Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:32

Эркиндик

Макул жана каршы: мунаса табылабы?

ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга киргизилишине каршы тараптар менен өкмөт мунасага келүү аракеттерин көрүүдө. Бул багытта 19-август күнү Бишкекте “ЕККУнун полициясы: макул жана каршы” деген аталыштагы жыйналышта тараптар өз жүйөөлөрүн келтиришип, мунасага келүүнүн чекитин издешти.

Ошто ОБСЕнин полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акция болду.
Текст көлөмү - +
ЕККУнун полициялык кеңешчилер тобунун Кыргызстанга киргизилиши боюнча карама-каршы позициядагы коомчулук өкүлдөрү төгөрөк үстөлгө олтурушуп, ар бир тарабы өз жүйөөлөрүн айтышып, бирин-бири ынандырууга аракет кылышты. Мунасага келүүнүн бир шарты катары полиция кеңешчилерин Бишкеке чейин гана алып келип, мында укук коргоо органдарынын өздүк курамын окутууну уюштуруу маселеси коюлду.

Ички иштер министрлигинин алдындагы илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров аталган сунуштар жогорку деңгээлде каралып жаткандыгына токтолду:

- Бүгүнкү күндө биздин жетекчилик коомчулукта түрдүү пикирлер болуп жаткандыктан улам, ЕККУнун полициялык кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү боюнча маселени карап жатат. Аларды Бишкекте эле кармап, окутуу иштерин ушул жерден эле жүргүзүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Муну менен элдин маанайын дагы карап, ошол эле кезде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болуп жатат. Себеби мындай каршы пикирлер түшүнбөгөндүктөн келип чыгып жатат.

ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилеринин Кыргызстандагы мандаты жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн ишине байкоо салууга, көзөмөлдөөгө жана окутууга багытталган. Бирок полиция кеңешчилеринин Ошко, Жалал-Абадга киргизилишине каршы тараптар алардын мандатындагы жогорку эки милдетти алып салуу демилгесин көтөрүшкөн.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун аталган үч милдетин өзгөртүүгө негиз жок деп эсептейт:

- ЕККУнун эксперттери менен биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлерин Бишкекте окутуу маселесин тереңдетип кароо боюнча пикир алмашуулар болуп жатат. Полиция кеңешчилери менен тажрыйба алмашуу багыттында курстарды уюштуруу жагы да каралат. Бирок алардын күч органдарынын ишмердүүлүгүнө байкоо салуу милдетин алып салууга туура эмес. Анда бул жакка эл аралык полиция кеңешчилеринин тобунун келишинин мааниси жок болуп калат.

Талкуу үч бөлүктөн туруп, ЕККУнун буга чейинки башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасынын оң жана терс жактары боюнча талаш-тартыштар орун алды. Ошондой эле ЕККУнун Кыргызстандын милициясын реформалоо боюнча 2003-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан долбоорунун натыйжасы талкууга алынды.

“Таза табият” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева өткөн жети жыл ичиндеги милицияны окутуу программасынын жыйынтыгына токтолду:

-Долбоордун отчеттунда буга чейин ички иштер органдарынын төрт миң кызматкерин окуттук деп көрсөтүлгөн. Ошол эле программа боюнча анан дагы төрт миңди окутушмак. Кана ошол балдар, кайда жоголуп кетишти. Эмне үчүн азыр элүү эки киши келип биздин он жети миңден ашуун милиция кызматкерин дагы бир сыйра окутуп чыгышы керек? Кандай дагы кеңеш беришет. Ошого жети жыл ичинде беш миллион евро акча кетирдик деп жатышат. Кана анын натыйжасы. Биз азыр ошол долбоор максатына жеттиби деп сурап жооп ала албай жатабыз.

Ошол эле учурда ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун киргизилишине каршы тараптар аны коогалаңдын кесепеттерин жоюудагы дипломатиялык миссиясына көңүл бурбастан туруп, жикчилдикке себеп болуучу тышкы коркунуч катары кабыл алып жатышкандыгы белгиленди.

“Биздин укук” коомдук бирикмесинин төрайымы Калича Өмүралиева айрым саясий күчтөрдүн ЕККУнун  эл аралык полициясына  каршы коомдук маанайды түзүү аракеттери бар экендигин белгиледи:

- ЕККУнун дипломатиялык миссиясын түшүнүш керек да. Ал жөн эле алып келип, тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү киргизе албайт. Ага мүчө элүү алты мамлекет макулдугун бербесе ЕККУ мындай чечим чыгарбайт. Башында бардык тараптардан жардам сурадык эч ким унчукпай турганда, ушул уюм жардам колун созду. Эми болсо кайрадан жок болбойт деген туура эмес да. Мейли киргизбейли, меморандумга кол койбой коёлу. Ошондон бизге жакшы болобу?. Макул деп добуш берген элүү алты мамлекетке эл аралык полиция кеңешчилерин  киргизбей тургандыгыбызды эмне  менен түшүндүрөбүз. Булар бир нерсени жашырып жатат дешпейби?

Төгөрөк үстөлдүн жыйынтыгында ЕККУнун полициясы боюнча үч түрдүү позиция аныкталды. Биринчилери такыр эле киргизилбесин дешсе, экинчилери чочулабастан макулдук берүү зарылдыгын белгилешет. Үчүнчүлөрү болсо эки позициянын ортосун карманышып, мунасага келүү шарттарын сунушташты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мен
20.08.2010 14:09
Кыргыздарды жырткыч жапай кан ичер деп жамандап атышты коншуларыбыз.
Биринчи орустар биздин парламентик системага абдан каршы болду анан туштуктогу жанжал башталганда СМИ согушун жургузду азырка чейин отко май куйуп атышат. Буларга HRW жана international amnesty да кошулшкан. Орустарды жана коншуларыбыздын биз менен демократия жактан жана адамдардын ан сезими акыл эси жактан чон айырма бар, биз далай эле астыга кеттик жана тоталитаризм жойулду. Менин таңгалганым HRW жана International amnesty эмнеге биздин жаш парламенттик мамлекетибизге каршы чыкты? Биздин мамлекет Орусия же Узбекистан, Казакстандай тоталитардуу диктаторлуу мамлекет эмес да?
Дагы көп суроолор туулат, бирок биздин ЕККУ мамлекеттери менен окшош парламенттик система , коңшуларыбыз бизди көрө албаса да ЕККУ мамлекеттери бизди тушунүш керек эле да! Ошол эле чет элдик уйумдар алдылай аша чаап уу-чуу которбой тымызын изилдесе болмок.
Мен суйунгонум Кыргызстанда жарандык коом Борбор Азияда эн кучтуу, кандай гана кыйынчылык болбосун женип чыгат, азыр каршы болуп аткан эл аралык уйумдар да биздин жарандык коомдон барып женилет. Канчалык эл активдуу болсо биз кыйынчылыктан жеңип чыгабыз!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)