Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

А. Маматисаева: “Исаковду орго салсам башкалар коркуп калат десе керек”

Анипа Маматисаева 'Азаттыктын' кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, Алай району, Гүлчө айылы.

Анипа Маматисаева "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, Алай району, Гүлчө айылы.

09.03.2010
Алишер Токсонбаев

Сегиз жылга кесилген генерал Исмаил Исаковдун 86 жаштагы апасы Анипа Маматисаева Президент аны орго салсам, калгандары сөзүмдү эки кылбай калат, тилимди угуп, көзүмдүн агы менен тең айланып турушат десе керек, уулумду башкаларды коркутуу үчүн ак жеринен торго салды деп эсептейт.

- Анипа апа, амансызбы?

- Аманчылык балам.

- Дарыгерлердин катуу каршылыгына карабастан, сегиз жылга кесилип, аскердик генерал чининен ажыратылган уулуңуз Исмаилдин толук акталып, бошотулушун талап кылып, кыйла күн ачкачылык туттуңуз эле. Саламатчылыгыңыз кантип калды?


- Түзүк эле, Кудайга шүгүр.

- 8-март аялдардын эл аралык күнү эмеспи. Майрамды кантип тосуп атасыз?
 Журт атасы болуп туруп кылдай күнөөсү жок үзөңгүлөшүн орго салганы уят иш... 

- Бул майрам жалгыз меники эмес, жалпы элдики. Элим-журтум аман болсун! Мына, майрамды коштоп жаз дагы баш бакты. Ылайым жаздай көктөп, жаздай гүлдөп элибиз өнүп-өссүн! Майрамды майрамдай белгилеп, каалашынча ойноп-күлүшсүн! Ошого улай эле абакта камалып жаткан уулум дагы аман-эсен, жаздай жаркырап-жайнап эркиндикке чыгышын тилек кылам.
Анипа Маматисаева Гүлчөдөгү митингде, 2010-жылдын 6-марты.

- Жанагы митингде сүйлөп жатып айттыңыз го, «Кыргызстанда адам укугу, айрыкча, аялдар укугу көбүрөө тебеленип атат» деп. Эмнеге негизденип ушундай тыянакка токтолдуңуз?

- Аялзатынын укугу тебеленгени ушул да. Жакында энелердин пособиесин алып таштаптыр. Анан ушуга окшогон укуктары көз көрүнөө тепселенип... Андан башка не дейин, Акаевди, Акаевди дейм да кокуй, Бакиевди мынабул Алайдын клубунда менин уулум «Айланайын, эли-журтум, мени десеңер Бакиевди президент кылып шайлагыла! Ушул киши турмушту оңойт, жашообуз жакшырат» деп ынандырган. Анан ошондой мээнетин баалабастан, жакын досун, санаалашын камап олтурганы Бакиев үчүн уят иш. Наалат го айта албайм. Эми эл башкарган киши да. Кантсе да, падыша эмеспи. Ошентсе да, журттун атасы болуп туруп кылдай күнөөсү жок үзөңгүлөшүн орго салганы жүзү жоктугун бышыктап турбайбы. Ушунун өзү ага айтылган наалат. Менин башка сөз таппай турам.

- Демек, 8-мартты майрамдабастан, аялдар укугун коргоо күнү деп жарыялансын дегендерге кошуласызбы?

- Ошондой дешиппи? Мен аны уккан жокмун да. Жо-ок, андай пикирге кошулбаймын, кыскасы. Аялдардын ар дайым укугу болсун! Жаз майрамында кудум жаздай жадырап ойноп-күлүшсүн! Менин тилегим ушул.

- Ушул күнү өлкөдөгү, дегеле дүйнөдөгү аялзатына эмнелерди каалайт элеңиз?

- Аялдарга эң башкысы жалаң жакшылыктарды тилеймин. Энелик милдетин абийирдүү аткарышсын. Балдарына, жаштарга эне деген бир жагынан – түркүк, экинчи тараптан – жер. Жер кандай болсо, Эне ошондой. Ошон үчүн энелер жаштарды өндүрсүн, өстүрсүн! Жалаң жакшылыктарга үндөсүн! Айтаарым ушул. Жаз майрамын жаркырап, байчечекейдей бажырайып жүрүп белгилешсин. Укугун кимдир бирөөлөр тебелеп жатат дегендерге кошулбайм. Аялдардын укугу тээ Лениндин, Сталиндин доорунан бери, Совет заманы убагында да баркталып, бул күн майрамдалган. Кантип эле ушул салтанатты биз унутуп, ара жолго таштап коёлу. Айымдарга кайрылаарым: аялзаты майрамыңарды тебелетип-тепсетпегиле! Майрамдагыла, гүлдөгүлө, жангыла, бирок эч качан өчпөгүлө!
Бакиев да увазиринин эң кыйынын кестирип, калгандары коркконунан ушинтип отум менен кирип, күлүм менен чыгышсын деген ниетте Исмаилди сегиз жылга каматты. 

- Президент Курманбек Бакиев аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап жатып, айымдардын катышуусунда өлкөдө жашоо барган сайын көңүлдүү жана керемет болуп бараткандыгын белгиледи. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

- Керемет болуп баратканы ушулбу? Минтип көзүбүздөн жаш, жүрөгүбүздөн от жанып турат. Анан мен ушундайда Бакиевге кошулмак белем. Элди каратып туруп алдап, кичине беш-он сомун тарата коюп, мындайча айтканда, илгери “калтар түлкү” деген болчу экен, кудум ошондой болуп калды азыр. Чындыгында, элди үгүттөп жүрүп уулум өзү шайлаткан. «Айланайын элим, мен десеңер, ушул Курманбек Бакиевге добуш таштагыла» деп атып. Акыры эмне менен бүттү? Ошентип ак кызмат кылган кишисин биринчилерден болуп жайлады. Мен муну мындайча ойлоймун. Илгери увазир дешчү эле. Бакиев да увазиринин эң кыйынын кестирип, калгандары коркконунан ушинтип отум менен кирип, күлүм менен чыгышсын деген ниетте Исмаилди сегиз жылга каматты. Муну атайылап, үлгү иретинде ошентти. Албетте, бул менин жеке оюм. Исмаил Исаковду орго салсам, калгандары сөзүмдү эки кылбай калат, тилимди угуп, көзүмдүн агы менен тең айланып турушат десе керек да. Падыша бүгүн баш ал десе бөрк алган заманды көксөп турат окшойт. Ооба, Курманбек Бакиевдин азыр жана мындан ары ушундан башка ою жоктой. Калганын эл өзү чечкени оң.

- Рахмат маегиңизге
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
17.03.2010 14:05
И.Исаковдун апасындай кылым карыта жашаган энелердин тилинде мээри болот, мындай апалардын каргышына калган адамдар 7 атасына чейин күнөөгө батат дешчү эле кыргыздар. Улуу урматтуу Президент Сиз эмне каргыштан коркпой калгансызбы? 85 жаштагы эненин каргышын алгандан кийин келечек муундарыма залакасы тийип калат коркпойсузбу?

кимден: kyrgyz каяктан: mıgrant
09.03.2010 21:20
Ene, den soolugunuzdu jakshy karaniz. Kyrgyzdin generalin tarbiyalaganiz uchun Sizge min merte rahmat. Sizdin uulunuzday bilimduu jana patriot azamattar kyrgyzda oto az.Sizdin uulunuz menen butundoy Kyrgyzstan siymiktanat.Mayraminiz menen!

кимден: ЗАМ каяктан: Кыргызстан
09.03.2010 18:00
Кайратыңызга береке ЭНЕ! Аллах Таала СИЗГЕ күч кубат берсин! Кыргыз элимдин бир улуу сөзү "Назардан калба" деген. Бул Бакиевдер Элдин назарынан калып баратат, акыры жакшылыкка алып барбайт. Ак ийилет сынбайт, буюрса Исмаил Исаков мезгил келгенде акталат.

кимден: Eldar каяктан: Uluu Mukaddas jerden
09.03.2010 17:17
Kandai aial tuudu eken Ismayldai uuldu dese siz ekensizda eneke! Enenin balaga kylgan dubasyn ALLAH sossyz kabyl kylat deit, sizdin dubanyz kaitarylbait, zaalym padyshalardan korkponyz, enenin dubasy oktoi bolot deitko bizde... .

кимден: Болот каяктан: Ош
09.03.2010 14:36
Анипа Эне, сиз бүгүнкү күндүн Курманжан Даткасысыз. Ылайым ден соолугуңуз бекем болсун. Кайратыңыздан тайбаңыз.

кимден: Жоробек каяктан: Бишкек
09.03.2010 13:20
Акылы тунук эне экен, көп жашаңыз. Уулуңуз баары бир акталат, эне.

кимден: Балта каяктан: Нарын
09.03.2010 13:01
Бар болуңуз, Эне!!! И.Исаковдой кыргыздын уулдарын ушундай гана энелер жарык дүйнөгө алып келет. Майрамыңыздар менен кымбаттуу апалар!!!!!!!!!!!!

кимден: Jamgyrbek каяктан: Jalalabat
09.03.2010 12:48
Апа-Тоо элинин чыныгы энелеринен экенсиз. Көп жашаңыз, далай кубанычка балкыңыз.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)