Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:06

Саясат

Курманбек Бакиев: Кыргызстанга кайра барайын деген оюм жок

Учурда Беларустун баш калаасы - Минскиде жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бүгүн "Азаттыктын" кечки түз обосунда суроолорго жооп берди. Экс-президент Убактылуу өкмөт азыр баарын эле Бакиевдерге шылтап жатат, мамлекетти башкаруу алардын колунан келбей жатат деп эсептейт.

Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 23-апрели.

Мултимедиа

Үндү жүктөө
  • К. Бакиев: Кыргызстанга кайра баруу оюмда жок

Текст көлөмү - +
- Сиз мына бир айдай болуп калды алыста жүрөсүз, бирок Кыргызстандан, асыресе кичи мекениңизден кабар алып турсаңыз керек. Ал жердеги окуялар жөнүндө эмне деп ойлойсуз?
14-майдагы Жалал-Абаддагы тополоңдон кийин Бакиевдердин өрттөлгөн үйү, Тейит айылы.

- Кабар алып турам, айрыкча өзүңүз айткандай кичи мекенде болгон окуяны угуп, абдан капа болдум. Мыйзамсыз десем да туура келет. Бирок мындай болот деп эч кимдин да оюна келбесе керек. Ошол жерде 90го чыккан аксакалдын, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин үйүн өрттөшүп, анын күнөөсү эмнеде, же болбосо менден кийинки рамаатылык Жусуп Салиевич, 2006-жылы каза болгон, ал тогуз жылдан ашык салган ошол тамды, там деле чоң бизнесмендердин үйлөрүнөн эмес, баргандар билет, аны өрттөп эмне кылат? Анын күнөөсү эмнеде? Айыл өкмөт болуп иштеген Каныбек Салиевич, ал мен президент болгуча айыл өкмөтү болуп шайланган. Анын күнөөсү эмнеде? Кийинки экинчи мөөнөткө да шайланган, мөөнөтү бүткөндөн кийин ишин тапшырып жумушсуз эле жүрбөдүбү. Ал он жылдан ашык үйүн салган, ага да биз бир туугандары жардам берип салганбыз. Аны өрттөп эмне кылат? Эми башаламан, чаң-тополоң эле болуп атат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деле, жергиликтүү бийликтин башчылары деле элдин камын, мамлекетти ойлобой эле, жекеме-жеке кандайдыр бир эсептешүүгө чыкканбы, билбейм иши кылып...
 Азыр Убактылуу өкмөт эмне болсо дагы баарын Бакиевдерге жүктөй берет. Буларда мындан башка жол жок, себеби мамлекетти башкаруу колунан келбей атат. 

- Ушул жерден биздин бир окурманыбыздын сайтыбызга түшкөн пикирин келтире кетейин Тейиттеги үйлөр жөнүндө. “Мен да ойлойм туура эмес, бирок элдер, чоңдор көрсүн, эмкиси дагы Акаевдин, Бакиевдин артынан кетчү болсо, аны булардан да жаман кылыш керек” деп жазыптыр. Сиздин кабарыңыз бар болсо, кечээ Жалал-Абадда тополоң учурунда дагы эки киши каза тапты, 70тей киши жарадар болду. Убактылуу өкмөт бул жолу да козголоңду бакиевчилер уюштурду деген билдирүү жасады. Сиз буга кандай жооп кайтарасыз?

- Азыр Убактылуу өкмөт эмне болсо дагы баарын Бакиевдерге жүктөй берет. Буларда мындан башка жол жок, себеби мамлекетти башкаруу колунан келбей атат. Бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баардыгын кыргыз эли абдан жакшы билет, кимиси кайсы кызматта, кантип иштеген. Башкаралбай жатпайбы. Элдин камын көрүш керек эле, элди ойлош керек эле. Экономиканы айтпай эле койоюн, канча жыл артка кетти. Мамлекеттин, биздин атуулдардын коопсуздугун камсыз кылалбай жатышат. Коопсуздукту камсыздоо үчүн ошондой тополоңдорду токтотуш керек да.

- Мисалы биздин угармандар, окурмандарыбыздын жазгандарына таянсам, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн атынан акча таратылып жатканын бизге жазып атышат?

- Акча таратмак тургай азыр сурап көрсөңүз, менин бир туугандарым кимиси кайда, кантип жүрөт, баарынын үстүнөн иш козгоп, бардыгы башаламан, бири-бири менен байланышмак турмак, чачырандыда жүрүшөт. Ушундай акыбалда булар акча берип, бир нерсе уюштурмак беле. Ал туура эмес, ал жалган сөз, мунун баардыгы эле калп сөз.

- Сиз жакындарыңыз жөнүндө айтып калдыныз, интернетте Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү делинген тасма жарык көрдү. Сиз балким аны угуп чыктыңыз. Ошол тасмада айтылгандарга ишенсек, уулунуз менен иниңиз төңкөрүш, бийликти алууну пландап жатышыптыр. Сиз алар менен байланышып турасызбы?

- Мен ачык айтып койоюн, бир туугандарымдын бири менен да байланышта эмесмин азыр. Себеби мен билем, эгерде мен бирөө менен сүйлөшсөм, балдарым болобу, бир туугандарым болобу, бирөө менен байланышка чыксам, анда өзүңүз айткан иштердин көбүн мага жүктөшөт. Ошондуктан мен бири менен да байланышка чыккан эмесмин, чыкпай да жатам.

- Ошол тасмада, Максим, биз шефти, мындайча айтканда сизди кайра бийликке алып барышыбыз керек деп атат. Бирок сиз ага "жок" деп, көнбөй жатыптырсыз. Ушул туурабы?

- Мен Кыргызстандан, айылдан чыгып баратканда, Назарбаев жана Путин менен сүйлөшкөндө ушинтип сүйлөшкөнбүз, ушул түндүк-түштүк болуп катуу согуш чыгып кетпесин, эки жактагы эл чабышып кетпесин, мен чыгайын дедим берки кесиптештер менен сүйлөшкөндөн кийин. Бирок эгерде артыман куугунтук кылбай, бир туугандарымдын артынан түшпөй, мамлекетте стабилдүүлүк боло турган болсо, мейли мен Кыргызстандан чыгып кетейин дегем. Ошонун негизинде мен чыгып кеткем. Ошондон бери эмне болуп атат мына?

- Балдарыныз кайда жүрөт, Максим менен Марат?

- Мындай кылалы, азыр балдарымды тим эле койсок. Туугандарымдын абалы өтө оор.
К. Бакиевдин кенже уулу - Максимге Интерпол издөө салган.

- Маалымат тарап кетти да... Максим менен Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсүн азыр кыргызстандыктар да көпчүлүгү эле интернеттен көрсө керек. Ошол иш чын болуп чыкса, сиз аларга айтат белеңиз, токтогула, андай аракетти кылбагыла, кан төгүлбөсүн деп?

- Сөзсүз. Себеби мен айттым, азыр Кыргызстанга кайра бара турганга шарт, мүмкүнчүлүк жок, менин андай оюм да жок. Мен өткөндө эле айткам, бул чыныгы куралдуу төңкөрүш болду. Куралдуу төңкөрүштүн негизинде эч кандай күнөөсү жок балдар каза болду. Ошондуктан убакыт өткөндө баары такталат. Мен ишенем буга толук. Буга бир топ убакыт керек. Балдар өз ара сүйлөшүп, тигиндей-мындай аракет кылып атса, эми алардын мүмкүн ошондой ойлору бардыр, болгон болсо керек. Бирок мен буга өткөндө эле жооп бергем, андай оюм жок деп.
 Бул азыркы келгендер өздөрү демократия деп жүрчү эле, бирок демократиянын жыты да жок азыр.

- Демек сиз аларга дагы токтогула, антпегиле деп айтасыз?

- Сөзсүз.

- Жалал-Абаддагы, түштүктөгү тарапкерлериңизге эмне деп айтат элеңиз, ушундай кан төгүүлөрдү болтурбаш үчүн?

- Эмне дейт элем мен, мен жалпы кыргыз элиме айтат элем, биринчиден, кандай гана иш болбосун акыл менен кылыш керек, сабырдуулукка чакырат элем. Бийликте турган бүгүн Убактылуу бийлик мүчөлөрүн, жергиликтүү бийликтин жетекчилерин сабырдуулукка чакырат элем биринчиден. Акыл менен иш кылалы, эмоцияга берилбейли. Эмоцияга берилгенден кийин ар кандай абал курчуп, эки жактан тирешип, абал мындан да оор болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн, кичине токтолуш керек. Эмоцияга, кызуулукка берилип чечим кабыл алганда туура эмес болот. Мен угуп атам, азыркы өкмөт мүчөлөрүн колдоосу менен Бишкекте эмне болуп атканын, чакан бизнесмендердин мүлкүнө, ишканаларына кол салышып... Иши кылып коркутмай-үркүтмөй. Бул азыркы келгендер өздөрү демократия деп жүрчү эле, бирок демократиянын жыты да жок азыр.
К. Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 23-апрель, 2010

- Курманбек мырза, сиз азыр айттыңыз мен Кыргызстанга баары бир кайтып барбайм деп. Сиз тарапкерлериңизге айта аласызбы, менин таламымды талашпай эле койгула, тынчыгыла деп?

- Мен ойлойм, ал жерде азыр менин таламымды талашпай эле, маселе башка жакта болуп атса керек. Интернетке чыккан маалыматтан башка, менде деле маалымат жок. Бирок менин таламымды талашып эл көчөгө чыккан жок азыр. Азыр жергиликтүү бийлик, убактылуу өкмөттүн башкаруусуна нааразы болуп чыгып атса керек деп ойлойм мен.
 Эгер ушундай куралдуу төңкөрүш даярдалып атканын билгенибизде, анда биз мүмкүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна, башка мамлекеттерге кайрылып күч топтоп, мындайга жол бербешке аракет кылат элек.

- Бир айдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору элдик добуш берүүгө алынып чыгат, аны менен бирге Роза Отунбаевага өткөөл мезгилдин президентинин ыйгарым-укуктарын жүктөө маселеси да коюлмакчы. Ушундай жагдайда сиз өзүңүздү дагы эле президент деп эсептейсизби?

- Мен билдирүү жасап кетпедим беле, ушундай окуя болгондон кийин, ушундай окуяны алдын ала билбей... Эгерде билгенибизде  Бирок мындай кандуу окуя болду. Ошондуктан бул жерде азыр, булар мамлекеттик система башкаруусун өзгөртөбүз деп атат, уктум мен парламенттик формага өткөрсөк деп атканын. Бирок мен ойлойм, андай системада бизде экономиканы өнүктүрүп-өстүргөнгө шарт түзүлбөйт, парламенттик формага келгенден кийин ар бир партия өз кызыкчылыгынын артынан иштеп, депутаттар топ-топ болуп бөлүнүп, парламенттин ишин жакшы билесиңер өзүңөр деле. Биз араң эми-эми нукка салып койдук эле, бул дагы болбой калды. Мен ойлойм, Конституцияны реформа кылса, ага эл өзү деле баасын берер. Бирок мындай системага барган эффект бербейт.

- Сиз партия жөнүндө айтып кеттиңиз, азыр “Ак жол” партиясынан чыгып жаткандар көбөйдү. Сиз кандай дейсиз, ошол адамдар башынан эле бийликке жагынуу үчүн кошулган адамдарбы, же лидери жок болгондон кийин партия иштеп кетпейт деп санагандарбы?

- Себеби ар кандай болушу мүмкүн. Кандай гана партия болбосун, ал жака капыстан кирип калгандар болушу мүмкүн “Ак жол” партиясынын катарына киргендер да орусча айтканда, "случайный" кишилер болуш калышы мүмкүн. Ар кандай болушу мүмкүн, ар бир атуулдун өзүнүн укугу  - партияга киреби, чыгабы, өздөрү чечиш керек.

- Рахмат сизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 18 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Асел каяктан: Ош
26.05.2010 17:58
Телефон чатагынан кийин убактылууларга ишенич кетти. Чынында кайра эле "карт бөрүлөр" келип казынада калганын ар бири кашыгына илип атышат.
7-апрелде курман болгон балдардын өмүрү ушулардын бийликке келиши үчүн кыйылды. Бакиевдин күнөөсү эмес.Кан төкпөй революция жасоону Отумбаева,Атамбаев,Бекназаровдор ойлонуш керек болчу.
Балдарды окко учуруп палоо жеп отургандар накта ушул убактылуулар. К.Бакиев андай болот деп "үч уктаса түшүндө да көргөн эмес". А азыркы төбөлдөр "на костьях" бийликке келишти.
Эгерде К.Бакиев кан төгүүнү каалаганда 2005-жылы өзү да адамдарды алдыга түртүп окко учуруп (өзү штабда палоо жеп отуруп) анан келмек болчу. Анда курман болгондор болгон эмес.
Убактылуулар болсо дал ошентип бийликке келишти. Эми эле 2 ай өтпөй бирин-бири чукулап башташты,анткени шайлоо болот,элге бирин-бири каралап көрсөтүп "мен жакшымын" деш керек.
Кайсыл мамлекетте болбосун ак үйгө чабуул жасалса аларды кайтаруу үчүн ок атуу Мыйзамга ылайык иш. Андай болбосо көрүнгөн зөөкүр ай сайын ак үйдү аткылай берет да. Убактылуулар деле азыр атпайт деп ойлоп жатасыңарбы. Кудай сактасын,дагы чабуул болсо, гранатомёт менен атышат. Өздөрү айтышпадыбы Мыйзамсыз чабуул болсо ок атылат деп. Өздөрү мыйзамдуу бастырып алгандай. Убактылууларга ишенич жок болуп калды. Ынтымак жок болсо,бирин-бири көрө албаса анда элди кантип башкарышат?
К.Бакиевдин бийликтен кетишине Данияр Усенов, Мурат Суталинов, Максим Бакиевдер себепкер болушту. Жанында мыкты, даанышман, акылдуу вазири болгондо ушундай "позор" менен кетпейт болчу. Бекер айтпайт да "Катын жакшы - эр жакшы,вазир жакшы-хан жакшы" деп А Бакиевде экөө тең жок болчу. жакшы катын да и жакшы вазир да. Эрке киши 2-3 катын алса барып барып кор болот. Анткени бири да карабай басып кетишет.Өч алышат. Бакиевдин байлыгы бар үчүн азыркы "токолу" ал менен жашап жүрөт.Бийлигинен ажырады,эми байлыгынан ажырасын ал дагы басып кетет. Анткени ал Бакиевдин өзүнө эмес бийлиги менен байлыгына тийген деп ойлойм. Себеби "нормальный" 18 жашар кыз атасынан чоң кишиге турмушка чыкпайт. Значит была "корысная цель" - брак по расчёту. Ал али жаш, Бакев дагы 20 жылдан кийин 70тен ашат, ал болсо "жирный" любовник таап алат дагы Курманбек Салиевичке балдарын бактырып,өзү "ойноп" келет. Көрүп эле жүрбөйбүзбү андайларды. Так что эркектер жаш "токол" алуудан мурда карылык кандай болот деп өзүңөргө бир жолу суроо берип көргүлө. Карыганда кор болгондон көрө, көр болгон жакшы.

кимден: Айкыз каяктан: Бишкек
26.05.2010 15:47
Бакиевдердин уйун орттоттпой эле койсо болмок, андан коро бала бакча же болбосо карылар уйу кылып коюшпайбы.
Курманбек Салиевич сиз кетип калганыныз эн туура болду,
Кыргызстанда эми жакшы жашоо башталат болуш керек, эгер Бекназоровчулар, Сариевчилер, Атамбаевчилер деп болунуп бири-бирин жутушпаса.....

кимден: aika каяктан: Turkey
24.05.2010 19:16
soz jok... azırkı bıylık ta jırgattarlık ısh jasagan jok.. Bakiev dele oz ubagında kıyratıp jıbergen emes ele... on podnyal tolko svoy yug(ow)... eldi oyloogon mamleket kızmatkerlerı azır abdan az ... izdesen tabılgıs... menın oyumcha bızdın kırgızstanıbızga tatıktuu prezıdent dah tuula elek bolso kerek...

кимден: Кыргыз каяктан: Россия
24.05.2010 08:10
Салам алейкум. Баякы эле 7-8киши. 5 жыл мурун ушулар журду эле дагы эле ушулар. Деги элди ойлойсунарбы, силер бийлигинер менен байлыгынарды болушкучо дагы 5 жыл отот. Канчалаган билимдуу, патриот, акылдуу, кыргыз жигиттер журот чет жерде, иштей албайсынарбы бербейсинерби жаштарга. Патриоттулук бизде МИГРАНТТАРДА силерди биятан коруп жиниң кашаят. Чет жерде канчалаган кыйынчылыктарды коруп мына-мына баш которуп калдык эле. Уят, алакандай кыргызды бага албай уят эле болдунар креслодо отургандар. Элди болушунча кыйнап буттунор. Эмнеге Россияныкындай жаштарды ойдо которбойсунор. Ельцин Путинди алып келди сый болуп кетти, Путин Медведевди алып келди сый болуп журот. Эл учун иштеп болгон проблеманы карап элдин астына чыгып бири-бирине отчет берип отурушат. Буларды дагы колдобогогдор бар, бирок иштеп атат. Элге болушунча жардам берип. А биздин Бакиев, анын артында тургандар элди кыйнап, наоборот элден ондуруп жашашкан, озунун жерин сатып. Мындай кишилер ата-энесин, озунун бир туугандарын дагы саткандан баш тартпайт, сатат Америка Россияга караганда 1 доллар кобуроок берсе.

кимден: нурлан каяктан: москва
24.05.2010 00:38
Мен шеринени окуп туруп бир нерсени байкадым."Бакиевчилер" оздорун "более спокойно" кармаптыр,ал эми "УОчулар" ото агрессивдуу пикирлерди жазып жатышат экен,бул жерде эн кооптуусу регионалдык болунуу айдан ачык корунуп турат.

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
24.05.2010 00:10
Курманбек Салиевич, сиздин түбүңүзгө Данияр Усенов, Мурат Суталинов жетти. Сиз элди укпай ошол экөөнү угуп калгансыз. Мен жаны бийликти колдойм, бирок Теиттеги үйүңүздү өзбектер өртөгөнүнө күйүп турамын. Мен үчүн Кадыржан Батыров менин эле душманым эмес бүтүн кыргыз элинин душманы болууга тийиш.Кыргызстанда жашап туруп кыргыздын үйүнү өзбектерге өртөткөнү үчүн Б.Асанов жана башка эки жүздүлөргө НААЛАТ. Ар ким кылган иши үчүн кудайдын алдында жооп берсин.

кимден: Кыргыз каяктан: Россия
23.05.2010 23:19
Тушунбойм дагы эле Бакиевдин созун суйлоп, дагы эле колдоп аткандарды. Жок дегенде силер ойлонбойсунарбы. Ушундай дагы ажоо болобу элди аттырып коюп кабинетинде плов жеп отурган. Ушул Бакиевди колдогондор озунорду 5 мүнөткө 7-апрелде каза болгон балдардын, жигиттердин ата-энеси, бир тууган жакындарынын оордуна коюп көргулөчү. Мейли ошол убактагы президент Бакиев болбой башка бироо болсун. Бир тууган иниңди же агаңды атып салса кимден корот элен. Ошол аттырган акмак президенттен кор. "7-апрелде каза болгон маркумдардын ыйманы саламат болсун!"

кимден: Кыргыз каяктан: Россия
23.05.2010 23:02
Салам алейкум. Баякы эле 7-8киши. 5 жыл мурун ушулар журду эле дагы эле ушулар. Деги элди ойлойсунарбы, силер бийлигинер менен байлыгынарды болушкучо дагы 5 жыл отот. Канчалаган билимдуу, патриот, акылдуу, кыргыз жигиттер журот чет жерде, иштей албайсынарбы бербейсинерби жаштарга. Патриоттулук бизде МИГРАНТТАРДА силерди биятан коруп жиниң кашаят. Чет жерде канчалаган кыйынчылыктарды коруп мына-мына баш которуп калдык эле. Уят, алакандай кыргызды бага албай уят эле болдунар креслодо отургандар. Элди болушунча кыйнап буттунор. Эмнеге Россияныкындай жаштарды ойдо которбойсунор. Ельцин Путинди алып келди сый болуп кетти, Путин Медведевди алып келди сый болуп журот. Эл учун иштеп болгон проблеманы карап элдин астына чыгып бири-бирине отчет берип отурушат. Буларды дагы колдобогогдор бар, бирок иштеп атат. Элге болушунча жардам берип. А биздин Бакиев, анын артында тургандар элди кыйнап, наоборот элден ондуруп жашашкан, озунун жерин сатып. Мындай кишилер ата-энесин, озунун бир туугандарын дагы саткандан баш тартпайт, сатат Америка Россияга караганда 1 доллар кобуроок берсе.

кимден: Чыныгы кыргыз
23.05.2010 19:58
Чаң тополоң жасай берсеңер, пока ырбап кете электе, акырын кетип калганыңар дурус. Жалын жүрөктүү жаштарыбыз жетиштүү, керек болсо алар Бакиевди кайрадан, эч кандай тууган уруктарын аралаштырбастан, чакырып алып, такка отургузуп койгонго кудуреттери жетишет. Силердин айыңардан Кыргыз Мекенибиз кыйла жыл артка кетти, сырткы дүйнө элине маскара болдук. Азыртан баштап эле ыркыңар жок. "Арканды узун ташта" деп ата-бабаларыбыз айтып кеткен. Кыргызстандын периспективасы үчүн иштей турган ойуңар жок. Ар бир кылган ишиңерге жооп берериңерди унутпагыла. Ойлонгула!

кимден: Нурлан каяктан: Охна
23.05.2010 16:35
Кубаныч, сен эмнеге таянып бардык кыргыз эли Бакиевди жек көрүп калды деп айтып жатасың. Же эмне Референдум өткөрдүңбү.Сен антип бүт кыргыздын атынан сүйлөбөй өзүңө жооп бер.Шеринедеги пикирлерди окусаң, сага окшогондор күн өткөн сайын азайып, элдин көпчүлүгү Бакиевди кайра колдой баштады. Уб.Өкмөт мүчөлөрүнүн интернетке чыккан телефондогу сүйлөшүүлөрүн уктуңбу сен. Бекназаров менен Атамбаев, Бекназаров менен Сариев бирин-бири осурак дегенден баштап, 1 млн долларды кантип жеп кетүүнүн жолун издешип, 400 миң доллар пара алып таможняга коюпсуң, крахобор деп айыптаганга чейин барышканын уктуңбу. Уксаң, убактылуу Өкмөтүңдөн түңүлүп, чындыкка тике карай баштайт элең. Революция болгон жок, бул чыныгы куралдуу төңкөрүш десек адашпайбыз.Убактылуу Өкмөт бизди эл колдоп жаткандан кийин биз эч кандай мыйзамы жок эле автоматически легитимдүү болуп калабыз дегени күлкүңдү гана келтирет.Алар каяктан билет, эл колдоп жатканын, аларды өздөрүнүн толпасынан башка эч ким колдогон жок. Алар элден айлансын.Бийликке келе элек жатып млн. долларды кантип жештин айласын издешет. Да пошли они, на все три буквы!!!
Жалпы 18 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине