Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык, 1-чыгарылыш

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Коом жана турмуш

Ошто жалданып иштеген өзбек мандикерлери көбөйдү

29.10.2008

Сырттагы кыргыз мигранттарынын 80 пайыздан ашуунун өлкө түштүгүнөн баргандар түзөт. Бул арада аталган аймакка коңшулаш мамлекеттерден келип, соода кылып, жалданып иштегендер көбөйүүдө.

Жапалак айлынын тургуну Мамытбек Сапарбаев беш бир туугандын улуусу. Өзүнөн кийинки төрт иниси тең бир нече жылдан бери Орусияда иштеп жүрөт. Ушундан улам Мамытбек айылдагы ата-энесинин жумушун Өзбекстандан келген «жалданма мандикерлерге» бүтүртөт.  Алардын жумуш акысы бир топ арзан жана керээлден кечке баш көтөрбөй иштеген эмгекчил болушат экен, дейт Мамытбек:

 

 - Өзбекстандан келгендер азыраак эле акчага макул болушат. Мисалы, Оштогу жалданып иштечү жерге барсам  эки миң  сом сурашкан. Ошол эле жумушту алар миң эле сомго бүтүрүп беришти. Аларды катуурак айтып, сөгүп, урушсаң да унчукпай иштешет. Башка мамлекетте жүргөндөн кийин эмне дей алышат.

 

Карапайым айыл эли буларды «өзбек мандикерлери» деп аташат экен. Буга чейин жалданып иштеген өзбек жарандары кыргыз-өзбек чегара тилкесинде жайгашкан өздөрүнүн атайын базарында гана топтолуп тураар эле. Азыр болсо кыштак аралап иш издешет, дейт айыл тургундары.

 

Өзбекстандык Кадыржон ага таң эртеден, иңир киргенге чейин иштеп, жүз элүү сом алганына кайыл болуп, үйүнө кайтат:

 

 - Бала-чакамды эптеп багуунун амалын издейм. Өзбекстанда айлыкты убагында алуу кыйын. Мисалы, бир фермердин колунда иштей турган болсом, жай ичи иштеген акыма бир кап буудай берет. Аны балдарым дароо эле жеп коюшат. А, ал түгөнсө эмне кылам? Ошон үчүн Кыргызстанга келип жалданып иштөөгө мажбурмун.

 

Кадыржан Кыргызстанда иштеп жүргөндө милициялар ким экени менен деле иштери жок. Аны өзбек чегарачылары кыйнап бүттү:

 

 - Эки жака өткөн сайын чегарачылар акча сурашат. Биздин мандикер болуп жалданып иштегенибизди билишсе да, баарыбир акча талап кылышат. Эгерде акча бербесек өтө албай калабыз.

 

Соңку тогуз ай ичи облустук ички иштер башкармалыгынан эки миңден ашык чет өлкөлүк жаран каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгүн Кытай менен Өзбекстандан келгендер түзөт

 

Бейрасмий маалыматка караганда, Ошто башка мамлекеттен келгендердин саны он-он беш миңге чамалайт. Жергиликтүү серепчилер бул сан, маселен курулуш, дыйканчылык иштери башталган маалда көбөйүп, кышында азаярын белгилешет.

 

Облусттагы миграция жана калкты иш менен камсыздоо комитетинин өкүлү Акжол Абдукеримов укук коргоо органдары четтен келгендерди жакшы көзөмөлдөбөй жаткандыгына токтолот:

 

 - Өзбекстан менен Тажикстандан келгендердин саны көп болгону менен, алардан бирөө да иштөөгө уруксат албайт. Муну укук коргоо органдары жакшыраак карашы керек. Алар мыйзам бузуп жатышпайбы.

 

Негизинен Ошко  Кытай, Озбекстан жана Тажикстандан иш издеп келишет. Кытайлыктар буга чейин көбүн эсе Кара-Суу базарында гана соода-сатык менен алектенген болсо, эми Ош шаарына көптөгөн соода борборлорун куруп, ишке киргизүүдө.

 

Кара-Суу базарында иштеген кыргыз жарандары, Кытайдан келгендер аларга салыштырмалуу буюм-тайымдарды кыйла арзан сатып, кыргыз ишкерлерин иштетүүдөн баш тартып жатканын айтышууда. Соңку убакта базардагы арабакечтерден өйдө кытай атуулдары болуп кетти деп даттануулар көбөйдү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: КУМАР
01.11.2008 11:01

Түштүктө ишсиздердин саны көп болуп жатканда башка жактан келгендерди мамлекет чектеп, же биротоло тыю салып койсо жакшы болот эле. Мардикерлер айлык акылардын төмөн болушуна түрткү болууда.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)