Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:02

Саясат

Кош курултай: бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө

23-марттагы Ынтымак курултайына жер-жерлерден өкүлдөрдүн көбү шайланып, четтеги эмгек мигранттары менен президент тарабынан дайындалчу 150 өкүл тизмеси тактала элек. Саясий партиялар парламентинин Бишкекте өткөн «тегерек үстөл» жыйынында Ноорузга тушташ өтчү кош курултайда каралчу маселелер, саясий күчтөрдүн мунасага келиши жайында кеп болду.

Текст көлөмү - +

Мунаса болот-болбойт

Саясий партиялардын, биртоп эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйында “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев азыркы шартта мунасага келүү мүмкүн эместигин ырастап, анын себеп-жөнүн мындайча түшүндүрдү.

- Мунаса кылганга бийлик деле аракет кылган жок. Алар ойлоп атат. Биз катуураак сүйлөгөндөрүн коркутуп алабыз. Өтө катуу кеткенин өлтүрүп салабыз. Корккону качып кетет. Ошондон калганы унчукпай баарына макул болуп отуруп берет деп. Мына ушул саясат болуп турганда коомдо туруктуулук, тынчтык, бейкутчулук болбойт.

Президенттик катчылыктын жооптуу кызматкери Темир Жумакадыров Ынтымак курултайы бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктүн ыңгайлуу аянтчасына айланат деген пикирде.

- Биз ошол жергиликтүү деңгээлде кызыкчылык топтордун өкүлдөрүн чогултуп алып биз сүйлөшөлү деген курал кылып атабыз. Ошол жерди пикир алышчу аянтча кылып алып ушундай эле отуруп бири-бирибизге ой-пикирибизди айтып, бири-бирибиз менен сүйлөшүп алалы, деген курал болуп атат.

Саясий партиялар парламентинин жетекчиси Роза Акназарованын пикиринде, түшүнүү үчүн эки тарап бирин-бири угушу абзел.

- Бир тарап эле чогулуп алып баарысы жакшы деген гана сөз болсо анда ынтымакка келбейт. Бири айтып атат, оппозиция эми өзүбүзчө чогулабыз деп. Өкмөтчүлөр өзүнчө чогулса каяктагы ынтымак болгону.

Шайлоонун шайы кеткенде

Эларалык Улуттук демократия институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Скот Кирин жарандык коом менен бийликтин мамиле-катышы шайлоо институтунда көрүнүшү керек эле деген пикирде.

- Эгер өкмөт элдин пикирин билгиси келсе аны шайлоо аркылуу билүү мүмкүнчүлүгү бар. Мен курултайга караганда калыс шайлоо жакшы деп айттым.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эндрю Тесорьер аркыл пикирлердин коомдо жаңырыктап турушу өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө жол ачарын белгилеп, андай өлкөгө инвесторлор да арбын келерине токтолду.

- Курултайдын ийгиликтүү өтүшү, анда аркыл пикирлердин айтылышын эсепке алуу үчүн ага бардык саясий күчтөр жана жарандык коом өкүлдөрү активдүү катышуусу зарыл.

“Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Кыргызстанда таза шайлоо институтунун баркы кеткенден кийин мунаса, ынтымак курултайын чакыруунун өзү Башмыйзамга каршы келерин билдирди. Бийлик демилгеси менен жасалып жаткан иш-чаранын максаты президент К.Бакиевдин жүргүзүп жаткан жаткан саясатын мактоого алуу экенин көрсөттү.

- “Айкөлмүн, мен чакырып атам баарыңарды. Кел отуралы сүйлөшөлү, эмне маселеңер бар” десе, бул башка жөн болмок. Анан тиги Азиза Абдырасулова айткандай пенсионер менен мугалимдерди чогултуп алып туруп анан кийин ошолордун кол чабуусу менен “мен жакшымын” деген бул туура эмес!

Бийлик менен жарандык коомдун, саясий күчтөрдү мунасага чакыруу милдетин аркалап жаткан кезектеги иш-чара оппозиция өкүлдөрүнө каршы кысым күчөп, энергия акысы опсуз көтөрүлүп, “Түндүкэлектр” менен “Кыргызтелеком” акционердик коомдорунун мамлекетке тиешелүү акциялары жарыбаган баага сатылып, ансыз да жону жука калктын чыдамы түгөнүп бараткан чакка туш келүүдө. Ошон үчүн президент демилгеси менен чакырылып жаткан Ынтымак курултайына атаандаш Элдик курултай өткөрүү белгиленүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Барс каяктан: Аксы
19.02.2010 00:34
Ынтымак Курултайы бийликти мактап, оппозициялык күчтөрдүн айткандарын орунсуз, жакшы демилгелерди ишке ашырганга тоскоолдук деп жарыялайт, оппозициянын туура сынына да көңүл бурбайт жана ынтымакка келишибиз керек деген бүтүм чыгарат.
Ал эми Элдик Курултай азыркы бийликтин быкыйын чукуйт да, минтпеш керек, антпеш керек деп, кантүү керектигинин жолдорун көрсөтпөйт жана бийликтин бир да жакшы ишин айтпоо менен элди бийлик угуш керек, болбосо бийликтен кетиш керек деген бүтүм чыгарат.
Эң кызыгы эки Курултай тең элди ойлогон, элге күйгөн болумуш болуп, чындыгында элдин тагдырын эмес, өз керт баштарынын кызыкчылыгын ойлошушат.
Биринчиси бийликти кармап калуу үчүн, экинчиси бийликке жетиш үчүн гана жан далбас кылышат-ов!..

кимден: Известняк каяктан: россия
17.02.2010 16:34
Бир күн болчу курултайда кайсыл маселени карап үлгүрөт Кыргызстанда толгон токой проблема. Бир кун убактында баарын санаганга да убакыт жетпейт .Чынында Кыргыздар бири бири менен согушуп жаткандай Ынтымак курултайы дештин зарылчылыгы барбы.Ал эми оппозиция бул закон ченемдүү көрүнүш Курултайга чейин болуп келген андан кийин да боло берет.

кимден: патриот каяктан: Аксычы
16.02.2010 21:43
БАКИЕВДИН КУРУЛТАЙЫНА ЭЛ ИШЕНБЕЙТ. БАКИЕВ ЭМИ ӨЗҮН ӨЗҮ АЛДАЙ БАШТАДЫ.

кимден: Жигит каяктан: ОШ
16.02.2010 19:37
Мен БЕКтин курултайына ишенем. Чынында алардын курултайы заарык болуп жатат. Чындап эле кымбатчылык, Тундук электро сатылып, телеком сатылып, жатат. Ананда Бакиев Мыйзамды сылабайт. Ынтымак курултайы Мыйзамда жок нерсе. Аны ал озу ойлоп таап алды. Эгер БЕктин курултайы болсо мен акча кетирип болсо дагы барат элем.

кимден: Алым каяктан: Бишкек
16.02.2010 17:14
Эмне Кыргызстанда жарандык же уруу уруу согуш болуп жатабы? Ынтымак курултай дебей башкача эле атабайбы,бийлике караганда оппозиция Элдик курултай деп жакшы айтып жатышат,кудайга шүгүр Кыргыз эли ынтымакта эле жашап жатат жана жашай берет бийликти башкарган үй-бүлө бири бири менен тытышса бийликти талашып ,булар ойлойт окшойт элдин баары ынтымаксыз жашап жатат деп.БЕкти колдоп берели Ынтымактуу Кыргызстаным.

кимден: Дуйшон каяктан: Аксы
16.02.2010 17:06
Бийликтин курултайына жалаң Ректор Деректор Айыл өкмөт зам Аким ушулар бир нерсени чындыкты айтарын ишенбейм БЭКтин курултайын элдик десек болот анткени ушулар чыныгы элдин көйгөйүн айтып жатат.

кимден: Мирлан каяктан: Чуй
16.02.2010 16:58
Мен Бийликтин курултайына ишенбейм,БЭКтин курултайына ишенем Кыргызстандын жараны катары ошого катышам.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)