Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:13

Саясат

Марат Казакбаев: “Барктабасовго ишениш керек”

5-августта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын митинги тартип коргоо кызматкерлери тарабынан таратылды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясат таанучу Марат Казакбаев жооп берди.

Текст көлөмү - +
- 5-августта Урмат Барктабасовдун курултай өткөрүү аракетин жана анын тарапкерлерин Киршелктун жанында таратылышына кандай баа бересиз?

Марат Казакбаев: Менин оюмча, күнөө бийликте. Барктабасов жана анын тарапкерлери элдик курултай өткөрөбүз деп чыгышкан. Ошону өткөртүп койсо деле болмок. Азыр “колунда курал болгон” деп айтып атышат. Бирок баарыбыз эле көргөнбүз, пикетке чыккан элдерде курал жок болчу. Алар элдик курултайды өткөрүп эле кетмек. Барктабасовду кыргыздын эң мыкты бизнесмени, саясатчысы катары билишет. Кылмыш иши боюнча беренени алып койсо деле болмок. Менин оюмча, атаандаштыктан коркуп атышат.

- Бул курултайды мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары каржылады деген да маалыматты айтып атышпайбы. Ошол эле учурда Балыкчыдан келаткан унаадан курал жана гранаталар табылды, ал Бишкектеги курултай бүткөндөн кийин атылышы, же жарылышы мүмкүн беле?

Марат Казакбаев: Бир машина курал табылды деп. Бирок муну изилдеш керек. Кээде бийлик жагынан атайлап жасап коюшат. Бирок визуально карасак көбүнчө элде курал жок болчу. Барктабасовго ишениш керек, булар элдик курултайын өткөрүп эле кетишмек, Бишкекте эч кандай башаламандык болбойт эле.

- Мурдагы президент К.Бакиевдин жакындары кармалмайынча Кыргызстанда кырдаал оңолбой турганы, эми парламенттик шайлоодо да алардын таасири тиери, башаламандык уюштурулушу мүмкүн экени айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Марат Казакбаев: Мен Барктабасов боюнча буларга кошулбайм. Бул жигит саясий атаандаштыкка чыгып, өзү да парламенттик шайлоого катышмак.

- Кийинки мезгилде кызматтан алынган адамдарды колдогон, же кызматка коюп бер деп эле митингдер өткөрүлө баштады. Деги эле ушундай көп өткөрүлүп аткан митингдерге сиздин көз карашыңыз кандай?

Марат Казакбаев: Бул адамдардын укуктары. Митингден, революциядан эл деле чарчап калды. Ош окуясы деле канча болду. Эмне үчүн митинг уюштуруп атышат, ушуну өкмөт карап чыгыш керек. Барктабасов боюнча деле талабын чечип койсо митинг болбойт эле. Өкмөттө иштегендер 2-3 айдын ичинде эле өзгөрүп кетти.

- Рахмат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нурбек
12.08.2010 03:28
Урмат для народа.

кимден: назира
11.08.2010 14:19
Ой кыргызым Барктабасов жонундо айтылгандын 70% калп. Убактылуу окмот даагы деле алдап жатат бизди. Эгер Урмат Барктабасовдун койгон требованиялары чын болсо эмнеге прямой эфирден буткул жумурай журтка коргозбойт? Кыргызым качан койобуз которулуп келе жаткан жигиттерге бут тозгонду?Убактылуу окмот жана чиновниктер силер даагы Акай менен Бакийдей талаада кала электе эсинерге келсенерчи? Эл эч нерсе кыла албаса да Кудай карап турат. КУДАЙДАН КОРСОНОР БОЛО? АЗЫР КУДАЙ БИЙЛИК БЕРИП СЫНАП ТАРААРЫН УНУТПАГЫЛАЧЫ? Кел бетинер акылдуу эле кишилердей коруносунор кылган кылыгынарга тан калам? Оз элин кыйнап оз туугандарын азапка салган кыргызды кордум.

кимден: кыргыз каяктан: ош
10.08.2010 11:00
азыркы жаны бийлик эмнени жасап жатат кыйратып бардыгы озунун чонтогун толтуруп эртен эле чет мамлекетке качышат артын карабай келип эле кыйынчылыкты карапайым калк тартып жатат экономикабыз 20 жылга артка кетти али пенсия , айлык акы задержка менен берилгенде элдин кыжыры ошондо кайнайт. Шайлоо отконго чейин 'gntg nffg беришет анан эмне болот? Марат байкени 100 % колдойм!

кимден: Мен кыргызмын!
09.08.2010 21:00
Урматтуу Макс! Урматтын кайсыл жасаган иши учун Кыргыз Баатыры деп таанышыбыз керек? Ар бир 5 жыл сайын бийликти басып алам деп ызы-чуу салган чагымчыл аракеттери учунбу? Же Сиз менен биз Бакиевдер Кыргызстанды толугу менен талап-тоноп жатышканда, асмандап которулгон тарифтер, кымбаттаган азык тулук, свети жок кыш, уюлдук байланыш учун асмандан алынган 60 тыйынды толоп белибиз бекчейип, козубуз чекчейип жургондо алыскы чет олколордо май талкан омур суруп жургондугу учунбу? Бир уйдун муйузу сынса миники зыркырайт болуп, ордолуу Ошубузда болуп откон капсаландуу, кандууу окуялардан жамы кыргыздын кабыргасы кайышып, кан жутуп турганда, келсе да жон келбей озунчо шоу кылып атып, окуя курчуп тургна кезде 17-июнда учуп келип, Ошко бир барып, бир жардамын тийгизип койбостон, Ыссыкколдун сыдырым желине жузун тосуп желдеп отургандыгы учунбу? Мен кыйынмын эле мен кыйынмын, президент боло калсам Кыргызстандын тышкы карызын жоюуга толук кудуретим жетет, бурч-бурчтан чыгып, тил эмизип, тууй элек уйдун уузуна чакыргандыгынабы? Бербестин ашы бышпас! "Атын чыкпаса жер ортто! Бул да бир башка тушкон кайгы болду ар бир беш жылда бирден ызы-чуу чыгарып. Кудайым ушул Урматтай бош ооз, жоопкерчиликсиз чала саясатчы соройлордон сактай кор ажайып кыргыз жеримди, ак калпак кыргыз элимди!!!!!

кимден: Макс каяктан: ОШ
09.08.2010 12:44
Мен жаш болсом да, ош окуясынан кийин коп нерселерди тушундум! 1-ден - убактылуу октмот чынында эле "убактылуу" экен, озунун жасаган жумушу м/н туштукту анча кордука учуратып койду. 2-ден Марат брат туура айтып жатат - бул ситуацияда "убактылуулар" озуно кучту оппонет катарында Урматтан коркушуп эле баардык милиция,ОМОН, аскердик кучторду аларга да ишенбей атайын уйротулгон иттерди да (мурда Акаев-Бакиевтерде колдонулбаган) курултайга келе жаткан тынч адамдарга каршы коюшту, бул операцияны "жакшы" откоргон кызматкерлерге жакынкы арада "убактылуулардын" сыйлыктары, званиелери берилсе мен тан калбайм... себеби кандай бийлик болбосун ал оппозицияны басып, кандуу-зордук менен токтотуга аракет жасаган жана ушуга биз дагы бир жолу кубоо болуп турабыз. 3-дон бул окуялардын баарына бир гана тарых озу адилеттуу сот болот, бир нече убакыттан кийин, мумкун бир жылдан кийин мумкун он жылдан кийин... Урматты биз кыргыз Баатыры деп тааныйбыз!

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Ысык-Кол
09.08.2010 10:22
Саясат таануучу катары Марат байкебиз эмнегедир тен салмакта эмес бир тараптуу оюн билдирип коюптур.Бири-бирин жамандоо,каралоо,кошоматтоо куч алып баратат.А эмнеге Марат Казакбаев У.Барктабасовдун 2005 жылдагы окуясын эске алган жок.Бул жерде бир гана окмотту куноолуу кылганы туура эмес го.Урмат куноосу болбосо.курал жок болсо анда эмнеге номери джиптерге тушуп качып жоноду?Кармалбачудай болуп...М.Казакбаевди сыйлачу элем,кимге деги ишенебиз,айткылачы,туугандар?

кимден: кыргыз каяктан: Бишкек
08.08.2010 00:19
Мен Марат Казакбаевдин оюна толук кошулам.Анткени бул бийлик саясий күчтүү опоненттен коркушууда.Барктабасовду Бакиевге жабыштырып,элдин көз карашын,пикирин Барктабасовго терс кылууга болгон күч-аракетин кылууда.Бул бийлик мурунку апрель митинги учурундагы Бакиевдин колдонгон тактикасын колдонушту.Эгерде Барктабасов тарапта курал-жарак бар болсо,анда ал курал-жарактар ошол эле жерден атылып, колдонулмак.Ал табылды делинген куралдарды бийликтегилер өздөрү салып коюусу толук мүмкүн.Таш менен урушту деп жатышат,ал таш менен урганды бул бийликтин адамдары ошол көпчүлүк элдин арасына кирип алып баштап коюшкандыр.Бийликтегилер Барктабасов тараптагыларды күч структурасы аркылуу таркатып,өздөрүн биз күчтүүбүз деп,пиар кылгандай.Жана ошону менен бирге эле башка опоненттерге сабак болсун дгендей маани берет.

кимден: кылым каяктан: москва
07.08.2010 20:39
Дагы деле бийлик кунөөлу,эч кандай озгорүү жок Роза айым деле Акаевчилерди, Бакиевчилерди тегерегине топтоду,эч бир жакшы корунуш жок,кылам деген эртеси баштайт,19-жылдан берки бийлик, оппазициясы менен жоголбосо эч онолбойбуз.

кимден: Жигит каяктан: Бишкек
07.08.2010 14:55
Бийликке келе турган адам созсуз же дасыккан саясатчы, же акылман илимдуу , же криминал , же болбосо акчалуу болушу шарт!
Бул сыпаттан бироо жок болсо болбой калат! Урматта жок дегенде акча бар экен, элди гулдотуп жыргатып ийемин десе ага да шанс беришибиз керек! Элдин кызыкчылыгын ойлойм десе ,платформасында айткандай акчалуу жашоо берем десе, кор болуп жургон кыргыздар колдошуна ишенем. Бирок кечээгидей чан-тополондун такыр кереги жок эле, маданияттуу турдо иш аракет жасаса болмок! Кенешчилеринизди алмаштырыныз!
Кыргызыма куйгондор барбы озу!!!!!!!

кимден: Nurgul каяктан: Kitai
07.08.2010 10:00
Ak yido Akaevden kalgan juugundulardu oturguzgandan koro Urmat Barktabasovdu kabyl alsa jakshy ele bolmok da. Al korupziya bolup mamletti tonogon jok. menimche Beknazarov, Sarievderge karaganda al jakshyraak ishtemek. Al iyilet birok synbait, Urmat baike kyrgyzdar siz menen.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине