Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

БЭК шайлоодо бурмалоого жол бербөө аракетин көрүүдө

БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абаддагы жолугушууларынан. 21-июнь, 2009-жыл.

БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абаддагы жолугушууларынан. 21-июнь, 2009-жыл.

01.07.2009
Аманбек Жапаров

1-июлда Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросу кыймылдын атынан президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Алмазбек Атамбаевдин түштүк жергесиндеги жүргүзгөн үгүт иштеринин жыйынтыгын талкуулады. Анын соңунда кыймыл алдыдагы уюштуруу иштерин мындан ары дагы күчөтүп, шайлоону бармалоого жол бербөө чечимине келди.

Президенттикке БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы үгүт сапарында жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар көрсөтүлгөндүгүн БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.

- Бизге жолтоо болуп жаткан бүтүндөй мамлекеттик армия. Булар чек араны деле унутту. Бардык маселени унутту. Бир гана биздин талапкер Алмаз Атамбаевге каршы иш аракеттерди жасап жатышат. Бийликтин максаты - биздин кыймылдын саясий бюросун эл менен жолуктурбоо. Мына жакында эле биздин саясий бюронун бир мүчөсүн аэропортко алып барып, абдан катуу сабап үйүнө таштап койду. Бары эле бизге каршы болуп жатпайбы. Бир эле биздин БЭКтин жалгыз талапкери Атамбаевге каршы иштеп жатышат.

Бекназаров белгилегендей БЭКтин мүчөлөрү ур-токмокко алынганы аз келгенсип, алардын жакындарына дагы жергиликтүү бийлик тарабынан ар кандай кысымдар көрсөтүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский болсо шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча бир дагы талапкер доо арыз менен БШКга кайрылбаганын билдирди. Ал буга чейинки шайлоолордо БШК мыйзам бузууларга жол бербегенин, алдыдагы президенттик шайлоодо дагы шайлоочулар өздөрү каалаган талапкерге добуш беришерин белгиледи.

- Биз мурдагы шайлоолорду дагы дурус өткөргөнбүз. Эми канча шайлоочу бар болсо алардын ар биринин өз көз карашы, өзүнүн пикири болот да. Мен айтып коеюн, өткөн шайлоолордо дагы фальсификация болгон эмес, бул шайлоодо дагы БШК бурмалоого жол бербейт. Мыйзам бузууга жол бербейт.

Расмий бийлик өкүлдөрү президенттикке талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөндүгүн айтышып, жер-жерлерде талапкер Курманбек Бакиевди колдоп, анын жүргүзүп жаткан саясатына ыраазы болушкан миңдеген карапайым адамдар өздөрү жолугушууларга келип жатышканын айтышууда.

Айрым саясат талдоочулар бийлик бир талапкердин кызыкчылыгын көздөп, башка талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жарытылуу мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгилешүүдө.

Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо таза шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгып, шайлоочулардын укугун тебелетпөө аракетин көрүүдө.

Эл арасында алдыдагы жогорку мамлекеттик кызматка шайлоо бурмалоо жолу менен өтөт деген божомолдор көбөйүп, бул саясий өнөктүккө кайдыгер карагандардын саны көбөйгөндүгүн эксперттер айтышууда.

Ал эми БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров алдыдагы шайлоону бийликтин бурмалап өткөрүүсүнө Бириккен элдик кыймыл жол бербестигин билдирди.

-Эми бийлик шайлоонун жыйынтыгынан кандай чыгарабыз? 23-июлда "Ала-Тоо" аянтында болгон “акжолчулар” кандай майрамдайбыз?-деп сүрөттөрүн алдын ала тартып койгон да. Биз мына ушуга каршы кетип жатпайбызбы. Ушуну сындыралы. Бийликтин бул жосунсуз, мыйзамга жатпаган ишин элге алып чыгып туруп, бизге ишенген, кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган, өз добушун уурдатпаган, өз добушун саттырбаган патриоттору менен биз дагы бийликке жол бербейлик деп аттанганбыз. Ошол үчүн катуу туруп жатабыз. Кудай кааласа чындык биз тарапта. Бийликтин шайлоону фальсификациялап өткөрүүсүнө жол бербейбиз. Бийлик бул үчүн бардык нерсеге барабыз деп жатышат. Биз андан коркпойбуз. Кудай берген жанды кудай алат. Биз бир кудайдан жана абийирибизден коркобуз. Бул бийликтен корко турган моралдык укугубуз жок.

2-июлда Бириккен элдик кыймыл маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу коомчулукка билдирүү жасамакчы.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Айсулуу каяктан: Баткен
06.07.2009 08:52
Баткендиктерди КТР Бакиевди колдойт деп калп эле шоу жасап жатат. Баткен Бакиевди колдобойт.

кимден: Сейит каяктан: Талас
02.07.2009 20:02
Оппозиция деп отура бербей эл, биз өзүбүз жардам бериш керек эл деген Бекназаровко окшогон азаматтарыбызга.

кимден: gulnur каяктан: biskek
02.07.2009 19:49
men Atambaevdi koldoim birok azirki biylik akiykat sailoo otkorboi kaldigo baaribir Bakiev ozu bolot.Sailoo otkorup ubara bolboi ele koisok bolmok

кимден: Pepsi Cola
02.07.2009 12:12
Vo vherashnem vypuske gazeta Islam Nuru obiavil Coca haramom i skazal chto kraski v etom napitka izgotovleny iz mexicanskogo zhuka. Esli eto pravda ia podam na vas Coca Colu.

кимден: мен каяктан: Баткен
02.07.2009 11:20
Баары бир бийлик өз билгенин жасайт. Анткени оппозициянын деле ишенгидей адамдары калбай калбадыбы!

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
02.07.2009 11:20
БЭКти, Атамбаевди колдойлу туугандар, добуштарды урдатпайлы,катуу туралы ошондо үй-бүлөлүк бийлик кулайт.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)