Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:13

Саясат

К. Кадыров: Жогортон мени камоо буйругу түшкөн экен

Балыкчы жаңжалынын айынан ЖКнын депутаттык макамынан ажырап, кылмыш иши козголгон Кубанычбек Кадыров учурда Швеция мамлекетинде жашап жатат. СДПнын мүчөсү менен Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы телефон аркылуу байланышты.

Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоо күнкү окуяда. Балыкчы, 23-июль, 2009-жыл
x
Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоо күнкү окуяда. Балыкчы, 23-июль, 2009-жыл
Текст көлөмү - +
- Кубанычбек мырза, саламатсызбы?

- Саламатчылык, сиздерди угуп атам.

- Кыргызстандан эмнеге чыгып кеттиңиз?

- Кетпейт болчумун, анын себеби, президент «Бул баланы токтотопосоңор элди көтөрүп ийет экен» деп, түз эле айтыптыр. Мен сөзүм кургак болбош үчүн бул боюнча Бишкектен билдирген адамдарды айтып коюшум керек. Курманбек Бакиевдин Коопсуздук кызматындагы баласы Марат Бакиев Балыкчы сотунда ишти карап аткан сот Дүйшөмбиевди Бишкектеги сот департаментине “акча бөлүштүрүп атабыз” деген шылтоо менен чакырып буйрук бериптир, “Балыкчы окуясы менен камалып отургандар соттолсун, биз Кадыровду камап беребиз” деп. А ошол адамдар Бакиевдин бийлиги кетээр менен бул сүйлөшүүнү ачыктап, бетине коюп беребиз деп атышат...

- Сиз азыр качкын макамын алдыңызбы?

- Мен азыр Швеция мамлекетинде жашап атам. Баш паанек алуу маселеси азырынча толук аягана чыга элек. Ошондуктан бул суроону токтото турсак.

- Ал жакта да СДП партиясы бар дешет го.

- Социал-демократтардын жумушчулар партиясы деген бар экен, алардын өкүлдөрүнө жолуктум. Мени март айында өтүүчү чон курултайына расмий түрдө чакырышты. Ага Швеция парламентинин депутаттары да барат. Мен ошондо Кыргызстандагы саясый абал боюнча билдирүү таратам.

- Бизде Кадыров Швецияда оппозициялык топ түзүп атыптыр дегендей сөз чыгып атат...


- Мен бул жерде журналист Сыргал Абдылдаев жана укук коргоочу Качкын Булатовду жолуктуруп, кыргыздардын диаспорасын жана атайын маалыматтык сайт ачууну пландап, азыр ошонун үстүндө иштеп атабыз.

- Эми Кыргызстанга көпкө чейин кайтып келбейсиз го?

- Буюрган күнү барабыз. Эми бул жакта туруп да Кыргызстанга көп жардам бериш керек экенин билдим

- Рахмат маегиңизге.

Кубанычбек Кадыровдун кайрылуусу
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Оппозиция каяктан: Кыргызстан
25.02.2010 22:53
Оппозициянын ынтымагы жок, ошол себептен баарынарды бирден камап жатышат, бири-биринерде коро албай жатасынар, "бул менден кыйын болуп кетти кокуй" деген сыяктуу, ушунунарды токтотуп бир колго бириксенер жакшы болмок, бирок ага козум жетпей калды, жалгыз Текебаев менен Отунбаеванын колунан эмне келмек эле, ал эми Атамбаев, Тургуналиев, Азимбектеринерден толк жок, Топчукен кыйкыргандан башка колунан эч нерсе келбейт, ал кыйкырганын токтотсо балким бийлик токтоп калмак. Создун кыскасы Кыргызстандагы оппозициядан толк чыкпайт. Ал эми чет жерде журушкон (уй-булонун куугунтуктарында) К.Байболов, Р.Жээнбеков, Барктабасов, Кадыровдорго умутум чон, алар ошол жерден бирдеме кылышпаса деле бул жердегилер жыргатпай калышты. Кубанычбек иним озун ошол жерден бир ишке жарабасан, дагы бир жолу айтам, бул жердеги оппозициядан толк чыкпайт.

кимден: Аксакал каяктан: Чуй
25.02.2010 22:43
Чынын айтканда Атамбаев биринчиден оппозициянын кадыр баркын аябай эле тушуруп койду, Кубанычбек Кадыровко окшогон кыргыздын жигиттерин пайдаланып туруп ыргытып койгонсуйт, ушунча болуп коп эле газеттерди окуйм, бирок озунун партиясындагы депутат Кубанычбек жонундо оюн бир-эки жолу гана билдирип коюуп унчукпай калганы абдан окунучтуу, Алмаз иниме айтаарым Кубанычбектей сага эч ким туруп бере албайт го деп ойлойм, себеби ал сен учун аягына чейин туруп берди го, сен дагы Кубанычбек учун аягына чейин турушун керек деп ойлойм. Коркконум Отунбаева менен Омуркулов сенин партиянан чыгып кетпесе болду, калган сенин депутаттарында надежда деле жок, бар же жогу билинбейт го чиркин.

кимден: 24-март каяктан: Ала-Тоо
22.02.2010 23:03
Окурман, эмне себептен 2005 жылдагы 24-март боюнча, банктарды тоноп, ак-үйдү талкалап басып алгандарга иш козголбойт дагы кичинекей Балыкчыда болгон окуя боюнча иш козголот, такыр түшүнбөйм, Атамбаев өзү прокуратурага арыз менен кайрылдым дебеди беле 24-март окуясы боюнча "баарыбызды жоопко тарткыла" деп, ал арыздын жыйнтыгы эмне болду айтпайбы, же Бакиевдерден коркуп жатабы?

кимден: ГОВД каяктан: Балыкчы шаары
22.02.2010 22:55
Кубанычбек Кадыровду чынында президенттик шайлоо күнү Балыкчы ГОВДсына күч менен камашкандары чындык, алар эч кандай коомдук тартипти бузушкан эмес, ГОВДнын ичинен Кубанычбектин колуна наручник салып, Бишкекектен келген СПЕЦНАЗдын командири баш болуп цементтин үстүнө күч менен жаткырышып аябай дубинка менен сабашканы, чөгөлөп кечирим сура дегени дагы чындык, бетине гана урушкан эмес, калган денелеринин бүт жерине сабашкан. Сабаганы ошол күнү камалган балдардын көзүнчө болгон, милициялардын баары күбө. Биз чынында Кубанычбектин алдында күнөөлүбүз, биз өзүбүздүн кызматыбыздан коркобуз, эгерде ушул бийлик кетсе ГОВДдагы милициялардын баары күбө болуп беребиз деп жатышат. Себеби Кубанычбек дагы биздин кесиптешибиз, ал мурун Балыкчыда дагы иштеп кеткен. Кубанычбекти аябай сабаганы өзү айткандай президент буйрук бергени чын окшойт. Кубанычбек бирок эркек экен чөгөлөгөн жок, биз ичибизден жаман болуп колдоп эле турдук, бирок начальнигибиз "Кадыров жөнүндө ооз ачсаңар, жумушуңардан кууласыңар деп айткан. Кубанычбек ошол жерден "камалган балдарга кол көтөрбөгүлө, булардын эч кандай күнөөсү жок, кое бергиле, сабасаңар мени сабагыла" деп коркпой айтканын, бүгүнкү күнгө чейин бизде айтып жүрүшөт. Кубанычбек Кыргызстандан чыгып кеткени туура эле болду деп жатышат, өзү айткандай керек болсо жоготуп дагы коюушмак. Ал эми биздин начальник Дегенбаевдин азыркы бийлике кылган эмгеги зор, ага генералдыкты берип, Ыссыкөл областынын начальниги кылып коюушса жакшы болмок, жаман настроениясы жок жүрөт, себеби ал крайний болгону жатпайбы.

кимден: Шири каяктан: Балыкчы
22.02.2010 22:19
Кубанычбектин кайрылуусу аябай мазмундуу жана курч болуптур, баарынан "жакында Кыргыз Элине ШИРИ кийгизишет" дегени жакты, түшүнбөгөндөргө айтып кетейин, Шири бул манкурт кылат деген сөз.

кимден: Абай каяктан: Токмок
22.02.2010 22:16
Оппозициянын кадыр-баркын Атамбаев аябай түшүрүп салды, мынтип отурушса жакында баарын камап жоготушат. Кадыровду дагы потставитетип койду. Жалгыз үмүтүбүз эми Отунбаева менен Текебаевде, аларга күч-кубат берсин.

кимден: Сокур каяктан: Кара-Балта
22.02.2010 22:00
Эээ! Кубанычбек иним "айта берсе, арман көп" дегендей кайсы бирин айталы, бул Бакиев бийлиги сага окшогон жүрөгү таза, кошоматчы эмес, жаш өсүп келе жаткан жигиттерге тарбия берип, көтөргөндүн ордуна иш козгоп куугунтуктап жаткандары эртеби-кечпи жакшылык менен бүтпөйт. Өзүң көрүп билип тургандай Жекшенкулов, Исаков, Аргынбаев, Булекбаевдарды эмне кылып жатышат, баарын эле камап, түшкө кирбеген статьяларды мойнуна илип жатышат го эч уялышпай. Чынында мен биринчи сен Кыргызстандан чыгып кеткениңди туура эмес ойлогом, ушул жерде эле актыгын далилдебейби деп, бирок Исаковду соттоп жибергенден кийин, туура эле чыгып кетиптир деп ойлоп калдым, бизде акыйкаттык жок экен да, өзүң кайрылууңда айткандай намысыңды тепсепшип, керек болсо жок дагы кылып коюушмак. Буларга киши өлдүбү же ит өлдүбү, баарибир экен, сага үмүтүм чоң.

кимден: Ак үй каяктан: Бишкек
20.02.2010 22:23
"Кетпейт болчумун, анын себеби, президент «Бул баланы токтотопосоңор элди көтөрүп ийет экен» деп, түз эле айтыптыр, көрдүңөрбү? ким буйрук бергенин, муну бизге окшогон карапайым киши айтпай эле, муну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Кубанычбек Кадыров айтып жатат, эгерде депутаттарга жеке өзү президент ушундай буйрук берип жатса, анда бизге окшогон карапайым кишилерге кандай буйрук берет болду экен?

кимден: Офицер каяктан: Бишкек
20.02.2010 22:15
Кубанычбектин маегинде сот Дүйшөнбиев деп журбойбу, биз Болот Дүйшөнбиевди жакшы билебиз, ал Балыкчыга чейин Чүй гарнизонунун аскер сотунун төрагасы болуп иштеген, жумушунан куулуп кеткен, бирок багы бар экен К.Осмонов Жогорку Сот төрагасы болуп калып, аны Балыкчыга коюуп койгон, Осмонов экөө палчандар экен. Дүйшенбиевдин чыгарган өкүмдөрүн карап көрсөңөр же болбосо аны тааныган военныйлардан сурасаңар өзүнчө эле анекдот. Аны азыркы ГУИНдин башчысы А.Турганбаевдан сурасаңар жакшы айтып берет, себеби Турганбаев мурун аскер прокуратурасында иштеп жүргөндө чогуу Дүйшенбиев менен чогуу процесске катышыкан.

кимден: Улукман каяктан: Бишкек
20.02.2010 22:07
Исаковдон, Жекшенкуловдон, Кадыровдон, Булекбаевдардан колуңарды тарткыла, аларга саясий куугунтукту токтоткула кеч боло электе, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)