Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:13

Эл үнү

Түштүктөгү коогалаңдын артында ким турат?

Акыйкатчы институту түштүктөгү коогалаңга байланыштуу алдын ала тыянагын чыгарды. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуянын чыгышына сырткы күч жана террорчулардын тиешеси жок.

Акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыктын" студиясында, 27-февраль, 2009-жыл.
Текст көлөмү - +

Турсунбек Акун өлкө ичиндеги коррупциянын өтө курчуп кетиши мунун бир себеби болду деп эсептейт. Ошол эле кезде оштук укук коргоочу Равшан Гапиров кыргыз-өзбектерди бөлүү аракети мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда, 2006-жылдан тарта эле башталганын белгилейт.

Акыйкатчы институтунун түштүк окуялары боюнча алдын ала берген тыянагында жаңжалды алгач өзбек улутундагы адамдар баштаганы, түнкү саат экиде мечиттерден азан айтылып чакырык ташталганы айтылат. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул тууралуу 27-июлда өткөн тегерек үстөл учурунда белгиледи.

Ар кандай чагымчыл ураандар, туура эмес берилген маалыматтар кырдаалды ого бетер курчутуп жибергенин кошумчалаган Т.Акун окуя алдын ала уюштурулагын айтат.  Ошондой эле ал буга соңку жылдардагы коррупциянын гүлдөп өскөнү да себеп болду деп эсептейт.

 

- Бүт саясатчылар жаман көрүнбөш үчүн чагымчылдар, ортодон бирөө чыгып баштады дейт. УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Бадахшандан Бакиевдер түшүп курал таратып, ошентип эл аралык террорчулар баштады дейт. Бул жерде исламист да, террорист да, тияк-бияк кийлигишкен жок. Бүт бардыгы ичибизден келип чыгып жатат. Мисалы, элдин турмушунун деңгээли бирдей эместиги, эмне үчүн аны айтпайбыз? Чындыкты айтыш керек. Бул кыргыздарга тарткандык эмес. Мен эмне үчүн көпчүлүгү өзбектер кармалып жатат, эмнеге айрым кыргыз улутундагылардын колундагы куралдар алынбай жатат деген маселени да көтөрүп жатам. Ачык айтайын, куралдарды берип койгон учурлар болгон.

 

Т.Акун түштүк окуясына сөзсүз саясий баа берилип, капсалаң эмнеден башталып, эмнеден бүткөнү ачык айтылышы керек деген ойдо.

 

Ал эми Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Алима Аманова Ош-Бишкек жолунда кыргыз улутундагы адамдар көп каза болгонун, мунун айынан шектүү делип 18 адам кармалганын билдирет.

 

- Ош-Бишкек жолундагы Сампа деген айылда канчалаган унаага кол салынды. Анын натыйжасында 11-13-июнда 10 адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду. Он бир машина өрттөлдү, эки машина дайынсыз жоголду.


Алима Аманованын айтымында, Кыргызстанда мамлекеттүлүктү сактап калчу мыйзамдар керек. Ал мындай окуялардын кайра кайталанбашы үчун окуу жайларды, мектептерди да улуттук деп бөлүү туура эмес деп эсептейт.

 

- Кыргызстанда ар бир жаран сезе турган мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Кийинки жылдары “улуттук” деп бөлүнгөн окуу жай жана башкалар пайда болду. Өзбек мектеп, башка мектеп өзүнчө болуп кетти. Кыргыздар да, өзбектер да биздин жарандар. Андай болгон соң бардыгын чогуу окуталы. Бизге бөлгөнгө эмес, биримдикке алып баралы. Мейли башка факультеттер ачылсын, бирок Кыргыз мамлекеттик университети болушу керек.

 

Деген менен укук коргоочу Равшан Гапиров түштүктөгү окуяга эл аралык террористтердин эмес, Бакиевдердин түздөн түз тиешеси бар деген ойдо. Анын айтымында, өзбек тектүү жарандарды кемсинтүү, эки улутту ажырым кылуу аракеттери 2006-жылдары эле башталган жана бул курчуп отурган.

 

- Бийликтегилердин өз ара келишпөөчүлүгүнүн натыйжасында ушундай уруш чыкты. Бакиев тарап уткуруп коюп түштүктү болсо да бөлүп алууга аракет жасаганы дүйнөгө белгилүү болуп турат. Кыргыз-өзбекти ажыратуу, өзбектерди кемсинтүү Бакиев учурунда эле башталган. Бул бышып, жетишип калган маалда төңкөрүш болуп кетип, бышып калган ашты ортого Бакиев таштап койду. Мурдагы бийлик күнөөлүү, азыркы бийлик аны жөнгө салууга алсыз болуп жатат.

 

Р.Гапировдун айтымында, эки улутту элдештирүү аракеттери жакшы натыйжа бербей жатат. “Негизинен абал дале болсо кооптуу. Өзбек улутундагылар коркуу, кооптонуу менен жашап жатат” дейт ал.

 

Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө 10-июндан 11-июнга караган түнү Ош мамлекеттик университетинин үч кыргыз студент кыздары жатакандан зордукталыптыр деген маалыматтар жалган экени айтылды. Мындай маалыматты укук коргоочу Азиза Абдырасулова белгиледи.

 

- Биз ал кыздарды издеп тапкан эмеспиз. Үч кыз кыйналып өлтүрүлдү деген маалымат жок болуп чыккан. Кыргызстандын кайсы жерине барбайлы ошол тууралуу сөз кылып жатышты. Кийин ОшМУнун ректору УТРК аркылуу бул маалымат жалган экенин айтты. Ал кыздар Кудайга шүгүр аман-эсен. Башкы фактылар чыкты, бирок алар университетке тиешеси жок.

 

Ал эми Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канат Тургунбеков болсо окуянын чыгышына паракорчулук себеп болду деген жүйөлөргө көбүрөк кошулат. Ошондой эле кандуу коолаңдын чыгышына жана курчуп кетишине мурдагы да, азыркы да бийликти күнөөлүү деп ойлойт.

 

- Ушунчалык корупцияга батып кеткен мурдагы бийлик күнөөлүү жана келечектеги жакшы турмуштун болушун ынандыра албаган, апрелден кийин күчтөнө албаган азыркы бийлик күнөөлүү. Ошондой эле коогалаңды уюштурган, каржылаган, башында турган жеке адамдар күнөөлүү. Бул жерде бир тараптуу кыргыздар же өзбектер күнөөлүү деп айтууга болбойт.

 

Акыйкатчы институту түштүктөгү окуяны иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзөт. Ага бейөкмөт уюм, жарандык коом, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү кирип, эл аралык уюмдун өкүлдөрү комиссиянын ишине байкоо салмакчы. Буга байланыштуу сунуштар кабыл алынып, учурда даярдалып жатат.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жони каяктан: Россия
01.08.2010 17:30
Кайраттын айткандарына кошулам. Азаматсын! Чынында эле ошол окуя болуп жаткан убакта кайда эленер, урматтуу Турсунбек Акун?!!!

кимден: Кайрат каяктан: Озгон
30.07.2010 20:06
Т.Акунга кошула албайм.Кыргыздар эч кимге-озбектердин,уйгурлардын,дунгандардын байлыгына коз арткан эмес.Эгерде кыргыз коз артканда бироонун байлыгына,анда давно Бишкекте дунгандар менен уйгурлардын "пачагын" чыгармак.Менден бир сураныч "туштон кийинки олияларга"-Ош окуялары болуп жатканда,10-15 июндарында,"кайсы жерде элем?"- деген суроону оздорунорго бергилечи биринчи.Ошол кундору, кыргыздар ЭЛИМ,ЖЕРИМ деп окко тошун тосуп курман болуп жатканда,кайда эленер? Сиз,лично,Т.Акун аке,кайсы жерде элениз ошол кундору?Жаман куйдурдунор адамды

кимден: каке каяктан: Ош
30.07.2010 19:23
Акыйкатчы Турсунбек Акун өзбектердин бул коогалаңга алдын ала даярданганын жана кыргыздарга биринчи болуп кол салганын туура айтыптыр, буга чейин эчким ушундай болгонун эмне үчүн айтпай жатышты экен деп таң калам. Биз Ошто жашап туруп тополоңду эрте менен уктук, а өзбектер болсо түнү менен бири бирине телефон аркылуу байланышып, көчөлөрду тосуп, эрте менен ге чейин баррикадаларды койуп көпчүлүгү куралданып калышыптыр.
Бир нече күн мурун кадыржан батыров менен инам абдурасуловтор өзбектерди топтоп чогулуш өткөрүп жатканын Оштогу өзбектердин "мезон тв" деген телеканалында эрте менен кечке "без комментариев" деп көрсөтүшкөн.
Коогалаңды уюштургандарды (кадыржан батыров менен инам абдурасуловту) парламенттик шалоого чейин атайын кармашбаса керек деп ойлойм, буларга убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн да тиэшеси бар деп Бекназаров байкебиз айткан болчу, ошол бойдон алардын ким экендигин айтпай койду, балким шайлоого жакын калганда сюрприз болобу...

кимден: максат каяктан: россия
28.07.2010 16:54
Акыйкатчы ага сиз ачык айта албасаныз башка чондорубуз эч качан айтпай бул дүйнөдөн өтүп кетет.Эмне үчүн кадыр батыров жөнүндө эч сөз кылбайсыңар айткыла элге качан кармайсыңар же акчасын алып койгонсунарбы сиз өзунуз баш болуп,эээй койгула ошондой сөзүңөрдү элдин алдында актанганыңарды,тим эле эл үчүн иштеп жаткан чиновниктен болосуңар,бириң койбой бириң алдайсыңар.Кармагыла иштегиле коргозгуло элге ишинердин жыйынтыгын,жон эле элдин акчасын жеп жата бербей,тешип чыгат силерди дагы акаевге,бакиевге окшоп,эээй адам болгурлар ак иштесенерчи бир бирин элди какшатпай,кана биздин келечек,кана биздин улуттук намыс,кана биздин мекен,эртеге кана биздин уй деп калбасак эле болду,кудайым өзу сактасын,кудайым силердей башкаруучулардан өзу тазаласын.Азаттык ушул катымды окуп койгула силерден сураныч кыргыз келечегине озунун балдарынын келечегине куйуп куйуп кыжалат болгон бир жонокой кыргыз пендесинен.Жараткан озунорго ынсап ыйман берсин

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.07.2010 15:38
Урматтуу Турсунбек Акун. Туштукто уруш эл наны жок ачка калгандан, же кийими жок жыланач калгандан чыккан жок. Элдин турмуш денгээли бирдей эмес болушу мумкун, бирок эки улуттун ортосунда эмес, мындай тенсиздик жонокой эл менен чиновниктердин ортосунда. Ушул созунузду коюн, ал эми калган айткан нерселеринизге негизинен кошулам.

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
28.07.2010 13:09
акыйкатчы економийкалык теңсиздикди демекчи болуп сөздүн оордун таап иштете албагандыкыан Женийа айткандай түшүнүк берип калган. алыбетте економийкалык теңсиздик чыр чатакка алып бара турган нерселердин бирөө болуп есептелет. ош окуйасы бойунча акыкатчынын айтканында калет жок. дал ушундай жагдайды толук билген Бакебдер толук пайдаланып кеткен. араң турган абалга от жагып жиберишкен деп жыйынтык чыгарса ең тууа болмок.

кимден: Женя каяктан: Ош
28.07.2010 12:27
Турсунбай Акундун өзбек улутундагылардын социалдык абалына кыргыз улутундагылар көз арта баштаган дегениндей оюна кошула албайм. Мен озум Ош шаарында тургандыктан эмне болуп жатканын жакшы билем. Кыргыз улутундагылар аларга деле көңүл бурбай жон эле жашап жаткан. Өзүбүздүн акыйкатчылар бизди тушунбогондон кийин Эл аралык полиция түшүнөт беле.

кимден: Ардар каяктан: Ош
28.07.2010 11:30
Акыйкатчы Турсунбек Акундун айткандарына толугу менен кошулам,эн туура айтып жатат,бул болгон окуянын 80-90 прасентти озубуздун эле ош шаарынын ичинен чыккан.Менин оюумча мунун башында Батыржан менен Инам турат,эмне аны кармабай жатышат,откондо айтпадыбеле,алардын кайерде экенин билебиз деп,эмне же соодалашып жатасынарбы,мактанганыран кана?кучубуз жететдеп,алданбагыла акчаны коргондо койеберип жибербегиле.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу