Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

А. Атамбаев: Азыркы бийликтен үмүт үздүк

Алмаз Атамбаев, 2009-жылдын 18-июлу. Бишкек ш.

Алмаз Атамбаев, 2009-жылдын 18-июлу. Бишкек ш.

28.10.2009
Бурулкан Сарыгулова

23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча камалган оппозиция тарапкерлери ачкачылык жарыялашына байланыштуу Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди сөзгө тарттык.

- Алмазбек мырза, минтип ачкачылык жарыялоодон бир нерсе чыгат деп ойлойсузбу?

- Кечээ “ушундай ачкачылык жарыялайбыз” деген кабар келиптир. Кайгырып атабыз, анткени мен өзүм дагы сурангам эч нерсе баштабай тургулачы деп, чыдабай кеткен го жигиттер. Анткени такыр эле калыстык, чындык жок болуп атпайбы. Азыркы бийликтен үмүт үздүк деп айтсак болот. Кудайдан эле коркпосо билбейм, мыйзам дегенине карабай эле буйруктарды аткарып атат.

- Баягыда Социал-демократтар ушул маселе боюнча бийлик менен сүйлөшүү аракеттерин жасап атышты эле. Ал эмне болуп атат?

- Роза Отунбаева (президент) Курманбек Бакиев менен жолугуп сүйлөшөм деген. Бирок кандайдыр бир оюндар болуп кетип, жолукпай калышты. Мүмкүн ошондон бир натыйжа чыгат беле. Берки ортомчулар менен сүйлөшүү деген болбогон нерсе да, билебиз да Кыргызстанда баардык нерсени үй-бүлө чечет. Менин кайгырып атканым, күнөөсү жок балдарды жөн жерден эле ушунча айдан бери кармап, кордоп атат. Алардын арасында ашказанында жарасы барлар, кургак учук менен ооругандар бар. Бул такыр эле кыянаттык да...

- Сиз ишти мыйзамдуу карап, мыйзамдуу чечүүнүн кандай жолдорун көрүп атасыз?

- Мен биринчи сотторго бардым. Ал жакта мыйзамдын жыты дагы жок, зөөкүрлүк бар, жөн эле күчкө салган бир нерсе бар. Билесиңер да, Балыкчыдагы окуя деп атат, окуя кандай болгон? Шайлоочулар мыйзамды такыр эле бузуп атасыңар деп шайлоокомго, мэриянын алдына барганда эле чыга калып автомат менен өйдө көздөй атканда, эл тарап кетти да, эч нерсе болгон эмес. Бир айнек сынган эмес, бир нерсе болгон эмес. Эми РИИБинин башчысы “чыпалагымды Кадыров сындырды” деп атат. Мен ойлоп атам мүмкүн өзү бирөөлөрдү уруп атып сындырып алдыбы деп. Эч нерсе болгон эмес. Анан бирок ушунча киши түрмөдө отурат. Арасында абдан оорулуу адамдар отурат. Бул бийлик бийликпи, же такыр эле уяты, намысы жок адамдарбы деп ойлоп атам ачык айтканда. Мен Башкы прокурордон сурандым, анчалык болсо мени эле камап салбайсынарбы, буларды эмне камап атасыңар деп. Такыр күнөөсү жок, арасында кээ бирлери жөн эле түшүп калган, жөн эле баратып, бирөөсү кандай келгенимди билбейм деп айтты. Мас абалында түшүп калыптыр.

- Эгерде бул маселени президент киришмейинче чечилбейт деген пикир туура болсо, сиз ушул маселени чечүү үчүн президент менен жолугуу аракетин көрөсүзбү?

- Албетте, бул маселе боюнча жолугушуу үчүн БЭК 11инде эле чечим кабыл алган. Баягыда Бекназаров деле айтпадыбы жолугабыз деп. Бирок ортомчулар менен жолуккандан пайда жок. Биз билебиз, бул маселенин аркасында үй-бүлө турат.

- Ошондон кийин кайра сиздер аракет кылып көрдүңүздөрбү, же президенттик администрация тараптан кандайдыр бир сөз болдубу?

- Билесиңер го, администрация баш прокурор менен, президенттин өкүлү менен сүйлөшкүлө деп атып атпайбы биздин депутаттарга. Президенттин өкүлү эмне чечет. Баш прокурор деле жаман эмес киши, ал эмне чечет. Чече турган кишилер жашынып алып буларга буйрук берип коюп отурбайбы. Бизде азыр өкмөт, же сот, же прокурор эч нерсе чечпейт да.

- Балыкчы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде башкы күнөөкөр катары саналып жаткан ЖК депутаты Кубанычбек Кадыров чет өлкөгө чыгып кетти деген маалыматтар айтылып атат да. Сизде кандай маалымат бар Кадыров боюнча?

- Мен ачык айтайын, мен деле ошентип уктум. Албетте биз ал бала менен сүйлөшкөнбүз, мен айткам кеткениң туура эмес деп. Бирок сотко катышкандан кийин мен ойлоп атам мүмкүн туура кылды деп. Анткени бизде сот деген жок экен да. Сот деген бизде азыр таптакыр эле жок болуп калыптыр, бир киши отурат соттун киймин кийип алып...

- Сиз ачкачылык жарыялап аткандардын акыбалын билүү үчүн Караколго барууга, же кандайдыр бир жолугушууга аракет жасадыңызбы?

- Бизде алар менен байланыш бар. Суранып атабыз кармабай эле койгулачы деп. Кечээ да сурандык. Алар айтат биздин кайрылууну чыгаргыла деп. Аларды да түшүнсө болот да, эч кандай күнөөсү жок адамдар түрмөдө отурса ушунча айлардан бери. Анан атайлап албетте баралы деп атабыз. Жакында үй-бүлөлөрүн кыдырып ун, кант, күрүч, майларын таратып бердик. Билесиңер, ЕККУ да мыйзам бузуунун баары бийлик тарабынан дегендей билдирген, анан ошол бийлик тарабынан бузууларды жасагандарды камабайбы анчалык болсо. Жөн эле жүргөн бир байкуш дыйкандарды камап, кордоп, бул бийлик зөөкүрлүк кылып атат.

- Ачкачылык жарыялап аткандарга жолугуу мүмкүнчүлүгү барбы сизде?

- Албетте мени киргизбейт, мен депутат эмесмин, статусум жок. Бирок эптеп-септеп байланышып атабыз. Токтоткула деп суранып атабыз. Мен айткам дароо эле ачкачылык деген болбосун, анткени бизге силер тирүү керексиңер деп. Айтып атпаймбы, арасында кан кускандар, кургак учук менен ооругандар бар. Эми билесиңер, бийлик добушту, жеңишти уурдап алды. Атамбаев өзүнүн талапкерлигин алды деп шак эле, ачык эле алды. Ошону менен тынчып жыргап отура бербейби...

- Маегиңизге рахмат.


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.



"Азаттыктын" архивинен.     Тасма:    Оппозиция жөө жүрүшүн токтотту

ИИМ менен Баш прокуратуранын эскертүүсүнөн улам оппозиция жөө жүрүшүн токтотуп, Балыкчыга лидерлер гана бара турган болду. Алар 23-июлда, президенттикке шайлоо күнү Балыкчыда камалгандарды дароо бошотууну бийликтен талап кылууда.  2009-жылдын 30-июлу.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Акбар каяктан: Бишкек
04.11.2009 23:40
Жаш сайсатчыга!Биринчиден каалооңо рахмат!Экинчиден мен саясатчы эмесмин.А кыргыз элимди апамды кандай жакшы көрсөм,ошондой көрөм!!!А сага калаймын ден-соолук,ишине ийгилик,ал жакта мыкты окуп,билим ал!Кыргыздын сыймык жигитинен бол,биз да сыймыктанып жүргөн-ушуну каалаймын!!!

кимден: Ынтымак каяктан: РФ
04.11.2009 23:14
Жалын, Элберди ондогон балдар эл кандай жашап атышканын билишпейт (менин оюмча байдын эле балдары бекеринен америкада жүрөбү), өзгөчө түштүктө. Россияда дээрлик 98 % түштүктөн, жыргаганынан ушу жакта жүрүшөбү черный, третий сорт болуп.

кимден: Ынтымак каяктан: РФ
04.11.2009 22:58
Кыргыздардын (азыркы) ушунусу жаман да бири бири менен айтышып, майдачылданып, ушул моменте акырындан кыргыздын байлыктарын ташып жатышат. Жерибизди талап атышат. Алтынды эшке ташып калганы чөнтөккө кетип атат. Опозиционерлердин көбүнчөсү колхоздор Бекназаров ондонгондор. Бийликтегилер баары 90% орундарын сатып алышкан. Бакиев келегени коррупция көбөйдү, аны баары билишет. Эмне эле бийлик дегенде жанын беришет??? Жаңы киши керек Атамбаев деле эски обоймадан.Курч, реформачыл, өткүр кошуналар менен жалтактабай сүйлөшкөн. Өзүнүн позициясын бербеген, ар бир кыргыз үчүн өлүп берген. Ишениш керек баары жакшы болот. Бирок кечигип калбасак эле болду. Унутпагыла убагында кандай империя болгонубузду.

кимден: Ынтымак каяктан: РФ
04.11.2009 22:28
Бийликте иштеп жаткандын баары билимсиздер. Эмне кылып жаткандарын өздөрү билбейт. Эптеп эле бийликте тырмышып калуу. болушунча ставкаларды алып баюуу. Бакиев болсо өзүнчө тема контроль жок баары өз билгендерин кылып жатышат. Жайкап коюп, колтукка кирип алышып. Кыргыздын келечегин ойлогон эч ким жок. Жеке кызыкчылыгы үчүн бири бири менен айтышып. Бийликтегилер Кыргыздар кандай калк болгонун билишеби. Башка улуттар жамап жазгап калпта болсо өз тарыхын жазап атышат. Кыргыздын бийлигиндеги таш мээлер таратып чачып жатышат. Кыргызды дүйнө баары билет деп төш кагып жүрүшөт, эч ким билбейт!!!

кимден: Жаш саясатчы каяктан: USA ,Los Angeles
04.11.2009 14:26
Мен атап кеткен сөздөрдү, дагы бир жолу атайын кайталайм Адилет Айтикеевге окшогондор жана Акбар дегендерге окшогондорго силер кыргыз элин коркутуп,үркүтө албайсыңар! Кыргыз элин маңкурт кыла албайсыңар! Кечирим сурасаңда Акбар ,ак нийетиңден сурабаптырсың.Кыргызстандын тагдыры силердин аракетиңерден кымбат. Мен Жалын Маматказиевмин, силердин чекистер камайм деп камай албагандар,мага окшогон жигиттерди өлтүрөбүз деп өлтүрө албаган,Дагы кайталайын Адилетке сыйяктуу Шараповго окшогондорду жиберип эч нерсе кыла албаган бийликтин сасык саясаты эмне кыла алат? алсыз бийлигиң эмне кыла алды? Мен бул сөздөрдү айтканга татыктуумун, эмнеге дегенде мага бир да мен колдоп аткан оппазициянын лидерлери мени колдогон жок,кайтып мен колдогон Адилет Айтикеев кийин чекистерге мени сатты жана мени эле эмес башкаларды дагы .Калгандары провакатор окшойт деп тамырга балта чабышкан. Мен аркы дүйнөдөн келгендей болуп азыр силердин көзүңөрдү ачып атам .Тескеринче мен жалгыз кыйынчылыкты жеңип чыктым!Эмнени гана көрбөдүм ,мага болгон окуя мага гана тийешелүү,башкаларга кызыктырбайт деп ойлойм. Мен АКШ да болсом да күрөшүп аткан балдарды эмне болсо да куткарып кеткенге аракет кылам,анткени мен өз башымда саткынчылыкты өткөздүм,бузукулуктуу өткөздүм бир гана ата-бабаларымын арбактары жана кудай сактады!Кыргызстан үчүн күрөшүп атышкан балдарды колдойм..Дагы да жигиттерибиз чыга берет ,мен мага жагынган балдарды эмес,мен таныбаган демократия үчүн күрөшкөн балдарды колдойм ! Ну Акбар давел ты меня до правды. Akbar,you are not a good man, your power varuet and you like a criminal to help them! Do you understand me!

кимден: Акбар каяктан: РФ
04.11.2009 02:13
Жалын М.,Кыргызмын дегендерге-саясатты түшүнбөй,элдин башын айландырбай эле койгула!!!

кимден: Жаш саясатчы каяктан: Kg
03.11.2009 23:43
Менимче" бул жакшы ,тиги жаман" деп оппазицияны болгонубуз туура эмес жана жамандаган туура эмес ! Кептин баары МАКСАТТА жатат,Мисалы: жөн эле " Мен кызматан кетип калдым ,мына эми көзүм ачылды бул бийлик жаман экен" дегени жана "Мен бийликке келсем(кызматка отурсам) баардыгын кыйратам "дегени бул Кыргыз элине керектүү максат эмес.Кыргыз эли ошондой адамдар кызматка барсын деп атып ,мына азыркы тас кейпибизге келдик.Жалпы айтканда бизге бир адамдын, же бир үй-бүлөнүн,же бир топ адамдардын(элитамын,өзгөчө деп эсептегендер) мафиянын тагдыры кызыктырбаш керек! Бизге кыргыз элине пайда алып келет турган максат кызык болуш керек.Мамлекетин башкаруу системасы өзгөрүш керек.Адам зат Парламентик системадан мыкты системаны ойлоп таба элек,демек бизге парламентик система керек! Эгер жаман адамдар деп сөз менен жамандай берсе "бөлүнгөндү бөрү жейт " болуп жем болобуз!Жаманы болобу же жакшысы болобу ,парламентик системага максат койюп аттанса ,анда колдош керек"Көп түкүрсө көл болот,эл силкинсе сел болот"дегендей чогулуш керек, биригиш керек.Анткени парламентик системаны көздөгөндөр бир адамга эмес,бир үй-бүлөгө эмес,бир топ адамдарга эмес жалпы элге жакшылык алып келет! Анан оппазицияны жамандагандарды азыртан айоосуз мамиле керек ,анткени алар обоондогу аялдар стукачтар,акчага иштеген дежурный кара нийет адамдар. Алар кыргызстандын келечегин ойлобойт жеке өз башын ойлоп келечекти жок кылган атышат!!!!

кимден: Касым каяктан: Ала-Тоо
02.11.2009 20:28
Бүгүнкү бийлик кандай экени белгилүү, бирок оппозицияда кандай адамдар турушат?
Менимче алардын арасында кыргыз элин ойлойтургандар аз окшойт.
Алардын бардыгын 20 жылдык убакыт сынаб - ким экенин тактаб койду.
Булардын бардыгы элдин ичинен чыкан "Батырлар" демек биздин, коомчулуктун да күнөөсү бар.
Менин оюмча эн негизги биздин катабыз: 1)Биз бытыранды болгонубузда, биримдик жок.

2)Биз Кыргыздын баалулуктарын унуттук, билсек да ишенбейбиз, бирок ансыз жашого болобу?
Биздин баатырларыбыз туудай кармаган: АР-НАМЫЗ, АКЫЙКАТЧЫЛЫК, ЧЫНЧЫЛДЫК, МЕКЕНИН- ЭЛИН СҮЙҮҮ деген баалулуктар КАЙДА?

Мен кыргызмын дегендер, айыл, шаар болобу биригиш керек, кыргыздын баалулуктарын бекем кармаш керек, кыргызды өз жеринде сыйлабагандарды- сыйдан алыстатыш керек.
Эгерде бийлик кыргызды коргобой тескерисинче кордоб жатса, андай бийликтин бизге эмне кереги бар????? КЫРГЫЗДЫН БИЙЛИГИНДЕ КЫРГЫЗ ҮЧҮН ЖАНЫН БЕРЕ ТУРГАН БААТЫРЛАР КЫЗМАТ КЫЛЫШ КЕРЕК!!!!!!!!!!

кимден: Жаш саясатчы каяктан: KG
02.11.2009 14:13
Балыкчыдагы окуяга тереңирек ой жүгүртүш керек!Эмнеге Балыкчыда элди камап, азыркы күнгө чейин күнөсүз элди кыйнап атат? Бунун артында бийликтин АРАМ максатары жатат! Биринчиден :Кыргыз эли баш көтөрбөсүн деп,башкаларга сабак болсуууун дегени .Экинчиден:Карапайым элдин башында турган оппазицияны эл эрчибесин жана койдой жоош болуп мал болсун дегени.Үчүнчүдөн:Кыргызстандагы жалпы кыргыз элине тийешелүү болгон байлыктарды ,бир үй-бүлөгө басып байып өздөрү чечип ,өздөрү билгиси келет.Керек болсо ыйык кыргыз жерин оңго-солго акчага тараткысы келет.Атап кеткен бийликтин максаты, эмне алап келет?1) Кыргызстандагы кең байлыктарды чет өлкөгө сатту .2)Кыргыз жерлерин (Манас дастанын)Кытайга сатту.3) Кыргыздын мамлекет катары жойюлат.!!!!Эмне кылыш керек деген ой пайда болот? Биз Кыргыз эли өзүбүздүн макул эместгибизди билдиришибиз керек! Кантип дегенде? "Ачууну ачуу баст "дейт,"Күчтүнү күчтүү жегет" дейт .Мирный митинг аркылуу "Башы башталса аягы табылат" эмеспи.Азыркы болуп аткан Балыкчыдагы зомбулука каршы митингтерди өткөрүү зарыл.Бул жерде оппазициянын башында турган лидерлердин эрки жана каалосу керек! Сөзсүз 100 000 адам катышат дебестен ,кишинин санын максат койбош керек ал буйруганы жараша болот.Балыкчыдагы жигитерибизди куткарып алыш керек.Биз кыргызбыз өжөр калк келебиз ,бизди урса биз тырышып атып өчүбүздү алабыз! Анан арабызда бузукулар бар,көралбагандар бар,кыргыз эли бирикпесин дегендер бар .Алар үрө берет,коркута берет.Жарым жолго барып сатпагыла! Жана коркпогула аткаминерлер! Кыргызда КАЙТ! КАЙТ! Дегени кайтып чабулга деген ураан бар!

кимден: Акбар каяктан: РФ
02.11.2009 04:55
Урматтуу жердештер,Балыкчыда бейкүнөө жаткан туугандар!Кечирип коюңуздар-эгер мен ката сүйлөгөм болсом!!!Анда алардын чыгаруунун кайсыл жолу бар-Бийлик бийликтигини кылып жатса???
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)