Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:06

Саясат

Көчөдө курултайлар, бийлик жанында Гуревичтер...

Кыргызстанда кырдаал курчуп баратканын Нарын, Алайдагы митингдер тастыктап турат. Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөшү Евгений Гуревичтин мафия менен байланышы бардыгы тууралуу маалымат Ак үйдүн чүмбөтүн ачкандай болду.

Текст көлөмү - +
Эгемен кыргыз бийлиги кыска тарыхында эл аралык алдамчылардын колуна жеңил түшүп келет. Эгерде Акаевдин учурунда Бирштейн Кумтөр алтынын алдап кетсе, Бакиевдин учурунда Гуревич жана анын командасы Кыргызстандын ири ишканаларын, финансылык активдерин кокодон алууга жетишти.
  Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон  Ө. Текебаев

Максим Бакиев жана Гуревич командасы өткөн жылдагы президенттик шайлоодон кийин өзгөчө шардана чыгышып, кирешелүү тармактын баарын колуна ала баштаган.
Өмүрбек Текебаев

“Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелекомду” сатуудагы Гуревичтин ролун мындай белгилейт:
 

- Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон, ошонун кеңеши менен 500 миллиондон 1 млрд. долларга чейин турган биздин эки байлыгыбыз, ар бири 500 млн. доллардан жогору турат, бири 3 млн. долларга, бири 40 млн. долларга сатылды. Эмне үчүн Гуревич бизге келди? Гуревич телекоммуникация тарабындагы афераларга маш болгон адис. Булар Италиянын Телекомун 2 млрд. 700 млн. долларга отургузган.

Гуревич жаңжалы, саясий куугунтуктар саясий элитаны биротоло иренжитсе, электр энергиясы, жылуулук, байланышка тарифтердин көтөрүлүшү калың калкты каржалтты. Натыйжада Бишкекте, Нарында тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы эл көчөгө чыгып, ар кандай кыймыл, бирикме, уюмдарды түзүүдө. Алардын каршылыгы 17-мартта өзүнүн туу чокусуна чыгышы ыктымал.

Анткени 17-мартта Элдик курултайда тарифтер менен катар “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы, саясий куугунтук негизги темалардан болмокчу. Бийлик Элдик курултайды өткөрүү үчүн “Спартак” стадионун жана Кожомкул атындагы спорт ордосун сунуштап жатат. Бирок Элдик курултайдын катышуучулары алгач Бишкектин Алматы көчөсүндөгү “Форум” ишканасынын алдында чогулуп, мына ошол жерде чечим кабыл алышы күтүлүүдө.
Абал опурталдуу... Кризис чыгып кетиши мүмкүн.
О. Молдалиев

Саясат таануучу Марат Казакпаев абалдан чыгуу үчүн тарифтердин кайра каралыш керектигин айтса, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институнун жетекчиси Сергей Масаулов өлкөнүн саясий талаасында олуттуу күчтөр пайда болуп жатканын ырастап, бирок бийлик тарифтер маселесин чечүү үчүн аудит жүргүзүп жатканын белгилеген.

Орозбек Молдалиев
Абалдын олуттуулугунан чочулаган бийлик көз карандысыз маалымат булактарын элге жеткирбөө аракетин катуу жасоодо. Маселен, бир нече сайттар тосмолонду, “Азаттык” радиосунун уктурууларын эфирге чыгарбоо аракеттери күчөдү.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы кырдаалды опурталдуу деп баалады:
 
- Абал опурталдуу болуп жатат. Көрүп атабыз. Бул жерден кризис чыгып кетиши мүмкүн.

Дагы бир саясат таануучу Жолборс Жоробеков абалдан чыгуу учүн бийлик сүйлөшүү, калктын таламын канааттандыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек деп, Гуревич, Надель, Генкин сыяктуу адамдардын ишине мындай баасын берди:

- Биздин байлыгыбыз, акчабыз, башка жактан келген акчаларыбыз кимдин колунда, кандай пайдаланылып жатат? Мунун бардыгы абдан ачык элге көрсөтүлүш керек. Анан аны бирөөлөрдүн колуна салып берип, ал кумга сиңген суудай жок болуп...Элдин шорун катырбаш керек.
 Генерал Исаковдун ден соолугу жакшы. Ал  бийлик элге залакасын тийгизип койбосо экен деп тынчсызданууда
А. Бекназаров

Бийлик калктын нааразылыгын басуу үчүн ар кандай жолдорду пайдаланууда. Нарын митингисинин уюштуруучуларын Ак үйдө кабыл алышты.

Абактагы Исмаил Исаковго кылмыш дүйнөсү аркылуу кысым көрсөтүлүп, Алайдагы нааразылык акциясын токтоттурууга мажбурлап жатканы тууралуу сөздөр айтылууда. Исаков менен 11-мартта жолугушуп чыккан Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- Исмаил Исаковдун ден соолугу жакшы. Руху мурдагыдай эле, генералдай. Болгону Исмаил Исаков алайлыктар үчүн тынчсызданууда. Алайлыктар актабаса, чыгарбаса 15-мартта жүрүш кылабыз деп талап кылып жатпайбы. Ошого байланыштуу бийлик элге залакасын тийгизип койбосо экен деп жатат. Ошондон чочуп жатат.

Турсунбек Акун
Акыйкатчы Турсунбек Акун 12-мартта президент Бакиев менен жолугушуу учурунда Исмаил Исаковго байланыштуу маселени козгогонун, эгерде Исмаил Исаков президенттен кечирим сураса, анда аны боштондукка чыгаруу жагын караарын Курманбек Бакиев билдиргенин айтып чыкты:

- Президент менен Исмаил Исаков тууралуу сүйлөштүк. Өлкө башчысы “Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар",- деп айтты

Исмаил Исаковдун, Эркин Бөлөкбаевдин, Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Балыкчыда айыпталгандардын боштондугу Элдик курултайдын катышуучуларынын негизги талаптарынан болуп калмакчы. Аны бийлик угаар-укпасы азырынча белгисиз.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
13.03.2010 23:05
Исмаил Исаковко чейин, Кыргызстандын канча чыныгы патриот кыз-жигиттерин бул бийлик сындырды .Шайлоо кандай бети жоктук менен отту, буга жалгыс Бакиев кунолу эмес. Буга билими эмес кучуно ишенген зокур атка минерлер ( палбандар) . чонток депутаттар Акаев тусуп кеткен система кунолу.Ак кишини кара деп кунологон Сот, МВД ,жетишерлик добуш албаган Бакиевти утту деген ЦИКтет кунолу. Тойдум байдын кызына деп, ачка калсам да жок дегенде уйдо отурмакмын ( бийлике каршы суйлой албайсынарда) ,кызматын СЕКИИН откоруп берип.

кимден: Өзүң бил каяктан: Талас
13.03.2010 20:09
Эгерде Президент чын эле ушинттип айткан болсо анда бул жакшы нерсеге алып барбайт, бул уят Президент өзү билип кетип калса жакшы болот. болбосо ал өзү кантип бийликке келген болсо ошентип кайра кетиши мүмкүн.

кимден: che каяктан: Гондурас
13.03.2010 17:33
Көккөз Бала бизди жарга апарып такады.Эми "итерет"!!Ага Кыргызстандын жана кыргыздардын кереги эмне.Бирдеме болсо баарына түкүрөт да,кайсы бир күнү Англияны көздөй жол тартат.Ал жерде "Блэкпул" (футбол командасы) деген оюнчугу бар.Биз кимбиз?Биз малбыз (быдло)!!

кимден: Эсен каяктан: Нарын
13.03.2010 14:38
Микаэл сен Грузияда жүрүп грузин болуп калыпсың.Атың да грузинче.Кел анда көрө Ата мекенине, кыргыз эле атың менен!

кимден: Акун каяктан: Бишкек
13.03.2010 14:09
А 24.кж,акипрессте эч нерсе жок,баары жакшы деген кабарларды берип жатышат.

кимден: Микаэл каяктан: Грузия
13.03.2010 13:50
Кыйын болду алакандай кыргызга, эмнеси болсо дагы тынч болгула, бийлик менен тирешүү дайыма болуп келген, мындан ары дагы боло берет, Гуревич, Акаев, Бакиев, Текебаев ж.б. баары кетет, эл калат, азыр биримдик керек, калайык калкка.

кимден: Кыргыздын өгөй баласы каяктан: Бишкек
13.03.2010 13:11
“Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар"
Эгерде И. Исаков чын эле күнөөлү болсо кечирим сурап эле кутулса болобу? Анда жакшы экен Бакиев ака, Сен просто адамдын күлкүсүн келтиресиң да. Детский сад! Башка саяасатчыларды элге жаман көргөзгөндөй эле бул сенин дагы бир трюктарыңдын бирөөсү! Кыргыз конститутциясы сенин жана сенин үйбүлөңдүн көңүлү үчүн ишттебейт! Акыйкаттык үчүн иштейт ! Ойлонуп сүйлөсөң боло. Аллах жазаңды берсин

кимден: жетим каяктан: Обл. администрация
13.03.2010 12:55
Что за Ханство, что генерал должен просить прошение что ли, за ЧТО, а ты президент уважаемый на каким основанием ты его отпустишь???!!!! Где же конституция, ай соттордун өкүмү эмне болот. Сен өз билгениңди кылып жатасың президент бүгүн чиновниктердин көбү сени сөз кылып калышты, Эсиң барда этегиңди жап балам.

кимден: synchy omar
13.03.2010 12:32
ushundai saiasiy abal oor bolup turganda kurmanbek bakiyev jok degende massalyk maalymat karajattaryna suroo joop kylyp chygysh kerek. esteshi kerek elden alystap baratat. elden alystagandy el alystatyp salhcu ele. bakiev ofisinde internet bardyr je any dagy okutpai jatyshaby janyndagylar. eptep internet kafege bolso da kirip jok degende azattyk emne jazyp jatkanyn bir karap korchu. eldin aldyna chykchy. akylbek japarovdu narynga jibergen menen ish butpoit. osh menen batkende barardan murda emne bolup jatat olkomdo dep odo turchu ordunan padysha...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 12:28
Kyrzgyzdar kul bolup kalbaylik,minday Gyrevichterge jana ar kanday kuchtorgo.Bul plandari ayabay ishtep bashtadi.Birok Biz turushtuk berishibiz kerek.Kichine ilim,ish jana kuchtorubuz menen.Bul saytka kirip oy pikir alsak bolot bul temaga karata.
http://www.youtube.com/watch?v=uHx16Ryx09M&feature=related
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине