Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:07

Саясат

Барктабасов баскан жолдун баасы

5-августтагы митингдер Кыргызстан калкын дагы бир жолу сестендирди. Бул митингдердин уюштуруучусу “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов экени айтылды. Бир жагынан шылуун, экинчи жагынан мекенчил аталган бул адам Кыргызстандын саясий аренасында качан пайда болгон?

Текст көлөмү - +
Урмат Барктабасов 47 жашта. Бишкектеги Политехникалык институтту аяктаган. Кыргызстанда, Казакстанда ишкерлик менен алек болгон. 2003-жылы Астана шаарынын “Астанаэнергосервис” ишканасын жетектеген.

Урмат Барктабасов өзү жөнүндө алгачкы чоң кабарды 2005-жылы 17-июнда чыгарган. Ошол күнү Барктабасовдун адамдары өкмөт үйүнө кирип барып, бирок максаттарына жетпей, митинг күч менен таркатылган. Ал окуядан кийин Урмат Барктабасовго каршы кылмыш иши козголуп, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн.

2005-жылдын 17-июнуна чейин Барктабасов “Мекеним Кыргызстан” аттуу кыймыл түзгөн. Бир топ интеллигенция, чыгармачыл чөйрөнүн айрым өкүлдөрүн, дыйкандарды каржылап, тарапкерлерин көбөйтүүгө үлгүргөн.

Барктабасовдун тарапкерлери аны “ири ишкер, саясатчы, уюштургуч жана мекенчил адам” катары мүнөздөп келишет. Бул мүнөздөмөгө акыркы мезгилде “Урмат, кудай деген мусулман” деген боек да кошулуп калганы байкалууда.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Барктабасов Кыргызстанга келген. Ага чейин анын Бириккен Араб Эмираттарында жүргөнү кабарланган.

Өкмөттүн маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, Урмат Барктабасовду камакка алууну өтүнгөн кагаз Казакстандан келди. Ал кошуна өлкөдө экономикалык кылмыштарды жасаган деп айыпталууда. Ошондой эле анда Казакстан жарандыгы да бар экендиги айтылууда.

Урмат Барктабасовдун жакын тарапкерлеринин бири болуп жүргөн Мукар Чолпонбаев ал тууралуу мындай пикирин айтты:

- Ал – Кыргызстандын жараны. Кыргызстандын ар бир жараны кандай укукка ээ болсо, ал да ошондой эле укукка жана милдеттерге ээ болсом деп жүрөт. Ар ким өзүнүн оюн айтууга укуктуу. Анын үстүнө аны башка өлкөнүн жараны деп айтканга эч кимдин укугу жок. Себеби анын жарандыгын Азимбек Бекназаров да, Убактылуу өкмөт да алып алган эмес.

Ал эми дагы бир белгилүү ишмерлердин бири Эсенгул Өмүралиев Барктабасов тууралуу мындай оюн айтты:

- Мен аны жакшы билбейм. Менимче, ал кыргыз элин бейишке алып чыга турган киши эмес го.

Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова:

- Чынында эле мен аны билбейм. 2005-жылы март окуядан кийин президент болом деп, талапкерлигин көрсөткөн. Мына ошол шайлоого, окуяга биз байкоо жургүзгөнбүз. Мына ошондо ишкер экенин билгенбиз. Акчасы көп. Бул жерде иш козголгондон кийин Эмираттарда жүргөн. Азыр эми Кыргызстанда абал ушундай тынч эмес болуп турганда элди дүргүткөн туура эмес.

2005-жылы 17-июнда да Урмат Барктабасов эл алдына чыга алган эмес. Бул ирет ал Балыкчы тараптан келип, бирок Бишкекке жеткен жок. Жолдон аны тартип коргоо органдары тосуп өткөрбөдү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мен кыргызмын!
06.08.2010 20:06
Урмат Барыктабасовдун кечээки ишине бир эле баа бере алам....атын чыкпаса жер ортто дейт!

кимден: KKK каяктан: Naryn
06.08.2010 14:27
Akylbeke:
"Укук коргоо органдарынын билдиргенине ылайык алардын машинесинен 1-2 даана граната, эсептелуу жардыргыч буюмдар табылган. Бирок ага ишенууго шек туулат. Биринчиден 1 граната менен бийликти басып алууга болбостугу акылы кем адамга тушунуктуу эмеспи. Экинчиден аны да пайдаланышкан эмес."

1. Mashinadan kural jaraktardi chigarip jatkanda videogo tartilgan ani bugunku azattyktin videosunda koro alsanız bolot.
2. Bir granata mn alsa bolobu degen kanday? Bul soz daje aytilbashi kerek! Vse taki jardirgich da. Akaev ubaginda kural jarak jok ele Ak Uy basilip alingan. Sizdin aytkaninizday bolso anda men dele granata alip juroyun janimda milisiya karmasa jardirgan jokmun da dep koyom, tuurabi ushul?

кимден: toko каяктан: narun
06.08.2010 13:11
Урматты сыйлачу элем, уккандарым, жазган китеби, элге кылган жардамдары боюнча. 5-августагы аракетинен кийин үмүт үзүлдү бул жигиттен. Жөн эл катары иштеп, партиясын алып чыкпайбы, анан эл шайлайт эле да. Чын эле анын аркасында Бакиевчилер барбы? Анда ишиңдин бүткөнү ошол

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.08.2010 13:05
Уважаемые соотечественники! Помоему, кто сидит у руля власти, кроме сплетен ничего толкового не говорят. Только и перемывают друг другу кости. Власть для простого народа ничего не делала и не сделает. Бедные люди как могут, так и выживают. А кто на верхушке, полько и умеют свои кошельки набивать за счет труда простого люда.
Так, что мой совет, занимайтесь своими делами и никого не слушайте. И нас они не слышат, как бы мы не кричали. Говорят одно, а делают все по другому, т.е. как им угодно. А кто говорит против них, потихоньку убирают. Короче к выборам они перегрызут друг другу горло. Сейчас у нас идет эволюционный процесс, выживет сильнейший (т.е. кто побогаче и сумеет настроить к себе людей).

кимден: Ырысбек каяктан: Кыргызстандык
06.08.2010 11:46
Караколдук Канат, мен жазгандарына толугу менен кошулам. Чыныда арбакты сыйлабай туруп калган тирүүлөрдү ыраазы кылуу кыйын

кимден: Х каяктан: Нарын
06.08.2010 11:25
Бул адам кайдан пайда боло калды эми, башкасы жетишпей жаткансып?, Барктабасовго кандайдыр бир чет элдик кучтор заказ берген го - Кыргызстанга ызы-чуу чыгар деп. Бул адамдын артынан ээчигендер Кыргызстандын чыныгы граждандары эмес!!! Алар жон эле акчага азгырылган ач коз (алчный), эч нерсени тушунбогон бир нерселер!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.08.2010 11:18
Эл Барктабасовду Барктабайт, ошон учун Баркталбай жатат го :-)

кимден: Канат каяктан: Каракол
06.08.2010 10:59
Урмат Барктабасовду кыргыз миллардери деген чынында эле жынылыштык го. Андай миллардер болсо кайын энеси, кыргыз сыймыгы Татыбубу Турсунбаевга Кыргыздрамтеарт алдына эстелик тургузуп, Чолпон-Ата шаарында жайында Таттыбубуго арналган Эл аралык денгээлде театр, кино, маданият фестивалын откоруп, сулуулук конкурсун уюштурат эле да. Ага бул тууралуу бир нече жолу кайрылгандар болгон. Ошол оз кайын энесинин эмгегин баалап, барктай албаган, кыргыз кино жылдызы болуп таанылып келаткан келинчеги Аселдин талантын баалабай, кендирин кесип, кыргыз маданиятына бут тоскон Урмат эч качан кыргызга жакшылык кылаарына ишенбейбиз. Урматты ээрчип, ага ишенип, бекер жанылып, аны колдоп жургон мекендештерге боорум ооруйт. Кайын энеси менен аялына жакшылык кылбаган, алардын мээнетин баалабаган Урмат эч убакта кыргызга жакшылык кылбайт. Аны араб миллиардерлери алдап, башын айландырып журот. Урмат болсо кыргыздарды алдап, элдин башын айландыргысы келгенин, кылмыш иштерин жаап, жашырууну, премьер-министр болууну самап, элди дурботконун талдоого алуу керек. Андай бай адам болсо. Ош, Жалал-Абад областтарына каражат берип, турак жай салууга салым кошот эле да.

кимден: Гулжигит каяктан: Аксы
06.08.2010 10:59
Бул жаны бийлик башында суйлогон создорун унутуп койду окшойт. Бийликке келгенде оппозициянын жолун тоспойбуз, куугунтуктабайбыз деп мактанды эле. Эми болсо минтип кыргыз деп жургон Урматты кармап, чон эрдик жасагандай мактанып отурушат. Кыйын экен Кадыржан Батыровту, Бакиевтерди кармабайбы? Баарын Бакиевке шылтап коюп отура бербей?

кимден: Заман каяктан: бишкек
06.08.2010 10:58
Саламатсыздарбы! Менин жеке оюм боюнча Урмат Барктабасов кыймылдабай эле куто турса болмок. Аны ар кандай кылмыш иштерине куноолоп жатканына коп деле ишене бербейм. Себеби митинг болоордун алдында эле кылмыштарын айтып, ар кандай компроматтарды коюп жатат. Ушул убакка чейин бийлик эмне себептен кармаган жок. Туура айттыныздар 1 граната менен бийликти кантип басмак эле, же ошол граната атомдук заряд менен толтурулганбы? Урмат озу деле туура эмес кылды, кыйын учурда куто туруп эле мыйзамга талаптуу иш чараларды аткарса болмок. Ар кандай лидерлердин артынан журуп карапайым эл кыйналып жана болунуп жатат. Ызы-чууга тойдук го. Биз бир мекендин бир элибиз. Жашасын Кыргызстан!!!!!!!
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук