Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 22:35

Саясат

А. Бекназаров: Бакиев эмес, башка президент болсо деле үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкмакпыз

Президенттик шайлоого ат салышып жаткан оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев учурда өлкөнүн түштүк аймагында жолугушууларды өткөрүүдө. Бул арада Жалал-Абат облусунда талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын башчыларына кол салуулар, бут тосуулар болду. Оппозиция талапкери менен аталган аймакта бирге жүргөн БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров буга байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
- Азимбек мырза, БЭКтин бирдиктүү талапкери А.Атамбаевдин Жалал-Абат облусундагы бул жолку жолугушуулары аяктагандай болду. Жолугушууларына тоскоолдук жасалдыбы, эл, бийлик анны кандай кабыл алышты?

- Элдин биздин талапкерге болгон маанайы жакшы экен деп койсок болот. Анткени, кайда барбайлы, бийликтин жолуктурбоого жасаган кысымына, тоскоолдугу менен зөөкүрдүгүнө карабай эл келип , жылуу кабыл алып атты. Элдин көзү көп нерсеге жетип калганы билинип атат. Президент менен анын айланасындагылардын шайлоо кампаниясындагы жүргүзүп жаткан аракеттери элдин кыжырын кайнатып атат. Мисалы, президент менен жолугушууга жалаң гана мамлекеттик бюджеттен айлык алгандарды топтоп, башкаларды киргизбегени кыжырын келтирип атат. Биз менен учурашкандардын арасында «кечээ Бакиевге киргизбей койгонунан биз силерге келдик» дегендер көп болуп атат. Мындайча айтканда , элди экиге бөлүп атат. Ким бай, ким дежур, кимдин акчасы бар, аларды Бакиев өзү чакырып атат. Карапайым элди чакыртпай, кабыл алгысы, көргүсү, жолуккусу келбей атат. Ошого нааразы болгондор оппозициянын бирдиктүү талапкери А. Атамбаевдин жолугушуусуна биз чакырбасак деле келүүгө аракет кылышты. « Эмне үчүн келбей атасыңар, эмне үчүн аз жолугушуп атасыңар? – деген нааразылыктар бар.

- Президент К. Бакиев өткөн аптада Аксы району менен Жалал-Абат шаарында шайлоочулар менен кездешти. Ал ошол эки жерде болгондо жолугушууга кандай адамдар чакыртылганын биле алдыңызбы?

- Жалал-Абаттагы жолугушуусун биз стадионго жакын «Дастан» мейманкасында болуп, көрүп турдук. Бир дагы карапайым адам стадионго киргизилген жок. Президент 5-6 мүнөттөй сүйлөдү да кетти. Мындайча айтканда, формалдуу, силер каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы, баары бир мен президентмин дегендей текебердик менен кетти. Калган дүжүрлөр, артисттер үнү бүткүчө кыйкырып атышты. Аксыда болсо, биздин БЭКтин бир өкүлү бирөөнүн чакыруу кагазы менен кирип кетсе, аны артынан таанып калышып, кууп жүрүп кармашып, чыгарып ийишкен. Мунун өзү президент менен жолугушуу жана сүйлөөр адамдар алдын-ала даярдалганын айкындайт.

- Талапкер А. Атамбаевдин облустагы жолугушууларына жергиликтүү бийлик шарт түзүп бере алдыбы? Сиздерге тартип коргоо, улуттук коопсуздук кызматтары тарабынан кандай мамиле жасалды?

- Бизге ачыктан-ачык, одоно жолтоо болуулар жасалган жок. Бирок жер-жерлердеги биздин үгүтчүлөр менен штаб башчыларыбызга кол салуулар болуп атат. Мисалы, Токтогул районунда 18-июнда эртең мененки саат алты- жетилерде А. Атамбаевдин ураандары илинип калган экен. Ачыктан- ачык эле эмне үчүн Бакиевдики илине электе, силер илесиңер? – деген дооматтарды коюшуптур. Биз эл менен жолугушуп ал жактан кеткенден кийин кечээ түнү белгисиз бирөөлөр биздин өкүлдүн артынан Жип автоунаасы менен кууп келишип, уруп-сабап кетип атат. Жакында эле Базар-Коргондогу биздин штаб башчыны сабап кетишкен. Ага чейин Кочкор-Атадагы штаб башчынын үйүнө келип, коркутуп кеткен эле. Биз жүргөн жерлерде болсо ачыктан-ачык тоскоолдук болгон жок. Бирок бийлик тымызын 5- 6 дежур чалды жана аялдарды улам киргизип, сүйлөттүрүп коюп атат, анда А. Атамбаевге эле эмес мага да тийишип, суроо бергендер болду.

- Жалал-Абаттагы жолугушууда да атайын даярдалган кишилер суроо узатыштыбы?

- Биз шаардагы «Дастан» мейманканасында жатсак эртең менен саат тогуздарда бир аял келди, анны мейманкананын ээси дешти. “Буларды ким киргизди, чыгар эле чыгар, кетир эле кетир”… деген эле ызы- чуу… Болбосо ал жердеги администратор эртең дагы түнөйсүңөрбү деп, кийинки күндүн да акчасын алып аткан. «Булар эмне бул жерде жатат?» - деп, мейманканадан кууп чыгышты. Бийликтин уруксатысыз, эмне үчүн А. Атамбаевди жаткырып, Атамбаев эмне үчүн бул жерге келди, эмне үчүн аны ээн-эркин бастырып, эркелетесиңер, эл менен эмне үчүн кенен-чонон жолуктурасыңар дегендей саясатты биз сезип аттык. Жалал-Абаттагы жолугушууда билинди, биз жолугушууга элди саат онго чакырсак, бийликтин адамдары эртең мененки саат сегизде эле келип алышыптыр. Биздин балдарга алар менен конфликтке барбоого, эсткертме жасап коюуга кеңеш берилген. Эгер өздөрү чагым кылса, анын жообун алат. Аксыдагы Топ-Жаңгак айылында бир мас киши ошондой кылууга аракет кылды эле биздин балдар аны сүйрөп барып, аймактык милицияга машинаңарга жүктөп алып кеткиле дешти. Бизде деле андайларга ылайык адамдарыбыз, кырк чоролорубуз бар.

- Аксыдагы жолугушууда А. Атамбаев менен сиз жана БЭКтин дагы бир өкүлү Т. Тургуналиев болгон. Бирок Базар-Коргон районунун Акман айылындагы жолугушууга Т. Тургуналиев катышкан жок, Ошол айылдык Ө. Текебаев да ал күнү Акманга келбеди. Алардын Акман айылына келбей калган себептерин түшүндүрүп бере аласызбы?

- БЭКтин саясий бюросунун ар бир мүчөсүнө тапшырмалар берилген, анын көбүн бул жерде айта бербейбиз. Өмүрбек Текебаев Бишкекте иш кылып атат. Топчубек Тургуналиевдин участогу башка жак, Аксыга байкесинин кырк күндүгүнө байланыштуу келген. Топ-Жаңгактагы жолугушууга ошон үчүн катышып калган. Алмаз менен бул жакта кошо жүрүүгө БЭКтин саясий бюросунан мен бекилгем. БЭКтин башка мүчөлөрүнүн А. Атамбаевди колтуктап жүрө тургандан башка толтура жумуштары бар.
Биз билебиз, шайлоо таза өтпөйт, бийлик каалагандай кылып жыйынтыгын алам деп атат. БЭКтин саясий бюросу бийлик ошо каалагандай жыйынтык албоосу үчүн, калыс жана адилет, эл кандай берсе, ошондой добушту сактап калуунун иш-чараларын көрүп атат.

- Биз менен пикирлешкен адамдар « Талапкер А. Атамбаев өз платформасын тааныштырбай эле сөздөрүндө жалаң гана К. Бакиевдин кемчилигин сындап туруп алды» деп айтышууда. Деги шайлоо программасы иштелип чыкканбы?

- Бүгүнкү күндө БЭК бекиткен атайын чо-оң программа бар. Аны эки -үч жылдан бери эле айтып келатпайбызбы. Бирок ошонун өзү Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкарууну сындыруудан башталат. Биз ошону үчүн К. Бакиевди сындагандай болуп атпайбызбы. Бакиев эмес башка президент болсо деле үй-бүлөлүк башкарууну сындыруу деп айтмакпыз. Акаевде деле ошентчүбүз. Ушуну сындырмайынча бизде менчикке ээ болуу, адам укугу, өндүрүш, сөз эркиндиги иш менен камсыз кылуу деген болуусу мүмкүн эмес. Эркиндик болбосо… Атамбаев ошону белгилеп, үстүртөн айтып атпайбы. Биздин план боюнча президенттин укугу чектелет, ал бир эле мөөнөткө барат, кол тийбестик укугу алынат. Кен байлык элдики болот. Чет өлкөлүктөр ээ боло албайт, - деген негизги нерселерди айтып атат. Майда-чүйдө, жанагы айлыкты, пенсияны көбөйт, иш менен камсыз кылуу дегендер эгер адам укугу сакталып, мамлекет анын укугун коргосо, ар бир адам өз турмушун өзү кура турган, шарт түзүп берсек, ошондой коомдо, ал өзүнөн өзү боло турган нерсе… А. Атамбаев биз ошондой шарт, ошондой жаңы мамлекетти куралы деген нерсени айтып келатат.

- Мындан аркы иш пландар жөнүндө айта аласызбы? А. Атамбаев эми кайсы жакта эл менен жолугушмакчы?

- Бүгүн Ош облусуна өтүп кетти. Ал жакты кыдырып бүткөндөн кийин бөлөк аймактарга барат.

- Кенен-кесири жообуңузга ырахмат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ozgon каяктан: Akbarali
24.06.2009 13:31
Akbar dosuma. oshogo seni ishendirishken okshoyt ee 5 jildan kiyin otkorup beret dep : ) katuu isheniptirsin dosum . Ech andai bolboytt. Azirtan uy bulooluk bashkaruunu jigish kerek . Keregi jok Kyrgyz darga mindai bashkaruunun.

кимден: Акбар каяктан: РФ
24.06.2009 00:21
Бакиев болуп,5жылдан кийин закон чегиндё орунду откоруп берет.Бакиев Акаев эмес!

кимден: Ozgon каяктан: Basmach
23.06.2009 15:24
Ushuncha bolup kaldi emi tuugandar BEK koldop buyursa Atambaevdi aldiga chigarali . Alga Atambaev alga BEK

кимден: Albek каяктан: Naryn
23.06.2009 12:25
EE tugandar Beknazarov aytip jatbaybi kim bolso da opozisiya bolot elek dep en tuura aytat. Biylik kolgo tiymeinche baary ele oppozisiya bolo beret. Beknazarov Baski prokuror boldu emnege aksi okuyasini chechpedi, Atambaev primer boldu emnege kopursiyani azaytpadi, Tekebaev kop jildan beri sipiker bolup jurgon kisi emnege normalniy zokandordu ishtep chikpadi. Oshol ele Beshimov deputat emnege ish kilbay ele oturup alip AKJOL andai AKJOL minday dey beret, Ushakchi katin ushagyn aitaberet kerben oz jolunda ketberet. Al emi Bakiev mirzaga kelsek emi dagi 5 jil korolu jok shailoodon kiyin da jakpai baratsa kotorulup ani da Ak uidun artinan kuup salabiz. Anan azir Фефьифумеш shailap alsak al da kelip zavottordu 300 somgo satip alsa emne kilabiz. Kelgile Bakievke dagi 1 jil shans bereli. Bul pikirim silerge jakpashi mumkun birok tugandar chynchyl bololu. Duynogo kenen koz karashta karaili bir taraptuu bolboston.

кимден: Азат каяктан: Бишкек
22.06.2009 23:36
БЕК тин талапкерин колдойлу кыргыздар

кимден: Марс каяктан: Токтогул
22.06.2009 21:40
Атамбаев татыктуу, калганы жарабайт

кимден: Aman
22.06.2009 20:52
Bakievdin ozuno ishenbegeni kun murun ele belgiluu bolchu. Kanday bolso da biylik koldo, ozum bilem, el shailabasa da, ozumdu ozum shailap alam dep turat.

кимден: chynchyl каяктан: osh
22.06.2009 19:39
akaev kaitalagandy bakiev kaitalap atat erten shaitan kelse da kaitalait degen atambaev. erten ozu shaitan bolboit boldu beken eger otup ketse

кимден: Чырналист каяктан: Ош
22.06.2009 18:49
Атамбаевди президенттикке өткөрүп алсак жакшы эле болот эле. Бирок, баягысы, баягы, койчумандын таягы болуп, административдик ресурс колдонулат. Жыйынтыгында Атамбаев уталбай калат. Элдер баары бир шайлоонун таза өтүшүнө ишенбей калды.

кимден: Эмиль Акматов каяктан: Нарын
22.06.2009 18:09
Бакиев ойноп кана утат 75-80% менен! Акаевтын доорундан бери шайлоолорду өткөзгөн комиссия мүчөлөрү ордунда отурушат. Ишин жакшы билишет. Качан кимге канча добуш кылып койушту айттырбай эле жайлап койушат. 2000-жылы Акаев кайрадан шайланып жаткан кези эле. Жыйынтыктар чыга баштаганда Нарын 115% дегенде оозумдагы нан такалып калган! Эртеси бийликте турган бир байкеден 115% кайдан чыкты деп сурасам, катталбай калган тоодогу чабандар түшүп келишип добуштарын Акаевке берип кетишти деген. Эми өзүңөр деле ойлосонор: Нарын боюнча 100% шайлоочу 10 мин киши деп эсептейли. 15% көбүрөөк келип жатат шайлоого. Мындайча айтканда 1500 киши тоодон түшүп келип жатат. Ошол 115% кылып Акаевке добуш бердирткен киши казыр деле бийликте жана шайлоого түздөн-түз тийешеси бар. Эми Бакиевке 115% кылбаса дагы 99% кылаары шексиз.

Негизи шайлоо таза өтпөйт окшойт. Ыраматылык Жусупжан Салиевич Бакиев байке мыкты киши эле! Өзү дайыма калыс жана таза жүргөн киши болчу. Калган бир туугандарына жакшы акыл берип убагында токтотуп койчу деген ой пикир бар болсо кошулат элем.

Бүгүн ажо рейдерствого каршы мыйзам долбор негизинде чара көрүп калды. Күлкүм келип жатат. Баардык нерсе бүтүп керектүү ишкана мүлк деген нерселер керектүү колдорго өткөндөн кийин рейдерствону токтотолу деп калды. Орустар айткандай "ну-ну"...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive