Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:01

Саясат

Э.Каптагаев: Элдик курултайда олуттуу маселелер көтөрүлөт

17-мартка белгиленген Элдик курултай, анда көтөрүлө турган маселелер, саясий абал, бийлик менен оппозициянын тиреши тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Эмил Каптагаев “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
- Эмил мырза, оппозиция 17-мартка Элдик курултайды чакырууну белгилеп жатат. 17-февралда бийликтин Ынтымак курултайын уюштуруу комитети оппозиция өкүлдөрү да ага президенттин квотасы аркылуу делегат болуп катышуусу мүмкүн экенин билдирди. Сиздерден кандай жооп болот?

Эмил Каптагаев: Бул курултайга катышууга эч негиз жок. Анткени курултай эмне максат менен чакырылып жатканы белгисиз. Башында Ынтымак курултайы деп атаганы менен, ынтымак деген нерсенин өзү бул чоң жаңжал, же чоң согуш чыгып аткан болсо, ошол согушка катышып аткандарды ынтымакка келели деп чакырат.

Ынтымак курултайы деп чакырып атканда делегаттарды аныктоо принциби өзү кызык болуп атпайбы. Биринчиден, өлкөдөгү саясатты аныктап турган Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарын, оппозициянын, саясий партиялардын баарын булар делегат болбойт деп сыртка чыгарып коюшту. Өлкөдөгү саясий кырдаалды аныктаганга түздөн түз тиешеси жок адамдарды чогултуп, кандай, эмне менен ынтымак кылган атканы түшүнүксүз болуп атат.

- Бийликтин акыркы күнү оппозицияны “силер да квота аркылуу делегат боло аласыңар” деп чакырып калышына эмне себеп болду?

Эмил Каптагаев: Эл ичинде аябай көп сөз болуп кетти. Анын үстүнө көп бейөкмөт уюмдар ачык айтып чыгышты, “бейөкмөт уюмдарды чакырбай эле койгула, биздин курултайга катышабыз деген деле ниетибиз жок, анткени эч ким менен чатакташкан жокпуз, бийлик чатакташып аткан саясий күчтөр, партияларды чакырып ошол менен ынтымакка келгиле, ошолор менен ынтымакка келсеңер коомдо туруктуулук, тынчтык болот” деген сөз көп айтылып кетти. Ошондон улам “мына, чакырдык” деген сыяктуу гана иш-чара болуп атат.

- Оппозициянын катышуусу үчүн кандай шарт керек?

Эмил Каптагаев: Курултай чакырылардан мурда анда каралчу маселе так болуш керек. Бир, же эки маселе алып чыгыш керек да, анан “ушул маселени талкуулайлы, келгиле сүйлөшөлү” деген болуш керек.

Экинчиден, курултайга делегаттарды шайлоонун принциби так болуш керек. Азыр “өзүңөрдүн делегаттарды көрсөткүлө, анан биз тандап алабыз” деп айтып атышпайбы. Бул жөн гана элге “оппозициялык саясий күчтөрдү чакырдык, келбей койду” деген шылтоо кылганга гана керек болуп атат. Эмне сөз болорун, кандай тартипте делегаттар шайланаарын билбей туруп биздин делегаттарды киргизип койгула деп бергендин өзү туура эмес болуп калат.

- БЭК 17-мартка өзүнүн курултайын белгилеп жатат. Анда төрткө жакын маселе каралып жатат. Ошолор тууралуу айтып берсеңиз?

Эмил Каптагаев: Биз төрт маселени коюп атабыз. Бул - элдик курултай болот, бул - оппозициянын курултайы эмес, жалпы коомдогу бардык күчтөрдүн жигердүү жарандардын курултайы болот.

Бул жерде азыркы өкмөт жүргүзүп аткан социалдык-экономикалык саясатка байланыштуу, тариф саясаты, кыргыз элинин энчиси, байлыгы богон объектилерди талап-тоноп сатып аткан маселе, Конституцияны өзгөртүү, мамлекеттик түзүлүштү кайсы жакка алып баратканы жөнүндө маселе, анан азыркы өлкөдө кеңири жайылып бараткан саясий репрессия маселеси каралат. Мына, ушул төрт гана маселени биз курултайга коюп, ушуга карата элдин пикирин, мүдөөсүн, тыянак чечимин көрөлү, ошону коомго алып чыгалы деп турабыз.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Neitralaaly-га жооп каяктан: Бишкек
19.02.2010 23:39
Neitralaaly, анда сен бийликке барып жакшылап кызмат кыл. Элдин каргыщына калсан да, элди уруп-сабап, токмоктоп, элден чогултулган налогдорду уурдап жеп, курсагынды тойгузуп, борсоюп семирип ал.
Оппозицияны жамандап "ырдап берсен", бийликтегилер сага "кет" деп айтпайт эч качан. Сени дароо озуно алышат. Курсагынды тойгузушат. Элди маскаралап, тебелеп-тепсеп, элдин мөгдүрөгөнүн көрүп, жалжандап жыргап жүрө бересин да.

кимден: Neitralaaly
18.02.2010 22:16
Bir jolu chogulushuna baryp, chyndap ele tushunbogon suroolorumdu berdim. Pikiribiz bir az kaichylash bolup chykty ele bul kishi meni: "Senin bizge kereging jok, ket!" - dep kuup jibergen. Oshondon beri oppozitsiaga joloboi kaldym.

кимден: Алайлык Асанга жооп каяктан: Бишкек
18.02.2010 20:41
Айланайын Асан, андан көрө сен Алай элине кошулуп, айыпсыз соттолуп жаткан элдик Генерал Исмали Исаковдун боштондукка чыгарылышын бийликтен талап кылсаң боло. Эгер сен чыныгы Алайлык болсоң.

кимден: асан каяктан: алайдан
18.02.2010 17:56
Оппозиционерлер, Жок дегенде эми акырына чейин турасыңарбы? же дагы шайлоодогудай болуп ат чабыш баштала электе эле чыга качасыңарбы? Бирок шайлоодо кылганыңар үчүн силерди эл кечирбейт го?

кимден: травертин каяктан: россия
18.02.2010 17:34
Абдан туура. гастарбайтерлерден да делегат чакырууну унутпасаңар экен .Сыртта жүргөн кыргыздардын проблемасын элиме төкпөй чачпай турума тууру айтып берели .Роза эже убакыт таап мигиранттардын бир азы менен болсо да жолугуп ал ахвалды уга кетсе болмок .Москвага келгенде .Себеби мигранттардын негизги бөлүгү Москвада.Ишиңерге ийгилик.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине