Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:32

Саясат

Ө.Текебаев: Жекшенкуловдун сотунда айыптар далилсиз

Бүгүн (1-мартта) мурдагы тышкы иштер министри, оппозициядагы саясатчы Аликбек Жекшенкуловго байланышкан соттук териштирүү соңуна чыгат. 26-февралдагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу Аликбек Жекшенкуловду төрт жыл шарттуу кесүүнү соттон сурады. Буга байланыштуу “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
- Өмүрбек мырза, бир жылдан бери Жекшенкуловго түрк ишкерин өлтүрүүгө тиешеси бар жана Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген айып тагылып келатат. Мамлекеттик айыптоочу түрк ишкердин өлүмүнө байланышкан доону далилсиз деп токтотуп аткан экен. Териштирүүнүн жыйынтыгы ушундай тыянакка алып келдиби, же саясатчы өзү белгилегендей мурда даярдалган сценарий боюнча баратабы?

Өмүрбек Текебаев: Айыптоонун жана соттук кароонун жүрүшүнө бир жыл болду. Анда күнөөлөр чала экендиги, ал эми далилдер жасалма экени жалпы элге белгилүү болду. Ошонун далили катары акыркы айыптоодо Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасы түрк ишкерин өлтүрүүдө пайдаланганына далилдер жок экендигин көрсөтүп, айыптоочу тарап муну алып салды. Тышкы иштер министрлигинин имаратын ремонтоо боюнча гана, бул да негизсиз деп ойлойм, күнөөнү коюп төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну суранып жатат. Сот кандай чечет - бул жакынкы күндөрү белгилүү болот.

- Түрк ишкерине байланышкан кылмыш ишин бир жыл иликтөө зарыл болдубу? Себеби бир нече жолу экспертизалар болду. Ошол учурда далилдөөгө мүмкүнчүлүк жок беле, же кандай кызыкчылык бар эле? Канчалык деңгээлде Жекшенкулов эгер оппозициялык саясатчы болсо коркунуч алып келет?

Өмүрбек Текебаев: Эң кызыгы - бул атайын жасалган операция болгондой болуп турат. Анткени Жекшенкуловдун тапанчасы журналист Алишер Саиповду өлтүрүүгө тиешеси бар болуш керек деген шектөө менен тапанчаны алганга аракет кылышты. Андан кийин Бишкекте көңүл ачуучу жайда балдар мушташып тапанча атылган, бир адам жарадар болгон. Ошол чатакка тиешеси бар деп шектелип, тапанчаны алганга аракет кылган. Экспертиза көрсөткөндөй бул тапанчанын ал экөөнө тең тиешеси жок болду, тескерисинче, ал тапанча Тажикстандан жакында табылган. Мурунку айыптоолорду ички иштер министри ак, же көк дебестен билмексен болуп койду. Мына үчүнчү шектелгени да негизсиз болуп чыгып атат.

- Жакында дагы бир оппозициялык саясатчы И.Исаков 8 жылга кесилди. Жекшенкулов менен Исаковдун ишинде кандай окшоштуктар, айырмачылыктар бар?

Өмүрбек Текебаев: Экөө тең саясий куугунтуктоо. Айыптар, жалаа, далилдер жасалма. Саясий мүнөз менен жүрүп жаткан сот иштери. Мындай иштер бүгүнкү бийликтин оппоненттерине сабак катары, аларга эскертүү, коркутуу катары пайдаланып жатат.

- Азыр Жекшенкуловго мамлекеттик айыптоочу 4 жыл шарттуу кесүүнү сурап атат. Сот ошону күчүндө калтырабы, же акташы мүмкүнбү?

Өмүрбек Текебаев: Эгер сот адилет чечим чыгара турган болсо, саясий буйрутмадан көз каранды болбой турган болсо, А.Жекшенкуловду кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу актап чыгарыш керек.

- Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Азат Аргенбаев каяктан: Акман
16.03.2010 22:46
Өмүрбек мырза бар болуңуз Акман эли Кыргыз элим Кыргыз жерим деп өлүмгө жанын сайган сиздей УУЛУ сыймыктанат...

кимден: Медер каяктан: Москва
02.03.2010 23:50
Албетте бүт баарыбыздын туугандарыбыз бар, Аликбектин бир баласы баш калкалап башка мамлекетте баш паанек издеп жүрөт, инисине карата козголгон иш азыркы убакытка чейин созулуп келе жатат, убагында ал дагы 4 ай абакка камалып чыккан, башка туугандарын жумуштан алып тынышты. Коркконунан бийлик менен сүйлөшүпалды деген пикирге кошулбайм, себеби СНБнин абагында 6 ай жатыш да оңой эмес. Үйдө отуруп башкаларды сынаганга баарыбыз эле кыйынбыз...

кимден: Жакып каяктан: Ош
02.03.2010 16:09
Бакыт деген жазып жатпайбы Исаков баласына үй бергени далилденди деп, мен айтар элем далилденген жок себеби ал үйдө баласы убактылуу турган экен кайра башка кызматкер кирип жашап жатат.Жекшенкулов МИДке башка эшик алып тактырганы өзүнүн айтуусу боюнча сапаттуу эшик алдырганын мойнуна алып жатат мамлекеттин акчасын үнөмсүз колдонгон ошон үчүн жооп бериш керек аны Жекшенкулов өзү деле мойнуна алып жатат. Түрк ишкери боюнча аны жөн эле илип койгон.

кимден: Дүйшөн каяктан: Алай
02.03.2010 15:59
Жекшенкулов эч унчупай калды а Исаковдун баласына үй берилгени аныкталган жок анткени мурун прокуратура текшерип аныктаган эмес экен,баласы өзү аскер кызматкери болсо атам министр деп жүрө бериш керекби ал деле адамда үйлүү болгусу келет убактысы деле келген экен,менимче Жекшенкулов өзү унчукпай эле калды эркексинби аягына чейин тур...

кимден: Эргул каяктан: Аксы
02.03.2010 09:43
Азаматсыз Өмүрбек Чиркешович ! Сизге кыргыз эли ыраазы, Сиз кээ бир төшүн каккан саясатчыларга окшоп Эл Жериңизди таштап кетип калган жоксуз, корккон жоксуз, куйту саясат жүргүзбөдүңүз. "Эр жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн " дейт кыргыз. Сиз 2005-жылы эле Бакиевдин ким экенин айткансыз. Өз позицияңызды ошол күндөн ушул күнгө чейин карманып келатасыз, бул деген жигитчилик. Эр жигит бир сүйлөйт. Кыргыздын жүрөгү таза жигиттери сизден үлгү алса жакшы болот эле. Бул (элдин убалынан коркпогон) бийликтин күнү бүтүшүнө аз калды. Бакиевдин, кайсы жылаандын башын көрсөтүштү билбей башы маң болуп турган кези . Сизге ден-соолук, кайраттуулук, каалайм Өмүрбек Чиркешович.

кимден: Айсалкын каяктан: Бишкек
02.03.2010 09:23
Стокгольмдогу Бакыт менен Бишкектеги Мирланга.
Кыргызстандын азыркы Конституциясында "Ар бир адам үй-жайлуу болууга укуктуу" - деп жазылып турат. Руслан Исмаилов силер менен бизди коргош үчүн аскерде кызмат өтөп жаткан. Ага мамлекет 2 бөлмөлүү квартира бергени закон ченемдүү нерсе. Исмаил Исаков өтө эле "чынчыл" болуп, ал квартираны угаары менен кайра бердиртип койгон. Силер түрмөдө күнөөсүз жаткан Исаковго тийишпей, азыркы бийликтин кылыктарын кеп кылсаңар боло. Бүт мамлекетти менчиктеп алышты. Бүт экономиканы президентибиз уулуна уучтатып койду. Телекомду, Северэлектрону ит бекер алышты. Дагы толгон - токой кыргыз элинин энчисин бир адам алып жатат. Кымбаттатканын айтпай эле коеюн. Силерде ар-намыс, калыстык деген барбы?

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
01.03.2010 21:12
Мирланга- Сотто Исаков уулума квартира бер деп буйрук берип баласына квартира берилген деген айып болгон жок го. Баласы аскер кызматта иштегендиги чын жана мыйзамга караса бул учун айыптоого акысы жок эле. Ал эпизод учун ошол ишке тиешеси бар турак-жай боюнча коргоо министрликтин жооптуу адамы соттолуш керек эле. Эгер мыйзам бузуу болгон болсо. Мисалы мамлекетте болгон кылмыш учун президент жооп бербейт да. Бирок Исаков корогочтук кылып озу министр учурунда баласын уй алууга баргызбай койсо болмок. Кичине жанылыштык кетти, бирок мыйзам бузуу эмес.
Бирок кайтарылып берилген квартира учун 8 жылдын саясий жыты буркурап атпайбы.

кимден: Мирлан каяктан: Бишкек
01.03.2010 18:43
Мурдагы коргоо министри И.Исаковго коюлган күнөөлөрдүн бири чындыгында аныкталды. Баласы Русланга турак жай алып бергендиги чындык экен. Бирок, сот аны сегиз жылга кескени аша чапкандык деп ойлойм. Ал эми Аликбек мырзанын түрк ишкеринин өлүмүнө тийешеси жок деген пикирдемин. Бул доону мен бийликтин оппозицияга карата кысымы деп түшүнөм. Терең урматтап Мирлан.

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
01.03.2010 18:11
Негизинен Жекшенкуловдун кыргыз элине эмне жакшы эмгек кылганын укпаптырмын. Мунун жылдызы Бакиев кызматтан айдап жибергенден кийин "Акыйкат үчүн" КЫЙМЫЛЫН түзгөндөн кийин жанган. Башка кыргызга жакшылыктуу иш кылган эмес. А негизи Исаков менен Жекшенкуловду салыштырып болбойт.

кимден: немис каяктан: Германия
01.03.2010 16:59
Текебаев элдин алдында урматтуу, сыйлуу киши, анын сөзүнө ишенсе болот, бирок Жекшенкулов Акаевдин учурунан бери бийликте иштеп келе жатат. Бакиевдин тегерегинде чоң чиновник болгондор баары эле пара берип, министирлик кызматка ээ, жэ башка чоң жетекчи болуп атышат, ал нерсе баарына белгилүү эмеспи. Кыргызстанга көрүнүктүү, оозго алып сүйлөй турган эмгеги барбы? Болсо толугураак маалымат берсеңер, эл билсин. Эгерде чын эле чынчыл адам болсо, эл колдоп, жардам болот беле деп ойлойм.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине