Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:54

Экономика

Казак президентинин Ысык-Көлдөгү резиденциясынын сыры

22-январда Жогорку Кеңеш Ысык-Көл районундагы Казакстан ээлигиндеги эс алуу жайларынын жерин ижарага берүү жөнүндөгү эки өкмөт ортосундагы келишимди жактырды.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Ысык-Көл жээгиндеги эстелиги. Чолпон-Ата, "Рух-Ордо" комплекси
x
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Ысык-Көл жээгиндеги эстелиги. Чолпон-Ата, "Рух-Ордо" комплекси
Текст көлөмү - +
Бешинчи объекттин сыры

Өткөн жылы парламент Көл кылаасындагы 4 эс алуу жайына Казакстан ээлик кылууга акысы бардыгын ырастаган келишимди жактырган.

Кыйладан бери Казакстан Көл кылаасындагы төрт пансионаттын башын ачып, аны турган жери менен өзүнө алыш аракети ишке ашып, 22-январда кыргыз параламенти 58,8 гектир жерди 49 жылга ижарага берүү жөнүндөгү эки өкмөт жетекчилеринин өткөн жылдын аягында кол коюшкан келишимин жактырып берди. Талкуу учурунда эмнеликтен ижарага берилген жердин акысы өтөле аз болуп калышынын себеп-жөнү, анан да Казакстандын артынан эртең эле Өзбекстан да өтүнүч кылып, социализм доорунда курулуп калган эс алуу жайларын өзүнө кайтарып алууга киришсе ага кандай жооп болору айтылган жок. Коммунисттер фракциясынын мүчөсү депутат Бейшебек Акунов буга чейин козголбой келаткан дагы бир сырдын түйүнүнө кызыкты.

Бейшебек Акунов:
- Төрт объектти азыр берип атабыз. Бу бешинчи объект. Казак президентинин Комсомолдун жанындагы
Казак президентинин Комсомолдун жанындагы Пришибдеги резиденциясы. Бул каякта катылып калды? 
Пришибдеги резиденциясы. Бул каякта катылып калды?

Турсун Турдумамбетов:
- А бул, бул, эмеге кирген эмес башынан эле. 2008-жылы каралганда деле ошол Пришибдеги ...

Бейшебек Акунов:
- Ошол кайда, кайда эми, бизде, эмне анклав болуп калдыбы?

Турсун Турдумамбетов:
- Анклав эмес, ал приватизация болуп 2000-жылыбы, 1999-жылыбы кеткен. Бул боюнча кызыксаңыз, азыр эми менде даяр информация жок, мен кийинчерээк берейин.

Бейшебек Акунов:
- Мага бербей эле коюңуз. Мен аны жакшы билем. Мынабу элдер уксун да. Бул баягы чатактын баары кийин чыга турган маселе ошол болот. Экинчи маселем, өзбек туугандар эмне деп жатышат? Алардын да пансионаты бар да биздин Көлдө. Эгер алар коюп койсо сиздер ушул казак туугандарга чечкендей эле чечип бересиңерби? Же башкача чечесиңерби?

Турсун Турдумамбетов:
- Мен аны айта албайм. Анткени ал маселе биздин өкмөттүн астында коюла элек.

Бейшебек Акунов:
- Алдын-ала коюлат да.

Турсун Турдумамбетов:
- Коюлса ошол убагында көрөбүз. Мен азыр айта албайм.

Бейшебек Акунов 49 жылга ижарага берилген жер Казакстанга биротоло кеткенин айтып, өкмөттүн өкүлүнүн жообуна канааттанбагандыгын жашырган жок.

Атантай берешендик аман эле болсун

Кыргызстанда жер маселесине келгенде бийликтегилер берешен болуп кетишерин парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси Роза Отунбаева да белгиледи. Депутат эки өкмөт жетекчилери кол койгон келишим орус тилинде гана даярдалып, анын кыргызча нускасы жоктугун бийлик башындагылардын мамлекетин сыйлабастыгы катары сыпаттады.

