Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:01

Эл үнү

Жаңы Ош шаары: максаттар, пландар, үмүттөр

Түштүктөгү талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүдө улуттук азчылыктын пикири эске алынышы керектигин БУУ баш болгон эл аралык уюмдар билдиришүүдө. Кыргыз тарап болсо көп кабат үйлөр курулса бир улут басымдуу кылган көчөлөр азайарын айтып жатат.

Ош шаары кандай болуш керек?
x
Ош шаары кандай болуш керек?
Текст көлөмү - +

Бүгүнкү күндө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, суук түшкөнгө чейин талкаланган турак жайларды куруу башкы маселе болууда. Ушул багытта иштеген атайын дирекция аталган аймактарга кыргыз-өзбек улуттары аралаш жашоочу көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бир улут басымдуулук кылган айылдарды азайтуу зарылдыгын белгилеп жатат. Ошол эле кезде өзбек тектүү айрым тургундар көп кабаттуу эмес, мурдагыдай эле маале болуп жашоону туура көрүшөрүн айтышууда.

Ош шаарына заманбап көп кабаттуу үйлөрдү куруу идеясы көптөн бери эле айтылып келаткан. Бул 1998-жылы эле бекитилген Оштун генералдык планында да көрсөтүлгөн менен ар кандай себептерден улам бул ишке ашпай келген.

Адистердин айтымында, шаардагы турак-жай фондусунун 70 пайызын жер тамдар түзүп, алар экологиялык жана курулуш нормаларына да жооп бербейт экен.
 

Мелис Мырзакматов

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаарга көп кабаттуу үйлөрдү курууну колдой турганын жана ага аракеттер көрүлөрүн белгиледи. М.Мырзакматов ошол эле учурда Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири болгон Оштун жаңы келбетин түзүүдө анын архитектурасы да эске алынарын кошумчалады.

- Ош мэриясынын көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча позициясы катуу. Аны колдойбуз. Экинчиден, өткөндөгү окуялар көрсөттү, аралаш кварталдарда эч кандай кагылыш, жаңжал болгон жок. Демек мындан кийин да биз ушуга аракет кылышыбыз керек. Ош шаарынын башкы планында да бар болчу, азыр да биз ошону киргизип жатабыз.

Ал эми Кыргызстан илимий изилдөө институтунун Турак-жай, коомдук жайларды түзүү бөлүмүнүн жетекчиси жана түштүктү калыбына келтирүү боюнча башкы планды түзүүчүлөрдүн бири, архитектор Рысбек Кокоев Ошко үч кабаттан баштап 18 кабатка чейин турак-жайларды курууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин айтат.

- Ошто техникалык жаракалар бар деп айтылып жатпайбызбы. Ал жерлерге үй салса болбойт деген жоболор жок. Эгер технологиянын бардыгын сактаса болот. Негизинен долбоор боюнча үч типтеги үйлөр салыныш керек. Биринчиси, үч кабатка чейин, короолору менен үйлөр, экинчиси, беш кабаттуу, анан шаардын кире бериши жактарга 9-12-18 кабатка чейин турак-жайларды курууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте бул жерде тарыхый жагы да эске алынат.

Деген менен Бириккен Улуттар уюму түштүктөгү коогалаң орун алган аймактардагы азчылыкты түзгөн улуттардын пикири эске алынышы керек деген кабатырлануусун билдирип жатат. Алар ушундай мазмундагы катты өлкө президенти Роза Отунбаевага да жөнөтүшкөн. Анда өзбек тектүүлөрдүн маданий жашоо образына тоскоолдук жаралышы мүмкүндүгү, алардын мурдагыдай эле маалелерде жашоону каалары белгиленген.

 

Талкаланган имарат

Мына ушундай билдирүү боюнча БУУнун качкындар боюнча комиссариатынын өкүлү Барак Балуч жергиликтүү массалык маалымат каражаттардын бирине мындай деген:

- Биз айрыкча Ошто жергиликтүү калк менен сүйлөшкөндө алар өкмөттүн планы тууралуу айтууда. Алардын айрымдары көп кабаттуу турак-жайдын ордуна мурдагыдай эле жалпак тамдарда жашагысы келет. Ошондуктан алардын ою жана адаты эске алынуусун суранып жатышат. Ар кандай чукул кырдаалда, элдер үй-жайын жоготкон учурда жергиликтүү тургундар менен кеңешип ишке ашырышы керек. Биз тандоо мүмкүнчүлүгүн бериш керектигин айтар элек.

Архитектор Р.Кокоевдин айтымында, Ош шаар деп аталган менен айрым жерлери шаардын талабына жооп берчү эмес. Мына ошол себептен да кандуу коогалаңда Ошто бир топ үйлөр өрттөлүүгө дуушар болгон.

- Үйлөрдүн эң жаңысы эле өткөн кылымдын 50-жылдары болуп жатпайбы. Өрт коопсуздугу деген бар, ал сакталган эмес. Көчөлөр болсо тар. Аны да эске алыш керек. Ошто борборун гана шаар деп атаганга мүмкүнчүлүк болгон. Шаардын өзүнүн талабы бар да, андай талаптарга Ош шаарынын айрым жерлери жооп бербейт да.

Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссариатынын өкүлү Нуриана Каратбаева аталган уюмдун “турак-жайларды куруу жана адамдарды жайгаштырууда адам укуктары, азчылыкты түзгөн калктын укугу бузулбаса” деген турумун билдирди.

 

Талкаланган көчө

Айрым серепчилер дал ошол жапыс, жалпак үйлөрдүн эсебинен Оштун тарыхый, маданий турмушу чагылдырылып келген деген пикирлерин айтып келишет. Ал эми жаш архитектор Кайназар Алтымышов болсо жаңы, заманбап үйлөрдү куруу менен аларга Оштун байыркылыгын, өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтчү элементтерди кошуу мүмкүн экенин ырастайт. Ошондой эле ал көп кабаттуу турак жай курууда Оштун жаратылыш өзгөчөлүгүн да эске алуу зарыл деп эсептейт:

- Кыргыздын маданий, тарыхый архитектуралык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бирге жаңы элементтерди киргизсе болот. Ошондой эле курулуш материалдарга көп көңүл буруш керек. Ошол эле учурда экономикалык жактан да оор кырдаал учурда мындай чоң долбоорлор арзан болушуна шарт түзүш керек. Азыркы шартта архитектуралык курулуш технологиялар мындай мүмкүнчүлүктү бере алат. Алсак бетондун жаңы түрлөрү чыккан. Алар бекем, анан жеңил келет. Ошондой эле темир конструкцияларынын да жаңы түрлөрүн колдонуу зарыл. Мындан сырткары нанотехнологияны колдонуш керек. Мисалы, күн панелдерин чатырларга койсо экологиялык таза электр энергияны иштеп чыгат жана экономикалык жактан да арзан түшөт. Ушул сыяктуу технологияларды пайдаланууга жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Анткен менен маданий чөйрөнүн өкүлдөрү маданиятты көтөрмөйүн деги эле экономикада, саясатта өсүш болбой турганын белгилешүүдө. Бул тууралуу 28-июлда өткөн маалымат жыйынында Маданият министри Садык Шер-Нияз айтып чыкты.

Ал эми Ош шаарынын тургундарынын бул боюнча ойлору да ар кандай болууда. Айрымдары көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аралаш жашоо жакшы десе, айрымдары мурункудай жапыс үйлөрдө эле жашоону туура көрөт.

Нургүл Бердибаева: Шаар го кооз болуш керек. Кыргызстандын кооз болгону жакшы да. Көп кабаттуу үйлөр курулса болот. Бирок азыр ушунча нерсени көргөндөн кийин кооптонуулар жок эмес. Бирок жакшы да, жаман да өзбектер бар. Алардын жакшысын деле көрдүк.

Бохадыр Сендебаев: Бул жакшы да. Элди да аралаштырып анча-мынча. Ошондо өзбек, кыргыз, орус жана башкалар чогуу ынтымак болот деп ойлойм. Шаар болгондон кийин көп кабаттуу үйлөр курулуш керек. Эми турак-жайды сапаттуу куруш керек.

Шерзод: Биздин өзүбүздүн жерлерге көп кабатуу үйлөрдү куруунун кереги жок. Биз кышка чейин өз үйүбүздү гана калыбына келтирип алсак деп турабыз.

Ош шаарынын мэри бүгүнкү күнү биринчи кезекте коопсуздук маселелери турарын белгилөөдө. Ал мунун жолун көп кабаттуу үйлөрдү куруп, ар кайсы улуттун өкүлдөрүн аралаштырып жашоодон көрөт.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарын калыбына келтирүү боюнча дирекция талкаланган үйлөрдүн 80% калыбына келтирүүгө жараксыз деп билдирди. Жаңжалда 2500дөй турак-жай жана 300гө чамалуу соода түйүндөрү, ондогон мамлекеттик жана тейлөө мекемелери жабыр тартканы кабарланууда. Чыгымдарды эсептөө үчүн атайын түзүлгөн комиссия буларды калыбына келтирүү үчүн жалпысынан 2,5 миллиард сомдон ашуун каражат керектигин эсептеп чыгышкан

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Баатыр каяктан: Астана
30.07.2010 12:15
Борборду Ошко көчүрү эң актуалдуу. Антпесе Ошто жакында кыргыз калбайт. Жумуштун жоктугунан бары Бишкекке, андан соң, Россияга, Казахстанга кангып кетишет. Ансыз да кыйласы ушул учурда сыртта жүрүшөт. Борбор дегениң көп адамдарды өзүнө байлайт экен. Мына Астананы караныздар 10 жылдын ичинде түп тамыры менен өзгөрдү. Илгери казактар аз турган, турса да өз тилинде сүйлөшкөн эмес. Эми казак улутундагылардын бары мында, ошентип саясий жактан да чоң утууга жетишти. Курулган имараттарды айтпа. Эч ойлонуп отурбай, Назарбаев баштап практикада бакыйта көрсөтүп койгон нерсени тезинен колдонуу керек. Ушуну Өкмөт жетекчилери жана партияларды жетектеген лидерлер өз программаларынын башына койсо кыргызга өтө жакшы утуш болот эле. Андан Бишкек кичирейип кетпейт.

кимден: Рамиль каяктан: Набережные Челны
30.07.2010 05:13
Навряд ли отстроят Ош и Жалал Абад. Экономики нет. Народ вместо того, чтобы строиь любит играть в революционные потасовочки.

кимден: Умуту зор АКЫН каяктан: Манастын Таласынан
30.07.2010 05:10
Ошко, Ошко, Ошко, Ошко келгиле!
Ошту бачым курууга акыл бергиле
Ошко келсе президент Роза-эжебиз
Чачуу чачып, ийилип салам бергиле!
Оп ля! Кеппи! Ош борборубуз!
Ошту колдоо Роза-эже, которгонунуз.

кимден: Кыргыз ардагери каяктан: Суйукту Кыргызстаным
30.07.2010 04:53
Господа из ВП:
1) Нужно по ходу корректируя, без долгих и бесполезных обсуждений составить Генплан Оша, как столицы Кыргызстана, города будущего.
2) Жилые дома строить в спальных районах, причём только многоэтажные с удобными, просторными дворами для детей, стариков, всех интержильцов.Озеленят сами жильцы, вы только постройте.
3) По конкурсу выделите удобные места ведомствам, фирмам (отечественным и зарубежным) для строительства оригинальных зданий, офисов.
4) Выделите площади частным фирмам для строительства жилых домов с правом продажи их населению.
5) Обьявить строительство и благоустройство Оша-новой столицы Кыргызстана общегосударственной стройкой.
Всё это принесёт только положительные результаты:
- решатся этнические проблемы;
- стройка станет локомотивом экономики страны;
- сохраним целостность страны;
- усилим южные рубежи от поползновений террористов и прочих;
- вернём назад скитающихся по миру соотечественников:
- ускорим и усилим консолидацию народов Кыргызстана, а в дальнейшем создание единого кыргызского народа.

кимден: Халмат каяктан: Талас
30.07.2010 04:29
Азике, Роза эже борборду Ошко которуу жонундо бирдеке десенерчи. Же элдин суранып жатканын уккунар келбейби я ? Силер Кыргызстанды суйсонор, бирдиктуу болсун десенер борбоду Ошко которуп, озунор ичинде болуп кайрадан куралычы. Президент Назарбаев озу Акмолага кочуп барып, озу салбадыбы. Окумот кундо Оштун ичинде журуп-туруп курулуштарды кадагалаш керек. Эмне курортто жатып башкарар оюнар барбы я ? Болсонор эл менен бирге болбойсунарбы

кимден: Зулейха каяктан: Ош
30.07.2010 04:19
Надо строить высотные дома. Не нужно никаких махалля-пахалля. В махаллях друг за другом следят, ущемляются права молодёжи, особенно девушек. В махаллях кучкуются по нац. признаку.надо строить современный город как Астана, Ташкент, Алматы, Ашхабад...
ВП переводите столицу в Ош. Это крайне нужно.

кимден: Парча каяктан: Москва
29.07.2010 19:10
Башка олколорду карагылачы кандай онукон эмне учун биз...............

кимден: Гулжигит каяктан: Жалалабат
29.07.2010 12:47
Урматтуу убактылуу бийлик. Силер 1,1 млрд $ керек деп эмне башынарды оорутасынар? Анча акчага бутундой Кыргызстанды гулдотуп салса болот да? Шаардын борборлоруна коп кабатту уйлорду салуу керек. Жабыр тарткандарга 2 млн, жалпы Кыргызстандын жарандарына 1 млн $ эмес озубуздун сомдон берсенер да ашып кетсе 15-20 млн акча кетет экен. Мамлекеттик ишканаларды ондогонго 100 млн $ кете берсин. Калган акчанын баары чонтокко кетет. Озу деле Кыргызстандын карызы башынан ашып жатканда бир аз тамагынарды тартып турсанар акыры Кудай деле ыраазы кылмак силерди.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.07.2010 12:39
Барак Балуч айткандай, озбектер айткандай жалпак тамдарды салышыбыз керек дегенини озунун америкасына эвропасына кура берсин. америка европалыктар жалпак тамдарда жашап атышыптырбы бизге улгу корсоткудой. бул жерге келип алып элди кайраштырып малекеттин ички маселесине кийгилишуудо. ошондуктан мен коп кабаттуу уйлордун курулушуна кошулам. Чырдын баары ушул бир улуттуу жалпак тамдардан башталды. контролдон чыгып кетишти. Ал эми коп кабатту уйлордо ким емне болуп атканы баары дайын корунуп турат. Керек болсо ар бир кочо маалаларга камера коюп чыгыш керек.

кимден: Пробка(тоолук таза Кыргыз каяктан: Ош шаары
29.07.2010 12:20
Урматтуу туугандар!!! Бут дуйно жузундо пробка проблемасы бар го.Бирок Ошто бул ото кейиштуу абалда.Ошто жайында кун да абдан ысык болот.Ушудай учурда пробкада олтуру абдан кыйын.Жолдорду кенен салгылачы, туугандар.Анан Оштон Алай тарапка чыга бериштеги Фуркаттагы жолду кенейтиш керек.Ооба кенейтиш керек.Алайдан, Отуз Адырдан, Озгон тараптан келген жол Оштун борборуна, Ош базарына чейин ото кенен болууга тийиш.Кыргыз айылдарынан Ош деген Кыргыз шаарына келген жолдо кенен болбосо.....Ордолуу Ош шаарына кире бериштерге Кыргыздын тарыхын, улуулугун чагылдырган имараттар курулууга тийиш.Ошко "Манас Ордо" деп аталган микрорайон куруп, ал жердеги садиктерден баштап кочолоруно чейин Манастын атын жана Манастын кырк чоросунун атын ыйгарышыбыз зарыл!!! Азыр жашап аткан учурубуз да кийин тарыхка айланат.Кеелечектеги муундар "жыйырма биринчи кылымда Кыргыздар Ошту Кыргыз баалуулуктары менен коркомдошкон экен деп сыймыктангыдай болушсун.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу