Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:57

Кыргызстан

Элдик курултай: талаптар жана тараптар

БЭК уюштурган Элдик курултай апта ичиндеги олуттуу саясий окуялардын бири болду. Курултайда оппозиция бийликке жети талап коюп, аны аткарууга бир жума мөөнөт берди. Бийликтин айрым өкүлдөрү талаптар бийликтин Ынтымак курултайында каралыш ыктымалдыгын айтып жатышат.

x
Текст көлөмү - +

Эки чечим чечим чыкты

Алардын бири Элдик курултайдын туруктуу органынын – Борбордук аткаруу комитетинин түзүлүшү болду. Бул комитетти СДПнын парламенттеги фракция башчысы, депутат Роза Отунбаева жетектеп, элдик бийликти калыбына келтирүү максатын көздөгөн бардык иш-аракеттерди, курултай койгон талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт.


Курултай бул ирет президент Курманбек Бакиев башкарган азыркы бийликке жети талап койду. Алар - электр кубатына тарифтерди азайтуу, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектр” ишканаларын мамлекетке кайтаруу, камакта отурган, жаза өтөп жаткан оппозициялык саясатчыларды актап, бошотуу, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоорду кайра чакыртып алуу, президенттин балдарын, бир туугандарын мамлекеттик кызматтардан бошотуп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик башкарууга киришүүсүн токтотуу, эл аралык шылуун деп айыпталып жаткан Евгений Гуреевич жана анын өнөктөштөрүнө тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүү, сөз эркиндигин, маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү, чектөөлөрдү, коркутуп-үркүтүүлөрдү токтотуу талаптары. Буларды аткарууга 24-март – ыңкылап күнүнө чейинки мөөнөт чектелди.

Оппозиция бул ирет бийликти күч менен кетирүү демилгесин көтөргөн жок. Бирок “эгерде коюлган талаптар аткарылбаса аймактарда элдик курултайларга, эл бийлигин калыбына келтирүүгө камылгалар башталат" деп эскертилди кабыл алынган резолюцияда.

- Мындан башка чечим жок. Эл бийликти колуна алышы керек. Конституция боюнча эл бийликтин жалгыз булагы, - деди БЭКтин жана Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Ошол эле мезгилде курултайдын катышуучулары лидерлерге оппозицияда биримдик болмоюнча эл бийлигин орнотуу мүмкүн эмес экендигин эскертишти:

- Биз, эл, силердин айтканыңар менен ээрчип эле келатабыз. Адегенде өзүңөрдү бышыктасаңар, качпасаңар бири-бириңерден, - деди оппозицияны ынтымакка чакырган курултайдын нарындык катышуучуларынын бири.

БЭКтин негиздөөчүлөрүнүн бири Азимбек Бекназаров курултайда оппозиция бир президентти экинчисине алмаштыруу маселени чечпестигин тарых далилдеди деп, катаны кайталабоого өз өнөктөштөрүн чакырды:

- Урматтуу мекендештер! Биз мурдагыдай кемчилик кетирүүгө акыбыз жок. Бизге кудай дагы, эл дагы андай укук бербейт.

Оппозиция чыйралды

Он биринчи Элдик курултай ар кандай себептер менен бири-биринен окчундап кеткен оппозициялык күчтөрдү, жарандык коомдордун айрым бөлүгүн президенттик шайлоодон кийин алгачкы ирет кайра чогултуп отурат. Мурдагы курултай былтыр 25-апрелде өтүп, анда президенттикке бирдиктүү талапкер катары Алмаз Атамбаев менен мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду көтөргөн. Ал эми БЭКтин дагы бир таасирдүү мүчөлөрүнүн бири Темир Сариевдин президенттик шайлоого талапкер катары өз алдынча кетиши кийинчерээк анын партиясынын кыймылдын курамынан чыгышын шарттаган.


