Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Жогорку Кеңеш Транзиттик борбор боюнча келишимди жактырды

25.06.2009

Кыргыз парламенти бүгүн 75 депутаттын добушу менен Кыргызстан менен АКШы өкмөттөрүнүн “Манас” аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишимин ратификациялады. Добуш берүүдө 5 депутат калыс катары калып, каршы добуш болгон жок. Жалпысынан добуш берүүгө 80 депутат катышты.

Парламент бүгүн Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтү 22-июнда кол койгон “Манас” аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишимди карады.

Келишим тууралуу депутаттарга маалымат берип жаткан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан мындай келишимге улуттук кызыкчылыгына жана региондогу коопсуздук кырдаалына жараша барганын билдирди. Министр Пакистан жана Ооганстандагы кырдаал жалпы регион коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын белгилеп, анын эпкиндери Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө байкалып жатканын ачыктады.

15-16-июнда ШКУнун жыйынында Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануу билдирилген. Саммитте Ооганстан президенти Хамид Карзай президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүдө Манас аба майданын пайдаланууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Барак Обаманын катында да Манасты пайдаланууга уруксатты улантууга өтүнүч айтылган. Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен, башка мамлекеттердин өтүнүчүн кабыл алуу менен Транзиттик борборду түзүү чечимин кыргыз өкмөтү кабыл алды, деп белгиледи Сарбаев. Ал келишимди ратификациялап берүүгө депутаттарды чакырды.

Тышкы иштер министри ошондой эле америкалыктар менен сүйлөшүүлөр 16-17-июнда болуп, 22-июнда келишимге кол коюлганын, ага чейин сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн айтты.

Талкуу учурунда Коммунисттер фракциясынын башчысы исхак Масалиев Транзиттик келишимге каршы экенин билдирди. Анын айтымында, фракция америкалыктар менен кызматташууга каршы. Ошондуктан коммунисттер добуш берүүгө катышпайт. Ошол эле учурда бир жылдан кийин Транзиттик борбордун кандай иштегенин текшерүү зарыл. Исхак Масалиев эки өкмөттүн келишимине Кыргызстандан тышкы иштер министри, ал эми америкадан элчи кол койгонун айыптады.

Ошол эле учурда деуптат Кабай Карабеков аскердик база менен Транзиттик борбордун эки башка нерсе экенин эске алууга чакырды. Анын айтымында, “Манастагы” аскерий базаны чыгаруу боюнча Кыргызстандын чечими аткарылат. Ал эми Транзиттик борбор түзүүдө Кыргызстан ЖККУ жана ШКУ уюмдарына каршы келген жок. Анткени Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан да транзиттик жүк ташууга уруксат берген. Алардын катарында Кыргызстан баратат.

Ал эми депутат Зайнидин Курманов глобалдашуу доорунда бир багыттуу тышкы саясат жүргүзүү катачылык экенин белгилеп, Транзиттик борбор түзүү тууралуу өкмөттүн чечимин жактады.

Акырында парламент 75 депутаттын добушу менен Кыргызстан менен АКШы өкмөттөрүнүн “Манас” аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишимин ратификациялады. Келишимге эки тарап 22-июнда жетишкен. Кыргыз тараптан келишимге тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, АКШ тараптан Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Т.Гфэллер кол койгон.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Акбар каяктан: РФ
07.07.2009 01:54
КР утту! Көрө албастык кылыш болбойт! Утуу бар!

кимден: Анвар каяктан: москва
01.07.2009 03:04
Эркекче сүйлөшпөдүк беле, бул жагы кандай Урматтуу Бакиевге боло береби? деп Таарынып жатат Медведов. Россиядагы кыргыздарга Океңдердин мамилеси сразу өзгөрдү. "Кидалшики" деп жатышат.

кимден: Allah каяктан: amerika
29.06.2009 04:51
Jogorku kenesh eto proto detskiyi sad, murdularyn chukup izvinaius za vyrojeniya, anan uktap oturup ketishet.Detskiyi sadda da bir nerse kylyshat araket kylyp.

кимден: Мелис каяктан: Ош
26.06.2009 11:01
Жогорку кенешти таркатуу керек кечээ эле кетсин деп алып,анан бугун келсин дегенге жол болсун. УЯТ.

кимден: Санжар каяктан: KG
25.06.2009 14:52
Илгери 1945-жылы 22-июнда фашисттик ГЕРМАНИЯ КЕЛИШИМДИ БУЗУП СОГУШ АЧТЫ ДЕГЕН сөз тарых барагында калды эле, ал эми азыр 22-июнда Кыргызстан АКШ менен дагы бир келишимге кол коюп Россия жана Кытай менен болгон мамилесине шек келтирчү кадам жасады. Айтаарым ушул 2009-жылы 22-июнь дагы алааматтын башаты болуп калбаса эле болгону.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)