Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Эл үнү

Eurasianet: Өзбектер Кыргызстандын түштүгүнөн кетип жатышат

Жарыяланган учуру: 28.07.2010

Eurasianet интернет барагы Оштон учак менен күнүнө орто эсеп менен 400дөй киши Орусияга кетип жатканын, андан тышкары темир жол, автожол аркылуу кеткендер да аз эместигин жана алардын далайы өлкөдөн биротоло кетип жатканын жазып чыкты.

Кыргызстандын түштүгү далай жылдардан бери Орусияга он миңдеген эмгек мигранттарын жөнөтүп келатканы жалпыга белгилүү факт. Ал он миңдеген мигранттардын далайы буга чейин эле Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта биротоло отурукташып да калышты.

Евразиянет интернет сайтында жарыяланган “Өзбектер Кыргызстандын түштүгүнөн массалык түрдө кетүүдө” аттуу макалада өткөн айда Кыргызстандын түштүгүндө тутанган этностор аралык араздашуунун айынан Орусияга ал жактан мигранттардын жаңы толкуну каптаганын жазат.

Кыргызстандын түштүгүнөн кетебиз дегендердин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Тил жана маданияты бир болгону менен, коңшу авторитардык Өзбекстанга барууну каалагандар жокко эсе. Өзбекстан менен Казакстанда эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктары көп жагынан басмырланып келатат. Ошон үчүн мигранттар үчүн бирден бир ыңгайлуу өлкө - Орусия. Же ал жакта бир аз туруп, андан ары Батышка, же башка жакка кетели дегендер да бар.

Москвада убактылуу башкалканч тапкан оштук Тахмина «Азаттыктын» кабарчысына телефондон буларды билдирди.

- Биз сегиз кишибиз. Үч жаштан он үч жашка чейинки беш балабыз менен Кыргызстандан чыгып кетип, азыр Москвада убактылуу жашап жатабыз. Швецияда бир эжебиз бар, чакыруу жиберген. Ошол жакка кетип калалы дегенбиз, бирок эжебиз жиберген чакырууну Швециянын элчилиги “силер Кыргызстандан экенсинер” деп карабай жатат. Бизди ошол жакта калып калат деп коркуп жатышкан окшойт.

“Бейрасмий маалыматтарга ишенсек коогалаң башталгандан тарта Кыргызстандын түштүгүнөн 20 миңдей өзбек биротоло чыгып кетти. Башка булактар Кыргызстандын түштүгүнөн өзбектер гана эмес, орус, татар, атүгүл кыргыздар да тынчыраак жакка көчүп кетүү маанайында жашап жатканын, ушу тапта далайы кетип жатканын кабарлоодо. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана эл аралык Миграция уюмунун Бишкектеги кеңсеси азырынча мындай маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес экенин, анткени аларга расмий түрдө кайрылгандардын саны тактала электигин айтышты” деп айтылат макалада.

Өз алдынча иликтөө жүргүзгөн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” курган маегинде түштүктө миграция толкуну күчөгөнүн ырастоого негиз бар деп белгиледи.

- Он сегиз миң адам чыгып кеткен болсо, ошонун он миң алты жүзү өзбек улутундагылар. Бул маалымат учак менен гана чыгып кеткендер. Унаа, темир жол аркылуу чыгып кеткендер да бардыр. Балким чек арадан мындай өтүп кетип жаткандар да бардыр. Чын эле болгон окуялардан кийин Кыргызстандан кеткендердин саны көбөйдү. Ошолордун басымдуу саны өзбек улутундагылар экендиги чын.

Оштогу туристтик фирмалар да эмигранттардын көбү Орусияга кетип жатканын тастыкташууда. Ошондой агенттиктин биринде иштеген Малика Евразиянеттин кабарчысына Москвага жана Орусиянын башка шаарларына июль жана август айларына билеттердин баары сатылып кеткенин билдирген. Талап өтө жогору болгондуктан билеттердин баасы эки эсе кымбаттаганын кошумчалаган.

Экономикалык кырдаал – Оштон өзбектер кетип жатканынын дагы бир себеби. Оштогу базар миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып турчу эле. Азыр ал жабык. Көптөгөн үйлөр жана кичи ишканалар талкаланды

Евразиянет жергиликтүү массалык маалымат каражаттар окуяларды бир тараптуу чагылдырууда деп жазат. Айрым гезиттерде өзбектерди «Кыргызстандан кууп чыгарууга үндөгөн чакырыктар да жарыяланып кетти» деп жазат макаланын автору Алишер Хамидов.

Бирок "Кыргызстандан эч жакка кетпейбиз" деген өзбектер да аз эмес.

«Эгер биз кетип калсак, биздин укуктарыбызды ким коргойт? Биз өз укуктарыбыз үчүн күрөшүүбүз керек» дейт пенсиядагы инженер Тургунбай Абдраимов Евразиянеттин кабарчысы менен маегинде.

Айрым байкоочулар Кыргызстандан ушу тапта миңдеген орустар да кетип жатканына көңүл бурушат. Орусиянын Бишкектеги элчилиги чыгып кетип жаткан адамдардын так санын айталган жок. “Оштон Бишкекке же Казакстанга чыгып кетип жаткан кыргыздардын да саны арбын” деп жазат Евразиянет маалымат кызматы. Коопсуздуктан чочулаган элдин миграциялык агымы Кыргызстандагы демографиялык абалга кандай таасир этерин азырынча эч ким так айта албайт.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: altimix каяктан: kitai
13.08.2010 16:40
uurmattu, bir,boor, kirgiz,elim, siler,tuxtuk, jergesinen, ketbegileqi, kete,bersenger, bextal,kirgizdin, sani,azayip, jeringerdi,ozgo ,uluttar,elep, alat,anin,orduna,oz, jeringerde,jakxi, ixtep, qekengerden, ter, toksongor, turmuxungar ,jakxi, bolup, ketet.baxka, elge, barip, kul, bolguqa,oz, elingerde, suu, iqkileqi, tuugandar,

кимден: Кыргыз каяктан: красноярск
30.07.2010 17:10
Озбектер коп келип бирок иш жок арендага уй жок 1 квартирага 20-30 болуп жатышат. Москвада ушундай экен го. Бул жерде Оштон беш беттер кыйналып жатышат. Красноярск, Взлетка. 30 июль

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.07.2010 14:19
Бул тарыхый процесс.Мындан трагедия табуунун кереги жок.Алар оз ыктыяры менен кетип жатышат.Коп жыл мурун Озбекстандан он миндеген Турктор аргасыздан Россияга кетишкени эсиниздерде болсо керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.07.2010 03:29
Ассаламу алейкум туугандар! Кыргыз-Казах чек-арасында чыгып кетип жаткандар ото арбын, алардын арасындагы кочуп ке тип жатышкан жарандардан чек-арачылар акча алышып анан откозуп жатышат. Ошондо эле учетун алып койюшпайбы!?

кимден: Асатилла каяктан: Австрия
29.07.2010 19:22
Менин оюмча мекендештер кетип жаткан Өзбекпи- кыргызбы 1ден иштеüин десе иш жок баарынын ата-энеси. бала-чакасы бар. 2ден ошолордун кээ бирлери болуп өткөн кандуу окуяга катышкан менимче из жашыруу да болуп жатат десем жаңылышбасам керек. Ошон үчүн биüликтегилер жаштарды иш менен камсыз кылууну 1чи орунга коüбосо мурда эле кетип жаткан эл дагы да кете берет. Азыр Орусия эң негизги мамлекет кыргызыңа. өзбегине. тажигиңе иш берген.Өзбектер абалдан коркуп кетип жатат дегенге азыраак ишенем.Эң негизгиси экономикалык себеп. Орустар да оңой эмес кел сен келипсиң деп бешенеңден сылап койбойт.Менин өкмөт башчыларынан суранарым жанагы четтен келген акчаларга ишканаларды куруп элди жумуш менен камсыз кылууну ойлошсо.

кимден: Алик
29.07.2010 09:49
Ошто миграцияны токтотсо болот.Аны учун конфиликтке туздон-туз тиешеси бар аны келтирип чыгарган "белгилуу жетекчини" алмаштыруу зарыл.Бирок убактылуу окумот бул кадамдан коркуп жаткансыйт.Что за окумот тушунбойсун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.07.2010 00:56
kirgizstan bul temp menen ketse jakinda bolunup jok bolup ketet

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
28.07.2010 20:30
Алиги анегдоттогудай, Бакиевке коңшу мамлекеттин башчысы "Элиңдин саны канча ? "- деп сураса . Около 5 миллионов -деп жооп бериптир . Анда ал " А ты наверно их всех по фамильно знаешь ?" -дегендей. Биз чакан өлкөбүз. Ошол азыркы биздеги 3 млн. ашыгыраак элди биздин чоңдор жакшылап эле стат отчетун берип турса болмок. Бизде эч ким иштегиси келбейт.Ошол мени күйүндүрөт.

кимден: Карабек каяктан: г.Бишкек
28.07.2010 14:31
Азыр кетип жатса кийин кайра келет. Кетип жаткандарга кейибей эле койгула. Бул мурда да болуп келген жана боло берет. Ким куноолуу болсо ал кетеберет. Андан коро бул жерде калгандардын ынтымагын тилегиле. Уйу орттонгондор биринчи оздору аракет кылышы керек анан окмот жардам бериш керек. Бир нерсе болсо эле Убактылуу Окмот кунолуу дегенге машыр болуп алдынар. Алардын ордунда сен болсон эмне кылат элен? Ошону айтыш керек. Бакиевдин бул жерде эч куноосу жоктой ой жугуртосунор. Баарын кылган ошол. Баа бергенде акыйкаттык керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.07.2010 12:32
себеб мындайда туугандар. бир кызматкердин баласы окуга отот, эптеп бутот. аны ата-энеси акча же авторитеттин кучу менен алып барып отургузат бир кенсеге Бишкектин центрнде. анан ал эмнени аткарат? отурат интернетке кошулган компьютерди тиктеп. ЖУМУШТУ аткарган адам жокко эсе. эмнесин айтасын. жаны бийлик таланттуу балдарды иштетиши керек. убакыт келди
    Алдыга 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир