Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:55

Эл үнү / Коом

Ош: чатырда башталган окуу

Июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен Кара-Суунун Шарк айылындагы Толстой атындагы мектептин окуучулары билим күнүн чатырларда тосту. Деген менен шарктык ата-энелер балдарын чатырда окутуудан кооптонушууда.

Шарк айылындагы мектеп окуучулары үчүн ЮНИСЕФ курган чатырлар.
Текст көлөмү - +
Окууга ылайыктуу парта-доскалар менен камсыздалган 12 чатыр ЮНИСЕФ уюму тарабынан берилген.  

Чатыр мектептин кызыгы жана коопсуздук

Наргиза быйыл 2-класска көчтү. Ал окуучу катары 1-сентябрды экинчи жолу көрүп жатышы. Бирок бул жолу чатырга келип окуп баштады. Али көп нерсени түшүнө элек Наргиза үчүн чатырда окуу кызык сезилип жатат:

- Мен экинчи класска келдим. Азыр тамга жазып жатам. Биздин эжекелер жакшы окутуп жатышат. А биз жакшы окуп жатабыз. Каникулда мектепти сагынып кеттик эле. Үйүбүз өртөнүп кеткен болчу. Эми минтип мектепке келип, ойнойбуз.

Наргиза менен кошо анын достору да чатырда окууга кызыгып турганын байкоого болот. Анткени чатырга парта-стул, доскалар орнотулуп, кадимки мектепти элестетет. Ал эмес мектепке келген бардык окуучуга бир сыйрадан окуу куралдары дагы берилген. Ошондой эле окуучулар ойногонго аянтча, ажаткана жана башка зарыл шарттар түзүлгөн.
Кызыбызды 1-класска бердик, бирок кантип келип кетээрине кыжаалатпыз.
Б. Ражабаева

Деген менен шарктык бир топ ата-энелер балдарын чатыр мектепке жөнөтүүдөн чочулашууда. Айрымдары балдарын мектепке өздөрү алып келип, сабак учурунда тез-тез кабар алып турушаарын айтып жатышат. 

Аталган айылдын тургуну Бина Ражабаева биринчи класска берген кызынын коопсуздугунан кыжаалат болуп турган чагы:

- Кызыбызга ак кофталарды кийгизип, үмүт менен мектепке алып келдик. Бирок мектепке кантип келип кетээрине кыжаалат болуп жатабыз. Бул жер бизден алысыраак. Ар кандай имиштерди угуп жатабыз, мектепке кол салуулар болушу мүмкүн дешүүдө. Ар бир күнү алып келип, кетип турабыз. Сабак учурунда да кабар улып турууга туура келет. Мындан башка да балдарыбыз бар да. Аларды карайбызбы же, күнүгө бул кызыбыздын артынан карап жүрөбүзбү?

"Кыштын ызгаарында кантебиз?"

Көпчүлүк ата-энелер балдарын чатыр мектепте окутуудан чочулап жатканын аталган мектептин директору Мурадылжан Мойдунов да тастыктоодо. Анын билдиришинче, Толстой орто мектебинде окуган жүздөн ашуун окуучу документтерин алып кетишкен:

- Эми өткөндөгү коогалаңдын айынан бир топ балдар кетип жатышат. Кээ бирлери башка айылдарга которулуп кетсе, көпчүлүк балдарды Казакстанга, Орусияга ата-энелери алып кетишүүдө. Алар негизинен учурдагы абалдан кооптонушууда. Эми дагы бир нерсе чыгып кетеби деген ойдо. Акыркы маалыматыбызга ылайык, биздин мектепке 101 окуучу быйыл келе албай турат.
Мектептерге атайын күзөтчүлөр бекитилип, балдарды ташуу үчүн унаа каттамдары коюлду.Ө. Абдуллаева

Чатыр мектептен кабар алганы барган вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Толстой мектебине эки күзөтчү берилгендигин айтып, ата-энелерди балдарын мектепке берүүдөн коркпоого чакырды. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дээрлик баардык мектептер атайын даярдалган күзөтчүлөр менен камсыздалган:

- Ош шаарынын 56 мектеби, Кара-Суу району боюнча 24 мектеп күзөтчү менен камсыз болду. Жалпы Ош жана Жалал-Абад аймактары боюнча ЮНИСЕФ эл аралык уюму 111 мектепте, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлгиги 80 мектепте атайын окуучулардын коопсуздугун камсыз кылган сакчылар берилди. Алар бүгүнкү күндөн баштап иштеп баштады. Мындан тышкары балдарынын жолдо жүрүүсүнөн чочулаган ата-энелердин өтүнүчү менен мектептерге ташуу үчүн атайын унаа каттамдарын дагы уюштурдук.

Анткен менен быйылкы окуу жылында Кыргызстан боюнча 1 млн. 37 миң окуучу окуй турга болсо, анын 700дөн ашууну чатырларда билим алышмакчы. Анын ичинде жогоруда сөз кылган Толстой орто мектебинин окуучулары да бар. Алардын өрттөнүп кеткен мектебинин жаңы имараты эмдиги жылы ишке берилээри айтылууда. Ага чейин окуучулар менен ата-энелерди алдыдагы кыштын ызгаар суугу ойлонтууда.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: кыргызмын каяктан: рф
10.09.2010 03:11
албетте уюштургандар алла буйруса оз жазаларын алат.мен буга терен ишенем.ушул балдардын убалы кадыржандарга окшогон улутчулдарды урсун,кор болсун, кудайга салдык,кудай тапсын.

кимден: Асия каяктан: Бишкек
02.09.2010 10:22
Албетте окуш керек балдарга. Бирок чатырларда окуу эмне натыйжа берет болду экен? Коншу жайгашкан айылдын мектептерине унаа менен ташып окутса жакшы болмок.Кышында кандай болот?Дегеле чатырда окуу балдар учун ден соолугуна да жакшы эмес да. Чатырларда окуганда ундор угулуп кайсы окуу болот? Балдар алагды болушат.Ошол чатырларга кеткен чыгымдарга башка жолду издешсе болмок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.09.2010 10:18
Ачылышы ачылыптыр, бирок кышта кантет байкуштар!

кимден: Алымжан
02.09.2010 08:33
Ай карачы ай, жанага сепаратистердин кылганын!! элди журтту согуштуруп, талкалап, бутунду булундуруп туруп качып кеткенин! азабын мына минтип кичинекей балдар, окуучулар жеп отурат!! такыр эле айбандар экен! Кудай жеткирсин ушулардын баарына! Каргыш созсуз тийсин! биздин милисаларга отунуч, таап туруп сазайын бергилечи! Намыс деген барбы силерде?
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу