба болду. Ушундай деген Жалал-Абад шаарынан ардагер Эркин Эргешов туура маалымат жоктугунан эл ЕККУнун полициясынан чочуурун айтты. Анын айтымында, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардан Кыргызстан зыян тарткан жок, тартип коргоо уюмдары реформага муктаж. Зарылчылык болсо, полициянын мөөнөтүн төрт ай эмес, бир жылга дейре узартуу керек, мен алардын келишин жактаймын. Адам укуктары бузулганы тууралу жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүндө чындыктын үлүшү бар, - деген оюн билдирди СДП партиясынын мурдагы мүчөсү Эркин Эргешов.

“Кыргызстан эли сырткы күчтөргө каршы“ аттуу кыймылдын облустагы өкүлү Адилет Балтабаевдин пикиринде, ЕККУ полициясын киргизүүнү көпчүлүк колдобойт жана аларды кийирүү чечиминде улуттук кызыкчылыктар менен калк пикири эске алынбады.

Бул арада Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Кыргызстанга келе турган полициялык кеңешчи тобу куралып бүтүп калганын кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанга келчү полициялык кеңешчи топко Түркия 15 чамалуу өкүлүн, Сербия 10, Орусия 7, Латвия 3, Болгария 3, Словакия 3, Финляндия 2, Литва менен Швеция бирден өкүлдөрүн жиберишерин билдиришкен.

Акыркы жумаларда болсо ЕККУнун полициясын жайгаштырууга каршы Кыргызстанда бир канча нааразылык акциялары өттү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.08.2010 11:17
http://www.osh-reality.info

кимден: Бактыгул
16.08.2010 03:45
Полиция келсе айта турган созу эмне болмок эле,айланайындар мындан кийин от менен ойнобогула.Арты жакшы болбой турганын озунор кордунор дешет да.Бул тополондо Бакиевди кукла катары колдондулар. Бакиевдин артында башкы режиссерлер,сценарийди тузуп артистерди даярдап,композиторлор да музыкасын жазып спектакль башталды дешип оздору карап отурушту.Спектакль да бутту,браво спекталды артистер мыкты ойношту ар ким оз пайын алды тарап-тарап кетишти.Артындагы коз жаш,миндеген адам омурлору аларды ойлондурбайт эч качан. Экономикалык жактан кучсуз мамлекеттер,кучтуу мамлекеттердин оюунчугу болуп келет ар качан.Алар каалаган сценарийлер менен кетет олко башкаруу. Азыркы келген окмотко деле ишенуу ото кыйын.Булар деле башкалардын оюнун ойногондой.Андай болбосо,эмнеден полиция киргени жатат.Иш буткондо,боесу канганда.Бийликтен умуту очкон элди кормок учунбу?

кимден: Нургазы каяктан: москва
15.08.2010 16:09
Мен да каршымын! Менин оюмча алардын келуусуно макул болгондор баары бийликте отургандар, РИОнун тилинен чыга албай, кошоматтанып жургондор. Калган карапайым, озун "кыргызмын" деп эсептегендер баары ОБСЕнин келишине каршы. Бийликтегилер чет элдин акчасын алыш учун алар айткан бардык сунуштарга макул деп отурушат.
Кирсин дегендер билип алгыла: алар жон гана кенешчи катары келебиз деп жатышат, алар аныктоого катышпай, ким куноолуу ким таза деп. Эгер коз карандысыз комиссия катары изилдоого келишсе мен каршы эмес элем. Себеби мен билем, бул окуяда КЫРГЫЗ эли куноолуу ЭМЕС!

кимден: Кыргыз
15.08.2010 15:32
Бул жерде эки стандартулук бар, кыргызча айтканда эки жуздулук! Демократия дегенде жарандык коомдун пикири аткарылыш керек деп кыйкырат "Биз эл менен" дешет,ал эми азыр жарандык коомдун пикирин тебелеп тепсеп атканын менен конституциялык адамдар укуктары бузулуп атканы менен иши жок "элге малымат жетпей атат,эл тушунбой атат" элди жумшак айтканда карангы бираз акылы жок дегенсип атпайбы?! Эмнесин эл тушунбой атат? Эмнесин айткылачы? Бут баарын тушунуп атат эл !!!! Кандай гана создор айтылды, кандай гана макалдар жана мисалдар айтып канкакшап кыйкырып атат! Жооок укпайт да корбой да бул чондор соройлор! Ушундай окуялар мурда да болгон Узонгу куш кытайга кеткенде ошондо да адамдар курман болгон,Каркыра казактарга сатылганда адамдар сабалышкан кыргыздын жери намызы тебеленген, азыр да кайталанып атат Кыргыздын жери автония болуп кете жаздады канча деген адамдар олду! Эми кыргыз оз кучу менен турукташтырса ,созсуз палиция кириш керек экенда! Эмнеге полиция? Келбейби бизге керек граждандык байкочулар патолого анатомдор,криминалис,специалист турлору ушу жанжалга жон эле мариторинг байкоо жургузбой кийин -келечекте болтурбоо чараларын ыкмаларын уйротуп ж.б бизге комоктошуп! Жоооок палиция келиш керек имиш анткени алар оздорунун бизге болгон улуулугун корсотусу окшойт да?Бул эмнени алып келет? Аран жаткан сепаратистерди активдуу исламчылар(хизбут тахрир,алкайда ж.б бузуку фанатардын) кыргыздарга каршы которулун алып келет!!!! Анткени кыргыз бийликти сыйлабайт, провакацияларды жасайт ,жанжалды курчутат!!! Бизге бунун баары керекпи? Айткылачы????

кимден: Багдан каяктан: Нарын
14.08.2010 15:07
Мен "Бир адамга" кошулам, апрель, июнь айларындагы окуялар болуп жатканда жалдырап жардам сурасак эч кимиси келбей "Это ваши внутренние проблемы" деп коюшпадыбы эле, эми бут баары откондон кийин булардын эмне кереги бар, кыргыздарды жаманатты кылгандан башка пайдасы жок булардан. ЕККУ полициясы - БИЗГЕ КЕРЕГИ ЖОК.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.08.2010 13:32
Полицияны кириши шарт эмне учун десе эскиден укук корго органдары ак иштебей пара менен ур токмок менен иштеб тажрийбасы жок кележатат ал эми жардам колун сунуб жаткан элдeн баш тартcак жакшы болбойт натцыс атка конобуз кыргы3станда болог улут калбайт каршы чыккандар арты ылай адамдар иликтодо билиниб калам деб коркот барбир жазасыз калбайт жан кыйган дозоко отун болот.

кимден: baritti каяктан: Jalal Abad
14.08.2010 10:48
oz jerini ozgolorgon jakshyraak korgop alaturgan er azamattar jokbu emne ozubuzdo. Kyrgyzstanybyzdy oz mekendeshteribiz oz azamattarybyz jana oz jigitteribiz korgosun....

кимден: бир адам
14.08.2010 08:06
дагы бир далайга чейин ызычуу болотко. азыр эми полиция келсе озбек тарап даттанат. полиция болсо ОБСЕге отчет берет анан баягы эле биз кыргыздар жаманатты болобузго. бийликтин кылганы да ушунун баары. эмне деген саясат жургузуп жатат булар? ушиинтип отуруп азапты жейтко ушул бийлик. кечоо бироону кармап кетишиптир. репрессия кайра башталдыбы? тарых кайталанып атат окшойт

кимден: кылым каяктан: москва
13.08.2010 23:17
Бизге эчкандай ЕККУнун полициясынын кереги жок .Апрель айында кайда эле? Олгонго комгон кылбасын .

кимден: Тaкe каяктан: Ош
13.08.2010 22:49
ООНдун, ЕККУнун окулдору, эл aрaлык ММКры кыргыз элин эч нeрсe билбeй туруп,нeгизсиз дуйного жaмaнaтты кылышты. Эми ЕККУнун полисмeндeринeн эмнeни кутуп жaтaсынaр? До концa добивaть этип коюшсунбу?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)