- Биздин Кыргызстан орусча айтканда “рваное одеяло” дейби ошондой эле “жыртык төшөк болуп калды. Кайсы өлкө келип, кандай иш жасайм десе өзү билет. Ошол жерди тартып алам, алып кетем, калп эле ушундай професссионал эмес өкмөт менен сүйлөшүп чийик келишимдин негизинде алып кетем десе азыр ошого толук мүмкүнчүлүк болуп атат.

Анын кесиптеши депутат Галина Скрипкина Казакстан ээлик кылган эс алуу жайларыны укуктук жагынан тийиштүү документтери
 Биздин Кыргызстан орусча айтканда “рваное одеяло” дейби ошондой эле “жыртык төшөк болуп калды.
жоктугун белгилеп, өкмөт аны келишим жактырылгандан кийин жасай турганына токтолду.

Кызыкчылыктын кулагы кайдан чыгууда?

Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев азыркы өкмөт жетекчиси Казакстанда кол коюп келген келишим социализм учурунда казакстандыктарга бөлүнгөн жер менен 2003-жылы Кыргызстандын президенттик администрациясы ээ чыгып бөлүп берген аянттын ортосундагы айырма кыйла экенине токтолду.

- Мага бул келишимде кандайдыр бир кызыкчылык бардай сезилет. Болбосо эмне үчүн мурда белгиленгенден көп жерди берип жатабыз?

Келишимди жактырууну эртерээк колго салууга кызыкдар “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Максат Кунакунов талкууда чыгып сүйлөгөн кесиптештерине момундай сын айтты.

- Келип алабыз да бул жерде эл көрсүн деп, кызык оюн баштайбыз. Билебиз го, келишимди жактыруу маалында эч кандай кошумча өзгөртүү киргизе албайбыз.

Жаңы жылдан кийин Ташкенге барып келген кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун алдына Өзбекстан өкмөтү Көл кылаасындагы пансионаттардын башын ачып алуу маселесин койду. Алардын саны да төрт. Болгон айырма азырынча Өзбекстан президентинин Ысык-Көлдө резиденциясы жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Esen каяктан: France
26.01.2010 04:56
Biz al jerlerdi kayra tartyp alabyz. Kez kelgende köröbüz. Uzöngü Kuush, Karkyra baary Kyrgyz jeri. Bakiev kachankiga chein turmak ele. Jany muun ösüp kelatat.

кимден: Күнболот каяктан: Бишкек
25.01.2010 13:01
Бейшенбек аксакал азамат экенсиз кейип жатканы чын болсо. Анан аксакал ирээтинде тамашалап "Бизге, өзүңүзгө, анан тигил жактагы ак сөөктөргө жатканга көр калдыбы" деп сурап койсо болмок экен. Аман болуңуз Бейшенбек аксакал

кимден: beybars каяктан: turkiya
25.01.2010 07:28
satkyla, satkyla sutkorlor, kiyin kaysyl jerde jashaar ekensiner..

кимден: GreshniC каяктан: KOREYA
25.01.2010 03:50
1 gektar jer 1 jylyna, adashpasam, 23 min somgo beriliptir, anday baada maga berse mendele SATYB ALMAKMYN,

URMATTUU,PREZIDENT, MeN MENEN DELE KELISHIM TUZP KOYUN,MENDELE SATYB ALAYIN, SIZGE 25 min. DEN ELE BEREYIN, MENDEN BASHKA ALA TURGANDAR DELE KOP, OZUBUZGO ELE SATYN BARYN>>>

DAGY ALA TURGABDAR BARBY?????

KOSHULGULA MAGA, ARZAN UBAGYNDA SATYB ALAYLY!!!!!!

кимден: данияр каяктан: Алмата
24.01.2010 22:56
Жерди саткыла, баш которгондорду камагыла, тың чыкмаларды машинасы менен кошуп орттогуло, жаз келсин силерди карап тургула президенти жок деле жашайбыз. Кыргызстанга президенттин деле кереги жок.
Ансыз деле карапайм калк, озунун нанын озу таап жейт, ар кимиси келип алып, атасынан энчиге калгансып, алакандай жерибиздин баарын сатып бутушту, эми кылтыйтып жыландын башын чыгарып, баласын акырын президенттикке туртуп атабы?
Андан коро россиядан акаевке айтып, үй караштыра бериңиз Бакиев мырза, элдин да чыдамы бутту!

кимден: kyrgyz каяктан: korea
24.01.2010 21:56
men ushul koreadan ketkim kelbey kaldy, mankurt elin oylobogon akchaga toybogon biyliktegilerdi atyp salgym kelet, jerin satkan bul aybandar bir kunu joop beresiner....

кимден: Улан каяктан: www
24.01.2010 20:23
Кандай кылыш керек эми? ...
жазылган комментарийлердин бары туура, бул бийликти курулай сындоо эмес. Ак-жол партиясында оз алдынча ойлонуп иш кылган бир да адам жок, булар учун биринчи орунда оздорунун майлуу-суттуу депутаттык орду, больной амбициялары турат.
Президент эмне десе да макул болуп, кайдагы бир нерселерди айтып доодуроп чыгышат. Ал эми президентте патриотизм, намыс деген таптакыр жок.
50 жыл деген аябай чон срок да, ага чейин биз - жаш муундар деле аракет кылып, ал жерлерди колдонмокпуз, эгер азыр колдорунан келбей жатса.
анан, ушул жерди арендага бергенде бизге - жонокой элге эмне пайда.
ушул арендный плата ушунчалык маанилуубу? анда ошол тушкон акчанын барын ошол жердин жашоочуларына берсин толугу менен. колдукторго. алардын акысы бар...

кимден: немис каяктан: Германия
24.01.2010 16:57
Казактар менен озбектер Ысык-Колдон жер сурасакбы деген оюлору бар, атугул алардын чон кыялы десек да болот, бирок алар сурай электе эле, биздин аткаминээрлер моментти пайдаланып, озулору биринчи баштап кыргыздын жакшы жерлерин сунуш кылып атышат, эптеп батыраак чон шабашка акча таап ала койоун деген максат менен.
Ал эми озбектерге, казактарга, туркторго, кытайларга, деги эле башка элдерге кудай берип атпайбы, баары билишет кыргыздын чиновниктери ушундай саткын экенин, аларга мындай саткын саясат болгону эн сонун оболго болуп атат да.
Азыркы чиновниктердин болгон ан сезими, тупой акылынын дегээли ушу эле экенин, алардын жасаган кылыктары, иштери айгинелеп турат. Булардын ойлонуп жеткен ой денгеээли ушул, мен биринчи болуп ушул жакшы жерлерди сунуш кыла койоун, башка бир конкурент чиновниктер сунуш кыла электе деп, б.а. менин ордума башка биро келсе, баары бир бул жерлерди сатып ийип чон шабашка жасап алат деген ой калыптанып калган болуш керек.
Же башкачабы? Болсо айткылачы? Бул оз жерине ушунчалык кайдыгерлик мамиле жасаган, эмне деген ан сезим. Ушундай биздин чиновниктердин саткынчылык ойлоруна жол берген, оз жерине наадандык кылган саясатка ким жол берип, ким куноолу болуп атат деп ойлосунар? Ушундай саткынчылык саясат кыргыздын келекчектеги муундарын казактарга менен озбектерге, кытай менен туркторго оз жеринде кул болууга алып барат, ал айдан ачык нерсе.
Азыркы саткын чиновниктерге, ажо баш болуп, келечектеги муундардын тагдырына балта чабылып атканы баары бир экенда.

кимден: KYRGYZ UUL каяктан: DUBAI
24.01.2010 13:40
Жакында мен ушул манкурт жетекчилердин кылык-жоругунан журок оору б-п ОЛУП калчудай сезилет. Ыссык-Колдогу жерди берип салган сон журогум ого бетер тилинип кетти, ыйлагым келди.
Колума курал алып, ушул чиновниктерди четинен атып салууга баргым келет.
Кудай астында кыргызым, уй-булом учун мен куноолуу болууга да даяр элем эгер ошондон кийин чындап эле баары озгорулсо.
Эмне кылабыз, айланайындарым, Зимбабвеге жетейин деп калдык го.

кимден: Kg patriot каяктан: Bishkek
24.01.2010 12:29
Gospodin Bakiev u menya est predlojenie.davaite ves kg kazaham uzbekam kitaicam podarok sdelaem. a u vas est kakie to predlojeniya?
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)