Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:03

Саясат

Алайдагы митингди атчандар коштоп турду

Алай районунун Сопу-Коргон айылында бүгүн генерал Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган митинг өттү. Ушундай эле митинг кошуналаш Бүлөлү кыштагында да өтүп, эки митингге тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милициянын чакан тобу көз салып турду.

Алайда Исаковдун боштондугун талап кылган акциялар 13-январда башталган.
Текст көлөмү - +
Жергиликтүү бийлик уруксат бербегендигине байланыштуу Исмаил Исаковдун тарапкелери Сопу-Коргон кыштагындагы генералдын атасынын үйүнүн короосуна чогулушту. 150дөн ашуун киши, мындан тышкары 20 чакты атчан нааразычылык акциясын Исаковду бошотууу талабы менен башташты.
Сопу-Коргондогу нааразылык, 14-январь, 2010-жыл.

Анда сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыз журтчулугун үй-бүлөлүк режимге каршы күрөштө биригүүгө, ал эми бийликти улуттун Исмаил Исаковдой, Аликбек Жекшенкуловдой, Эркин Бөлөкбаевдей, Сапар Аргымбаевдей тыңчыкмаларын репрессиялоону токтотууга чакырышты.

Ошол эле учурда митингдин айрым катышуучулары 11-январдан бери нааразычылык акциясын улантып жаткан алайлыктардан кабар албагандыгы үчүн Жогорку Кеңешти айыпташты, ага улай парламенттеги жердеш депутаттарын чакыртып алуу маселесин көтөрүштү.

“Ата Мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев бийликтин булагы – эл экендигин баса белгилеп, 2005-жылкы убадаларынан тайып, өлкөдө авторитардык режимди орноткон президент Бакиевге импичмент жарыялоо үчүн кол топтоону акциячыларга сунуш этти.

Ал эми Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитетинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кайрылуудан майнап чыкпастыгын айтып, жер-жерлерде бийликке баш ийбөө акцияларын күчөтүү аркылуу гана президентке, Жогорку Кеңешке таасир этүүгө болоорун кыйытты.
Исаковдун тарапкерлери 14-январда Ош-Эркеч-Там жолун тоскон

Митингдин катышуучуулары соңунда бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылышты.
Ушундай эле маанайдагы митинг Алайдын Бүлөлү кыштагында да өтүп, ага 100гө чукул киши, анын ичинде 60 чактысы атчан катышты. Алар дагы жогорудагы талаптарды кубатташты. Эки айылдагы нааразычылык акциясына тең айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана милиция кызматкерлери байкоо салып турушту. Район акими Алмазбек Осмонов чогулгандар мыйзамсыз кадамдарды жасап жатышкандыгын, алар чектен ашып баратса, чара колдонулаарын эскертти.

Нааразылык жыйынга чогулгандар эмки митингди 10-февралга белгилешип, тарап кетишти. Бул күнү Аскер соту Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын карашы күтүлүүдө.

Мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду 11-январда Бишкек гарнизондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Муну саясий чечим деп эсептеген Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Алайда Коргоо комитеттерин түзүп, 13-январда ачкачылык акциясын башташкан.

Тасмада: Исмаил Исаковдун соттогу акыркы сөзү

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Temir каяктан: Moscow-Alai
06.02.2010 20:33
Болот! сен туура эмес айтасың!Алайдын баары ошол тарыхтагыдай болуп жатат.Азыр ар бир алайлык Абдылдабектей санаа оорусу менен ооруп жатышат Исаков үчүн! Ал эми генералды ата-энесинин,туугандарынын көзүнчө түрмөгө кесип жатат Камчыбектей!Ал эми бийликтегилер сырткы душмандарга шанс түзүп берип жатышат.Эгер Бакиев ойлонсо бизге мамлекетке советтик военный офицерлер!Бизди көрүп Өзбекстанга окшогондор ичинен сүйүнүп жатышат. Кыскасы Бакиев бул жол менен кетсе бизден кийинки муунга Кыргызстанда эч нерсе калбайт!

кимден: nurbai каяктан: ekaterinburg
04.02.2010 21:33
Урматуу алайлык туугандар алдыга койгон максатынар ишке ашсын чындык учун курошуп жаткандыгыныздар учун чоон разычылык билдирем! ак ийилет сынбайт!!!!!!!!!!!!!!

кимден: BOLOT каяктан: OSH
04.02.2010 14:46
ЧЫНЫГЫ ТАРЫХТА ОКУГАН АЛАЙЛЫКТАР АЛАЙДА ЖОК КАЛЫПТЫР,ЭР ЖИГИТ,БААТЫР КЫЗДАРЫБЫЗ РОССИЯДА ОКШОЙТ,150-300 АДАМ ЭМНЕГЕ ЖАРАЙТ,15 000 АДАМ ЧЫГЫП ГЕНЕРАЛДЫ КУТКРЫП АЛУУ КЕРЕК,

кимден: исабек каяктан: кыргызстан
04.02.2010 09:45
Туура эмес иш кылса элде сөз чыкмак. Бул адам туралуу мен бир да терс сөз уга элекмин. Муну биздин жоокерлер да сыйлашат. Ал эми бир кичинекей косягына асылган туура эмес себеби азыркы калган бийликтеги адамдар менен салыштырсак анда алардын кылган иштери үчүн катуу жаза алыш керек. Просто президентти тегеректеген адамдар Исаков туралуу малыматтарды бурмалап туруп жеткирген үчүн туура эмес чечим кабыл алынып калды.

кимден: Керимбек каяктан: Москва
04.02.2010 03:09
Урматтуу алайлыктар,силерге кудай кубат берсин.айбатыңардан кайта көрбөгүлө.Бир аз калды,токун катуулаганда гана,тарыхта,мемиреген эл козголот.Бирок тынымсыз бийликке кайрыла бергениңер.алар үчүн сиздердин чечкиндүүлүгүңөрдүн чектелүү экендигинен кабар.талаптарыңарды кеңейткиле.Эгер Исмаилдин жана башкалардын тегерегинде гана калсаңар жыйынтык чыкпайт..

кимден: Алайлык каяктан: Алай
04.02.2010 01:12
Бийликтегилер чыныгы генерал Исмайыл исаковду тынч коюшса болмок. Кыргыздын эң таза. эң патриот инсанына мындай мамиле жасашса анда Кыргызстандын келечеги жөнүндө сөз кылбай эле койсо болот

кимден: Алайлык каяктан: Алай
04.02.2010 01:11
Бийликтегилер чыныгы генерал Исмайыл исаковду тынч коюшса болмок. Кыргыздын эн таза. эн патриот инсанына мындай мамиле жасашса анда Кыргызстандын келечеги жонундо соз кылбай эле койсо болот

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)