Президенттик шайлоого аралаш, андан кийинки нааразылык акциялары, кармоолор, камоолор, оппозициядагы жоон топ таасирдүү саясатчылардын чет өлкөлөргө баш калкалап кетиши, Балыкчы, Петровка окуяларынын айланасындагы соттук териштирүүлөр, Исмаил Исаковдун соттолушу оппозициянын алсызданышына алып барган.

Президенттик шайлоодон кийинки Баш мыйзамды, административдик башкарууну реформалоо жаатында президент Бакиевдин аракеттери, мамлекеттин стратегиялык “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектр” ишканаларынын сатылышы, эң башкысы - электр кубатына жана жылуулукка баанын кескин кымбатташы, таза саясатчы саналган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга камалышы элдин нааразылыгын жаратып, Алайда, Нарында, Бишкекте эл көчөгө чыкты. Ал өз кезегинде оппозициянын чыйралышына өбөлгө түздү. Президенттин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиевге ылым санаш саналган, Кыргызстандын каржы иштери боюнча кеңешчиси Евгений Гуреевичти Италия соту шылуун деп айыптап, камоого чечим чыгарышы азыркы бийликке макул эместердин саясий күрөшүн курчутту:

- Элдин байлыгын талап атышса биз кандай көз карашта болушубуз керек? Акаев уурдап, талкалап, жетишпей калгандарын Бакиевдер тоноп атат. Заңгыраган кендерибизди чет өлкөлүктөргө сатып атышат, толгон-токой жерлерибизди кошуна мамлекеттерге ижарага берип атышат, элибиздин канын кактабай соргон талоончуларды өлкөгө ээн-эркин киргизип атышат. Кыргызстандын эли чындап келсе жылаңач калды. Өзүнүн алтыны да жок, көмүрү да жок, энергетикасы да жок, экономикасы да жок, - деди уюштуруу комитетинин төрайымы, депутат Роза Отунбаева Элдик курултайда.

Элдик курултайдын алдында бийликти жана анын саясатын колдогон тарап элди удургутуп атат, ашынган аракеттерге барууда деп оппозицияны сындашты.

- Эгерде митинг уюштургусу келсе оппозиция ороп-чулгап, Элдик курултай деп, элдин башын айландырбай, ачык эле силерди митингге алып чыгабыз деп айтыш керек. Бүгүнкү күндө базарлардын бардыгын кыдырышып, Алматыдан бери элди келгиле деп чакырыкты, кудум ушу БЭК кылып атат. Бул эртеңки тополоңго даярдыгы булардын. Элди мыйзамсыз кадамга барууга аргасыз кылып атышат. Өнүктүрүү фонду эки-үч күн мурун эле Гуреевич боюнча өзүнүн маалыматын берген ал киши менен бүт келишимдер үзүлгөндүгү жөнүндө. Муну артынан сөз кылуунун кереги жок
, - деген Жогорку Кеңештин 11-марттагы отурумунда “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов.

Оппозициянын Элдик курултайы Ала-Тоо аянтында да, спорт сарайында да, улуттук филармонияда да өткөн жок. Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү жүрүшү да болбой калды. Бишкек шаар бийлиги буга уруксат бербеди. Элдик курултай Социал-демократтар партиясынын кеңсеси жайгашкан Медиа-форумда өтүп, ага 5 миңдин тегерегинде киши катышты деп болжолдонду.


Элдик курултайга бийлик эмне дейт?

Оппозиция уюштурган курултайдын талаптарын бийик даражалуу расмий жетекчилердин ичинен биринчи вице-премьер министр Акылбек Жапаров "Азаттыкка" берген интервьюсунда ультиматум катары баалап, мындай жолдор менен проблемалар чечилбестигин белгиледи. Ошондой эле оппозицияда жогорку бийликти көксөп тургандар бар экенин, бирок аларда экономикалык программа жоктугун кыйытты.  Анткен менен тартип коргоо кызматтары Элдик курултайда кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берилгендиги тууралуу маалымат тараткан жок. Тартип бузуулар катталбагандыгын Президенттин катчылыгынын маалымат кызматынын башчысы Алмас Турдумаматов да “Азаттыкка” тастыктады:
 

- Бүгүнкү акция менимче тынч өттү. Мыйзам чегинде өттү. Ал жерде айтылган маалыматтар боюнча менде толук маалымат жок. Эгер бардыгы мыйзам ченеминде болуп, кайрылуусу, резолюциясы бизге жөнөтүлсө болсо биякта каралып көрүлөт.

Курултайдын эртеси уюштурган маалымат жыйынында Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимканов оппозиция чечимдеринин айрымдарын кубаттады:

- Мен кечээки курултайдын талаптарынан эки нерсесин колдойм. Өзүм дагы биздин ынтымак курултайыбызда айткан атам. Бул тарифтердин көтөрүлүшүн кайра карап чыгыш керек. Мен Давыдов (Энергетика министри Ильяс Давыдов-ред) менен сүйлөшсөм 25 тыйын гана кошулган эсеп берген экен, бирок премьер-министрибиз өзүнүн бизнесмендиги менен жанагинтип 1 сом 50 тыйынга чыгарган опурталдуу жолго барыптыр. Анан экинчиси “Түндүк электро” менен “Телекомдун” сатылышын менимче президент өзүнүн жардыгы менен токтотуп, ушу коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын, оппоненттерибиздин тыкыр көз карашы менен кайрадан карап чыгышы керек бул маселени.


Бийлик өкүлдөрүнүн ушундай илбериңки билдирүүлөрүнөн улам коомчулукта бийлик оппозициянын жаалын жумшартуу камын көрө баштагандыгы боолголонууда. Өлкөнүн ичинде да, эл аралык коомчулукта да өзүнө пайдасыз жагдай түзүлүп турган шартта азыркы бийлик чынында эле бир катар чегинүүлөргө барышы мүмкүн деген божомолдор азыр күч. Президент Ынтымак курултайынын капшабы менен биринчи кезекте тарифтерди төмөндөтүүгө, сатылды деп саналган эки ишкананы кайра мамлекетке кайтарууга барышы мүмкүн деп жоромолдонууда.

Ошентип оппозициянын талаптарынан бийлик кандай тыянак чыгарат, талаптар толук аткарылбай калган шартта оппозиция кандай саясий жүрүш жасашы мүмкүн деген суроолорго азыр жооп издегендер аз эмес.

Курултайлар таржымалы

Бул арада эл оозунда кубалашкан курултайлар элди экиге бөлүп салды деген пикирлер жашап жатат. Буга “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова да кошулат:
 

- Негизинен элди экиге бөлүп койду. Элди эле эмес, журналисттерди, гезиттерди, бардыгын экиге бөлүп койду. Элдин бир бөлүгү оппозицияда, бир бөлүгү бийликте, ал эми көпчүлүгү ортодо болот дегенди эки жак тең түшүнгүсү келбей турат. Дээринде Элдик курултайдын болгонун мен колдойм.

Талдоочулар курултай элдин пикирин угуп, идеяларды чогултуп, демилгелерди ишке ашырууну шарттай турган таасирдүү коомдук институтка айлангандыгын айтышууда. Элдик курултайдын алгачкы уюштуруучуларынын бири, “Ата мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөн Чотоновдун пикиринде Элдик курултай коомдук-саясий турмушка элдин үнүн угузуучу оппозициянын же башка күчтөрдүн жаңы трибунасы катары кирди жана анын кудурети артып баратат.


Эгемендик жылдары оппозиция түптөп, он бир жолу өткөргөн Элдик курултайлардын таасирдүүлөрүнүн катарында Аксы окуясын талкуулап, элдик сот өткөргөн 2002, 2007-жылкы, Ош облусунда элдик бийлик орноткон 2005-жылдын 18-мартындагы курултайлар аталып жүрөт. 18-марттагы бул курултайдын башында ошол кездеги оппозицияны жетекчиси Курманбек Бакиев баштаган саясатчылар турушкан.

2002-жылы Бишкектеги менчик үйлөрдүн биринин короосунда бийликке нааразы чакан топтун жыйыны өтүп, ал оппозициянын биринчи курултайы деп аталган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.03.2010 21:25
БУЛ БИЙЛИК АЛДОО ЫКМАСЫН СОЗСУС КОЛДОНОТ,ТАРИФТЕРДИ БУГУН ТУШУРУП ЭРТЕН КАЙРА КОТОРУП АЛАТ.ДЕГЕЛЕ АЧЫГЫН АЙТСАК ЭЛДИК БИЙЛИК ОРНОМОЮН,ОЛКО ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА ОТУП, ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТ ЖОЮЛМАЙЫН ОНОЛБОЙБУС.ЭРТЕН БИЙЛИК БОЛОР БОЛБОС УСТУПКАГА БАРЫМЫШ БОЛУП КОЙСО,ПАЙГАМБАР БАРЫНА АСЫР ДЕП ОТУРУП КАЛСАК АНДА КЕЛЕЧЕК ТУРАЛУ АСЫЛ ОЙЛОРДУН ОЛГОНУ.ЖАНЫ ТУЗУЛГОН ЭЛДИК УЮМ КЕЛИШПЕС ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРИШИ ЗАРЫЛ.КУРУЛТАЙДА КОЮЛГАН 7 ТАЛАПКА ТОЛУКТОО ИРЕТИНДЕ КИРГИЗИШСЕ БОЛМОК, ЭГЕРДЕ ТАЛАПТАР ТОЛУК АТКАРЫЛБАСА КУРОШ ТОКТОБОЙТ ДЕП, ЭМНЕГЕДИР ЖУМШАКТЫК КЫЛЫП КОЮШТУ,ЭРТЕНКИ КУН БУДОМУК БОЙДОН КАЛДЫ

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
20.03.2010 18:32
Бул макаланы окуп алып айран-тан калдым: баалар арзандашы мумкун, жанагы олуттуу ишканалар сатылбай калышы ыктымал деп Эшимканов кыйытыптыр. Сатпаса акыбалыбыз чатак деп окмот башчыбыз агынан жарыла берип, "жарыла" турган жери да калбай калды эле. Кана эми сатылбай калса?... Бирок, эгер сатылбаса озубузго калса, бул тармактарды реконстукциялап алууга озубуздун кучубуз жетеби? Чынын айтсам, жетмек тугул, ашып кетет...
Кээде ойлоном, менмин деп кокурогун каккан 10 эле миллионерибиз мунасага келип, Атажуртка садака иретинде чонтогунон 100 млндон акча чыгарып, ашар жолу менен бул тармакты жанылап койгондо эл-журттун чексиз алкышына ээ болмок. Элибизге экономикалык гана кызмат корсотпостон, моралдык-психологиялык, керек болсо идеологиялык да улуу революциянын жаратманы - Алтын адамдар болуп кыргыздын тарыхында калмак. Кун санап жакындап бара жаткан акырет жашоосуна (о дуйносуно) туболук озу учун кызмат кылуучу кереметтуу, эн бир кооз, эн бир жылуу орундугун белендемек. Ка-ап, бул изги тилектин чын турмушка ашарына азырынча ишенуу кыйын...

кимден: ураан манас каяктан: зл-арасынан
20.03.2010 17:38
Бул Улуу Лениндин"Детская болезнь левизны" деген змгегинде"не владея всеми средствами борьбы, мы можем потерпеть громадное - иногда даже решающее - поражение...». Элдик курултай (Ленин аныктагандай ) жетекчилери деген масса катмары менен эн тыгыз байланышта болгондо (чечиминде кабыл алынгандай), тушундуруу иштерин эл арасында - студенттердин, калктын калын катмарына жеткирип, эн мыкты уюштуруучулук болгондо гана ЭЛДИК КУРУЛТАЙ КОЙГОН 7 МАСЕЛЕ- ЧЕЧИМДИ ИШКЕ АШЫРУУГА БОЛОТ. (ТЕКЕБАЕВ О.жана САРИЕВ.Т АЙТКАНДАЙ ЧЫНДЫК КАЛК ТАРАБЫНДА АЛБЕТТЕ ) ЭН НЕГИЗИ ОППОЗИЦИЯ, ЧЫНДАП ЭЛЕ ЭЛ УЧУН КУЙГОНДОР АЛА-КУЛА БОЛБОЙ, ЫНТЫМАККА КЕЛИШИП, КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БУГУНКУ ЖАНА КЕЛЕЧЕК ТАГДЫРЫ УЧУН ЖАН АЯБАЙ КУРОШКОНДО КАНА АЛДЫГА КОЮЛГАН МАКСАТ ИШКЕ АШМАКЧЫ!

Биз ынтымак курултайында абройубуз бар, ал-бул дейбиз, президентке айтабыз дешип оздорун жана элди алдап атышт дежур картборулор! Бийлик озуно эн ынгайлуу чечимди дежурлар аркылуу кабыл алышын боркунордой коро бергиле. (Балага эмчек салгандай азын оолак олумуш чечим болушу мумкун). Бийликтин чечими 5-жыл мурда эле Анвар ака пул коп экен, баары бизга жетеди деп, маныроо элди башкарган укукка ээ болдум деген ( маркум ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ айткандай) мезгилде эле чечилип калган экен! Ошондуктан айланайын ЭЛ-ЖУРТ бул бийлик элди тентитет, оптом и в розницу сата баштады.Жапа -тырмак ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ЧЕЧИМИН КОЛДОЙЛУ!

ДУЖУЛОРДУН КУРУЛТАЙЫ ЖОГОРУДА АЙТЫЛГАНДАЙ 5 ЖЫЛ БИЙЛИК ТАЛАП -ТОНОСО, ЭМИ АНЫ УЛАНТЫП КОНСТИТУЦИЯДА ЖОК БИЙЛИГИН УЛАНТМАКЧЫ БОЛУП ЖАТКАНЫН КОЛ ЧААП КУБАТТАП БЕРИШМЕКЧИ! ОШОН УЧУН ЖАШАСЫН ЭЛДИК КУРУЛТ АЙ, БУТКУЛ КЫРГЫЗ ЭЛИМ, АЧ -ЖЫЛАНАЧ КАЛСАК ДА АТА-МЕКЕН ЫЙЫК АЛА-ТООНУ САКТАП КАЛАЛЫ ,УРПАКТАРЫБЫЗГА БУТУН, ОНУККОН МЕКЕНДИ ЖЕТКИРЕЛИ УРПАКТАРЫБЫЗГА БУТУН, ОНУККОН МЕКЕНДИ ЖЕТКИРЕЛИ! Акыйкат-чындык кыргыз жеринин чыныгы ээси, КЫРГЫЗ ЭЛИ тарабында! Биригели «МАНАС ДЕП УРААН ЧАКЫРЫП»элдин, жерибиздин келечеги учун!

кимден: нурлан каяктан: ош
20.03.2010 14:55
Бакиевтер кетмейинче эч онолуу болбойт, анткени булар жалганчы бийлик. Бугун тарифти тушуруп, кайра эртен которуп койот. Менимче кеткени дурус.

кимден: руслан каяктан: Чуй
20.03.2010 14:21
Менимче Эшимканов жон суйлоп жатат, анткени шамал кайсыл жакка соксо ошол жака оой берет экен. Кантип эле тарифтерди, электр энергия сатылганын Усонов озу чечсин. Мунун баарына Эшимканов эрчип жургон эрке бала кылды. Оппозиция бийликти колго алыш керек, калганы, олкону кризиске алып келгендер баары тийешелүү жазасын алыш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)