Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

“Азаттык” TV / Азаттык+ TV

"Азаттык+": Ошко кантип бейпилдик орнотобуз?

Кара түтүн каптаган Ош, 12-июнь.
Жарыяланган учуру: 06.07.2010

10-июнь түнү түштүктө башталган коогалаңдан улам расмий маалыматтар боюнча, 300дөн ашуун жаран каза таап, жүздөгөн үй-жайлар жабыркады. Кыргызстандын коопсуздук кызматы бул каргашалуу окуяны үчүнчү күчтөр, тактап айтканда бийликтен күч менен кулатылган экс-президент Курманбек Бакиевдин жана анын бир туугандары уюштурганын айтып чыгышты.

“Азаттык плюс” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын дал ушул түштүктөгү тополоңго арнап, мындан ары Ош жана Жалал-Абад аймактарына кантип бейпилдик орнотсо болот? деген теманын тегерегинде талкуу уюштуруп, төмөндөгү суроолорго жооп издеди:

- Азыркы тапта эки улутту жараштыруу үчүн диалогдун кандай түрлөрүн колдонуу зарыл?

- Жарашууга болгон биринчи кадамдар кандай болушу керек?

- Элдешүүдөгү исламдын орду?

- Ынтымакка чакырган акциялар, баракчалар жана көчө жарнактары кандай таасир берет?

-Ошту кайрадан калыбына келтирүүдө жаштар кандай салым кошо алышат?

Ушул жана башка суроолорго конфликтолог Жыргалбек Касаболотов, журналист Толкун Умаралиев, медиа эксперт Элира Турдубекова, жаш активист Мирсулжан Намазалиев жана Ош окуясына күбө болгон студенттердин катышуусунда өткөн кызуу талкуудан жооп алсаңыз болот.

Кызыктуу берүүнү 12-июль, келаткан дүйшөмбүдө, кечки саат тогузда Улуттук Биринчи каналдан көрүңүз!

Эгерде сиз “Азаттык плюс” сыналгы жана үналгы берүүлөрүнө ой-пикир, сунуш айтам десеңиз jashtar@azattyk.kg. электрондук дарегине кат жазыңыз же (0312 ) 31 61 71 телефон номуруна коңгуроо чалыңыз!
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: патриот каяктан: Ош
09.07.2010 09:41
Менимче Кыргызстанда кыргыз элине куйо турган инандар коп болуш керек.кыргыз эли кылымды карыткан улуу эл бизди эч ким эч качан женген эмес жана жене албайт дагы.Туштукту калыбына келтируу учун бийлик башындагылар жапа тырмак кыргыз эли учун иштеш керек. бизге саткындардын,эл душмандарынын кереги жок.ошон учун ойлонуп туруп иш жасайлы мекендештер!
     
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive