Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Элдик жыйын Улуттук кеңеш түздү

18.11.2008
Уланбек Эсенгелди

Таластагы Элдик жыйында Улуттук кеңеш түзүлүп, анын төрагалыгына Азимбек Бекназаров шайланды. Элдик революциялык кыймылдын мындан аркы аракеттерин эми Улуттук кеңеш аныктай турган болду.

-Жан кашайып дүйнөм жарып куурулуп,

Көөдөнүмдөн көк буу чыгат буулугуп,

Айыбы жок алакандай мекенде,

Былчылдата бийлеп жатат уурулук…

 

Элдик жыйын  ырчы Сагынбек Момбековдун мына ушундай ыры менен башталды. Улуттук кеңештин мүчөлөрүн шайлоону жана курултайдын күн тартиби тууралуу саясий ишмер Топчубек Тургуналиев элге өз сөзү менен кайрылып,  жыйынды ачты:

 

 - Элдин турмуш тиричилиги, экономикалык, саясий, руханий абалы жөнүндө баяндама жасоого Азимбек Бекназаровду сунуш кылабыз. Экинчи маселе, Элдик революциялык кыймылдын башчысын, Улуттук кеңешин шайлоо. Биз ушул күнгө чейин демилге топ менен жүрөбүз. Анан кийин он чакты киши чогулуп алып эле, координациялык, же Улуттук кеңеш деп түзүп алып жүрө бербестен, калайык калкка өзүңөргө салалы деп чечтик.

 

Уюштуруучулар жыйынга миңден ашуун, бийлик өкүлдөрү үч жүздөй эл катышканын айтууда 


 

Андан кийинки сөз оппозициячыл саясатчы Азимбек Бекназаровго узатылып, ал Кыргызстандагы энергетика кризиси жана башка көйгөйлүү маселелерге токтолуп,  мунун баары үй-бүлөлүк башкаруудан улам чыкканын айтты:

 

 - Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тымызын макулдугу менен «Кумтөр», «Жерүй», “Андаш”, “Чаткал” жана башка алтын кендерине чет элдиктер кожоюн болуп жатышса, дыйкандар эккен төөбурчак, пахта, тамеки, картошканы, ал гана эмес кородогу малга чейин үй-бүлө аныктаган баага сатып алып калдык. Урматтуу калкым, аянычтуу, ачуу болсо дагы азыркы кыргыздын абалы мына ушундай...

 

Эл ичиндеги акындар Кыргызстанда акыркы кезде болуп жаткан саясий кырдаал тууралуу өз ырларын окуп жатышты. Алардын бири жерлерди бийлик башчылар башка мамлекеттерге мыйзамсыз берип жатканы тууралуу мындай ырын окуду.

 

-Кара кылды как жарган,

Калысың кайда кыргыз эл?

Төрөбай, Исхак, Касымбай,

Нагызың кайда кыргыз эл?

Манас атаң жерлеген

Казакка кетсе Каркыра

Намысың кайда кыргыз эл?

 

Дагы бир акын президент Курманбек Бакиевдин “тезек тергиле” деген сөзүнө арнап жазган ырын элге окуп берди:

 

-Жакырланып кыргыз эли миндик итке

Кымбатчылык кыйнады кирип түшкө

“Тезек тер” деп эл-журтун кыйнап турган

Бул бийликтен жакшылык эч бир күтпө...

 

Курултайда элдин добушу менен Улуттук кеңешке жетекчи болуп шайланган Азимбек Бекназаров курултайдын максатын төмөнкүчө чечмелеп берди:

 


 

-Негизги максат - 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын ой-максаттарын ишке ашырыш. Бакиев элдик революциянын идеяларынын бардыгын уурдап, кайра эле үй-бүлөлүк башкаруу режимине түшүп албадыбы. Азыр биздин негизги максат - ошол кетирген кемчиликтерди эске алуу менен, эгер мамлекетти машинага салыштырсак, элден мурун машинаны оңдоп, анан ошого айдоочуну отургузуш. Ал эми 24үндө биз машинаны оңдобой туруп эле, Акаев деген айдоочуну алып туруп, Бакиев деген айдоочуну отургузуп койдук. Ошол машине ошол бойдон келатат үй-бүлөлүк башкаруу деген.

 

Элдик революция кыймылынын дагы бир лидери Анвар Артыков буга чейин уюштурулуп келгендей,  айрым бир саясий топторду түзүп эле кыйкыра бербестен Кыргызстандын келечегин жалпы калк менен бирдикте чечүү керек деген оюн “Азаттыкка” мындайча айтты:

 

-Мурункудай эле 5-6 киши чогулуп алып, өзүнчө элдин атынан кыймыл түзүп сүйлөгөнү туура эмес деп эсептейбиз. Эл аркылуу уюшутурулуп, элдин макулдугун алып, анан бул ишибизди толук кандуу улантабыз деген ой менен эл менен акылдашканы, элдин оюн, элдин тапшырмасын алганы келдик.

 


 

Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүңүр Мамбеталиев бул курултай бир беткей өттү деп, бийликтин өкүлдөрүнүн пикирлерин деле курултайдын уюштуруучулары угуп коюшса болмок дейт:

 

-Мен баш жагында курултай дегендин тилеги жакшылык болгон деп айттым. Эми базарда кымбатчылык, ачарчылык деп атпайбызбы. Ачарчылык дегенди мен 41-45-жылдары көргөм. Жетелешип жетимдер калган талаада, багар-көрөрү жок карылар калган үйүндө туралбай, өлүп калган ошол бойдон. Мына ачарчылык деген. Азыр базарга барсаң баардык оокат турат го, иште, акча тап, анан ачарчылык болбойт.

 

Курултайга сыртынан көзөмөл кылып турган жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү курултайга келген элдин саны болгону 300гө жакындады дешсе, курултайдын уюштуруучуларынын айтымында миңден ашык эл курултайга келип, өз көйгөйлөрүн айтышты. 

 

 
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Жусуп-Замандаш каяктан: Ош шаары
19.11.2008 16:33
Эртерээк ойлонуп эл тагдырын чечпесеңер болбойт эл өкүлдөрү? Азырынча "заманаң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү" деген принциптен оолагыраак боло туралы мекендештер. Анык жакырчылыкка карай чындап багыт алдык, азабын кеч ойлонуп арман кылгандан көрө, асынып өлүп алганыбыз жакшы.

кимден: Элдик кыз
19.11.2008 16:07
Эл тагдырын эл чечпесе, ким чечет?
Улуттук кеңештин алдына койгон максаттарынын ишке ашышына терең ишенем!

кимден: Боорукер
19.11.2008 04:19
Эмнеси болсо да Ревкомдун негизги багыты жакшы. Айткандарын кийинчирээк танып кетпей, жок дегенде 4 ай "манты жегенден" алысыраак болсо болду. Азырынча Иш илгери болсун! дейли.

кимден: scafner
18.11.2008 19:02
азаматтар!!!!
     
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)